«ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТАСМАСЫНДА» ЛИДЕРЛЕР ЧЫГУУДА

№522 2-Ноябрь-8-Ноябрь, 2012-ж

«Супердин» тандоосу-2012» старт алып, www.super.kg сайтыбызга талапкерлердин тизмесин киргизерибиз менен добуш берүү күч алды. «Жылдын супер тасмасы» наамына көрсөтүлгөн 8 фильмдин ичинен төмөнкү үч тасма азырынча лидерликке чыгууда. Алар: «Ээнсиреген үй», «Көк салкын», «Президент жана бомж» тасмалары. Андан тышкары талапкерлердин катарында «Азап», «Аманат», «Мезгил жана Алыкул», «Салбуурун», «Сулуулар жана миллион» фильмдери бар.

Сайт менен гана чектелип калбастан, белгилүү инсандарга да «Жылдын мыкты тасмасы» наамына кайсы кино татыктуу?» деп суроо салып, алардын оюн билдик.

Cадык Шер-Нияз, Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы:
– Албетте, «Мезгил жана Алыкул». Эмне себептен аталган фильмди «суперликке» көрсөтүп жатам? Себеби мында кыргыздын залкар, лирик акыны Алыкул Осмоновдун жашоосу гана мыкты ачылып берилбестен, кыргыздын ошол жылдардагы тарыхы, коомдогу окуялар да таамай сүрөттөлгөн. Негизи, мындай фильм тартууга эрк керек. Бул режиссёрдун дебютубу, билбейт экенмин, бирок мен мыкты деген баа берем.


Айя Садырова,
ырчы:
– Азыркы кыр­гыз фильмдеринин баары мыкты. Бирок наамга коюлуп жаткан тасмалардын ичинен мен «Ээнсиреген үйгө» добушумду бермекмин. Тасмада кыргыз кыздарынын тагдыры, көйгөйү ачык көрсөтүлгөн. Албетте, муну менен мен тасмадагы ачык кадрларды жактап жаткан жокмун. Турмуш чындыгы бурмалоосуз берилгени үчүн фильм менин купулума толду.


Камчыбек Жумабеков, «Көк салкын» тасмасынын режиссёру:
– Мыкты тасма деп мен «Президент жана бомжду» айтат элем. Мында, баарыбызга белгилүү болгондой, элге жакын тема көтөрүлгөн. Дегеним, тасмада карапайым эл күткөн, көксөгөн президенттин образы берилет эмеспи. Ушул жагынан алып караганда, аталган наамга татыктуулардын сап башында дейт элем.
Биздин «Көк салкын» деген тасмабыз да «супер» болууга ат салышып жатат. Кайсы фильм мыкты экенин эл өзү сындап, таразалап алат деген ойдомун. Андыктан эгер «Көк салкын» «Жылдын супер тасмасы» аталбаса, нааразы деле болбойм.

Эскертүү: «Жылдын супер тасмасы» наамына 2011-жылдын сентябрь айынан тарта 2012-жылдын сентябрына чейин көрсөтүүгө коюлган тасмалар гана көрсөтүлдү. Сайтта добушка коюлган тасмалардын алдыңкы үчилтиги калыстардын сынына коюлуп, жеңүүчү аныкталып, 7-8-декабрда Спорт Ордосунда өтчү супер концертте жыйынтыгы жарыяланат.

Асел Асанова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(6)
05.11.2012. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Президент жана бомжго добушумду бермекмин.
06.11.2012. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдын мыкты тасмасын аныктоо учун кинонун тилин билген режиссерлордун пикири менен да эсептешисе жакшы болмок.Анткени тасмада суротчунун,музыканын,актердук онордун,гримердун ж.б.эмгеги менен эсептешпей тасма тарткандар арбын.
09.11.2012. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
'мезгил жана Алыкулга'' добуш берем. Негедир
бул фильмди эргуу менен коргом. Коруп буткондон кийин Алыкул ж-до канча ойлонуп журдум. Актерлор да жакшы аткарышкан. Режиссердун чон аракети, эмгеги да байкалып турат.
11.11.2012. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мезгил жана Алыкул тасмасын тиги коммерциялык тасмалардын катарына кошпош керек.Мезгил жана Алыкул тасмасы базар кинолордун катарында турбаш керек деп ойлойм.Жылдын мыкты тасмаларынын катарынан чыгарылышы керек ,а то уят го.Мезгил жана Алыкулдун алдында Кок Салкын турса.
12.11.2012. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баракелде!
12.11.2012. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Президент бомж озуно озу жылдын мыкты филимин бериптир.озун-озу оскарга коргозуптур.Бааны эл бериш керек.Элге уят болбой жыл мыктысын тандап алалы.Азап дагы жакшы тартылыптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо