АЖАЛ АЛЫП КЕЛГЕН АЖАТКАНА

№523 9-Ноябрь-15-Ноябрь, 2012-ж

3-ноябрь күнү «Кара-Суу» базарында кыйроого учураган дааратканага 19 адам түшүп кеткен. Кырсыкта 4 киши каза болуп, 12си ооруканага жеткирилген. Бүгүнкү күндө 6 адам ооруканадан чыгып, дагы алтоо дарыгерлердин карамагында.

ЭСКЕРТҮҮНҮ ЭЛЕС АЛБАГАН КОЖОЮН
Бул окуя Кара-Суу районунун Сарай айыл округуна караштуу «Туратали» базарында болуп өттү. Кырсыктан 2-3 күн мурун базардагы коопсуздук кызматкерлеринин бири тапанчасын ажатканага түшүрүп алган. Аны алып жатканда ал дубалдын четтери көчүп баратканын, оңдобосо кулап түшөрүн байкап, базар ээсине эскерткени маалым болду.
Кырсык орун алары менен коомго так маалымат берилгенче «ажатканага түшүп, 35-40 адам каза тапты» деген кеп таркап кеткен. Куткаруучулар келгенге чейин карапайым калк бир топ адамды урандынын арасынан алып чыгышкан. Көз жумгандар «Кара-Суу» базарына соода кылып келгендер болгон. Алар: Ураимова Базаргүл – 1973-жылы туулган, Ноокат районунун тургуну; Аманова Барниса – 1961-жылы туулган, Кара-Суу шаарынын тургуну; Паизова Меңдайым – 1958-жылы туулган, Кара-Суу районунун тургуну; Каримов Абдинасир – 1995-жылы туулган, Базар-Коргон районунун тургуну.
40 орундуу бул даараткананы 2003-жылы ошол учурдагы «Кара-Суу» базарынын ээси, маркум Баяман Эркинбаев курдурганы айтылууда. Азыркы кездеги ээси Муса Абышев аны 2007-жылы сатып алганын айтат. Алдын ала тергөө иштери боюнча, даараткананы курууда негизги эрежелер бузулгандыгы жана тиешелүү уруксат кагаздары жок экендиги билинген. Бирок 2006-жылы Кара-Суу райондук администрациясы тарабынан бул курулуштун эксплуатациясына макулдук берүү жөнүндө чечим чыгарылган.

Алишер Мадамбеков, Кара-Суу районунун прокурору:
«ОКУЯГА БАЙЛАНЫШТУУ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ»
– 2012-жылдын 3-ноябрындагы окуяга байланыштуу Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, көп адамдардын өлүмүнө алып келген шалаакылык, адам өлүмүнө алып келген курулуш жумуштарынын коопсуздук эрежелерин бузуу, өз билемдик фактылары боюнча кылмыш иштери козголгон. Иш азыр толугу менен иликтене элек.
Жабыр тарткандарга компенсация төлөп берүү жагы тиешелүү мамлекеттик органдар же муниципалдык органдар тарабынан каралат. Эгер каралбаса, биз тергөөнүн жыйынтыгы менен тиешелүү органдарга сунуш беришибиз мүмкүн. Мыйзамдын негизинде кимдин артынан зыян келип жаткан болсо, ошол адам төлөп бериши керек.

КАНЫБЕК МУРАТОВ, Кара-Суу райондук ооруканасынын башкы дарыгери:
– Окуя болгон күнү бизге 15 жаран жеткирилди. Алардын тогузуна өзгөчө кырдаал деп биз бекер дарылоо иштерин көрсөттүк. Алтоо азыр биздин ооруканада дарыланып жатышат, алардын экөөнүн абалы оор болчу, азыр бир топ жакшырып калды. Кепилдик боюнча министрликке кабарладык, азыр баары акысыз дарыланышууда.


 

Куткаруу ишине үйлөнүү тоюн таштап келип, атуулдук милдетин аткаргандар болду. Алардын бири – куткаруучу АКБАРАЛИ ЖАНТӨРӨЕВ:
– Үйдө коноктор бар эле, той болуп жаткан. Анан «ажаткана кулап кетип, адамдар жабыр тартышыптыр» деген сөздү угарым менен бул жакты көздөй чуркадым. Келсем, ызы-чуу менен тополоң. Кээ бир адамдар эсин жоготуп коюшуптур. Канча адамды куткарганымды билбейм, андай учурда эсептеп да отурбайсың.

 

 

«БИРӨӨ ӨЛМӨЙҮНЧӨ КАРАШПАЙТ ОКШОЙТ»
Эскилиги жетип калган ажатканалар аз эмес. Кара-Суу шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан №2 Б, №4, №6, №8-көп кабаттуу үйлөрдүн канализациясы иштебей, ажатканага эшикке чыгышат.
№2 Б үйүнүн жашоочусу Майрамбек Мурзабдуллаевдин айтуусунда, алардын да ажатканасы кулайын деген абалда турат. «Коркуп, араң кирип-чыгабыз. Канчанчы жылы курулганын билбейбиз. Бул маселени көтөрүп, шаардык мэрияга бир нече жолу кайрылдык. «Жаңы куруп беребиз» деген боюнча жок болушат. Базардагы ажатканага окшоп бирөө жарым түшүп өлмөйүнчө карашпайт окшойт»,- деп бизди ажатканага ээрчитип барды. Чындап эле абал мышык ыйлагыдай экен.

Тереңдиги 5, узундугу 40, туурасы 6 метр болгон ажаткана «Кара-Суу» базарындагы кирешелүү булактардын бири болгон. Базардын кызматкерлери мунун кирешесин эсептешкенде күнүнө 200 миң сом түшөт деп божомолдошту. Бирок коопсуздук кызматкеринин тапанчасы түшүп кетип, ажаткананы 2 күнгө жаап турууну суранганда «2 күнгө 80 000 сомдон бересиң» деген экен ажаткананын ээси. Эгерде күнүнө 80 000 сомдон таап турса, Муса Абышев бир күндүк кирешенин жарымына ажатканасын оңдоп-түзөп койгондо бул окуя болбойт беле, ким билет?..

Уулбү Каныбекова
osh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(33)
12.11.2012. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озун сакта ар кандай кырсыктардан.абдан окунучтуу каза болгон туугандарыбызга.мои соболезнование
12.11.2012. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rakhmat jardam bergenderge vrachtarga, Tiruu kalgan adamdar kopko kyinalat bolysh kerek anday dy dushmanuna da kaalabaysyn- oor boluptur
12.11.2012. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бут чыгашаны шадаакы кожоенине салыш керек, Контролдобогон Сэс. Мэрияга чара коруш керек. Бизнесмен эч качан мечилигин карабайт мамжетекчилер кайда карап отурушат. И так жыртык тешик бутоалбай аран нан таап жеген адамдарга кыйын эле болду. Азыр шаарларда аран турган эски этаж уйлорду акчалуу иностранестер же бздин новый киргиздер 1 эитждарды кааалагандай бузуп,тадарын алып, чонойтуп жатышат, эртен жер титиресе ким кепилдик берет устундогу тургундардын омуруно
12.11.2012. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизнесмендердин бизнеси гана бир аз чыгымга убактылуу учурайт, ал эми жашоочулардын жашап жаткан уйлору жок калат, ким уй алып берет,кырсык болсо полный этаждагылар тышка чыкканга улгурбойт100% олум кутуудо аларды. Аны билип туруп, кичине акчага сатылып разрешения берип жатышат так мамлекеттик кызматкерлери!!!
12.11.2012. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура бироо олмойунчо каралбайт, бироо олсо анда деле кабак кашым дешпейт жон эле коомп коюшмак, качан груповой олгондо, же арасында жакын дары учураганда гана чуркашат. Контроль жок эч жерде, акча бер кааласан элдин башынан кир суунду куя бер пока толпанын башына тиймейин. Качан кантип онугобуз, мамлекеттик ар кайсы кызматтагалыр айлык алып жатышат эмне жасаган иштери учун, элдер озунун киндигин озу кесип жолун тапса таап, таппаса жок еще олуп жатышат. Кыргызтанда адамдын олуму чымынд
12.11.2012. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Базардын кызматкерлери мунун кирешесин эсептешкенде күнүнө 200 миң сом түшөт деп божомолдошту...кунуно 200 миң сом тушсо, бир кундук акчасына деле ремонт кылып ондоп тузоп койсо болмокда. 200 миң сом тушсо бир кунуно анан ремонт кылып банкрот болотда ажаткананын шефи :)Баардык маселе акча жана акчада...да.
12.11.2012. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Жаратканыбыздын сыноосу.Олумго ушул ажаткананы себеб кылган.Бирок 80мин бересин дегени туура эмес.
12.11.2012. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул ажаткана Баяман Эркинбаев ушул базарга ээлик кылган кезинде 3 адамдык орун менен курулган экен. Баяман Эркинбаев каза болгондон кийин 2005-жылы азыркы ээси сатып эмес, тартып алганын Баяман Эркинбаевдин Клара деген карындашынан уктум. Азыр бул иш боюнча териштируу журуп жатат, прокурорлор бул ажаткананын долбоору жок экенин айтышты. Долбоор да Баяман Эркинбаевдин туугандарынын колунда экен. Бул ажаткананын адам олумун алып келгенден башка да чыры коп экен.
12.11.2012. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Астафырлаа...душманым болсо да каалабайм мындай олум...Шалаакылык! п.с кимге тиешеси бар экени корунуп эле турат.базардын ортосунда оруну 40 болсо,корбой калганго текшеруучулорубуз ...
12.11.2012. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oshol olup Kalgan barinsa menin ayash enem bolchu anin bir mektepte okugan kizi kaldi atasi da Jok bolchu, bul ajatakani murda tan korsa da kormokrosngo salgan akcha uchun ishtetip jatkan kijoyunu kamash kerek . Tuura ajal deybiz birok saktansan saktaytda.
12.11.2012. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мунун ээси деле суудан кургак чыгып кетет акчасы коп болсо айтты койду дээрсинер кичине эл тынчыгыча эле кармашат же аны деле кылышпайт, дагы бир больницага со всеми удобствами жаткырып багып дегендей... Качан, качан? Бети жоктор, наадандар жазаланышат? Кудайга, анан аркы дуйнодо жазаланат деп коюп же отура берели. Позор...
12.11.2012. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kirgizstandagi baardik ajatkanar ushunday remontsuz abalda,al baaribizga belgiluu.
Bishkektegi osh bazarinin ajatkanalarina kishinin kirgisi da kelbeit.Men kop ele ajatkanalardi kordum podvaldagi UJAS.........
12.11.2012. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janaki ajatkanalardagi oturgan eje,baikeleribiz kichine ajatkanani tazalap juup koyun anan oturup akcha alishsa kanday sonun bolor ele.Kirip barsan prezidenttin kabil aluu bolumundo oturgansip sezishet ozulorun....
12.11.2012. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул АЛЛАХТЫН иши Аллах бизди кантип алам десе ошентип олобуз да , бирок чындап эле ажаткананы ремонттоп койсо болмок ! каза болгон бир туугандарыбыздын арты кайрымдуу болсун !
12.11.2012. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менимче 80000 сомдун баарын өзү алганда ал жерге эмдигиче 2 кабаттуу ажаткана курулмак.
16.11.2012. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janarbek, эки кабаттуу ажааткана 80000 сом эмес андан эки эсе коп болсо да курулмак эмес. себеп, булар учун акча биринчи орунда... болгон сайын болсун эле дешкени чындык...
13.11.2012. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы журмок бар,жакшы олмок жок. деген чын окшойт.
13.11.2012. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
налогун алып атышты . коз корбой калып атты да мына аягы эмне менен бутту
13.11.2012. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урап баратса да,акча иштеп калалы дешсе керек да.Ал дааратканада платный болсо керек.Аябай эле жаман шок болгон болуш керек.Кайтыш болгондорго Алла бейишинен берсин!
13.11.2012. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Он колдун баарын оозго тыкпаш керек.Акча-акча дагы-дагы дей берген.Байыган сайын козу корбой калып, кудай бир жеринен кыскартып койду АСТАФУРУЛЛО.!Ошол учун аз болсода Аллага шугур деп жашасак боло,КЫРГЫЗДАР!
14.11.2012. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качанга чейин ушинтип кенебей журо беребиз,вообще озу акча учун олгон адамдар экен да.
14.11.2012. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайи жанатта болсун жаман иш болуптур,емнеси болсо да ажал алам десе бир нерсени себеп кълып,ала берет екен ушунтип.
Чондор качан озулору чылага тушмойун,еч качан еч жерди ондобойт!
Крнын чондору.А башка олкодо биздей бардак жок.Аларда уурдап тоношот бирок елин унутпайт.Бизден откон ач коз адам бул дуйнодо жок болуш керек.
14.11.2012. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kanday bolson uchurda dele Musa mirza kunooluu,chondor menen alakası jok,alar kelip eskirgen tualetterdi karayt bele...jok degende eskerttilgenden kiyin ondoto koyboybu,joopkerchiliksiz!Mina emi ayagan akchasi omurunu buturot,onoybu anin ayinan 4 adamdin olgonu,pendebiz... jandi ala alabiz,bere albaybiz...oshol uchun jazası chon bolush kerek
14.11.2012. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кырсык каш кабактын ортосунда деген чын
15.11.2012. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
19 адам тушуп кетсе, 4 адам каза болсо, 12си ооруканага жеткирилсе калган 3 адам кайда кетти?
Даараткана 40 адамга ылайыкташтырылса, ичинде 19 адам ото эле азго, ал дааратканага качан барба, очередь жок дегенде 5 адам турган болот!
15.11.2012. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Barika, туура айтасын, мен ошого тушунбой калдым....
15.11.2012. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Barika, Эмне сага 40 адам олуп бериш керек беле? Кезек кутуп тургандар жана кээ бир адамдар оздорун сактап калышкан. "19 адам ото эле азго дегенден уялбадынбы? 19 адам тушуп кетип, 4тоо каза болгону аябай эле коп. Кызык адам экенсин!
15.11.2012. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тообо кылдым кудай алам десе туалеттен да алып кетет
17.11.2012. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым козуну ача койду окшойт е ... Азыр эми Канти экен ...
18.11.2012. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Olgon Adamdin sanin azaytip jazip koyushkan oshol kunu kara suunun bazarinda optom kun bolchu adamdar ichinde kop ele degendi Sirtta ocheret kutup turgan adamdin ozunun oozunaan ukkam, bizdikiler dayim oshondoy jaap jashirip juro berishet,
18.11.2012. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой каякта 200мин... 2чи куну,6чы жана базар кундору 200 минден 2 же 3 эсе коп акча тушот...Туратаалы базарынын базаркому Усонов Манас аке канча аракет кылды базардагы баардык эски ажатканаларды жабып жаныдан ажаткана курабыз деп... анын созун эч ким укпай келет канча жылдан бери.Мына акыретте канча адамд бул дуйно менен кош айтышты....
18.11.2012. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жоопкерсиздиктин айынан канча адам коз жумду,ошол куну жамгыр чакалап токкон даже машиналар токтоп калган журо албай туалеттин дубалдары жибип ураган мына эми ач коздуктун резулътаты коздорун чон ачып иш кылышсын эми
19.11.2012. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам эмес айбанго кунуно хоть 50000ден тушсода адам болгондо карап ремонт кылып коймок! Балким бул политика 200000мин адамдар туалетке кирип заправка кылбай эле акча берип чыгаберишетко а эсептесенер 12саат иштегенде тынбай биринин артынан бири 40 адам кирип турса ошондода ар бир адамга 5 минута кеткенде 100000ге жетпейтко? Супер инфо ашырып жиберипсинер по моему адамдарды алдап! Ушул окуяга дуушар болгон адамдарга жаман болуптур!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо