«2012-жылдын супер дебюту» наамына талапкер, ырчы ЭЛЬЗАР ӨСКӨНБАЕВА:«ЫРЧЫ БОЛО АЛБАЙСЫҢ» ДЕГЕН СӨЗГӨ АРДАНЫП ЫРЧЫ БОЛДУМ»

№522 2-Ноябрь-8-Ноябрь, 2012-ж

Каарманыбыз чыгармачылыктын кемесинде көптөн бери сүзүп келатканы менен, быйылкы жылы бир топ ырларды жаздырып, клиптерди тарттырып, кароо-сынактарда атын чыгарууга жетишти. Эльзар Өскөнбаева – «2012-жылдын супер дебюту» наамына талапкер. «Аккан суу» дастанын катыра айткан, «Эгиз жүрөк», «Агатайым», «Мага жар керек» деген ырларды ийине жеткире ырдаган Эльзар маек төрүбүздө.

– Кандайсың, Эльзар? Сени салттуу музыканы сүйүп, даңазалап келаткан жаш ырчы катары таанып калдык. Бул өнөрдү качантан бери аркалап келесиң?
– Жакшы, рахмат. Кичине кезимден эле ырга жакынмын. Чоң аталарымдын бири чоң комузчу болгон экен. Чоң энем да ооз комузда мыкты ойногон, жакшы ырдаган киши эле. Атам музыкага жакын, апам жакшы ырдайт. Ырчылык тайларымда да бар. Айтор, туш тараптан бул өнөр мени курчап турат десем болот. 5-классымдан баштап ар кандай кароо-сынактарга катыша баштагам, 7-классымда комуз үйрөндүм.

– Баласынын ырчылыкты тандашына көпчүлүк ата-энелер каршы чыгышчу эле...
– Апам мындайда дайыма колдоп турат. Мен катышпайм деген кароо-сынактарга өзү жетелеп барар эле. Таежелеримдин айтымында, кичине кезинде өзү ырчы болууну каалачу экен. Ичиндеги ошол бөксөсүн мен аркылуу толтургусу келсе керек. Атам болсо бир аз жашык киши. Мен дастан айтып алдында отурсам, жамбаштап жатып алып көзүнө жаш ала жүрөгү менен угат. Экөө тең каршы болушкан жок. Мектепти аяктаганда келечекте ырчы болорумду айтсам, «эгер өз күчүң менен өтүп кетсең оку, болбосо башка эле кесип танда» деп айтышты.

– Анан сен өз күчүң менен өтүп, Роза Аманованын шакирти болуп калдың...
– Ооба, Кыргыз мамлекеттик Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Көркөм өнөр окуу жайынын салттык музыка жана фольклор кафедрасында окуп калдым. Балалык кыялдарым менен «Роза Аманова эжени жанынан бир эле көрсөм...» деген тилегим орундалып, анын окуучусу болдум. Алгач канча аракет кылбайын, музыкалык жөндөмүмдү бир калыпка келтире албай кыйналдым. Эже мени тарбиялаш үчүн көп эмгек жумшады. Тажады көрүнөт, бир күнү «Эльзар, сен али жашсың, кеч болуп кете электе өз жолуңду тап, ырчылык сеники эмес» дегенге чейин барды. Ошол сөздү уккандан кийин мен кайра күчтөнүп ишке кириштим. Акырындап Роза эжеден мактоо уга баштадым. Эл алдына чыктым. Эми минтип 3 жылдан бери өзүм окуган окуу жайдын элдик вокал бөлүмүнүн мугалимимин. «Үйрөтүп жатып көптү үйрөнөсүң» демекчи, азыр деле билгенден биле элегим көп болсо керек, үйрөнүп эле келе жатам. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин оркестринин солисткасымын. Роза Аманова жетектеген «Маржан» тобунун мүчөсү жана старостасымын.

– Аталган топтун иштерин уюштуруу сенин мойнуңда экен да.
– Ооба, айымдардан турган топ болгондуктан, жеке иштерибиз көп. Бири турмушка чыгып кетет, бири бала менен үйдөн чыга албай калат, айтор, башыбызды бириктирүү деле кыйынга турат. Ошентсе да топ эл арасына жакшы эле сиңип калды. Бизди көбүнчө «Аккан суу» сыяктуу дастандарыбыз менен улуу муундагылар жакшы көрүшөт. 60, 70, 80 жылдык маараке тойлорго чакырышат. Анан да Маданият министрлиги аркылуу чет өлкөлөргө чакырууну көп алабыз. Тилекке каршы, мамлекет толук каржылап бере албагандыктан, кээсине өз чөнтөгүбүздөн жол кире чыгарып барып келсек, айрымдарынан баш тартууга туура келет.

– Маектин соңунда өзүң жөнүндө кыскача айта кетсең...
– 1987-жылы 30-ноябрда Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Таш-Башат айылында төрөлгөм. Атам – эсепчи, апам – мугалим. Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз. Жакында турмушка чыккам. Кайындарым Караколдон болушат. Жолдошумдун чыгармачылыкка тиешеси жок. Жеке ишканалардын биринде иштейт. Менин чыгармачылыгымды колдоп турат. Биз дастан, термелерди көп жаттагандыктан, үйдөн жаттоого мага жардам берет. «Көптөн бери ырдабай калдың, ырдап берчи» деп суранып ырдатат (күлүп).

– Бактылуу болгула, чыгармачылыгыңа ийгилик!

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


Эльзар Өскөнбаева: "Ырчы боло албайсың" деген сөзгө арданып ырчы болдум"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(15)
SUPER.KG видео
03.11.2012. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
En sonun yrchy!
SUPER.KG видео
03.11.2012. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат Эльзар мага суйлогону да ырдаганы да аябай жакты Ийгилик коштоп журсун.Бактылуу бол.
SUPER.KG видео
03.11.2012. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Козундо жылдыз бар экен
SUPER.KG видео
03.11.2012. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу бол!!! Конулу ачык, жылдызы жарык айым экен.
SUPER.KG видео
03.11.2012. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жакшы кыз экени билинип турат, чыгармана Ийгилик, уй-булоно Бакыт!
SUPER.KG видео
04.11.2012. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Абдан жакшы ырчы кыз.Сүйлөгөнү да орундуу экен.Чыгармачылыгыңа ийгилик!
SUPER.KG видео
04.11.2012. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн сонун ырчы болот, Роза Аманова эжебиздей болушуна тилектешмин
SUPER.KG видео
05.11.2012. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Онорун мынданда осуп,кыргыз элинин эмкег синирген ырчысы болуга тилектешмин!Биз сени мн сыймыктанабыз!

SUPER.KG видео
05.11.2012. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Эльзар. Бар бол, талантын осо берсин.
05.11.2012. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ожорлук менен копту женип,жакшы нерсеге жетишсе болот,дагы да тырышып,чон ийгиликтерге жетишине тилектешмин
06.11.2012. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыры жакты
SUPER.KG видео
07.11.2012. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эльзар озумдун карындашым болот экенсин!ишине и чыгармачылыгына ийгилик!
07.11.2012. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй булолук бакыт, чыгарчылык ийгилик каалайм
11.11.2012. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
унунуз керемет,ЭЛфм радиосунан ырынызды угуп кайф алам эжеке.москвадан мен Тынар.
SUPER.KG видео
03.12.2012. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Zachem biroonu tuurap yrdap! Ozunun stilin tapsa bolmok Poza Amanovany tuurap, oozu myncha chon? Tan kalaarlyk unu dele jok eken. Kunduz Tashtanalievadai unu bolso ukkanda ele taanyisyn! Oso bergile.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо