Санжар Мыкыев:«МИРЛАН БАЕКОВДОН КЕЧИРИМ СУРАЙМ»

№522 2-Ноябрь-8-Ноябрь, 2012-ж

«Сахнада элди күлдүрүп, жакшы маанай тартуулоо менин жумушум. Жашоодо болсо мен бир канча олуттуу жигитмин» деген «тамашоучу», шоумен жана телеалпаруучу Санжарга тийишип чалган кыздар жакпайт. Анткени анын жүрөгү бош эмес...

– Санжар, 23 жашка чыгыптырсың. Чынын айтчы, акыркы жолу кимге муштумуңду түйдүң?
– Менин түбүм Алайдан болот. Билесиңер да, алайлыктар кызуу кандуу келерин. Мектепте тентектик боюнча алдыда болчумун. Адашпасам, башымда 10дон ашык тырыгым бар. Бүт баары же кулап, же таш тийгенден калган. Түрк лицейинде окуп жүргөндө көп мушташып, ата-энеме айтчу эмесмин. 8-классымда жатаканада бир бала менен мушташып, үстүңкү эрдим шишип кетип өзүнчө эле Памела Андерсон болуп жүргөм. Акыркы жолу эсте калганы 10-классымда болгон. Негизи, жаштайымдан эле бирөөгө тийишип сүйлөгөндү жакшы көрөм. Ал кезде Эминем деген рэпер укмуш популярдуу эле. Бир классташым анын ашынган күйөрманы болчу. Мен да жөн жүрбөй ага «Эминем – лох» дей берчүмүн. Классташым болсо «лох эмес» дейт. Бир күнү, айтор, ошентип тартышып отуруп экөөбүз Эминемди талашып мушташып кеткенбиз.

– Беш эркектин улуусу катары инилериңе болушуп жаш балдардын чекесинен чертип койчу белең?
– Кичинекей кезимде бирөө уруп коюп, атама арызданып келгем. Атам аскер кызматкери да, ошондо мени «өзүңө-өзүң болуша албай арыздангандан уялбайсыңбы?» деп тилдеген. Атамдын сөзүнөн соң намыстанып, кийинки күнү таяк көтөрүп барып ал баланы сабаганым эсимде. Атам инилеримди да катуу кармады. Ошого болсо керек, инилерим мага арыздангандай деле болушпады.

– Аскердин үйүндө тартип катуу болгон экен да анда, ээ?
– Атамдын жакшы жери, бир жолу да сөгүп, кол көтөргөн эмес. Ал эми апам кур, чыбык менен уруп жазалачу. Ошондуктан атамды жакшы көрүп, апамды жаман көрчүмүн. Бир нерсе кыларда да «апам урушат, бул жаман» деп турар элем.

– Анда кепти жеке жашооңо бурсак. Сүйүктүүң менен кантип табышып калдыңар?
– Ал кезде кыздарга тийишип эле басып жүрчү элек. Бир күнү дүкөнгө кирсем, Наристе бар экен. Кадимки адатым менен ага да ар сөздү бир айтып тийишип калдым. Ал болсо сылык гана сүйлөп ордума коюп койду. Так ошол сылык мүнөзү жагып калып, көңүлүм ага тартылды. Бир айча кайра барсамбы-барбасамбы деп отуруп, Көлгө кеттим. Мына ошол жактан Кудай экөөбүздү кайра жолуктуруп, бат эле тил табышып кеттик.

– Анан көңүлүн алып, белектерди жаадырып баштадың...
– Жок, мен өзүм акчага көп кызыкпагандыктан, сүйүктүүм да ошондой болсо деп тилечүмүн. Наристеге да бир жылдай кымбат баалуу белектерди алып бербей, сынап жүрдүм. Кийин гана мен издеген ыймандуу, акылдуу кыз экенин билгенде, чын дилден көңүл бөлүп, аракет кылып баштагам.

– Мурунку маегиңде «окууну бүтүп, бутума турганда үйлөнөм» деген элең. Бутуңа туруп калдыңбы?
– Андан да биринчи планым, машина алам дечүмүн, ал тилегиме жеттим. Жаңы жылдан кийин үй алсамбы деп жүрөм. Андан кийин гана убакыт-сааты чыкса, буюрса, үйлөнөм. Атам мурун көп насаат айтчу эмес. Сүйлөшкөн кызымды тааныштырганда «балам, бул жашоодо эки нерседен: машина менен аялды тандоодон адашпаш керек» деген насаатын айтты...

– Жүрөгүң бош болбосо да, күйөрман кыздар тынчыңды алышабы?
– Мага көбүнчө өспүрүм кыздар чалышат. Биринчисинде орой сүйлөбөй, жакшылап түшүндүргөнгө аракеттенем. Өзүм кызуу кандуумун, ошондуктан эмоцияга алдырып, чектен чыгып кетпейин деп абайлайм. Болбой эле чалса ороюраак, аны да түшүнбөй чала берсе, «нормально» айтып ордуна коюп коём. Негизи, кыз деген эркекке биринчи чалбай, жигит чалышы керек. Кыз өзүнүн деңгээлин бийигирээк алып жүрсө өзүнө эле жакшы да.

– Келин бала «фигураңды кара» деп айттыбы, машыгуу залына барып жатыптырсың?
– 11-класстан баштап кикбокско барып жүрчүмүн. 2-курста окуудан бошой албай, жетишпей калдым. Анан эле көлгө барсам, күзгүнү карасам деле өзүмө жакпай баштадым. Ошого кой, Санжар, токтотпосоң болбойт деп машыга баштадым.

– Санжар, кел эми, шоуго аралашканың тууралуу айтып бересиң?
– Баары көп тил билгенимден башталып кетти. Орус, түрк, англис тилдеринде эркин сүйлөйм. 2-курста болуш керек, бир түрк агай кечесин алып барып берчи деп суранган. Ал жакта алпаруучу болуп жатканымды ректорубуз көрүп, анын сунушу менен кийин жалаң университеттеги концерттерди алып барып жүрдүм. Кийин «Тамашоуго» катыштык, эми минтип алпаруучу да болуп калдым.

– Алпаруучулук жаатта Азамат Исмаилов экөөңөрдү «маанисиз көп сүйлөшөт» деп сындашчу...
– Туура, сын-пикир угабыз, бирок жаштардан эмес, көбүнчө улуу муундан. Анткени 50дөн ашып калгандар менен биздин түшүнүгүбүз, кызыкчылыгыбыз башка. Улуулар «силердин сөзүңөргө түшүнбөйбүз, муну мындай кылсаңар болбойбу?» деп көп сындашат. Эгер сын орундуу болсо, кабыл алабыз. Ал эми калп эле кыйкыргандарды кабыл албайбыз.

– Сынды кабыл алып, анан жыйынтык чыгарасыңарбы?
– Эл үчүн иштегендиктен, сын угуп, ошого жараша иш кылабыз. Ал сенин оюң, өзүңдө калсын десең, акырындан өзүң эле четке чыгып каласың. Сындарды туура жолдо колдонобуз.

– Жакында эле Мирбек Атабековдун концертинде алпаруучу болдуң. «Бул деген Мирлан Баеков эмес, Мирбек Атабеков да» деп салдыңар шеригиң экөөң. Эмнеге?
– Бул деген чынында тамаша сөз болчу. Мирлан Баековду мен жакшы тааныйм, чыгармачылыгын сыйлайм. Концертте элге «кол чапкыла» десем, унчукпай отура беришти. Мирбектин ырлары көбүнчө жаштарга, Мирлан байкеники улуу муундарга ылайыкташкан эмеспи. Ошого мен «эмне жаш болуп туруп, карып калгандай кол чаппайсыңар?» дейин дегем. Бул тууралуу көп кишилер «сен ушинтип айткан турбайсыңбы?» деп чалып жатышты. Эгер Мирлан байке көңүлүнө жакын кабыл алган болсо, анда кечирим сурайм.

– Биздин гезиттин «Жылдын суперлерин» тандоодо «Жылдын ТВ персонасы» наамына көрсөтүлдүң. Негизги атаандаш катары кимди көрүп жатасың?
– Катышуучулардын баарын атаандаш катары көрөм. Байкап көрсөм, талапкерлердин арасында эң тажрыйбасы аз, бул чөйрөдө жаңы иштеп баштаганы эле мен экем. Бир жагынан алар менен тең тайлашып жарышуу мен үчүн сыймык.

– Ийгилик каалайм.

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр Санжардын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


Санжар Мыкыев: "Мирлан Баековдон кечирим сурайм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(62)
05.11.2012. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы маек куруп бериптир, бирок муз обону алып барып жатканда дайыны жок создорду суйлоодон мурун ойлонуп анан суйло дейт элем.
05.11.2012. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунун апасыны "жаман" дегенин кандай тушунсо болот?
05.11.2012. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А мага жакты, озгочо Мирландан кечирим сураганы. Демек оз катасын тушунот экен, азамат!
05.11.2012. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
timurdun oturuwun, a pamir anda kichinekei eken ele
06.11.2012. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oinop suiloson da, oilop suilo degen soz bar emespi kyrgyzda, owogo okwogon konsertterge soz tappai kalganda, oozunarga kelgenin ottogonunar tuura bolboptur, tuura sen jakwy niette aitkandyrsyn birok, ozun aitmak4y sen aitkan sozdu, karylar bawka, jawtar bawka oido tuwunuwtoru mumkun. Anan myndai sozdor Mirlandyn dagy wagyn syndyrbai koiboit da, sendei sahnalawy el aldynda owentip aityp jatkandan kiyin
08.11.2012. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirbek_akun, оюна кошулам
SUPER.KG видео
06.11.2012. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирлан Баековдун Суперге келип "мени ушинттиптир"деп актанып кетпегендиги учун анын инсандык сапатын аябай бааладым."Эл озу таразалайт" деген чындык.
06.11.2012. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура айтылган созду жаштар да карылар да бирдей кабыл алат. Алып баруучу тил билги шамдагай жана акылдуу болуш керек деп ойлойм Жашка-каарыга баарына бирдей жеткиликтуу чечен адам болуш керек Саны бар сапаты жоок адамдар кобойуп кетти теле-радиодо кары-жашка жеткиликтуу суйлоо силердин ишинер ємеспи ал єми Мирлан Баековду кемсинтип єле койгонсунар сенин ємнен артыкча Мирландан ойноп суйлосон да ойлоп суйло деп бекер айтышпайт Баш кесмей бар тил кесмей жок
06.11.2012. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик каалайм...
SUPER.KG видео
06.11.2012. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маек мага жакты....Азаматсын ар дайым ийгилик жаратып журо бер
06.11.2012. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат,токтоо жигит экен,маек жакшы болуптур.
06.11.2012. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иштеринне ийгилик каалайм
06.11.2012. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erkek bratan sen xaxaxa syn
06.11.2012. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
eptep ele kyldyrysh ychyn oozynarga kelgendi ottoi beresiner siler Azamat ekoonor. Soz aitylgancha senin kulun, aitylgan son sen sozdyn kylysyn. Inim kozyn achyp jyrson.
06.11.2012. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул бала орду жок коп суйлойт.Элдин алдына чыгып аткан кийин ойлонуп туруп суйлошсо.
06.11.2012. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gangam stylego timle baski bettegi syrotty
06.11.2012. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мага такыр жакпаййт ушунун алпарганы таптырап суйлйтко орду мн суйлобойт такыр
06.11.2012. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мейли да
07.11.2012. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элди кулдуром деп эле суйлой берген болбойт. Элдин баары карап, угуп тургандан кийин байкап баам салып суйлош керек да. Кээде тунку каналды карап турсан жанындагы шеригин суйлотпой эле озу эле суйлой берет. Эми бул алпаруучуну бут Кыргызстан карап, угуп турат, тамашоуда жургон жок, ошондуктан публикага жараш суйлош керек. бул менин Санжарга болгон кенешим....
07.11.2012. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ээ ушу бала тамада менен алыпбаруучулукту жон эле койсо болмок.
07.11.2012. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тим еле мага ыймандуу го а карасан акыбалын?
07.11.2012. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эмне эле карап турсам сындап эле сындырып коюпсунар да.Молодец кыргыз жигити ты красавчик,дайым алга ийгилик.
Аз суйлосо аз суйлойт,коп суйлосо коп суйлойт дейсинер.Адамга озу бир нерсе да жакпайт.Вперед АЗАМАТ!
08.11.2012. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Музобону алып барганда жаштарга ылайыктап суйлойбуз,50 жаштан ашкандар корбой эле койсун дегендей кылбай, баарына жеткиликтуу кылып, маданияттуу суйлоо керек!
08.11.2012. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ай кыкендер, коро албаган жагыбыз отоооо коп да бизде, эми эле башы корунсо буттан тартмай, койсок боло акыры ушундай начар сапаттарды. Эн мыкты ары да грррррамотный жигит, анан да баардык жагы ЭФИРГЕ туура келет. Элдин баары ушул жигиттей болсо укмуш эле болмокпуз, так моооолча ичинерди тыта бргиле :))))))))
08.11.2012. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага девушкасы жаккан жокк,андан башкасын тапсан болмок
09.11.2012. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nestan_Darejan анын девушкасы менен сен суйлошмок белен, озуно жакса болду да!
10.11.2012. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балжырап эле суйлой беришет,жанагы бир бою кичине бала менен алып барган передачасында. Сразу очуромун телевизорду.
24.11.2012. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aibengo мен сизге толугу менен кошулам мен да ошо тунку передачасында жанындагы шеригин суйлотпой озу суйлой бергени жакпайт.андайкен жанындагы кызды ефирге чыгарбайле коюш керек да .жалдырап байкуш кыз мейманга окшоп отура берет.
SUPER.KG видео
17.03.2013. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айтаардан мурун ашказан эмес, баш менен ойлонуу керек!!! 50-100 жылдан сон сенин тамашан ын-жынсыз жоголгон учурда,Баековдун ырлары жанырып тураарын ойлоп кордунбу??? Ошондо Атабековдун " Сени ганасы" же башкасы эмес Баековдун "Каниет ыры", "Ата тилеги" сыяктуу ырлары урматталып ырдала берет. Жигитче кенеш берээрим, Атабековдун куйругу болгончо Мыкыевдин башы бол!!! Озун айткандай бул ачуу бирок чындык!!!!!!!
SUPER.KG видео
20.03.2013. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ бокмурун орусча аралаштырбай эле суйлосо болмок да,тим эле СССР дин эмгек синирген артистиндей болуп.
SUPER.KG видео
15.05.2013. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик просто!!! :) ОБОЖАЮ его!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо