«Супер топ-2012» наамына талапкер «Жебе» тобу:«МИКРОФОНДУ КАРМАП ЫРДАП КОЙСОК БОЛДУ ДЕП ОЙЛОЧУБУЗ»

№523 9-Ноябрь-15-Ноябрь, 2012-ж

Мурун жалаң кыздар менен иштешкен Кенже Дүйшеева «Жебе» деген мырзалардан турган топту алып чыкты. Азыр топтун жигиттеринин акырындык менен күйөрман топтоп, аты элге тааныла баштаган кез.

– Кенже, топ тууралуу кыскача маалымат берип кетсеңиз?
– Топтун «Жебе» деп аталышы деле бекеринен эмес. Балдарга тамашалап калам, «мен жаамын, силер менин төрт жебем, огумсуңар» деп. Кудум жебе сыяктуу топтун ар бир чыгармасы угармандардын жүрөгүнөн орун алсын деген тилекте ушинтип аталган.

– Төрт эр жеткен жигитти тарбиялаш кыйын эмеспи?
– Мен көп жыл бою «Кыз-Буракта» кыздар менен иштешип көнүп калгам. Анын жанында балдар менен иштешкен эң эле оңой экен. Кыздарды текшергендей көп тынчын ала бербейсиң. Кала берсе балдарым да жакшы үй-бүлөлөрдөн.

– «Жебе» тобу «Супер топ» наамына ат салышып жатат. Жеңишке канча пайыз ишеним бар?
– «Жебе» тобунун уюшулганына эки гана жыл болсо да, «Супердин» тандоосуна киргенибиз өтө кубанычтуу кабар болду. Чынында, биз мындайды күткөн эмеспиз. Балдарым башкы наамды албасак да, мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө сүйүнүп жүрүшөт. Анан да «биздин ийгиликтерди багындыруучу күндөр али алдыда» деп мени кубантып коюшту.

– Медер, топко кантип келип калдың?
– Буга чейин кастингдерге көп катышып, бирок өтпөй калчумун. Кенже эже уюштурган кастингде деле өтпөсөм керек деп ойлогом. Анан да жообун күтүп 6 ай жүрүп калбадыкпы. «Кудай сабыр бере көр» деп күтүп, акыры ырдап калдым. Жаңы келгенде аябай шашма болчумун. Бир ишти туура эмес жасап койгондон кийин өзүмө келип, «жок, бул мен эмес» деп калар элем. Азыр болсо баарын таразалап иш кылганга үйрөндүм.

– Биринчи эле көзгө чач жасалгаң урунат экен. Топтогу балдардан өзгөчө болоюн дегениңби?
– Топко жаңы келгенде чачым узун болчу. Элестетиңиз, тармал, узун чачты. Так ошол кезде жанагы Гу Чжун Пё деген чыга калды. Баары эле ошондой болуп калыпсың дей берип тажатышкан. Ошол кезде өзүм да өзүмө жакпай жүдөп жүргөм. Ар кандай журналдарды карап, бирок чыгына албай көпкө ойлондум. Узун чачты кестириш үчүн да эрдик керек эмеспи. Ошентсе да кестирип салдым. Ошон үчүн чач жасалгамды азыр «эрдик чач жасалгасы» деп атап коём.

– Кумар, топтун эркеси экенсиң, катуу тартипке көнө албай, кыйналган жоксуңбу?
– Туура айтасыз, жаңы келгенде аябай эрке элем. Бирок мүнөзүм кандай болгон күндө да, топто мен жалгыз эмесмин. Андыктан баарына көнүшүп, азыр ал сапатымдан арылып баратам.

– Жигиттердин ортосунда мамиле кандай?
– Самат экөөбүз шашма, шайыр жигит болгондуктан, жакшы тил табышабыз. Жадакалса ойлорубуз да көбүнчө бир чыгып калат. Ал эми Медер менен Минур бизге караганда токтоо. Экөө бири-бирин жакшы түшүнүшөт.
Кенже: – Булардын өздөрүнө көп байкалбаса керек. Ич ара кыздар жөнүндө маселе жаралса, бири-бирине акыл үйрөтүп, мага жеткирбей эле чечип коюшат. Балдар акылдашып жатканда жан үрөп сүйлөшкөндөрүн угуп кубанып калам.

– Жаңы топ болуп чыгып, гастролдорго барып келдиңер. Кандай кыйынчылыктар болду?
Самат: – Мурун микрофонду кармап ырдасак эле болду, ырчы болуп калабыз деп ойлочубуз. Азыр болсо мунун артында канча эмгек, убакыт жатканын жон терибиз менен сездик. Негизи, Минур экөөбүз мурун деле ырдап жүрчүбүз. Бирок баарыбыз биригип, бир бүтүн болуп чыгуунун сырларын эми үйрөнүп калдык.

– Силерди тааныгандар болуудабы?
Минур: – Андай учурлар көп болот. Мисалы, мен Ак-Босогодо мектептин жанында жашайм. Эртең менен дайым уктап калып, 11лерде чыгам. Чыксам эле окуучулар тизилип, мени көрүп «көз тийбесин» деп тийишип калышат. Бул аябай жагымдуу көрүнүш мен үчүн.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер топ-2012" наамына талапкер "Жебе" тобу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(28)
12.11.2012. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Жебе тобу деп Казактарды туурабай эле башка ат менен чыкса болмок, анан дагы мурун башкалар ырдаган ырларды кайра ырдап чыкпай кыйратаксансып группа болуп чыга калышпай! З
12.11.2012. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
мага аябай жагат "Жебе" тообу, мен ушу топко добуш берем
12.11.2012. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атын башка коюшса болмок балким..а так иштегендеринде кеп жок..каазктардан крыгыздын тобу алдыга озоттур балким..убакыт корсотот..чагармачылык ийгиликтерди калаайбыз!
12.11.2012. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жалан эле кара-суулуктарго, азаматсынар жердештер ийгилик силерге.
12.11.2012. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
menin eeeeeen suiuktuuu gruppam jebe maga yrlary anan dagy ozulorunun alyp jurushu yrlary da jagat!!!alga siler supersiner!!!!
12.11.2012. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzdyn f4 si go!!!)))))iygilik baldariki)))silerge ishenem kyrgyzdyn 4ynygy talanttuu grupasy bolushunarga!iygilik!!!
12.11.2012. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ogooo kyrgyzdyn men men degen jigitteri kandaisynar!!!KENJE EJE azamatsyz ushundai baldarynyz bar eken!!nedeibiz iygilik kaaaalaibyz alga jana alga
12.11.2012. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кенже молодец, ушундай топ тузуп таланттарга жол ачып бериши бул анын эмгекти суйгон адам экендигинен кабар берет, ийгилик. Ичибизди кененриэээээээээк кылсак жакшы болот эле биз кыкендер, бироону чукулап казмалай бербей. Жебе казакта эле болушу керекпи, бизде деле жебе деген соз бар мисалы и группа ))), КРАСАВЧИКтер, ак-босоголук кошуна жигит да аййяй. А Кенже эже ото эле АЙЯЙКА, сиз сулуу жана акылдуу айымсыз!!!
12.11.2012. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даааааа.........все таки мечты сбываються...Жебе они самые самые красивые наши....тьфу на них чтоб на сглазить....Кама, Медер Байке, Самат байке и Минур байке люблю Вас.....желаю ВАм всего самого наилудшего как говорят Гулдой болуп ачылабергиле.......наша команда Фан.Клуба оооочень сильно любит Вас...p.s....от Жазирки Угулайки Нуркыз эже , Зарина Эже Айка Эже и от ФАН.КЛУБА,,,,,,ЛЮЮЮБИМ вас....
SUPER.KG видео
13.11.2012. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кенже эже азаматсыз дуйнодо сиздей аял заты кооооп болсо экен ал эии балдарга чыгармачылык ийгилик баааар болгула..
SUPER.KG видео
13.11.2012. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уялышат го. Кенжем сонун ат коюпсунар го
13.11.2012. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
омурунор узун болсун "Жебе"
SUPER.KG видео
13.11.2012. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ар бир созуна Кенже эже-деп кошуп, суйлоп атканда да Кенже эжесин карап турушат экен - бул урматтоо болсо к-к, бирок оздорун эркин алып журо албагандары билинип турат. Атына жараша эми жакшы иштеп кетишсин!
SUPER.KG видео
13.11.2012. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кумардын шымы жарылайын деп калыптыр.
SUPER.KG видео
13.11.2012. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
super topko tatyktuusunar! dagy biyiktikterdi bagynta bergile!aitmak4y men dobuwumdu sizderge bergem!
14.11.2012. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жылдын Супер тобу болушунарга тилектешмин,ийгилик!
Кенже эжеге чоон рахмат талантуу мырзаларды бириктиргени учун.Cok tesekkur ederim
SUPER.KG видео
14.11.2012. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саматик-ты супер!!!!!я верю в тебя.....и в вашу группу...
15.11.2012. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Медер, Кама вы супер.Вы лучшие из самых лучших!!!!!
15.11.2012. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул топтун тузулгонуно канча болду? Ырлары барбы? Жылдын супер тобуна бир чыгарып эле талапкер боло береби. Кызык.
15.11.2012. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул балдар ото эле нежинкалар.ийгилик силерге шоу чойродо
17.11.2012. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыркы кыргыз ырларын коп уга бербесен да ушул экен. биринчи жолу угуп атам бул групп жонундо.
18.11.2012. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кенже эже озу аябай таланттуу эле таланттуу балдарды чогултуптур ийгилик!
21.11.2012. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай ат койсо дагы, эн негизи жакшы ырдап эл оозуна алынса болду да. Жебе деген кыргыздын деле сөзү да. Атын орусча, англисче деле коюп алып чыгып жүрүшпөйбү. М. Non-Stop ж.б.
SUPER.KG видео
25.11.2012. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен баарынарды суйомун
SUPER.KG видео
06.12.2012. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да Кенже апа стала апашкой 4 парням. у них одна песня только? по две строчки каждому?))) неужели помоложе не могли певицу найти? или постарше мужчин? не соотвествует совсем. а так песня ниче.
SUPER.KG видео
07.12.2012. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самат азаматсын орунун осо берсин,ийгилик сага. Биздин айылдын, Кыргызстандын атагын таанытып журо бер, аман бол.
SUPER.KG видео
01.01.2013. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне учун кыргыздар корейлерди туурагандан тажабадык ыя?F4 ден эми кутулсак гангнам стайл каптап келди го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо