Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АЛМАШ БЕКИ кызы, КЫТАЙЛЫК КЫРГЫЗ ЫРЧЫСЫ:«ОКУЙМ ДЕП ҮЙ-БҮЛӨ КУРУУДАН КЕЧИКТИМ»

№521 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж

Кыргызым кайсы жерде жүрбөсүн, каныбызда кайнап турган бабалардан калган өнөрдү унутпай өргө чаап келет. Ошондой таланттардын бири кытайлык кыргыз ырчысы Алмаш Беки кызы менен баарлаштык.

– Алмаш айым, кандайча Кытайдын жараны болуп калдыңыз?
– Чоң атам ата-энеси менен 1935-жылдары Кыргызстандан Кытайга көчүп кетип, ошондон бери андагы Кызыл-Суу облусун мекендеп калыптырбыз. Арадан 76 жыл өткөндө гана чоң атам 2011-жылы Кыргызстанды көргөнү келди. Ал эми мен ата-энеме караганда мекеним менен эрте тааныштым десем болот. 2003-жылы Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун филология факультетине тапшыргам. Бала чагымда эле Кыргызстанда билим алсам деген кыялым бар болчу. 2007-жылы Муратбек Бегалиев менен таанышкам. Муратбек агай «талантыңды ташка чаппай, элге тартуулашың керек, музыкалык билим ал» деп калды. Бул сөздүн таасири алдында Кыргыз улуттук консерваториясына тапшырдым. Кыргызстанга келгенге чейин эле Кытайда Политехникалык университеттин өнөр жайды автоматташтыруу факультетин артыкчылык диплом менен аяктагам. 30га чыкканча окуу, чыгармачылык деп жүрүп турмуш курууну четке чыгарып коюптурмун. Эми ал жагын ойлонуп, жигитим экөөбүз баш кошолу деп жатабыз.

– Кандайча чыгармачыл чөйрөгө жакын болуп калдыңыз эле?
– Атам Беки – кытайлык кыргыздардан чыккан сөзү куйкум, өзү куудул, сатирик акын. Атамды көбүрөөк тарткан окшоймун. «Казандын кайнаганынан, баланын ойногонунан» дегендей, кичинемде эле башка кыздардай болуп куурчак ойнобой, атама «ыр үйрөт» деп эле жабыша берчү экенмин. Түгөлбай Казаковдун «Насыйкат» деген ырын радиодон угуп калып, атама «үйрөтчү» дей бериптирмин. Ал тамашага салып, ырдын «Тагдыр чыркырап, тамыр зыркырап...» деген жерин «Курсагым курулдайт, мурдум бырылдайт...» деп, айтор, тамашалуу сөздөр менен үйрөтүп койгон эле. Эс тартканга чейин эле ушунтип ырдачумун.

– Сахнага алгач чыкканыңыз эсиңиздеби?
– Алгач Кытайда Нооруз, Оро­зо айт майрамдарында ырдачумун. Чоң сахнага 2011-жылы 30-сентябрда өз мекенимде – Кыргызстанда, филармонияда тушоо кесүү концертим менен чыктым.

– Кытайда чоңойсоңуз, тил бурулуп кетпейт бекен?
– Кытайда кыргыз мектепте окуганыбыз менен, 3-класстан баштап жумасына 3-4 жолу кытай тилинен сабак өтүлөт. Үйдө кыргызча сүйлөшөбүз, бирок көчөгө чыкканда сөзсүз кытай тилинде баарлашууга туура келет. Университетти да 4 жыл кытай тилинде окуп бүтүрдүм. Ошентсе да нукура кыргыз тилинде так сүйлөйм.
Биз бала кезде айылга кыргызча китеп келди дегенди уксак, бүтүндөй айыл кыдырып окучубуз. Бала чагымдан эле ыр жазып, анча-мынча акындык да жайым бар. 2011-жылы «Мен кыргыздын кызымын» деген аталыштагы ыр жыйнагымды чыгаргам.

– Кытайлык кыргыз таланттары тууралуу айтып берсеңиз...
– Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автономиялык облусундагы Көркөм өнөр үйүрмөсүндө (филармония) 60ка чукул талант адамдары иштешет. Аты чыгып калгандардан Арзыгүл Турган, Сали Борбаш, Тукаш Жума, ал эми бий жаатында Бактияр, Гүлшайыр аттуу бийчилер «Кош ак куу» деген бийи менен популярдуу.

– Маегиңизге рахмат, чыгарма­чылы­гыңызда ийгиликтер көп болсун!

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


Кытайлык кыргыз ырчысы Алмаш Беки кызы: "Окуйм деп үй-бүлө курууда кечиктим"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(22)
SUPER.KG видео
27.10.2012. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызчаны ушунчалык таттуу суйлойт экен, козго жаш айлантып. Чындап эле журогу кыргыз деп соккон, мекенчил айым экен. Анан дагы атасынын кызы экен, менин АТАМ деп катуу сыймыктанып келет экен. Чындап талантту айым экен, эн сонун ырдап жана поэзия жаатында да чымынын корсотту. Оркундой бериниз!
SUPER.KG видео
27.10.2012. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соонун эже экен ийгилик.Анча мынча кыргызстанда жашап туруп барктабаган инсандарга караганда олсо олугу артыкык экен. мен бир баланы тааныйм Майлуу суудан болот аты Алмаз Москвада ресторанда официант болуп иштейт элдер улутун ким десе мама папа киргиз сам италянец дейт айбан.Анын алдында Алмаш эже кытайда торолуп оссода кандай биздин эл жер менен сыймыктанат.
SUPER.KG видео
27.10.2012. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмуш тимеле, сонун суйлойт экен. Жылдыздуу кыз экен. Кыргыздын жигиттери кытайга алдырбай алып калсанар жакшы болмок.Азаматсын Алмаш!
SUPER.KG видео
28.10.2012. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кана эми кыргызстандын жаштарынан да ушундай соз чыкса,мен билген анча мынча Москвадагы жаштар бар,кыргызча суйлосо ооздору ооруйт.Ошолорго сабак болсо жакшы болот эле.Азаматсын Алмаш Беки кызы!сени Кудай колдосун.Ар дайым кызыр жылоолосун!Бар бол.
SUPER.KG видео
29.10.2012. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы сүйлөйт экен,башкача таттуу сөздөр менен. Жакты, азаматсыз!
SUPER.KG видео
29.10.2012. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек болуптур. Ушундай боордошторубуз менен сыймыктанышыбыз керек.
SUPER.KG видео
29.10.2012. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Үнү да жакшы экен, өзү да жакшы инсан экен. Чет жерде жашап жүргөн боордоштор менен ушундай байланыштар болуп турганы да жакшы көрүнүш.
29.10.2012. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Неляга окшош экен
SUPER.KG видео
29.10.2012. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаркылдаган сонун эже экен :) Чыгармачылык ийгилик каалайм сизге!
29.10.2012. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсыз эжеке.башка олкодо жашасазда кыргыз4а так суйлойт екенсиз...
29.10.2012. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырларыныз абдан жакты! Эмгегиниздин узурун коруп, дуйнонуз Кыргыздын атак-данкын бийик которуп журо берсин! Тоюнузга береке!
29.10.2012. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсыз,ийгилик жана бакыт. Кыргыз тилин унутпаганынызга аябай кубандым
29.10.2012. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ытларынызды каякан уксам болот?
29.10.2012. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыймыктандым!
29.10.2012. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйлогон денгээли коп кыргыздарга улгу болчудай азамат кыздардын бири экен!
29.10.2012. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oo, azamat eje eken! Kyrgyzcha sonun suiloit eken, Kyrgyzstandyk kyrgyzdarga karaganda.
30.10.2012. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsin eje.......ozun kirgiz degender sizden ulgu alsa eken!!!!!
SUPER.KG видео
02.11.2012. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озубуздун жылдыздар маек курганы келип орусча суйлошот,аларды орустар коруп аткансып,ушул эженин маеги калгандарга сабак болсунчу!азаматсыз эже!сизге чыгармачыл ийгилик каалайм!
03.11.2012. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wooow...biz da siz menen syimyktanaat ekenbiz! Baktyluu bolunuz!
SUPER.KG видео
21.11.2012. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызчаны без акцент суйлойт экен мен да бул создорду суйлой албайм,чын дили менен кыргызым деп сыймыктанып жатканы билинип турат.Азаматсыз бактылуу болунуз.
03.12.2012. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсыз ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо