Айсулуу Тыныбекова:«ЭМИ ОЛИМПИАДАГА КАТЫШСАМ, ЖЕҢЕМ»

№524 16-Ноябрь-22-Ноябрь, 2012-ж

Кыргызстандын тарыхында кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Олимпиадага барып келген жападан жалгыз аялзаты бар. Эркин күрөш боюнча балбан Айсулуу Тыныбекова бүгүн биздин маек төрүбүздө.

АЙСУЛУУ ЖӨНҮНДӨ

Туулган жылы – 1993-жыл, 4-май.
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Майлы-Суу шаары.
Бою – 170 сантиметр.
Салмагы – 63 килограмм.
Жетишкендиктери – 2009-жылы жана 2011-жылы Азия чемпиондугунда 3-орунга ээ болгон. Кыргызстандын 3 жолку чемпиону.
Учурда – КМТУда жана Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резервдик окуу жайында окуйт.

– Айсулуу, иштер кандай? Азыр эмне кылып жатасың?
– Биздики болуп келген эле машыгуулар менен күн өтүп жатат. Күнүгө эки маал машыгуудамын.

– «Лондон-2012» Олимпиадасы сага кандай сабак берди?
– Эми чоң спортто ар кандай болушу мүмкүн. Мен күрөшкөн швециялык менен мурун деле күрөшүп жүргөнмүн, бирде утуп, бирде утулуп дегендей. Жакшы эле даярдангандай болгом, жаштык кылып койдум окшойт. Бул ирет сабак болду, кетирген каталардын үстүнөн иштеп жатабыз. Эмки Олимпиада оюндарына катышып калсам, утам деп ишенем.

– Олимпиада алдында сага байланыштуу «бир кызды сабап койду» деген чыр чыгып азыр да бүтө элек. Жыйынтыгы эмне болду?
– Ал чыр дале бүтө элек. Бул менин Олимпиада алдындагы машыгууларыма терс таасирин тийгизип койду. Күнүгө тергөөчүгө же сотко бара берип көп машыгууларым үзгүлтүккө учурады. «Чоң кылмыш кылды» деп эле жалаа жаап жатканынан агайым менен кеңешип, бул иштин аягына чейин бармай болдук. Учурда иш башка сотко өтүп, кайра баштан каралып жатат. Буюрса, жакшы чечим чыгат деп үмүттөнүп жатам.

– Эми өзүң жөнүндө айтып берсең, кантип бул деңгээлге жете алдың? Ата-энең спортто жүргөнүңө каршы эмеспи?
– Кичинемден эле сыналгыдан спортчуларды көрүп, «ушулардай болсом...» дечүмүн. 2009-жылдын аяк чендеринде Бишкекте аялдар күрөшү боюнча турнирге катышкам. Ошондо бул жактагы машыктыруучуларым көрүп калып, ата-энемден уруксат сурап, аларды көндүрүшкөн. 2010-жылдын башынан бери Бишкек шаарында машыгып келем. Ата-энем, бир туугандарым дайыма мени колдоп келишет.

– Мындай катаал спорт аялзатынын назын жоготуп, темирдей мүнөз алып келет эмеспи. Негизи, кадимки кыздардай эле күзгүнүн алдында туруп, сулуулукка кам көрмөйүң барбы? Кайсы стилде кийинесиң?
– Мени тааныбагандар ошентип ойлошу мүмкүн, бирок андай деле эмес. Күнүмдүк жашоомдо кызга окшоп эле кийинип, кыздардай эле жүрөм. Модасына, ыңгайына карап кийинем. Менде деле «вкус» бар.

– Сен «Жылдын мыкты спортчусу» наамына көрсөтүлүп, сайтыбыздагы добуш берүүдө алдыда баратасың...
– Ийгиликтерге жетишип келе жатам, бирок бул мен үчүн жетиштүү эмес. Алдыда Азия, Дүйнө чемпиондуктары, мындан сырткары дагы бир топ мелдештер турат. Ушул чемпиондуктарды, Олимпиаданы утсам, өзүмдү мыкты спортчу деп эсептемекмин.

– Маегиңе рахмат! Спорт жаатында Кыргызстандын желегин желбиретип жүрө бер.


Балбан Айсулуу:"Мен деле кызга окшоп көйнөк кием"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(18)
SUPER.KG видео
17.11.2012. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз....
SUPER.KG видео
17.11.2012. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын
SUPER.KG видео
18.11.2012. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын АЛЛАХЫМ дайым колдосун, жаман коздон ушак создон алыс кылсын. Чон чон ийгиликтерди каалайм..
19.11.2012. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Олимпиадада Айсулуу утулуп калганда оло ичим ачышты эле.Олбогон умут менен... а так чачын алып койсо Айсулуу эмес Айсбек болуп калчуда ))
SUPER.KG видео
19.11.2012. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат, ийгилик сага. Аркадагы бала эмне эле озунчо жанталашат хехехеехх?
19.11.2012. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azamat Aisuluu!!!!
Kirgiz elinde ushunday balban kizdin chikkanina men abdan siymiktanam.Saga iygilik kaalaim.
Al emi janaki seni sabap saldi dep arizdanip jatkan kizga men aitaar elem,ichindi kuiguzboi Aisuluuga andan koro siymiktan al menen.
Arizdanip ech paida tappaisinoyundan ccigarip kunosu jok Aisuluunun jolun tozboi joluna tush demekchimin.Iygilik saga Aisuluu....
19.11.2012. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен дагы колдогом Айсулууну,тобоо балага эле парикти кийгизип койгондой ай,чачы дагы модадагы прическа,жанагы кыз баарибир алаксытты ортодо сотко бере коюп.
SUPER.KG видео
19.11.2012. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик! Ден соолук! Анан аялдык бакыт каалайм! )))
20.11.2012. 05:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
biz bir ubakyttarda chogu katyshyp kalganbyz trenirovkaga jakshy kyz kyzdardyn baaryn tan kaltyrchuu turnike aiabai kop ubakytka cheiin asylchy any korup biz esibiz oop jaldyrap kalchyk,
21.11.2012. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындан аркы мелдештерге чоон ийгилик !!!!
SUPER.KG видео
21.11.2012. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
характери да эркекче болсо керек,бирок бул койнок кийип алса жарашпаса керек,журуш турушу эркектей болуп калыптыр.Азаматсын алга
22.11.2012. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айсулуу ийгилик сен жакта болушуна тилектешмин.
24.11.2012. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
кыздын кыздай, кыштын кыштай болгону эле жакшыго. мен спорттун мындай туру менен машыккан аялзатына каршымын. Айсулууду коруп корей улутундагы эркек дептирмин мындай болсо кимге турмушка чыгат. баары бир уй-було куруусу керекко.
25.11.2012. 07:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
азамат Жалал-абадтын бийкечи!!!мына биздин кыз,алга алгаа!бирде утасын утуласында, так что чыда,
SUPER.KG видео
27.12.2012. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyn....
SUPER.KG видео
03.07.2013. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жагып калды, сонун кыз экен!
SUPER.KG видео
04.07.2013. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз элимдин сыймыгы бол, азаматсын
02.12.2013. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулуу алга жана алга! Сен келечегин алдыда! Биз сени менен сыймыктанабыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо