Бактияр Токторов:«КЫЗДАР БИЗДИ ӨЛӨБҮЗ ДЕП КОРКУТУШЧУ»

№524 16-Ноябрь-22-Ноябрь, 2012-ж

«Жоогазын», «Таң Чолпон жылдызым», «Ак көйнөк кийген бийкеч», «Лейлек», «Кечки бульвар» деген ырларга түбөлүктүү өмүр берген кыргыз поп музыкасынын көрүнүктүү өкүлү – «Биз» тобу. Мына ушул легендарлуу топ быйыл 20 жылдыгын белгилөө алдында турат. Топтун башкы солисти Бактияр Токторов менен маек курдук.

РАВШАН ТАШМАТОВ
Туулган жылы – 1986-жыл
Туулган жери – Лейлек району
Топто – 2002-жылдан бери, «Ямахада» ойнойт
Үй-бүлөлүү, 1 уулдун атасы

 


САПАР АЙБАШОВ
Туулган жылы – 1983-жыл
Туулган жери – Лейлек району
Топто – 2002-жылдан бери, клавишачы
Бойдок

 


АЛМАЗ КУДАЙБЕРДИЕВ
Туулган жылы – 1972-жыл
Туулган жери – Лейлектин Сүлүктү шаары
Топто – 1989-жылдан бери, урма аспапчы
Үй-бүлөлүү, 3 уулдун атасы

 

 

КОЖАКМАТ ИСМАИЛОВ
Туулган жылы – 1979-жыл
Туулган жери – Лейлектин Сүлүктү шаары
Топто – 1998-жылдан бери, «Ямахада» ойнойт
Үй-бүлөлүү, 4 уулдун атасы

 


БАКТИЯР ТОКТОРОВ
Туулган жылы – 1970-жыл
Туулган жери – Лейлектин Коммунизм айылы
Үй-бүлөлүү, 4 кыздын атасы

– Бактияр мырза, алгач 20 жыл мурунку убакка кайрылып, жаштык кезди эстеп кетсеңиз...
– 1989-жыл болчу. Топ ошол кездеги жаштардын табитине, талабына ылайык жаралган. Балдар менен Фрунзе политехникалык институтунда гитара чертип, ырдап жүрчүбүз. Топтун курамына кирген жигиттер «Ак тилек» деген вокалдык-инструменталдык ансамблде ойношчу. Алардын солисти аскерге кеткенде чогуу иштешип, ансамбль түзүү идеясы пайда болду. Алгач Олег Газмановдун, «Таазим» тобунун ырларын аткарып жүрдүк. Ал кезде топтун аты «Кыргызстан» болчу. Тарыхый мааниси болсун деген ой менен «Кыргызстан» деп атаганбыз.

– Анан кайра «Биз» деп аталууга эмне себеп болду?
– Биз дайыма кыргыздын кайрыктарынан каччу элек. «Кыргыздын ырларына бийлей албайбыз?» деп. Бир ирет Мыктыбек Арстанбек да «ырларыңарга топтун аталышы жарашпай калыптыр» деп калды. Анткени биз жалаң сүйүү тууралуу ырдачубуз. Көбүнчө чет өлкөнүн кайрыктарына өзүбүздүн сөздөрдү курап, ырларды жаратар элек. «Биз» деген – эки жаштын сүйүүсү, ынтымак, Куранда Алла Таала да «биз» деп сүйлөйт деп ушул аталышка токтолгонбуз.

– Атактуулукту багынткан эрдиктерден айтып берсеңиз...
– Эң алгач Спорт Ордосунда өткөн «Мыскыл жана тамаша» концертинде эл алдына чыкканбыз. Куудул агабыз Жаныбек Алыкулов «Биз» деген – овация, «Биз» деген – кол чабуулар!» деп бизди чакырган. Ошол сөзү дагы эле кулагыбызда жаңырып турат.
Чынында, музыкага болгон сүйүүбүз аябай күч болчу. Таң атканча ырдап, уйкубуз келгенде ашыкча кыймылдаганга шайыбыз жок, полго жыгылган бойдон уктап калчубуз. Уктасак да кулагыбызга музыка жаңырып турар эле. Жегенибиз – сабиз салат, нан. Гитара көтөрүп алып кыздардын бөлмөлөрүнө барып курсак тойгузганыбыз эстен кетпейт.
1992-жылы эки кассеталуу магнитофондуу болдук. Бир жагына ыры бар, бир жагына бош кассетаны салып, ырды биринен экинчисине жаздырчубуз. Аны 50-60 кылып көбөйтүп, «Ош базарына» алып келип өзүбүз сатабыз. Элдин реакциясын айтайын, өтүп баратып «мунуң кыргызчабы?» деп сурашат. Анткени ал кезде андай динамикалуу кыргызча ырлар жок болчу да. «Үйгө барып угуп көрөйүн, болбосо алып келип берем» деп ишенбегендери канча. 2-3-альбомдорубузду ошентип сатып жүрдүк. Кассеталар эки саатка жетпей өтүп кетчү. Бир демөөрчүдөн 1000 рубль алган элек, анын акчасын бир күндө сатыктан чыгарып бергенбиз.

– Атактуулуктун туу чокусунда жүргөн кездин эмнеси көз алдыңызда калды?
– Көбү айтышат, силер поп музыка боюнча революция жасагансыңар деп. Ийгилигибизди санай кетсек, Кыргызстанда биринчи жолу биз музыкалык альбом чыгарганбыз. 2 күндүк концерт беребиз деп пландасак, аныбыз аншлаг, элдин көптүгү биякта калып, суроолор боюнча 6 күнгө чейин узарып кеткен.

– «Адина», «Айнура», «Элиза» сыяктуу кыздарга арналган ырларыңыз көп. Чын эле баарын сүйдүңүз беле?
– Жок, анын баарын сүйгөн эмесмин. Эң биринчи биз обон чыгарабыз. Анан гана обондун ыргагына жараша кайсы сөз төп келсе, ошол атты коюп «сени сүйдүм, сен карабай койдуң» деп ойдон чыгарып жазып салабыз. Учурунда акындар тарабынан биздин ырларга «кара сөз, уйкашы жок» деген сын-пикирлер да болгон. Бирок акындардын ырлары биздин музыкага туура келбей, элге да сиңбейт экен.

– Бура бастырбай артыңыздардан ээрчип ыйлап жүргөн күйөрмандар да болсо керек...
– Топтун эң красавчиги Алмазбек эле. Ага ашык кыздар кийим да алып беришкен. Ашырбай эле айталы, концерттен кийин «машинанын астына өзүбүздү таштайбыз, өлөбүз» деп коркуткандар болгон. Концерттен чыкканда сөзсүз 15-20 кыз күтүп турар эле.

– Азыркыга чейин топту кантип сактап келатасыз?
– Бизди атыбыздан эч ким деле таанычу эмес. «Биз байке», «Лейлек байке», «Буй-буй байке» деп аташчу. Эч кимибиздин музыкалык билимибиз жок, бирок музыканы бат сиңирип алган касиетибиз бар. Тааныш агалар «билимдүү болсоңор, тротуардан басып каласыңар. Эгер билим албай кетсеңер, башкача агымды жаратасыңар» деп кеңеш беришчү. Көрүп жүргөнүңөрдөй, бир жол менен чектелбей, ар түрдүү ырларды жаратып келатканыбыз деле «Биздин» сакталышына себеп болсо керек.

– Атыңыздар бар, бирок акыркы кезде ыр жазбай, клип тартпай калдыңыздар да...
– Биздин бир касиетибиз бар, башка бирөөлөргө ишибизди таштап коё албайбыз. Мисалы, бирөөгө ыр жаздырып же клип тарттырып дегендей. Анткени жыйынтык биз каалагандай болбой калат. Режиссёрдун «бул бурчка тур, дарактан чыга кал» дей бергени жакпайт. Буюрса, видео жагын өзүбүз өздөштүрүп жатабыз. Клиптерди да эми өзүбүз тартабыз.

– Чыгармачылыкта жүрүп эмне таптыңыз да, эмне жоготтуңуз?
– Ошол кездеги күйөрман кыздарды жоготконубуз эле болбосо... 20 жылдан бери күйөрман таптык, бактыбызды, жашоодогу ордубузду таптык. Жаштыгыбыз жакшы өттү, өтө чоң жоготууга туш болгон жокпуз.

– 20 жылдык мааракеге арналган концертиңиздерде өзгөчөлүк болобу?
– Жалаң жаңы ырларды ырдайбыз дебейбиз. Анткени эски ырларга кызыккандар да көп. Өзгөчөлүгү, 90-жылдары кайра жандандырсакпы дейбиз. «Максат-Баткен», «Нур» топтору келип, ретро концерт болот.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Биз" тобу: "Кыздар бизди ээрчип ыйлашчу"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(41)
SUPER.KG видео
17.11.2012. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактияр Токторовдун уну абдан сейрек кездешуучу ундордон , Алия деген ырына анча мынча ырчылардын уну жетпейт!
SUPER.KG видео
17.11.2012. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул топтун ырларын мен да жакшы кором! БИЗ тобу, биздин топ:-). Чыгармачылык ийгилик каалайм! Суйуктуу, профессионал, чыгармачыл инсандар дайыма популярдуулугун жоготпойт!
SUPER.KG видео
18.11.2012. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
20jildiginar kut bolsun! ar ubakta aman bolgula! konsertiner iygiliktuu otsun!
SUPER.KG видео
18.11.2012. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ушул Бактияр акенин тартынбай ырдаганы аябай жагат жн без фонаграмма мн ырдайт кобунчо сыйлаймын силерди биз тобу ийгилик
SUPER.KG видео
18.11.2012. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик озгочо бактияр токторовго дайым алга элдин алдында болгон аракети оз уну менен ырдап куйормандарынын суймончулугуно ээ
SUPER.KG видео
18.11.2012. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алга биз тобу бахтияр аке алга коптон бери чыкпай калдыго ыр ларынар
SUPER.KG видео
18.11.2012. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ооло жактырып угуам да Биз тобунун ырларын!!!!!Мындан наары да 25.30 жылдыгынар боло берсин!!!Бактияр Токторовдун берилип алып бийлеп ырдаганын жандуу коргондо аябай тан калгам да!!Бар болгула .ийгилик каалайм
19.11.2012. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул топтун ырлары аябай жагатда, жаны ырларды кутобуз
SUPER.KG видео
19.11.2012. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен ошондой еле жалпы кытай кыргздары биз тобунун ырларын айабай жактырып угушат.биз тобуна ыйгылыктер болсун!
SUPER.KG видео
19.11.2012. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бахтияр ава сиздерге ийгилик!Москвага да бир келип кетсениздер.
19.11.2012. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ak koinok kiygen biykeech,kelemin seni izdeep ))
SUPER.KG видео
19.11.2012. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bahtiar Tohtorovdon bashka ech kimisin tanybait ekem
19.11.2012. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"сагындым мен сени" деген ырын кайдан тапсак болот
19.11.2012. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз тобу биздин бала кезде биздин кумирибиз эле го.Биз тобунун ырларын күнү-түнү укчумун.Биз тобунун жамаатына иштерине ийгилик,чыгармачылык өнүгүп-өсүү каалайм.Элдин арасында кадыр-баркыңар көтөрүлүп өркүндөй бергиле.
19.11.2012. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз тобу супер! азаматсынар дагы жаны ырларды кутобуз.
19.11.2012. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убагында аябай популярдуу болгон.Азаматсыңар Биз тобу!
20.11.2012. 04:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыз башым менен Ак койнок кийген бийкеч ыры менен ооруганымды айтпасам болбос) Биз тобун сыйлайм, ийгиликтер.
20.11.2012. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир куну Биз тобунун концертин коруп калдым, "Кечки туманды" ырдап аткан, кечки туман кечки туман деп атып, тутун-тутун деп ийсе болобу :)), элге кулку тартуулоо максатында айтса керек Бактияр байке, бирок орусча айтканда "не в тему" да... ошого карабай, белгилей кетчу нерсе, бир гана Лейлек эмес, кыргызымдын тойлору Биз тобунун ырысыз отпойт... Ишиниздерге ийгилик!
20.11.2012. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адина деген ыры жагат мага.Клиби да жакшы,вертолёт менен учкан жери жагат.
21.11.2012. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кожоакмат аканин атын эми билип отурам канча жылдары суйуп журуп негизи биз тобу азыркы тойлордун коркун ачкан топтун бири дайыма жылдызынар очпой ырдап мындан ары да оркундой бергиле
SUPER.KG видео
22.11.2012. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынында мен да Биз тобу деп койом.аттарын билбейт экем бирок Биз тобунандай эч ким ырдай албайт.ийгилик сиздерге Москвадан
23.11.2012. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ен башкысы жандуу ун (живой звук) менен ырдашат. маладес. башка ырчыларды байкасанар ырдаса башка ун ошол еле убакта суйлосо башка ун угасын. ошондойлор жакпайт. уялбайбы
23.11.2012. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз тобунун ырларын аябай жакшы кором.чыгармачылык ийгилик.
23.11.2012. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз тобунун ырларын азыр уксам кулакка жагымдуу угулат.Айрыкча «Суйуунун кемеси»,«Кечки туман» ж.б. жагат.
25.11.2012. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Откондо бир концертте ырдады!!! Живой аябай тытып салды да. Жон эле выбрация болду го. Григорий Лепсти копировать этип алыптыр. :))
04.12.2012. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кожакмат Исмаиловду жакшы кором мен. Он красавчик!!!
28.03.2013. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eskı kyiörmandarını jogotpodun,arkaçan jyrögybyzdösyn...fılfaktın kızdarı
24.04.2013. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик эч качан жоголуп кетбегиле дайым унунор жанырып турсун
SUPER.KG видео
19.05.2013. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
"БИЗ"тобу мыктысыңар башка соз жок.Ош шаарынада келгилечи сураныч, куйөрмандарыңар күтүүдө !!!
SUPER.KG видео
02.07.2013. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз тобу сиздерге ийгилик,ырларынар дайым жаныра берсин!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо