Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТАГДЫР ОЮНУ-2

№521 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж

(Башы өткөн сандарда)

Аза башында көрүшкөндө деле кайрат айткандан башка эч сүйлөшө алышкан эмес. Азиретке көз жашын сүрткөн Бегимай акырын үн катты.
– Аскар агай жакшы адам болчу. Сен эмес, мен өз атамдай көрчүмүн. Мындай учурда бир нерсе деп жубатыш да кыйын.
– Билесиңби, мен ал тууралуу дагы көп билгим келчү. Экөөбүзгө убакыт жетишкен жок. Мен аны канчалык сыйлаарымды айта албай калдым. Атамдын ишеничин актаарымды далилдей албай калдым.
– Ал ансыз деле билчү.
– Кызык, мен өмүрүмдөгү эң жакын адамдарымды кечигип таптым. Атамды, сени... Бирок экөөңдүн тең жүрөгүңөрдө биринчи Аскат эле. Атам Аскат үчүн өзүн-өзү кечире албай кете берди. Сен да Аскат үчүн менден баш тарттың...
– Аскат – баарыбыздын арманыбыз. Атүгүл сенин да арманың... Атасы аны кичинесинен жалгыз чоңойтту. Бирок Аскар агай сени да жакшы көрчү.
– Каза болгондо да Аскат тууралуу бир нерселерди айтты. Мен жакшы түшүнбөй калдым.
– Эмне деди?
– «Азирет, Аскат – сенин уулуң» деди. Балким, «менин уулум» деген сөзүн жакшы түшүнбөй калдымбы?.. Бирок аягында «Бегимайдын уулу – сенин уулуң» деди. Эмне мааниде
айтканын түшүнө албадым. Ошентип сүйлөп атам эсин жоготту. Бул тууралуу кийин көпкө ойлондум. Мага эмне дегиси келди болду экен?..
Бегимайдын өңү кубарып кетти. Аскардын «эч кимге айтпайм» деген сөзүн эстеди. Уулу тууралуу купуя сыр ачыкка чыгып калчудай алаңдап, саатын карап ордунан козголду.
– Мен кетейин...
– Кетесиңби?
Азирет үчүн баарынан оор учур, оор сөз кийинки учурда ушул болчу болду. Кучагынан чыгарбай алып кала алса кана, атаганат?! Кайдан, атүгүл колун тийгизгенден коркот.
– Атамдан ажал ажыратты. Бирок мен сенден ажырай албайм. Мен аны көтөрө албайм.
– Азирет, күндөн күнгө мен да кыйналып бара жатам. Мураттын көзүнө тике карай албайм. Ал эмес, уулумдун алдында өзүмдү күнөөлүү сезем. Токтотушубуз керек.
– Ммм, Азирет кыйналса кыйналсын, Мурат таптакыр кыйналбаш керек да, ээ? Менин күнүм анын төшөгүндө атып жатканына ыраазы болбойт бекен?
Бегимай оор улутунду. Ушундай абалдан катуу чарчады. Күйөөсүнө туруктуулукту сактайм дейт, бирок ал да колунан келбейт. Анын тамагын жасап, төшөгүнө жатканы менен,
басса-турса оюнда Азирет... Шалдайып отуруп калды. Азирет анын абалын эң жакшы биле турган. Аяп кетти. Ордунан тургузуп, чекесинен өптү.
– Макул, мен сени коё берем. Экинчи бул жакка келбей эле кой. Сен бактылуу болсоң болду. Канчалык оор болсо да, сага залакасын тийгизбей көтөрүшүм керек эле. Бул эркектик
эмес. Экөөбүз эки жактан туруп алып сенден чечим күтүп жатабыз. Мен чечтим. Сенин минтип экиге бөлүнүп кыйналышыңды каалабайм.
Азирет ушундай чечим кабылдады. Бегимай бул чечимди кабыл алганга да, четке какканга да алсыз эле. Бир билгени, ушул сөздөрдөн кийин жүрөгүнүн бир бурчу ээнсиреди да
калды.

xхх

– Эмне, уйкуң качтыбы?- деди Мурат Бегимайдын ойгоо жатканын сезип.
Жымжырттыктан тажап кеттиби, ордунан туруп, жарыкты күйгүздү.
– Сен катуу өзгөрдүң. Эмне болду? Кучактасам ордуңдан тура качасың. Муздак болуп баштадың мага...
– Жок, андай эмес. Болгону... болгону, мен үйдө отуруп буулугуп кеттим окшойт. Өзүмдү эч кимге кереги жоктой сезем. Эмдиги аптадан баштап жумуш издеп көрсөмбү деп
жаткам.
Жубайлардын ортосунда салкындык пайда болду. Бирок экөө тең билип туруп билмексенге салганды, мындай абалдан унчукпай кутулууну тандашты. Мурат ошол боюнча, балким, капарсыз кала бермек. Күндөрдүн биринде адаттагыдай эле чогулушта отурган. Азирет ордунан туруп, бир нерселерди айтып терезе жакка басып кеткен эле. Анын чачылып жаткан папкаларынын арасынан Мурат бир нече сүрөттү байкады. Обдула берип папканын арасында жаткан сүрөттө өзүнүн аялы Бегимай экенин байкады. Чачы кыска кези экен, демек,
жакында эле түшкөн сүрөтү! Кызганыч алкымын бууп, колдору калчылдап кетти. Жетип барып шефин алкымдан алмакчы болуп өзүн араң токтотту.
Ошол күнү кечинде кеңсесинен чыгып бараткан Азиретти Мурат каруудан ала токтотту.
– Кечиресиз, Азирет Аскарович, сизде бир ооз сөзүм бар!- деди жинденгенин билгизип. Кызматкеринин кабагынан эле Азирет анын бир нерсени билгенин түшүндү. Айдоочусуна кол шилтеп кете бер деп коюп, Мураттын машинасына отурду.
– Кайда барабыз?
– Эркекче сүйлөшө турган сөздөр бар...
– Түшүнүктүү...
Машинаны тез ылдамдыкта айдап, шаардын сыртына бат эле чыгып кетишти. Ээн жерге келгенде гана Мурат машинасын токтотту да, Азиретке бурулду. Көзүндө огу болсо атып жиберчүдөй...
– Ии, кулак сизде? Менин аялым экөөңөрдүн тааныштыгыңардан баштасаңыз болот?
– Кайдан билдиң?
– Анчалык акмак эмесмин, мурдумдун алдында эмне иш болуп жатканын байкабагандай.
– Э-эй, алды менен тынчтан...
Мурат Азиреттин өзүнө ишенимдүү отурганына жаны кашайып кетти. Жакадан ала муунта кармап, машинадан сүйрөп чыкты. Бирин-бири жеп койгонго даяр эки эркек аёону билбей мушташып жатышты. Ыза, каар, жек көрүү аралашкан сөздөр, былч-былч урулган муштумдар...
– Жетишет, болду!- деди Азирет оор дем ала.
– Мен сени өз колум менен өлтүрүп тынам!
– Бирок өлөрдүн алдында мени ук. Биздин ортобузда эч нерсе болгон жок. Болгону, мен сенин аялыңды сүйөм.
– Эмне-е?!
– Ооба, жашоомдон артык сүйөм. Бирок биздин ортобузда эч нерсе болгон жок. Мен аны коё бердим. Бегимай мени менен жолугушууну каалаган эмес. Мен аны мажбурладым. Бирок сүйүүм жоопсуз экенин билгенден кийин жайына койдум. Бул чындык...
Энтиккен экөө чарасыз отуруп калышты. Эми эле бирин-бири өлтүрүп койгонго даяр экөө аргасыз сыр чечишип отурушту.
– Бегимайдын эч кандай күнөөсү жок. Эх, бул мурунтан тамыр алган окуя. Аскат – менин эгизим, Бегимайдын жигити эле. Ал каза болуп калды. Кийин ал кызды мен жакшы көрүп
калдым. Ким билет, мендей аны эч бир жан жанын берип сүйбөстүр. Унута албай койдум. Менден качып башка өлкөгө кеткенин билип туруп эле унута албадым. Кандай гана аракет
кылбайын, баары бир башымдын, жүрөгүмдүн бир жеринен орун алган экен. Кечээ жакында эле анын жүрөгүндө жалгыз гана сен жашаарыңа көзүм жеткенде коё бердим. Ал сени сүйөт! Суранам, аны бактылуу кыл! Мага андан башка эч нерсенин кереги жок.
– Жалганчы!
– Сенин ордуңда болуу үчүн менде эмне ыйык болсо ошонун баарын берет элем. Эми эмнеге алдайын?! Уулуңар бар, сен бар, Бегимай сени менен гана бактылуу боло алат.
Мурат эч нерсе деп айткан жок, ордунан турду да, машинасына жөнөдү. Үйүнө келип терезени тиктеди. Бегимай дайым өзү келе турган жолун карап терезени тиктеп турар эле. Бул жолу да ошентип туруптур. Тамагына оор нерсе тыгылып, көзүнөн жашы каканактай түштү. Эмне дейт? Эмне деп айтыш керек? Азирет канчалык Бегимайдын күнөөсү жок деген сайын Мурат ошончолук шектене берди. Азыр ушул абалында кирсе, бир нерсе кылып жибериши мүмкүн. Уулунун да жүрөгүн түшүрүп... Уулунун! Колдорун сереңдетип өзүн эшиктин алдында күтүп алчу балакайды эстегенде онтоп жиберди. Эми гана ал кимдин баласы экени дайын болду. Жүрөгү менен берилип кичинекейге ата болуп калган экен. «Баары эми өз жайына келе баштады» деди ал күбүрөп. Ушул ортодо телефону чырылдап калды. Караса аялы... Көпкө тиктеп турду да, акыры колуна алды.
– Алло!
– Мурат, эмнеге кирбей турасың? Биз сени тамак ичпей күтүп жатабыз.
– Иче бергиле, азыр кирем.
– Келгениңе жарым саат болду, бир нерсе болдубу? Же мен түшөйүнбү?
– Жок, кереги жок, азыр барам!
Буулуккан Мурат ушинтти да, машинасын айдап кайра короодон чыгып кетти. Атырылта короодон чыгып кеткен Мураттын машинасын көргөндө Бегимайдын жүрөгү болк дей түштү. Бир нерсе болбосо ал минтмек эмес. Ошол замат сыры ачылганын түшүндү.
Тез кыймылдап Азиреттин телефонун тере баштады. «Абоненттин аппараты өчүрүлгөн» дегенди угуп, шалдайып отуруп калды.

(Уландысы кийинки саныбызда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Башка сандарда:
ТАГДЫР ОЮНУ 451-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 452-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 453-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 454-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 455-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 456-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 457-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 458-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 459-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 460-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 461-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 462-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 463-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 464-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 465-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 466-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 467-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 468-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 469-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 470-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 471-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 472-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 473-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 474-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 475-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 476-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 477-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 478-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 479-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 480-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 481-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 482-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 483-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 484-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 485-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 486-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 487-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 488-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 489-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (жаңы сериал) 508-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (сандан санга) 509-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 510-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 511-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 512-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 513-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (сандан санга) 514-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 515-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 516-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 517-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 518-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 519-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 520-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 522-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 523-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 524-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 525-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 526-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 527-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 528-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 529-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 530-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 (жаңы сериал) 557-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 558-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 559-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 560-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 561-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 562-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 563-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 564-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 565-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 566-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 567-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 568-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 569-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 570-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 571-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 572-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 573-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 574-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 575-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 576-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 577-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 578-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 579-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 580-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 581-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 582-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 583-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 584-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 585-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 586-сан
Комментарийлер(21)
29.10.2012. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азиреттин кандай башы жетпей атат атасынын созуно, эми уулу экенин Мурат айтканы туратко, мына кызык эми не болоор экен, супер кичине кобойтуп жазгылачы сураныч...
29.10.2012. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бегимайдын уулу сенин уулун деп ачык эле айтты го... ииий качан бутот озу бул ушул сериалды кутуп атып эле омрум отуп кетип атат
29.10.2012. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай гана сонун чыгарма,мумкун болсо кимдики экенин билгим келет,ушунча дагы сагындырган,куттургон чыгарма болобу ыя?
29.10.2012. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы бир жума кутуш керек ээ?Суперчилер сураныч коп- коптон эле жазыныздарчы.
29.10.2012. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иийиий курсагым ачты го!ачты!качан бирге болушат!кобуроок жазгылачы СУРАНЫЧ
29.10.2012. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мендагы бул чыгармага жаны кошулдум.2кундо эн башынан баштап келип эми менда кутуп калдым.
29.10.2012. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшылык мн эле аяктаса экен эми
29.10.2012. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх журокту ооруткан чыгарма экен.Окуп жатып ыйлап да алдым
29.10.2012. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул чыгарманы мен суйуп окуйм, ар дайын кутом, ким жазы автору ким айтып койгулачы?
29.10.2012. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журогум,журогууум ооруп чыкты.
29.10.2012. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Автору жазылып турат. Жолдошбек Кудайбергенов!Ал 1 китебин жазган.Экинчи болугун шартка байланыштуу анын карындашы жазып атат. Идеясы чыныгы турмуштан алынган. Каармандар тируу бар.Алар да силерге окшоп ыйлап ыйлап окуп атышат.
29.10.2012. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Агата Кристи,
чыныгы жашоодо алар тируубу?
29.10.2012. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aзиретти мынчалык созго тушунбосун билбепмин.(
29.10.2012. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кино тасма кылып тартпайбы бул жазманы же кыргыздардын колунан келбейтда е ...аттин....
29.10.2012. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ешки кызыгына эми келдиго
29.10.2012. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nelli, кино кылып тартса сонун болсо керек
29.10.2012. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы да ушул чыгарма бар э, окусам кообу эле кутмой кутмой дейт, бул жок болгондо эмнени кутот эленер( мен озум да билбейм , эмнени кутот элем)..
30.10.2012. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында еле бул чыгарма чыныгы чыгарма екен! Аттин бирок неге Азирет созго тушунбойт тушунсо болмок. Кээ бир учурда алда бир бактысын табат экоо бара-бара жанашып бара жатышат акыры бир кун лак етип еле бир болушат. Коптон жазса аябай кызык еди. Эми келээрки жумада окуйт екенбизда ээ. Барган сайын чиркин кы3ыгы башталды!
30.10.2012. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eger kino tartylyp kalsa meni azirettin sekratary kylyp algyla4y
04.11.2012. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uffff,kachan janyrat,dag bir kun kutush kerek uffffff
05.11.2012. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай кызыктуу чыгарманы кино кылып тартышса абдан жакшы болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо