№523 9-Ноябрь-15-Ноябрь, 2012-ж
Эл арасында канчалаган өнөр ээлери бар. Макалабызда өтүкчү Мухаммед Али мырзанын эмгектери жөнүндө сөз болмокчу. Тактап айтканда, өтүкчү кыргыздын оюусун түшүрүп, эзелки доорлорду, ата-бабаларды эске салган кыргыз бут кийимдерин чыгарып баштады. Алардын кантип жасалары баарыбызды кызыктырса керек. Мына ушунун баарын өз көзүңүз менен көрүп, үйрөнүп да алсаңыз болот.
Өтүкчү Мухаммед Али Абдырахман уулу:
«МИГРАНТТЫК МЕНИН БАШЫМДАН ДА ӨТТҮ»Эл арасында «өнөрчүлүк – атанын канынан, эненин сүтүнөн» деген сөз бар. Атам ат жабдыктарын жасаган уста болсо, апам узчулугу менен эл оозуна алынган аял болгон. Менимче, ошолордон жукса керек. Өзүмдүн деле талантым, аракетим бар болчу. Орто жерден элге кошулуп мигрант болуп Орусияга барып, кара жумушта иштедим. Бирок башка жерде жашоо кыйын экен. Ошондо өз жериме эле барып, өзүмдүн кекиртегиме жеткидей да, элиме пайдам тийгидей да бир иш кылбасам болбойт деп баса бергем. Келерим менен бут кийим чыгаруу идеямды ишке ашырууга белсендим.
«БУТ КИЙИМИҢДИ АРТИСТТЕР ЭЛЕ КИЙБЕСЕ...»
Бирөөлөрдөн «орустардын бут кийим чыгаруучу цехтери бар» дегенди угуп, «бут кийимди кантип, эмнеден жасашат болду экен? Үйрөнүп алсам...» деген ой менен баргам. Эмнеге келгенимди сурашканда, «бут кийим заказ кылайын дедим эле» деп койчумун. Акчам жок болгондуктан, тигилерде жок бут кийимди айтып кутулар элем. Ошентип улам ар башка цехтерди кыдырып маалымат топтоп жүрүп, акыры Кыргызстанга келип, ишке кириштим.
350 гана сомум бар эле, ошого бир жуп бут кийим чыккыдай материал алдым да, кыргыздын оюусун түшүрүп, бутка илип алма бут кийим жасадым. Сатайын деп аны базарга алып чыксам, «муну артисттер эле кийбесе...» деп эч ким албай койду. Сатуучуларга «сатып бериңиз» десем, алар да ынабай коюшту. Бирок буга кайгырган жокмун. «Муну мекенчил кыргыз көрбөй калды. Көрсө, сөзсүз алмак» деп өзүмдү жоошуттум да, колума көтөрүп базар аралап сатып, кийин да бирин-экин өткөрүп жүрдүм.
Анан үстү жабык бут кийимдерди чыгарууга өттүм. Ачыгын айтыш керек, үлгүсүн жасай албай бир топ түйшөлдүм. Орустардан алайын десем, кымбат. Анан бир бут кийимди сатып келдим да, сөгүп, ошого окшоштуруп жасоого аракет кылдым. Бирок улам жасасам эле туура эмес болуп калат. Өжөр экенмин, чыгым болгонума карабай кайра-кайра жасадым. Акыры жыйынтыгы жемиштүү болуп, баары оюмдагыдай болду. Ошондон тарта түрдүү үлгүлөрдү чийип, өлчөмдөрү менен бут кийим жасай баштадым.
«БУЛ ИШ БАШКАЛАРДЫН ДА КОЛУНАН КЕЛЕТ»
Кыргыз элинин курсагын тойгузуп, кийимин бүтөмөйүнчө мигрант болуп кете берет. Өкүнүчтүүсү, бири-биринин кийгенин, айдап жүргөн автоунаасын көрүп атаандашып жатышат. Жакшы кийим кымбат болгондуктан, жетпегени башкалардай кымбат көрүнгөн кийим алам деп секонд-хендден алышат. Ошого биз, кыргыз жигиттери, намыстанышыбыз керек. Эч качан бирөөнүн кийген кийимин кийбешибиз керек.
Өзүм бир телеканалдын журналистика академиясын окуп бүтүргөм. Аз эле иштедим. Көп сүйлөй бербей, элге ишим менен пайдам тийсе экен деп ушул кесипке өтүп кеттим. Бул иш башкалардын да колунан келерине ишенем, себеби элде көп идея бар. Жер-жерлерге цех ачсак, андан түшкөн каражатты ошол жергиликтүү элге комбайн болобу, трактор болобу, айтор, керектүү техникаларды сатып алууга жумшасак деген тилектемин. Биз бири-бирибизди көтөргөнгө умтулушубуз керек. Анткени Кытай деле ушинтип өнүгүп келе жатат. Бири-бирибизден акча талап кылбай, акысыз үйрөтүп, аракет кылсак, биз да ар бир короодон эле телевизор, магнитофон чыгарып калабыз.
БУТ КИЙИМГЕ КАМ КӨРҮҮ
Замша бут кийими
Тери бут кийими
ӨТҮКЧҮНҮН БУТ КИЙИМ ЖАСООДОГУ ИШ ТАРТИБИ
СӨЗ СОҢУНДА...
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Men ozum 1 but kiyiminerdi satyp alup, Amerikaga ala kelgem. Eldin baary kuzugup syrashat, men aitam exclusive, kyrgyzstanda jasalgan, nakta ekologualyk jaktan taza but kyiym dep.
Kyrgyzdatnga kaitkanda sozsuz kyshkysyn da, jazgusyn, jaikysyn da satyp ala sizden.
Yigilik!
Allah yraazy bolsun sizge!
Businessiniz orkundop ossun!
Yigilik dagy bir jolu jana sizdei bolup ar bir kyrgyz jarany, ozgocho biyliktegiler, atka minerler kyrgyz eli jonudo oilonso kana!
businessiniz orkundop ossyn!
emi ushul bashtagan ishin ulantip,keniri chon fabrika achip,kirgiz elin jumushka alip,elimdi jakshi sapattu koja but kiyimi menen kubanta ber.
Kaisil jerden satip alsa bolot eken???
Kitaidin sasigan samapal but kiyimine karaganda oimosu bar kirgiz jigiti jasagan but kiyindi 100 dollar bolso dele satip alganga men dajarmin.
Азаматсыз!