Лира Seven:«КӨЗДӨГӨН ЖИГИТ СӨЗСҮЗ МЕНИКИ БОЛОТ»

№523 9-Ноябрь-15-Ноябрь, 2012-ж

Жакында «бир ырчы кыз менен келатсам, маңдайыбыздан чыккан эки кишинин бири аны карайм деп чалкасынан кетти» деп интернеттен бирөөнүн жазганын окуп калдым эле. Ал ырчы кыз «Эркетаймын» деп эркелеп ырдаган Лира Урманбетова экен. Ушинтип жигиттерди бир көз караш менен арбап алган Лира бизге ачык, кызыктуу маек куруп берди.

Аты-жөнү – Лира Урманбетова
Туулган жылы –
1985-жыл, 18-октябрь
Жылдыз белгиси –
Тараза
Көп кайталаган сөзү –
«Прикол кармап»
Seven деген каймана атты Лира Ысык-Көлдөгү Карга акенин 7-урпагы болгонуна байланыштуу коюп алган

– Салам, Лира. Кепти сенин өзгөчө ырдоо, кийинүү стилиңден баштагым келип турат.
– Салам. Чынында, мен алгач улуттук кийим кийип, фольклор ырларын ырдап чыккам. Негедир аны эч ким сөз кылган эмес. Балким, бизде көпчүлүк ырчылар ошондой чыгып жүрүшкөнүнөнбү дейм. Анан минтип ачык кийинип чыга келсем, оозго алынып баштабадымбы. Кичине кезимде батыштын ыр-клиптерин көп угуп, ошолордон таасирленгенимен болсо керек, батыш жакка көп оойм.

– Атаң белгилүү композитор болсо, минтип чыгышыңа каршыдыр?
– Туура, атам Догдурбай Урманбетов «Жүрөк сыры», «Ала-Тоо – кыргыз жери» деген ырларды жаратып, эл алдында аты бар киши. Ал дайыма «Лира, сураныч, кыска кийбе, узун кий. Ашыкча боёнбо», «андай кыл, мындай кыл» дей берет. А мен «макул, ата» деп туруп, атам жумушка кетери менен дароо боёно калып чыгып кетем. Билем, атам туура сын айтып жатат, аны да түшүнөм. Бирок бул деген менин кесибим, музыка – менин жашоом. Азыр да ырларымды угузсам, «чыгара бер, боло берет» деп коёт. Билбейм, деги эле атамдын тилин таба албай койдум.

– Музыка дүйнөсүнө кантип келип калгансың?
– Кичинекей кезде Караколдо жашап жүргөндө кошуна-колоңдорду чогултуп алып ата-энелерибизге концерт уюштурчубуз. Ошондо эле музыка жүрөгүмө жакын эле. Мектепти аяктаганда атама «ырчы болом» десем, «технолог болбойсуңбу, ачка калбайсың» дейт. Бирок баары бир музыкадан баш тарта албадым. Бул жашоодо биз бир гана жолу жашайбыз. Андыктан жан дүйнө азыгын да ойлошубуз керек. Ошентип, көк беттигим менен Улуттук консерваторияга тапшырып, өтүп кеткем. «Матрикс» деп аталган чет өлкөлүктөрдөн куралган топто ырчы элем, анын аркасы менен көп жерлерди кездим. Жакында гана келишимибиз соңуна чыгып, өз алдымча ырдоого өттүм.

– Чет өлкөлүктөр менен кайсы тагдыр табыштырды?
– Консерваторияда окуп жүргөндө Таалай деген агайдан топтун ырчы издеп жатканын угуп, барып калгам. Кастингден менин үнүмдү дароо жактырышты. Жаңы иштеп баштаганда аябай кыйын болгон. Эки жуманын ичинде 20 чакты англис тилиндеги ырларды жаттап, ырдап жүрдүм. Акыры аракетим жемиштүү болуп, англис тилин да жакшы өздөштүрүп, топтун курамында иштеп калгам.

– Чыгармачылыкты го түптөп алыпсың, жеке жашоочу? Жүрөктүн ээси бардыр?
– Чынында, кээде отуруп аябай сүйүп калгым келет. Жүрөгүмдүн ээси жок. Ал дагы бир жакта адашып, мени издеп жүрсө керек. Чет өлкөдөн деле көз салып, жакшы эле издеп келатам, бирок чыга элек. Эгер ал адамды жолуктурсам, дароо бир көз караш менен менин адамым экенин билем.

– Анда жүрөгүңдү ээлей албай жүргөндөр тууралуу сурайын...
– Мен алдыга план койдум, Кыргызстандан бир-эки жыл ичинде коркпогон, чечкиндүү жигит чыкса, ошого тием. Болбосо, күйөөнү башка өлкөдөн издейм. Азыркы мырзалар коркогураак окшойт. «Артисттен аял алба, айдоочуну күйөө кылба» дешет го. Дагы деле биздикилердин психологиясында ошол нерсе турганы өкүндүрөт. Ырчы болсо эле куурчактай кылып жанында кармап жүрүшү керек, алардын оюнча. «Мен да эл катары аял болуп, төрөгүм келет» десең түшүнбөйт. Көбүнчө үй-бүлөсү бар мырзалар «Лирочка, сураныч, менин көңүлдөшүм болчу...» деп калышат. Мен аларга дароо жок дейм. Анткени анын аялынын ордуна өзүмдү коюп көрөм, мындай иштин жаман экенин билем. Мага андай керек эмес, баары бир андан перспектива жок.

– «Эркетаймын» деген клибиңе катуу сындар айтылды. «Стриптиз бийчиси болчу» деген да сөздөр бар. Чын эле ошондойбу?
– Бир жолу кайсы бир телеканалдан түз эфир болуп, клибимди көрсөтүштү. Апам алдын ала бардык туугандарды үйгө чакырып, «кызым азыр чыгат» деп күтүп отурушкан. Клип аягына чыккыча эле, сен айткандай, «бул кыз стриптизчи го...» деген сыяктуу СМСтер жаай баштады. Коноктор нес болуп эле отуруп калышыптыр. Ооба, учурунда клубда бийчи болуп иштегем. Бирок стриптиз эмес, чыгыш бийи менен элди жандандыруучу го-го стилинде бийлечүмүн.

– Башкалардан өзгөчө жигиттерди арбап алуу сырың барбы?
– Анын эч кандай сыры деле жок. Бир көз караш менен же жылмайып эле койсом, ал жигит сөзсүз келип таанышат. Кыскасы, көздөгөн жигит болсо, сөзсүз меники болот. Үйдөгүлөр кээде «күйөөгө тие албай каласың» дешет. Күйөөгө чыгуу маселе эмес, каалооң болсо, каалаган учурда тийип кетесиң.

– Өзүңдү сулуумун деп эсептейсиңби?
– Менимче, сырткы келбетиме караганда ички дүйнөм сулуураак болуш керек.

– Позитивдүү кыз экенсиң. Жашоодо кыйынчылыктарды да ошентип жеңет чыгарсың...
– Туура, мен баарын позитив менен жеңгим келет. Кээде көңүлүм чөгүм, депрессияга түшүп, үнүм чыкпай калган күндөрүм болот. Баарынан тажап, кол шилтеп басып кетким келет. Бирок мүңкүрөп эле отуруп кала берген болбойт экен, аракет кылсаң, баары өз ордуна түшөт. Анан да ишенчээктигимдин айынан жабыр тартам, көңүлүмдү көп оорутушат. Бирок жашоо бумеранг да, сага бирөө жамандык кааласа, эртеси ага кайра кайтып келет.

– Окуучулук кезиңе да кайрыла кетсек. Кичинекей Лира кандай эле?
– Көчмөндүк каныбызга сиңип калса керек, ата-энеме үй жакпай калса эле көчүп-конуп жүрө берчүбүз. Ошого байланыштуу мектептерди көп алмаштырдым. Анан, албетте, жаңы мектепке барганда тың болбосоң, кордоп жиберишет. 7-классымда да мектеп которууга туура келди. Класста жалгыз кыргыз мен экем. Кыздар мени «кыргызсың» деп жемелеп жүрүштү. Бир күнү сабакта отурсам, бирөөсү артымдан келип чачымды кесип салса болобу! Ошондо чыдамым чектен чыгып, барып туруп ошол кызды сабап салдым. Андан кийин гана мени кабыл алышкан.

– Маегиңе рахмат, ийгилик!

Лунара Бекиева
star@super.kg


Лира Урманбетова: "Көздөгөн жигит сөзсүз меники болот"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(123)
14.11.2012. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жазгул менен лира окшошуп ле калыптыр манералары озгочо,лирага соз жок бизде да ущундай кыздар бар кен ээ болушунчо козум тостойду.
14.11.2012. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
эээээээ ушундай да ырчы болобу озучоле авторитетка го мактанчааааак жасалма суйлогон!!! жакбады
14.11.2012. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бул кыз семиздигине карабай менин кокурогум зор деп эле ачык кийине берет экен да, бирок ничего фигура нормально если кичине арыктаса анан азыраак боенсо жакшы эле кыз болгудай суроттору жакшы эле чыгыптыр
SUPER.KG видео
14.11.2012. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жашоого болгон коз карашы, турмуш жонундо философиясынын кээ бирлери, т.а копчулугу меникине окшош экен, анан албетте жигит жагы, кийинуусу эмес, ФИЛОСОФИЯСЫ.....
15.11.2012. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Боенгонуна мактанып жатасынбы?! Кыргыздын кыздарын уят кылдын го, бир карын майды бир кумалак чиритет деген ушул экен да...Коздогон жигит меники болот дейсин, сендей кыздан кудай сактасын...
15.11.2012. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
zaviduite mol4a, a tak ona " NEOBYKNOVENNAYA " Molodec, Lira!
SUPER.KG видео
15.11.2012. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ай десен ай,кун десен кун.Журокту ээзип , мээ тамырыма кризис берип жиберген кандай татынакай ужассын,,,УУУщатай меня LIRA 7
15.11.2012. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аша эле мактанып алган эмесинби бийкеч.
15.11.2012. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
оуууууу аябай картан корунот го жакындан....бизди го го менен стриптиздин айрымасын билбейт деп ойлоп жатат го ээ
16.11.2012. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Биз мусульман адамбыз пайгамбарыбыздын уумоторубуз мындай журуш биздин кыздарга тура келбейт силерге айтарым ыймандууу болгула кыздар Аллах озу колдосун!!!
SUPER.KG видео
16.11.2012. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшыы.....
16.11.2012. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ей бы не помешало бы визит к стамотологу...
17.11.2012. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sebebi kyrgyzdyn Kyzdary Kyz da owonduktun figurasy da
17.11.2012. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мага жаккан жок,бир эмес он жолу карасан да таанышпайм хе хе х)
17.11.2012. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
лира менен риананын даймонддорун (клиптерин) салыштырсак кыргыз кызына караганда кара кыздын алда канча ыймандуурак ээй озубуз куноолуу экенбиз улуттук кийим кийип фолъклордук жанрда чыкса конул бурбапыз мына эми центр внимания болуп жатып калды
17.11.2012. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
эпизоддор тим эле кытай базар кызыл койнок жашыл койнок ала була асан усон батма зуура кыскасы маани манызсыз эле бир одоно клип 2 турдуу кийинип эле жакшы берилип бийлеп койгонунда башкачараак болот беле ?ызылдабап мин туркун кубулбай
18.11.2012. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушундай ниети жаман адамдар коп экен! Мен озум лично ЛИРАНЫ жакшы билем, аябай тытынган кыз, анан таланттуу, в живую соонун ырдап коет башка биздин ырчыларга карагада....
Чыкса да кыргызбайлар КОРО АЛБАЙСЫНАР!!!
Биринчи билип туруп суйлобойсунорбy, Лира сен кучтуу ырчысын,сени коро албагандар коп экен, аларды укпай эле кой!
Алга ЛИРА! Алга ЛИРА! Алга ЛИРА! Алга ЛИРА! Алга ЛИРА! Алга ЛИРА! Алга ЛИРА! Алга ЛИРА!

18.11.2012. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул чон ийгилик, коптогон аракет, эмгек керек, ошол эмгегиндин аракетиндин узурун кор.
А коро албагандарга конул бурба, жон гана ич куйдулор жазып жатат.
Сендей акылдуу кыздар коп болсо экен...
19.11.2012. 06:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanikey.naz,ушундай акылдуу кыздар коп болсунбу сенин кызын боло берсин менин кызым болбойле койсунчу э озуно тиле кудайдан кунуго тилесен ушундай кыз берет куда кааласа
18.11.2012. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanikey.naz бул жерде эч ким ич куйдулук кылган жок баары оз оюн сын пикирлерин жазат ушуну билип алсан куйугуп эмне ЛИРА мадоннабы дуйнонун сегизинчи керемети беле
SUPER.KG видео
19.11.2012. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ай десен ай,кун десен кун.Журокту ээзип , мээ тамырыма кризис берип жиберген кандай татынакай [mod],,,УУУщатай меня 100 пайызга кошулам
Модератор admin_MiranA түзөттү 19.11.2012 12:25
SUPER.KG видео
19.11.2012. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо ушунун ордуна башканы койсонор болмок да кааап
SUPER.KG видео
19.11.2012. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Прикольная экен, эми стили анча бизге жарашпаса дагы, озу адам катары жакшы кыз окшойт. Клиптерин коруп коп жактыра берчу эмесмин бирок суйлогонуно караганда жакшы эле кыз окшойт. Ийгилик!!!!!!!!!!
20.11.2012. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир кезде хиджап кийип,намаз окуп,жургон турганына тобо кылат деп ишенели,Аллах ыйман берсин журогуно.
23.11.2012. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коро албасанар же ошончо кыйын болсонор силер эмнеге чыкпайсынар. Биро чыкса болду кыргыздын кыздары минтпейт тигинтпей дейсинер. Антпесе Казакстандын кочолорундо турган кыздарга айтпайсынарбы кыргыздын кыздары антпейт деп.
23.11.2012. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болсун
SUPER.KG видео
30.11.2012. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
krasavica,milashka?????beyonce? erkekter jindi bolup kalgan go...
04.12.2012. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Naziwka - сизге эскертүү!
Кимдир бирөөнүн дарегине айтылган негизсиз күнөөлөөлөргө, кимдир бирөөнү кемсинткен, мазактаган, жамандаган, анын абийирине, кадыр-баркына терс таасирин тийгизген (шек келтирген) билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
SUPER.KG видео
11.12.2012. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
стили фигурасы аяабай жакшына экен бирок коп суйлойт экен кичине сырдуурак б-со жигитер ушунуку болмок
SUPER.KG видео
20.12.2012. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жакты! Мындай кыздар да болуш керек. Бизде кобунчо кыздардын баары окшошуп кетти. Макияж,койнок дегендери. Суротторундо красавица, эффектно тушот экен.
16.04.2015. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alla Alla ushundaida urchu bolmok bele,holloven degen mairamdi Amerikada zapadda mairamdashat bizge ech kandai tuieshesi jok,aman ele bolsun jakkan jok maga,oto ele vulgarnuo eken
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо