№523 9-Ноябрь-15-Ноябрь, 2012-ж
ЖКнын каржы жана бюджет комитетинин жыйынында депутат Ахматбек Келдибеков ундун баасы күн санап кымбаттап баратканын билдирди. «Өкмөт пенсияны көтөрдүм деп мактанбай эле койсо, эл азыр ундун бир кабын 1700-1750 сомго сатып алып жатат»,- деди ал. 8-ноябрь күнү чоң жыйында эл өкүлдөрү тарабынан бир мүшөк ун 2 миң сомго чыкканы айтылды.
Эл өкүлдөрү айтып жаткан баанын чын-бышыгын билүү үчүн биз аймактык кабарчыларыбыз менен байланышып, ар бир облустагы бир кап ундун сортуна жараша орточо баасын тактап көрдүк.
Ысык-Көл: 800-1500 сом
Нарын: 700-1500 сом
Ош: 1000-1750 сом
Жалал-Абад: 1000-1800 сом
Чүй: 1000-1500 сом
Талас: 1200-1650 сом
Баткен: 1200-1650 сом
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-1
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |