Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«БИРӨӨНҮН АЯЛЫ МАГА КЫЗ КӨРҮНӨТ ЖЕ АЛ АЯЛДАН КАНТИП КУТУЛАМ?»

№524 16-Ноябрь-22-Ноябрь, 2012-ж

– «Бу артистти аялым, шоопурду күйөөм дебеш керек. Ай, ким эле, Нүкү, Мики, о кокуй күн ай, ушулардын атын кыргызча эле койбой...» Наалыган чоң апам дайыма ушинтип калар эле. Ал убакта макалдын маанисин чын эле түшүнбөчүмүн, азыр эми туура эле турбайбы деген ойго кептелдим. Эмнеге артист аттууга ушул жаман сөз көп жабышат, көрө албаган душмандары чыгарабы же атактуулукту адам баласы көтөрө албай кетебизби?.. Айтор, мен сиздерге жан дүйнөмдүн сырын аңтаргым келип турат. Мейли урушкула, мейли жемелегиле, бирок жөн гана окуп койгула...
Мунун баары ырчылыкка кадам таштаганымдан башталды. Бүгүнкү күндүн шоу-бизнес деп аталган чөйрөсү мени да өстүрдү, таптады, элге таанытты. Ошол эле убакта бутум баскан жер «иттин өлүгү толгон» интригага, жүзүңө келип үңүлүп, ары карап туруп шыбап кеткен ушак сөзгө арбын, кээде чын эле жүрөк толо кубаныч алып келген, гүл көтөрүп күттүргөн күйөрман арттырган, бирде туруп көөдөн бөксөрткөн окуяга кабылткан учурларга бай болуп келет. Адатта «аны айтпай эле коёюн, муну минтпей эле коёюн» деп жашырган менен, бизди билген адамдар үчүн абийир айрандай төгүлүп калганын аңдабайбыз...
Бир күнү кайсы бир ырчы кыздын туулган күнү болуп калды. Сахналаштарын чакырды. Бийледик, ичтик, ойнодук, күлдүк... Бир убакта мени шоу чөйрөдөгү эже бирөө менен «подружкам болот, а так бойдок, апе-ей, не деп койдум, башы бош эмес...» деп каткыра күлүп тааныштырды. Эркекпиз да, ал айымды карап комплимент айтып койдум:
– Бойдок дегенге мен ишендим. 18ге жаңы толгонсуз го...
– Ай-ий, ай, койчу, уялтпачы. Силердин бир ырыңар жагат...- деп башка эле ырчынын ырын кыңылдап ырдап да койду айым. Көзү күлмүңдөп чын эле татынакай экен, аны бир караганда жашы 40ка жетейин деген аял деп ойлобойсуң, жапжаш көрүнөт. Туулган күн шаңдуу жүрүп, куттуктоо сөз мага келди. Мен кесиптешимди куттуктап, ырдап кирдим. Байкап турам, тиги айымдын көзү мени тиктеп турганын. Ырдап бүтүп ордума келсем, «мен бая башка бирөөнүн ыры менен алмаштырып ырдап салган турбаймынбы, кечирчи» деп жабыша баштады. Бул абалдан кантип чыгарымды билбей турганда телефонум чырылдап калды эле, сыртка чыкканга шаштым.
Ошентип күндөр өтө берди, айланып эле чогулган жерде жанагы айым жүрчү болду. Салкын гана саламдашып койсом, бир чөйрөдөгү шакылдаган эжекелерим «ии, мурдуңду көтөрүп, жылдыз болуп калган экенсиң. Адам карабай, сыйлабай» деп киришсе болобу. Өзүм теңдүүлөргө барайын деп сахнанын артында карбаластап калдым. Жашы деле, улуусу деле баары бир гримдөөчү бөлмөгө толуп алышыптыр. Кимден кийин ырдаарымды карап дубал тактаны тиктеп тургам. «Ммм, бүгүн биздин жылдыз бала башкача» деп баягы сулууча келген айым колтуктап калды. Ошол күндөн баштап ал менин телефонумду, үйүмдүн дарегине чейин билип алыптыр. Кээде чалып «той бар, келип ырдап, шыбагаңды алып кетпейсиңби» деп чакырат. Ырдап жан баккан жандар той-чардан «отказ» кылмай жок да. Кээде шашып такси менен барам, ал чакырган той-кечелерге, андайда түз эле үйгө жеткирет сулуу айым. Бир күнү «эже, мени мындан кийин тойлорго чакырбай эле коюңуз, өзүм башка заказ алам. Анан да сиз менен иштешип жүргөн айымдар мага жакпайт, жүрүм-туруму, башкасы» деп кагып салдым.
– Мага сиз деп кайрылбай эле кой деп канча айтам сага. Чын эле тиги ... айтмакчы, көөп кетиптирсиң, бала! Бүктөтүп коюш оңой сени,- деп жинденип баштады.
Бүктөттүрүп коё албайт деңизчи, бирок айланасында жүргөн «шоучу» эжелерим курулай пиар, куру доомат менен кыямат-кайым кылары бештен белгилүү...
– Улуу болсоңуз улуу дейм да...
– Сени менен жүргөн кыздарды көрүп күлкүм келди, койчу, малышкаларды не кыласың?- деп кайра ырсалаңдайт.
Ошентип, башым айланып, кантип аны менен мейманканага барганымды билбейм. Мындай күндөр далай эле болду. Жаман сөз бат жетет белем, жакынымдын бирөөсү билип калганбы же бирөө шыбырап койгонбу, айтор, урушуп, чын-бышыгын тактап-териштирип ызы-чууга калдым. «Бирөөнүн аялы бирөөгө кыз көрүнөт» деп бекеринен айтылбаптыр. Эми мага кыз деле көрүнбөй калды, ал аялдан кантип кутулуунун амалындамын. «Бул эмнеден улам тантып, картанын бетин ачып жатат» дебеңиздер. Картаны белгилүү гана чөйрө билет ачылганын...

Шок жигит
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(28)
19.11.2012. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vaaaaiii kim boldu eken?? Miki,Nyky degenine karaganda Mirbek, NUrbek degen biroo okwoit
20.11.2012. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Cunade, башыныз иштейби, ал чон энеси айткан созду гана мисал кылды, причем тут эти имена?Сизге иши-кылып эле коммент жазса болдубу!?
19.11.2012. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ал аял сизди мейманканага чачтан суйроп барган жок да, озунунздун шайтаныныз ойноп кызыгыныз тарагандан кийин кантип кутулам деп коесуз. Эркектер кичине намысынар болсо кана. Ушундай ишке бара жатканда баш менен ойлонуш керек
19.11.2012. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура ойлонуш керек жинди сууну ичип кылыгын кылгандандан кийин эсимде жок дейт, эми кутулунун амалын ойлоп журот.
19.11.2012. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кутулуп не кыласын ойноп журо бер.А то тиги эжешкан буктотуп койбосун.
23.11.2012. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sonka89., аха ха соогуно жеткизе суйлопсузго
19.11.2012. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чындап эле ким болду экен
19.11.2012. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жабышса эле кете бергидей оз башынды озун башкара албай калсан эми кутулуп не кыласын эжешкандын айтканын эки кылбай журо бер эми
19.11.2012. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буктотуп деле коюшу мумкун анчалык женил ойлуу болсо демек ойноштору деле коп го.Зына кылгандан уялгылачы,Аллахтан корккулачы.Ушу шоу бизнестегилер бири-биринер менен камыр-жумур болуп жуурулушуп эле эртеси бири-биринердин бетинерди кантип карайсынар?Албетте баары эле эмес ыймандуулары да бар дечи.Анан да баарынар «признаться» эте баштадынар го э :-) откондо эле ырчы кыздар жонундо жазышты эле.
19.11.2012. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баягыдай салкын учурашып көңүл бурбай койсоң болмок.Анан да чакырган жеринен отказ кылып койсоң калат эле.Өзүңөрдүн эле абийириңерди төгүп жатасыңар.Анан эл кантип сыйласын силерди.
19.11.2012. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайсыыыыл ырчы болду экен ушунча жазып чыгыптыр атын деле жазып койбоптур да....
19.11.2012. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болушу мумкун бирок болгон чактада ошол артис айтканда да келип келип элден кенеш сурап калат беле проста бул ШОК ЖИГИТтин жазган темасы..
20.11.2012. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ОХО ХО очень интересно, кайсы ырчысын анчалык красавчик болгон.
20.11.2012. 05:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээх! Шок жигит ишин чатакка айланганго кургур. Ээми сени буктоп салат тигил эжешан.
20.11.2012. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
glamur13,
:))
23.11.2012. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
glamur13, туураа айтасын
20.11.2012. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушинтип эркектин намызын кетиресинерда. Биз ишенген жигиттер аял затынан коркуп олтурасынарбы? Шок жигит озунду коргой албасан озгону анда вообще коргой албайсында. Уят эле.
20.11.2012. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Jakshy bolush asta-asta jaman bolup bir pasta"-dechi bele?
20.11.2012. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сиз жакшы деп алдап кутулбаса торго тушуптур байкуш
21.11.2012. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э дос. Сен биринчи аялына тушундуруп айт. Анан эжешана айт буктойбу пиар кылабы п.х. За то кутуласын. Болбосо мындан да ырбап кетет.
21.11.2012. 05:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
окубайм деп окудум кайдагы жомок!создорунун мааниси эмнеде?эркек башын менен ушул ишти бутуро албай баарына жарыя кылып...бекеринен силерди артист дебейтда...менимче ал сага эмес сен ага кыз болуп корунуп жатасын)))
23.11.2012. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
буктойм десе эле буктотуп коёсунбу?Озундун конулун бар да,болбосо эчак эле мамиленди узмоксун!
23.11.2012. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
суроттогу баланы карасанар,Дайыр Исмадияровго окшош экен)))
23.11.2012. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыкка окшошпогон бекерчиликтин иши.
23.11.2012. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сенде эки вариант бар же ошол эже менен жашай бер башын айланып же ол эже сени менен жашайт башынды айлантып башка вариант жок сага бар болсо да эптей албайсын уже калган турбайбы башын айланып.Бир карын майды бир кумалак чиритет деген соз бар элибизде артисттердин наамын булгаган кумалак болупсун да ээ....
24.11.2012. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шок жигит бул эмнен? элге жарыя кылбай озун эле бутуруп салчу иш... бекем болсон боло, жигиттик намысынды жоготпой... намыс деген кайда?
24.11.2012. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эриккенде ойлонуп жазган жомокко чын калпын супер инфо билетда
26.11.2012. 07:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен билем бул ким экенин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо