Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ҮЙДӨГҮ ЖЫЛУУЛУКТУ САКТООНУН ЖОЛДОРУ

№524 16-22-Ноябрь, 2012-ж

Акчанын тартыштыгынан улам кээ бир курулуш эрежелерин сактабай тамды салып алабыз. Ошондой эрежелердин бири – үйдүн жылуулугуна көңүл бурбагандыктан, кышкысын «отун-суу жагып эле жатам, бирок үйүм жакшы жылыбай койду" деп кейийбиз. Мына ошондой эрежеден тыш салынган үйдөгү жылуулукту сактоо жолдорун билип алыңыз.

ТЕРЕЗЕ
Жылуулукту сактоо боюнча желим терезенин мүмкүнчүлүгү жогору. Ал эми жыгач терезелер кышкысын кошумча жылуулукту өткөрбөөчү материалдарды талап кылат. Бүтөө үчүн терезенин сыртына полиэтилен плёнканы кадап коюу керек. Ичинен кадасаңыз, үйдүн ичи ысып, бууланганда терезедеги суу бөлмөнүн ичин көздөй агып, жыгачтарды чиритет жана дубалды булгайт. Ошондой эле терезенин кашеги менен дубалдын ортосунда жылчыктардын жоктугун кароону да унутпаңыз. Эгер жылчык болсо бүтөп чыгыӊыз.

ЭШИК

  • Эшик канчалык калың болсо, жылуулукту ошончолук сактаганга жардам берет. Калыңдоо үчүн эшиктин сырткы бетине поролон (губка), анын сыртынан дерматинди кагып бекитсе болот.
  • Эшиктин кашеги менен дубалдын ортосун да текшериңиз.
  • Колдон келсе эки эшик салган жакшы. Бул сырттагы муздак абанын бөлмө ичине дароо кирүүсүнө бөгөт коёт. Эгер мындай мүмкүнчүлүк болбосо, эшиктин кире беришине калың парда тартып койсо, суук абанын бөлмөгө дароо киришине тоскоолдук кылат.

ПОЛ

  • Эгер жыгач пол болсо, анын ачылып кеткен жылчыктарын бүтөңүз. Себеби полдун алдынан чыккан жел жылыткыч берген жылуулукту да шыпты карай айдап кетет.
  • Цементтелген жана анын үстүнө линолеум төшөлгөн полго сыздын өтүшүн азайтуучу атайын материалды (подложка) салуу керек.
  • Полдун үстүндөгү килем, паласка караганда шырдак, кийиздер сызды өткөрбөйт.
  • Цементтелген полго эң жакшысы электр энергиясы менен жылуулук берүүчү полду орноткон оң.

ДУБАЛ

  • Дубалдын ичи-сырты толук жана калың шыбалса, жылуулуктун чыгуусуна жакшы бөгөт болот. Андыктан шыбактарын текшерип чыгыңыз. Колдон келсе үйдүн сыртын пенопласт, минералдык кебез менен жаап чыкса, жакшы натыйжа берет.
  • Дубалдын ички бетинин муздак болуп жаткан бөлүгүнө дубал килемин илип же үй эмерегин ошол жерге жылдыруу менен жылуулукту сактаса болот.

ШЫП
Эгер шып жука болсо, жылытуу текке кетет. Шыпты жылуулоо үчүн чыгарылган материалдар (пенопласт, минералдык кебез) менен жаап чыгуу керек. Эң арзан жолу кадимки көмүрдүн мештен чыккан күлү да жарайт. Бул ылайга караганда жеңил болгондуктан, шыптын устундарына күч келтирбейт.

ЖЫЛЫТКЫЧТАР

  • Буу жылыткычтын бетин парда менен жаап коюу жылуулукту шыпка түз чыгарып жиберет да, бөлмөнүн алдыңкы тарабына жылуулук тарабай калат. Жылыткычтын үстүнө кийим-кечек жаюу жылуулуктун тарашына тоскоолдук кылат. Ошондой эле жылыткычтын калыңдап кеткен эски сырларын сыйрып, жаңылап сырдап чыгуу да өз натыйжасын берет.
  • Май менен иштөөчү электр жылыткычынын үстүнө кирлерди кургатуу жылуулуктун бөлмөгө тарашына тоскоолдук жаратат.
  • Кубаттуулугу 1,5-2 киловаттык электр жылыткычтарынан бирди алгандан көрө, кубаттуулугу 0,5-0,75 киловаттыктан эки жылыткыч алган туура. Анткени кубаттуу бир жылыткыч бөлмөнүн бир эле жеринде турганга караганда кубаттуулугу аз эки жылыткыч бөлмө ичин эки тараптан бирдей жылытат жана энергияны үнөмдөйт. Электр жылыткычтарынын жанына суу коюуну унутпаңыз. Суу абанын кургап кетишинен сактайт.
    Жылыткычтан чыккан жылуулук түз эле шыпты көздөй кетет. Андыктан жылыткычтын жанына кубаттуулугу аз желдеткичти коюу зарыл. Бул бөлмөнүн ичине жылуулуктун тегиз жана тез тарашына шарт түзөт. Терезенин алдындагы буу жылыткычынын артына фольга кагазын жука тактайга чаптап коюп коюңуз. Бул жылуулукту дубалга өткөрбөй, бөлмөнүн ичине тарашына көмөк берет.
    Эсиңизде болсун, бөлмө ичиндеги оптималдуу температура 18-20 градусту түзөт.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(4)
19.11.2012. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге окшогон,бечара карапайым пешком жургон адамдарга жакшы нерселер айтылып,корсотулуптур рахмат инфо!
20.11.2012. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан учун кенеш экен,ракмат инфого.
10.01.2013. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер инфонун жамааты сиздерден сураныч, теплый дом же каркасный домдор жонундо маалымат берсенер карапайым элге жакшы болот эле. Анткени коп элдер алар жонундо кабары болбогондуктан кышкысын кыйналып жатышат. Алдын ала рахмат.
10.01.2013. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eluka,
Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирип коебуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо