Али Токтакунов: «КЫЗДАРДЫН ТЫРМАГЫНАН ТАРТА ТИШИНЕ ЧЕЙИН СЫНАЙМ»

№523 9-Ноябрь-15-Ноябрь, 2012-ж

«Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «Жылдын ТВ персонасы» наамына талапкерлердин бири – алпаруучу Али Токтакунов бүгүн бизде конокто. Баарлашып отуруп, маектешим ар бир суроого астейдил, кылдат жооп берип, айрым сөздөрүн кайрадан тууралап, оңдогонго аракет кылып жатты.

– Али, бала кезиңде эле журналист болууну кыялданчу белең?
– Бала кезимде телеберүүлөрдөн кызыктуу эмнени көрсөм, мен ушундай болом дей берчүмүн. Кээде космонавт, кээде мугалим дегендей. Ошто жүргөндө агам орус тилдүү гезит чыгарчу. Ошол агама жардамдашып жүрүп эле журналистикага болгон кызыгуум пайда болгон. Кийин Бишкекке келгенде акча табуу максатында сканворд түзүп гезиттерге тапшырып жүрдүм. Кийинчерээк шаардагы басылмалардын бирине кабарчы болуп орношуп, журналистика тармагында жүргөнүмө быйыл мына 3 жыл болду. Өзүмдү маалымат агенттигинде, гезитте, радио, теле жаатында да сынап көрдүм. Ал эми «Азаттык +» телеберүүсүндө иштегениме 1 жыл болуп калды.

– «Журналистиканын бардык тармагында иштеп калдым» дебедиңби, сага кайсынысы жагат?
– Мага радиого макалаларды даярдаган оңой сезилет, өзүмө да абдан жагат. Тиешелүү адамдарды тапсаң эле болду. Бүтүрүп коюп кечке отура бересиң.

– Кайсы белгилүү адамдан интервью алсам деп кыялданасың?
– Ушундай адамдан интервью алсам деген нерсе оюма деле келбептир. Бирок испаниялык футболчу Андрес Иньестадан биздин өнүкпөй жаткан кыргыз футболу менен тажрыйба бөлүшүп, өзүн жөнөкөй алып жүрүүнүн сырларын сурагым келет.

– Эл менен тыгыз байланышта иштейт эмессиңби, берүүлөрүңдү даярдоодо көп эле кызык окуяларга туш болсоң керек?
– Ооба, кээ бирлери чалып алып арыз-арманын айтышат. Мындан аз убакыт мурун айылдан бир апа чалып алып «менин 1979-жылкы балам ичип келип, терезе-эшигимди талкалай берип тажатты. Милицияга берсем эки-үч күндө эле чыгарып коёт экен. Ушуну бирдемке кылбасаңар болбойт» дейт. Айрымдар «менин капустам өтпөй жатат, ошого өкмөт күнөөлүү» деп күлдүрүшөт. Иши кылып кечинде көп ичип алып, эртең менен башы ооруса деле өкмөттү күнөөлөп чала беришет.

– Кепти жеке жашоого бурсак. Өспүрүм кезде кыздарга барак-барак сүйүү каттарын жазган учурларың болсо керек...
– Ооба, андайлар көп эле болгон. Бирок көбүнчөсү өзүмдүн чөнтөгүмдө калчу. Улуу агаларыбыз жазган «шаблон» сөздөр менен шурудай тизип кат жазчумун. Кол жазмам да сулуу эле. Мен кат жазганга караганда, кат алганымдагы бир окуя эсимде калыптыр. Өзүмдөн бир жаш кичүү кыз мага минтип кат жазыптыр «Али, кыздар мени жакшы көрөрүңдү айтышты, чындап эле ошондойбу? Жообун жазып койчу» деп жиберип ийиптир. Мен карап отурамбы «албетте, ошондой» деп жазып жөнөттүм. Бирок ал кыздын каты чөнтөгүмдө калыптыр. Жеңем шымымды жууп жатып ал катты таап алып, ошондо бул сырым ачылып калган.

– Кыздар менен таанышканда биринчи эмнесине көңүл бөлөсүң?
– Эркектер айтып калышат го, «сырткы келбети анча маанилүү эмес, ички дүйнөсү таза болсо болду» деп. Айта беришет. Мен билем, андай эмес. Ички дүйнөсү менен катар эле келбетине да көңүл бөлүшөт. Мен биринчи эле таанышканда кыз кишинин тазалыгына, тырмагынан баштап тишине чейин көңүл бөлөм, сынайм. Албетте, өзүн карап, табити менен кийинген кыздар жагат. Өзүм орто бойлуу болгонума карабастан, мага узун бойлуу кыздар жагат.

– «Үйлөн» деп туш тараптан кысмакка алып, тынчыңды алгандар көбөйгөндүр. Жаш курагың деле келип калыптыр...
– Учурда жүрөгүм бош эмес. Жайында үйлөнөм деген ниетим бар, бирок кайсы жайда экени сыр боло турсун.

– Кесиптешиң Элиза Кененбаева экөөңөрдү кыз-жигит деп ойлогондор да бар экен...
– Ооба, интернетке экөөбүз түшкөн сүрөттөрдү жүктөп койсок, баары «качан той?», «тоюңа мени сөзсүз чакыр» деп калышат. Элиза – жакшы кыз, кесиптешим катары жакшы көрөм. Бирок ортобузда сүйүү мамилеси жок.

– Сенин сүйлөө манераңды Жанар Акаевге окшоштурушат...
– Ооба, көпчүлүк окшоштурушат, бирок өзүмдүн ушундай шашма адатым бар. Табиятымдан эле ушундаймын. Жанарды туурайын деп далалат кылбайм.

– Түштүктүн жигити экенсиң, салт-санаага катуу болсоң керек, ээ?
– Жаңычыл көз карашты жактырам. Айрым акылга сыйбаган салт-санааларды, ашыкча ысырапкорчулук, максатсыз чачыла бергендерди колдобойм.

– Биздин гезиттин «Жылдын ТВ персонасы» наамына көрсөтүлгөнүңдү кандай кабыл алдың?
–Мен үчүн жаңылык болду. Демек, иштеп жатыптырмын, өнүгүү бар. Бирок ал номинацияда менден да тажрыйбалуу кесиптештерим бар экен. Алардын жеңүүчү болгонго акысы бар. Мен бул наамды багынтканга кийинки жылы даяр болуп калам го.

– Маегиңе чоң рахмат.

АЛИ ЖӨНҮНДӨ
Толук аты-жөнү –
Токтакунов Мухаммедали Нурмаматович
Туулган жери –
Ош облусу, Кара-Кулжа району
Туулган жылы –
1988-жыл, 27-июль
Бою – 170 c
антиметр
Салмагы –
70 килограмм
Жакшы көргөн тамагы –
Даамдуу бышкан тамактардын баары
Билими –
Кыргыз улуттук университетинин Экономика жана каржы институтун бүтүргөн
Өзүнө жаккан сапаты –
Ак көңүл, өжөр
Мүнөзүндөгү кемчилиги
– Бат жини келет
«Атам – инженер-механик, апам – мугалим. Үй-бүлөдө үч «штук» эркекпиз. Менден кичүү эки сомодой болгон инилерим бар».

Лунара Бекиева
Ташболот Досалиев
star@super.kg


Али Токтакунов: "Журналистиканын ашканасына бала кезимден аралашкам"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(47)
SUPER.KG видео
11.11.2012. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Али байке,сизге чыгармачылык бийиктиктерди каалаймын!!! Карындашыныз Эльвира.
SUPER.KG видео
12.11.2012. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да нуу
SUPER.KG видео
12.11.2012. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Али Токтакуновдун алып барганы жагат. жанарга караганда тушунуктуу жана билими жогору экени корунп турат.
12.11.2012. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менин жердешим экенда,албан албан ийгилик сага!!!
12.11.2012. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менинда атам инженер механик апам мугалим )))))
12.11.2012. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уйундо кызы жок жалан эркектер кыздарга катуу келет анткени чогуу чонойбогондуктан башкача каьыл алышат, сен аларга РОБОТ-идеал болушун керек бут жерден. Оору, жотолуу даже чучкуруу кыз баланын алар учун ужасное дело! Албетте любой эркек тышкы келбетке карайт еще как калп еле душа дей беришет.
12.11.2012. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Али иним ийгилик иштерине,оркунун оссун ар дайым алдыда бол
12.11.2012. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А мен коркон жокмун! ))) ООба Meris туура айтасыз алар учун РОБАТ болуш керек.Каарман озу айткандай тырмактан,тиш,чачтын учуна чейин байкап отурушат!
12.11.2012. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу тим эле супер-пупер болгонсуп айтыптыр го..омур бою тырмагын, тишин сынбай тургансып суйлоптурсун го..аялындын тиши аппак, тырмагы узун болсун, бирок душасы жаман б-со кантесин анда???
12.11.2012. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул маекти окуп эч кандай деле жанылык корбодум. Бирок, ишине ийгилик!
12.11.2012. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы эле мактаныптыр, анча мынча опкосу жоктор жолдо эле калыптыр. но красавчик, билими бар, мыкты алып баруучу десек жанылышпайбыз. уважаю
12.11.2012. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
молодец.
12.11.2012. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
шустрый действительно ведущий экен.
12.11.2012. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озу деле не подарак экен го. Точна Жанардын копиясы, керек болсо мактанганынан бери.
12.11.2012. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Али ишине ийгилик каалайм.
SUPER.KG видео
12.11.2012. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сүйлөгөнүнө караганда шартылдаган шар жигит экен, ушундай өз ишин мыкты билген адистер көп болсун дейт элем.
SUPER.KG видео
12.11.2012. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат, мен да кызыгып журом телеге, радиого, эфирге чыксам дейм...
12.11.2012. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ёоо-мооёоо ушу озун звезда сезген эркектер тажатышты го мактанышып. А вообще то ар бир кыргыз аял заты озунчо сулуу. Кудай берген тиши кыйшык болсо не кыласын же сулуу,маникюр жайында,тиш голивудская улыбка болуп,бирок характерине ит да чыдагыс болсо не кылаар экенсин.... Акыркы кундору бироосу менин денгээлимдеги кыз эмес,мен красавчикмин,кыздар оздору чуркашат,тырнак-тишине карайм,анысына -мунусуна карайм деп интервью бергендер кобойду.
17.11.2012. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nelli, saga 100% koshulam. Ozdorun tim ele krasavvvvchik seziship. Eger chyndygynda ushunchalyk suluu bolso, anda voobshe ele bolmok. Ex zvezda erkekter eey. "Jyldyz, bir kun kuiot, bir kun ochot!"- deit. Baikagyla....
12.11.2012. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таластык болсо айтат элек, мына сага опкосу жок!!!деп. Бирок байкап журом,башка жактыктар деле таластыктардан кем эмес мактанышат экен. Азаттыкка иштеш деле оной эмес,ага жетпей жургондор канча, бактын бар экен. Эми иштеп,озун айтмакчы эмдиги жылы супер теле алыпбаруучу сынагынан женип чык.Самараны таарынтпа!
12.11.2012. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Берген маегинен эч кандай мактанган создорду коро албадым. Ачык маек куруп бериптир азаматсыз! Чынында дегелэ адам заты ички эмес, сырткы сулуулукка кобуроок конул болушот.
13.11.2012. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
almazzzbek, Бири-бирине тиешеси жок нерселерди жазыштан алыс болсоңуз болмок. Макалага тиешелүү гана комментарийлерди жазыш керек. Дайыны жок эле гезитти каралоо максатында жазган билдирүүңүз өчүрүлдү. Сизге түбөлүккө бан!
SUPER.KG видео
13.11.2012. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Janardi kop tuurait baikasanar
SUPER.KG видео
13.11.2012. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кекиртек далай жерге секиртет дегендей, бу журналисттердин креативи далай жерди секиртет го. Байкуштарым күндүн суугунда суу жээке сызга отуруп алышкан экен. Көрүп алып боор ооруйт да. Шордуулар
13.11.2012. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shamal! Ozun synaganga adam joktoi! Eeech ele jakpait ushu bala....
14.11.2012. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иньеста Кыргызстандын футболу жонундо эмнени айтмак эле?
15.11.2012. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
messidinho, ойноп тургула деп коет
14.11.2012. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Каракулжанын жаштары алга. Эл оозунда элек жок дейт, эл ар нерселерди айта беришет и айтып келишкен. Ишине ийгилик. *_*
15.11.2012. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
razana_kg, сага кошулам ишине ийгилик бактылуу бол
14.11.2012. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Оштук болгондуктан мактанса да билинбейт,таластык ушунтип суйлоп койсун тим эле баары жаадырып айтмак опкосу жок,жон эле суйлобойсунбу деп э достор!Бирок мен деле Оштукмун байкашымча биз мактанчаак экенбиз Таластыктарга караганда.Капа болуш жок.
15.11.2012. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rostov-on-Don, хахаха жакты созун
15.11.2012. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rostov-on-Don, да бар экен мактанабызда жок болсо нени мактанышат)))
15.11.2012. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rostov-on-Don, туптуура....
16.11.2012. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ичинер куйуп жаман болуп атасынар ээ бироого коменти кыйын жазасынар.
17.11.2012. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Созундо эч кандай мактанычты сезген жокмун.Азаматсын,алга!
SUPER.KG видео
23.11.2012. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alynyn janyndagy kyz menen baylaniwsa bolobu?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо