«СЫРТТА АЛТЫН КҮЗ, БИРОК ЖЫЛУУЛУКТУ СЕЗБЕЙМ»

№523 9-Ноябрь-15-Ноябрь, 2012-ж

– Май айы аяктап, кезектеги айлык отчёт башталган. Жумушта бир кесиптешим ооруп калгандыктан, анын да отчётун бүтүрүп берүүнү суранган эле. «Тийиштүү бөлүм менен байланышып, такташтырып алгын» деп бөлүм башчысынын телефон номерин, аты-жөнүн айтты. Кыялбектин өзүн көрбөсөм да, ал тууралуу көп уккам. Курбулар арасында көп сөз болчу. Отчётту бүтүрүп, тактоо үчүн Кыял байкеге чалдым. Тилекке каршы, жолуга албадым, жумуштарым телефон аркылуу эле бүттү.
Арадан бир жумадай убакыт өттү, адаттагыдай жумушта отургам. Сырттан эки жигит кирип калышты. Алардын бирөөсүнүн жүзү мага тааныш эле. Кандайча дейсизби? Анткени машинасынын номери окшош сандар болгондуктан, көчөлөрдөн көп көрүп калчумун. Айдоочусу тууралуу эч нерсе билбейм, жадакалса атын да. Менин көңүлүмдү өзүнө бурган жүзү жылуу жигит болду. Жүрөгүмдү жылуулук кантип, качан аралаганын өзүм да сезбей калдым. Ал адам тууралуу бир нерсени билүүнүн да зарылчылыгы жок эле, анткени анын жан дүйнөсү мага дайын болчу. Мен Кыял менен ушинтип тааныштым.
Башында жумуш аркылуу сүйлөшсөк, бара-бара мамиле түзүлө баштады. Бош убакыт болгондо жолугуп, телефондо көп сүйлөшөбүз. Ортобуз жакын болуп кетти. Анын мага болгон аяр мамилеси, ишенимдүү көздөрү, жөнөкөйлүгү, жумшак мүнөзү ансайын мени өзүнө тартып жатты. Кыялдын мени таң калтырган өзгөчөлүгү – дайыма шайыр жүргөндүгү жана СМС жазгандан тажабагандыгы. Анын ар бир жазган СМСи кадимкидей күч берет. Маанайым көтөрүлө түшөт.
Бири-бирибизге жакын болуп, СМС аркылуу ынак сүйлөшүп жүргөн күндөрдө жумушунан эки жумага алыска кетти. Ал келгенче жеке жумуштарым менен мен да бир жумага Ошко кеттим. Үч жумадай көрүшпөй калдык. Сагынганын айтып «эртерээк кел» деп кайра-кайра СМС жөнөтөт. «Алыста жүрүп үйдү, жумушумду сагындым, бирок сизди андан да катуу сагындым» дейм мен. Ашык болгон адамың ушинтип айтып жатса, кантип жүрөгүң жылыбайт, ансыз да сүйгөн жаның андан артык сүйө баштайт экенсиң. Ушундай бакытка жолукканыма Жаратканга миң мертебе ыраазы болом. Көздөрүм кубанычтан жайнайт. Анын да көздөрүнөн кубаныч жана сүйүү көрүнүп турду...
Азыр арадан беш ай өттү, акыркы эки айдан бери анын менден алыстаганын сезип жүргөнүм менен, моюнга алгым келбейт. Жакын да эмеспиз, алыстап да кетпеди. «Жумуштары көп болуп жаткандыр» деген сыяктуу ойлор менен өзүмдү алаксытканга аракет кылам. Акылым менен баарын туюп турсам да, жүрөгүм баш ийип ынангысы келбейт. Ойлорума жооп таба албай жан дүйнөм тыбырчылап, өзүмдү коёрго жай таппай калам. Анча-мынчаны тоготпогон жаным Кыялдын алдында өзүмдү алсыз сезем.
Бир күнү анын досу, менин кесиптешим экөөбүз тамактанып отурганбыз. Ал Кыял экөөбүздүн ортобуздагы мамилени билбей туруп, телефондо Кыялдын үйлөнүү тою тууралуу кимдир бирөө менен сүйлөшүп калды. Бирөө башымдан ылдый муздак суу куйгандай, бүт денем чыйрыгып, кубарып отуруп калдым. Көзүмдөн жаш токтобой ага берди. Канчалык аракет кылбайын, өзүмдү токтото албайм. Ишенип да, ишенбей да ыйлай бердим.
Кечинде Кыял менен жолугуп, болгон окуяны айттым. Адатымча ыйлап алгам. Көрсө, анын баары досторунун ортосундагы тамаша экен. А балким, чындыр? Мени аяганынан тамаша деп койгондур. Айтор, оор абалдамын. Эч бир жанга сыр билгизбегеним менен, жан дүйнөм тынч албай, жылуулукту да, суукту да сезбей, жөн гана дем алып жашап жаткандаймын. Күн сайын эрте туруп Жараткандан тагдырымдын Кыял менен бирге болуусун тилейм. Жараткандын ырайымы насип этип, кайрадан жүрөгүмдү жылуулук аралаарына ишенем.

Мээрим
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(29)
12.11.2012. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондой эле болуп калса экен.
12.11.2012. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да азыр ушундай абалдамын,5ай эле жургон экен. А мен 6жыл суйлошком,журогум эзилип эзилип кетем эстесем...
12.11.2012. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо ушунусу менен кызык окшойт , менин да башымдан отуп жатат...........
12.11.2012. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баары жакшы болот
12.11.2012. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А мен 7жыл 7кун болду бугун аны менен таанышканыма.5-ноябрь эле,ошол кун анын туулган куну эле.1жыл 8ай телефон аркылуу суйлоштук.Мен эсимди жогото суйдум аны.Мектептенда,университеттенда айдалып кеттим.Ал азыр Москвага окуусун улантыш учун келди.А мен ансыз кунум отпой менда келдим.Ал окуп жатат.А мен...Туулган кунундо куттуктай албадым.Унун укпаганыма бугун 2жыл 3ай 14саат болду.Мен аны туболук ххххх.Доктор Эрназаров бул мен сиздин МЕкатерина Великая.
12.11.2012. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы жашоомдогу эн маанилуу адамым менен 3-ноябрь куну таанышканбыз,2 ай суйлошуп 3-январь куну уйлонгонбуз, январь айы уйлонгон болбойт деген туура окшойбу айтор канчалык бири бирибизди суйсок да ортобуздагы канчалаган тоскоолдуктардын тушунбостуктордун айынан туура 11 ай жашап 4 декабрь куну ажырашууга туура келди.Бирок ажырашкан менен 3 жылдан бери бири бирибизди кыйнап журокторду оорутуп журобуз.
12.11.2012. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kunaitan, кайсыл айда уйлонсо да баары жараткандын буйругунан экен.Албетте эч ким,эч качан ажырашпай эле бирге болсунчу...
12.11.2012. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз балдарга мынча кыйын болбосо экен... мен дагы ички сезимдеримди эч кимге айта албай келем.Кыз бала болсон ушундай экенда.2-жыл кутуп,турмуш жолубуз бирге болот деп ушунчалык куттум эле бирок...Же ал уйлонуп албайт башкага. Кандай жол менен мен анын омурлук жары болот экенмин:(эх,эх..
12.11.2012. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eliza_eliza, ал сиздин колунузда ...бардык ку4унузду жумшасаныз сиздики болот.айтып койотко жигитин кармап калу ал кызга байланышту деп ...
12.11.2012. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх суйуу суйуу!
12.11.2012. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде да ушундай окуя болгон.Мен уйлондум деп озу айтканда жаман акыбалда болуп.ал эмес бир орунга олтура албай бир башкача болгом. Мындай боло берет ага окунбо.
12.11.2012. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jashoo multfilim erten eleolobyz Tozokton korkolu andan koro. Suyuu bul insting mn ele bolot , ata eneni suyoluk, jaratkandi suyoluk.
12.11.2012. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baary jakshy bolot dostor! mende da minday uchur bolgon. aruu tilek, ak niet gana jashoobuzdu ulantkanga turtku beret eken.
13.11.2012. 04:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары окунуч, менен отот тура бул жашоо. Кубанычы да бар бирок аны кобун эсе....Эске албай кобун, окунучттуу кундорду, коп ойлно беребиз, адам баласы . Адам баласына эч бир нерсе жакпайт тура аттин.
13.11.2012. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эхх суйууну жек кором мен дагы....айтканда не суйуууу жеп буттун го
13.11.2012. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Achik ele suyloshup albaybi ozdorun kiynabai meni alasinbi je jokpu dep albasa ubakit keirip enme kilasinar kizdar ushul silerdi tushunboim
14.11.2012. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуу бул оору, анын дарысы табыла элек... Бактылуу болун!
16.11.2012. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Yrbatyp jurogumdun jarasyn,
Nege myncha meni azapka salasyn.
Koboitup konulumdun sanaasyn,
Kundon-kungo nege ozgorup barasyn?..
16.11.2012. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачыгын айтып эле суйлошуп алганын он,мумкун сени ал бала алдап жургондур.
Мен да суйгонум менен нары же бери эмесмин,же суйом дебейт же алам дебейт кыйналып журогум кысылып чыктым.Мен аны суйом Zzzzz
17.11.2012. 04:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа! Айтда аласынбы? Албасан мен кеттим деп! Коркутуп корсон, же болбосо жогоруда айткандай ачыгын эле айтып суйлошуп алганын он, болбосо дагы кичине кыйналасын анан унутулат
18.11.2012. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жараткандын озу баарына тен жардам берет ошол эрте менен суранбаганыздан чанбаныз буйруса баары сиз ойлогондой болот. Озу негизи адам бала качан башына мушкул иш тушкондо кудайды эстеп калат а ага чейин эстесе мындай оор абалдар болбойт эле деп мен тоолук ишенем.
19.11.2012. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Negizi birinchi orunga suiuunu koibosh kerek suiuunu koiup algan bolson anda jashoodo jashash oor bolot.suiuu uchun ushunchalik baaryn kurmandikka chalgan bolboit da andan en kimbat ata-ene,bir tuugan den sooluk suiuu uroscha aitkanda (prihodit i uhodit a kushat vsegda hochetsya) degendei da
19.11.2012. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жигит суйса алат, кыз суйсо калат. демек бул сенин туболук жарын эмес, алдыда да мындан жакшы адамдар чыгат
19.11.2012. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашоо деген "алп" экен,
суйуу деген калп экен..
..эгер суйуу болсо да
жетпей калуу"салт экен.
29.11.2012. 06:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бай акылманга келип жакшы кундо да жаман кундо да алаксый турган бирдеме ойлоп таап бер мага дейт бирдеме жаса мен омур бою ошону коройун дейт тиги акылман саат берет анда жазуу бар ал соз БУЛ КУНДОР ДА ОТУП КЕТЕТ ДЕГЕН сабыр кыл отуп кетет кидайшик емес ыймандуусу жолугат
06.12.2012. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2012 jul 5 mart aylarunda Menda suyup kaldum Jana ekoobuz baktuluu bolup kundordu otkorduk a bir ay bolup kaldu al bashkanu suyup kaluptur I men azur jalguz kalgam bashunda kuynaldum birok ubakut dary eken baaru jakwu bolup ketti kudayga shugur .... Baaru otot bul jalgan jashoodo a tuboluk jashoogo jakshu jashoo uchun bul duynodo
1 - ate - ene
2 - Allah
Ushul ekoosunu suy boldu oshondo baaru jakshu bolot inshaalah .
18.12.2012. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул дуйного сыноо учун келгенбиз,Ар нерсени чеги менен суйолу,бизди ойлогон ата-энени,бизди жараткан Аллабызды,пайгамбарыбыз Мухамметти суйолу!
01.01.2013. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3 ай элеби? а мен 3 жыл жургом суйгонум менен, эстесем журок эзилип озумду коёрго жай таппай калам...
30.01.2013. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызык мен суйгон кишида менида естейт бекен аны сагындым. катуу кысып кучактагым келет бирок кайда кандай абалда жургонун билбейм .сасыгым сени сагындым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо