«АПАМДЫН ӨЛҮМҮНӨ АТАМ КҮНӨӨЛҮҮ»

№522 2-8-Ноябрь, 2012-ж

– Учурда 16 жаштамын. Бир үйдө агам, сиңдим, атам жана мен болуп чогуу турабыз. Апам 3-класста окуп жатканымда эле өзүнө өзү бычак сайып каза болуп калган. Бул окуяга күбө болуп калгангабы, ушул кезге чейин апамдын мындай жорукка барышына атамды күнөөлөп келем. Анткени ошол кезде атам ичкиликке берилип, апама көп запкы көрсөтчү эле. Каргашалуу күнү да атам адатынча ичип келип, апама кол көтөргөн. Апамдын шолоктоп ыйлап жатканы алигиче көз алдыма тартылат. Бир убакта атам «ме, анда өлүп ал» деп апамды көздөй бычакты ыргытты. Апам ушуну эле күтүп турганбы, бычакты дароо алды да, жүрөк тушуна матыра сайды... Диркиреп аккан кандан корктумбу, апамдын жанына бара албай четте «апакелеп» чыркырадым. Ошентип, ыйлаганыма, дарыгерлердин күрөшкөнүнө карабай апабыз бизди таштап, кайтпас сапарга кете берди. Ооба, мунун баарына атам гана күнөөлүү. Чынын айтсам, аны көргүм да жок. Кээде үйдөн кетип калайын дейм. Бирок агам менен сиңдимден алыс болууну каалабайм. Алар каргашалуу окуяны өз көзү менен көрбөгөндүктөнбү, атама болгон мамилелери жакшы. Арадан бир топ жыл өттү. Бирок мен дагы да болсо атамды кечире албай келем. Аны ушунчалык жек көрөм. Ар бир айткан сөзү кыжырымды келтирет. Өмүр бою минтип жашагым келбейт. Эмне кылам?

Айнура, Кара-Көл шаары

Суроого «Триумф-Инфо» психологиялык окуу борборунун психологу Нурзада Маямерова жооп берет:
– Ажал айтып келбейт. Эгер адамдын ичер суусу түгөнгөн болсо, ал кандай болсо да каза болот. Демек, апаңдын жашоосу ошол күнгө чейин гана болгон. Атаң бул жерде ага себепчи гана. Кандай кылган күндө да апаң кайра кайтып келбесин билесиң да. «Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер» деген сөз бар. Кек, таарыныч, ыза менен адам жаркын келечек кура албайт. Качан гана жан дүйнөң рахат алып, жаман ойлордон алыстаганда гана жакшы иштер жасаларын унутпа. Атаңдын ордуна өзүңдү коюп, ал да силерди көргөн сайын жаман абалда калып жатканын эсте. Жаман ата болсо, балдарын таштап басып кетип деле калмак. Сенин атаң андайлардын катарында эмес экен. Акылдуу болуп, атаңды кечирип кой. Бул эң биринчи өзүң үчүн, келечегиң үчүн керек. Эгер кечирүү мүмкүн эмес деп ойлосоң, психологго кайрылып, адистин жардамы менен бул ойдон кайтышың зарыл.

Жашоодо ар кандай учурлар болот. Кимдир бирөө сүйгөнүнөн айрылып жанын кыйгысы келсе, айрымдар «кимди тандоо керек?», «эмне кылам?» деген дилеммага такалат. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин гезитке кайрылыңыз. «Психологдун кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы.

Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиз болот.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(43)
05.11.2012. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер-Инфо, же кыздын жашын же классын туура эмес жазыптырсынар.
05.11.2012. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кечиримдуулук менен коп нерсеге жетишесин , атанды кечир кой , АЛЛАНЫН кечиримдуу болгула деп айткан созу бар !
05.11.2012. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
3-классымда болгон окуя, андан кийин 13 жыл отту дейт, анда 22 жашта болуш керек да. Азыр 16 жаштамын дейт, 13 жыл мурда болсо 3 жашында болуш керек да,
06.11.2012. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыпчак, катачылык кеткен, түзөтүлдү!
06.11.2012. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыпчак, 13 жыл отту деген жок. Азыр 16 жаштамын дейт. 13ту озундун ойундан чыгардын.
05.11.2012. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактааа
05.11.2012. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да кекчилмин, мен да кечире албайт болчумун. Бирок кечиримдуулук кучтуулордун сапаты дейт.
06.11.2012. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апыртма жомок.
06.11.2012. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirza-Ake, супер апыртма жок
06.11.2012. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жүрөгүм ооруп кетти...
06.11.2012. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашоодо кандай гана кырдаал жаралбайт ээ? кино коргондой болуп кеттим. Бирок, баардык кино жашоодон алынат эмеспи. Андан аары жашоого туура келет. Ошол себептен психологдун кенеши туура эле окшойт. Кек мн бакытка жетиш ото кыйын...
06.11.2012. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апыртма жомок болсо да ошондой окуя жок эмес да бар, балким арабызда ошондой окуяга кабылган адам окуп отургандыр,бул биздин жазган коментарийлер пайдалуу эле болсо керек
06.11.2012. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mahmud, туура айтасын...
06.11.2012. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу
06.11.2012. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вообще то его надо привлечь к уголовной ответственности за доведения до самоубийства есть такая статья и его посадят, как он с этим живет
07.11.2012. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялын ушундай аянычтуу олумго жеткирген адам балдарына кандай тарбия берип атат болду экен?!Кызга боорум ооруйт,келечегине зыян тийгизет да ушундай ой!
07.11.2012. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
менин да атам ичет! жиним келет, ыйлагым келет, жек коруп да кетем кээде! ошого атам куноолуубу же аракпы?
11.11.2012. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
masr88aza,кечиресин дос туура тушунот деп жазып жатам Атан ичсе алып бер ачууланба туура тушун себеби менин атамдын ичкенинен тажап сага окшоп суйлойт элем бирок адашып ачууланып жургон экем Кудай сактасын козу отуп кеткенде баарын тушундум бирок кеч болуп калды Ата бул ичсе да 1 чоон семиянын туркукгу и доолоту
07.11.2012. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарын унутууга аракет кыл, атанды кечиргенге аракет кыл. Атан озу деле кыйналып жаткандыр. Мындай нерселерден Кудай сактасын!
07.11.2012. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен да жардамга муктажмын,кантип кайрылсам болот?
07.11.2012. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адам баласына ар кандай сыноолор жазылган апасы эмен болгондо да озунун омурун озу кыйбай эле койгону он болот эле!себеп озун олтургон адам эч качан жаннатга барып тушпойт!аа сен кыз атаны кечирип койгонун жакшы озунун келечегин деле жакшы болот ошол куну атан арак ичкен болсо адам баласы арак ичкенде эмне деп суйлогонунда билбей калатда!апан отуп кеткенида отунучту!эми атанан кечип кеткин келсе атасызда каласын азыркы убакытта атасы эрте отуп кеткен жетим балдар деле бар!
08.11.2012. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апандын жайы жаннаттан болсун. Дагы да атана рахмат де,таштап кетпей багып жатат экен. Таштап кеткенде не болот элен,албетте 3оон 3жака тыркырамаксынар. Журогундо кечир. Алла Таала да кечиримдуу болгонду суйот. Жаман болсо да кечир кеч боло элегинде. Эртен эле кудай сактасын,бирок козу отуп кетсе,баары кеч болгонун сезесин. Атан болгону себепчи болгон. Козу отсо ошо жектеген атандын колокосуно да зар болосун. Бактылуу бол! Ийгилик сага!
18.01.2013. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nelli, материалдын алдында тел. косотолуптур го, ошого чалып, айтып берсен сага да жооп алып беришет.
08.11.2012. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атасы куноолуу деп эсептейм! анткени, ошого жеткирген атасы да! негизи эле ичкилик жакшы жакка алып барбайт.
08.11.2012. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кечиримдуу бол!!! Керек болсо кунуно жетимиш жолу кечир... Жаман болсо да оз атан...
08.11.2012. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирок уй-булодогу зомбулук, кордукту корбогон адам бул нерсени тушунбойт!
08.11.2012. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ичкилик бул жакшы жака алып барбайт.ушу ичкиликтин айынан бут жаман иштер болуп жатат.еми сен апандын рухун тынч кой атанды кечир аллахтын кечиримдуу пендеси бол.
08.11.2012. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеси болсо да кечиримдуу болуш керек дейт го шариятта
08.11.2012. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай жестокий адамдар кайдан жаралат(((
09.11.2012. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5 jyl murun menin da atam i4et ele. Kundugo uruw+janjal araktyn aiynan. Birok emi Allaaga wugur atama Kudai ozu ynsap berip i4pei kaldy takyr. Kyzdyn tagdyryn ayabai jakwy tuwunom,sebebi men da atamdy jek kor4umun.Men u4urda Germaniyadamyn. Bul jakta 4egi menen i4iwet eken, a bizda bolso maimylga okwop alywat go erkekter mas bolgondorunda.
09.11.2012. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адамдын олумуно созсуз бир нерсе себепкер болот. Ошондуктан сиз жаштыктын ачуу мунозуно алдырбай баарын туура таразалап атанызды кечирууго чын дилинизден аракет кылыныз жана жаман ойлорду сезиминизден алып таштап кен келечектин тунук кундорун журокко орнотунуз. Бир кем дунуйо деген соз чындык
10.11.2012. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менимче атанызды кечиргениниз макул. Себеби кантсе да атанызда. Ушул убакка чейин сиздерди жалгыз карап,багып келгенго атаныз? Атанызды кечиргениниз макул,себеби атанызда кыйналып журот.
11.11.2012. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ii jaman okuya boluptur,birok kechirimdyy boluun abzel.Araktyn kychy da baary.senin tuptuura tyshynyp turam
11.11.2012. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
profi psycholog myndai psychologiyalyk jardam berbeit :), okup alyp kulgum keldi. Negizi amerikanyn kritikteri psychologiya ilimin tubu Torudan (evreilerdin din kitebi) alyngan dese, bul eje Kurandan kichineden algan go :)!!!!
26.12.2012. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
апаныз эмоцияга алдырып койгон экен, озун озу сайып атанызга корсотом деген экен. эми атанызды кечириниз.
08.09.2013. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пачиму ты такая а
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо