СТУДЕНТТЕР КҮНҮНДӨ РЕКТОР ЫРДАП КУТТУКТАЙТ

№523 9-Ноябрь-15-Ноябрь, 2012-ж

Ош мамлекеттик университети 10-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө жана 17-ноябрь – Студенттер күнүнө карата Жаштык жумалыгын өткөрөт. ОшМУнун ректораты менен тарбия департаменти биргеликте 10-ноябрдан баштап 17-ноябрга чейинки бир топ иш-чараларды өткөрүүнү пландашты. Бул күндөрү про­фессор­дук-окутуучулук курам студенттерге арнап «Окутуу­чулар обон созгондо» аттуу факультеттер аралык сынак өткөрүшөт. Жаштык жумалыгынын биринчи күнүндө студенттерге ОшМУнун окумуштуулар кеңешинин стипендиялары тапшырылып, «Эң мыкты студент», «Эң мыкты тайпа», «Эң мыкты тө­рагаларына» сыйлыктар тапшырылат. Мындан сырткары факультеттер аралык футбол таймашы, поэзия, бий кечелери жана «ОшМУнун стилдүү студенти-2012» сынагы өткөрүлөт.
Жаштык жумалыгынын максатын ОшМУнун тарбия депар­та­ментинин директору Замир Божонов төмөндөгүчө тү­шүн­дүрдү: «Мындай кечелер студенттердин жан дүйнөсүн ойготуп, окууга болгон кызыгуусун арттырат. Биздин мугалимдер эле эмес, ректор да студенттердин майрамы менен куттуктап, жандуу ырдап берет. Бул деген университетте студент, окутуучу же ректор деп бө­лүн­бөй, баарыбыз бирдей көз карашта экенибиздин далили»,- дейт.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
12.11.2012. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ОшМУ окуу жайымды сагынып кеттим
13.11.2012. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ОшМУда окуганыма сыймыктанып кеттим
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо