Ильяз Абдыразаков:«БАЛАМ АЗЫРТАДАН МУЗЫКАГА ЖАКЫН»

№524 16-Ноябрь-22-Ноябрь, 2012-ж

Бир кездерде кыздардын жүрөк оорусуна айланган Ильяз Абдыразаков – азыр Медина деген эркесинин сүйүктүү жолдошу. Анан да өзүнө куюп койгондой окшош Розан аттуу ширин балакайдын атасы.

– Ильяз, кандайсың? Жакында Казакстанда жеке концертиңди берип келдиң. Боордоштордун купулуна толо алдыңбы?
– Концерт көңүлдөгүдөй болуп, казак боордоштор жылуу тосуп алышты. Конок катары досум Кайрат Нуртас, «Бейбит Корган», «МузАрт»топтору катышышты. Казак туугандардын купулуна толгудай эле концерт болду окшойт, кол чаап, колдоп тургандарына караганда. Кыскасы, кыргыздарды уят кылган жокмун. Эми ошол топ менен жакында, буюрса, Бишкекте концерт койсомбу деп пландап жатам.

– Өзүңдү кино жаатында дагы сынап көрдүң. Тасмаларда өзүңдү жетиштүү деңгээлде ойнодум деп ойлойсуңбу?
– «Азап», жакында эле чыккан «Атымды башка коёмун» тасмаларында мен жалаң өзүмдү, ырчы Ильяздын ролун ойнодум. Ошол үчүнбү, мага "сен тигиндей ойнодуң, мындай ойносоң болмок" деп сын айткандар дээрлик болгон жок. Баары эле "жашоодо кандай болсоң, тасмада да ошол эле экенсиң" дешти. Мага өзүмдүн жараткан ролдорум жакты. Биз менен актёрлордун айырмачылыгы, клипте аз киши болсо, кино талаасында көп киши менен иштешүүгө туура келет экен. Анын ар бири менен тил табышып иштешиш өзүнчө түйшүк тура.

– Мурун жылаңач денеңе костюм илип алып сахнага чыгып калчу элең...
– Ал кезде кийим эле эмес, чач жасалгалар да башкача эмес беле. Жаңы чыгып жүргөн кезде сахнага чыкканда да өзгөчө чыксам дейсиң. Азыр жылаңач дене менен жүргөн видеолорумду көрсөм, «кантип чыктым экен?»деп уялам. Бирок түшүнүү менен карап, өзүмдү өзүм кечирип коём.

– Кичинекей кезиңден сахнада жүрөсүң, ырчылык сага эмнени үйрөттү?
– Оо, бул кесибим мага көп нерсени үйрөттү. Ырчылыктын артынан ар кандай сындардан өттүк. Ак-кара, жакшы-жаманды ажырата билип, ысык-суукка туруштук берчүдөй эле болуп калбадыкпы. Азыркы ийгиликтердин баарын ырчылыктын артынан таптым десем болот.

– Бизге берген бир интервьюңда «жаш балага такыр жакын эмесмин. Ооздорун кыйшайтып ыйлаганда жиним кайнап кетет»деген элең. Ата болдуң, уулуң ыйлаганда жинденип жатасыңбы?
– Туура, ал жагым бар. Кээде Розан ыйласа, чыдай албай апасына таштап кетип калам. Соороно калса эле кайра эзилип, жакшы көрүп кетем.

– Балаң торолуп калыптыр. Кылык-жоруктары чыгып сүйүнтүп жаткан турбайбы...
– Уулубуз Розан үч айга толду. Баары баламды мага окшоштурушат. Чоңойгондо эле өзгөрүп кетпесе... Бирок мени тартса жакшы болмок. Күн өткөн сайын өнөрү чыгып жатат. Наристелердин өздөрүнүн тили болот эмеспи. Розан да азыр бизге түшүнүксүз, өзүнүн тилинде сүйлөп баштады. Оюнчуктарынан музыка чыкса, кадимкидей «ау-уу»деп кошулуп ырдайт. Эртең менен бизден биринчи ойгонуп, анан Медина экөөбүздү ойготот. Биз да ар бир кыймылына толкунданып, эркелетип отура беребиз. Балам азыртадан эле музыкага жакын, токтоп калса кадимкидей чатак салып ыйлайт, музыка болсо алаксып жата берет.

– Балага мээрим төгө берип, Мединаны унутуп коюп жаткан жоксуңбу? Сүйүүңдү билдирип турасыңбы дагы деле?
– Медина экөөбүздүн ортобузда эч кимге айтпай турган сүйүү сезимдерибиз бар. Сүйүүмдү дайым билдирип турбасам да, ал жүрөгүмдө жашайт. А бирок, ишенесизби, кээде «чын эле сүйүү балага өтүп кетеби?»деп да ойлоп кетем. Анткени Медина бала менен болуп, мени көп ойлонбой деле калды. Күнү-түнү Розан менен убара.

– Жаңы үйлөнгөндө «Медина кызгана берет»дечү элең. Ишеничине кире алдыңбы?
– Мурун жөн жерден деле кызганып, ар кандай суроолорду бере берчү. Азыр болсо мени менен иши деле жок. Жаңы үйлөнгөнүбүздө «бир жакка кетсең айтып кет»деп турса, азыр унчукпайт. Жадакалса эмне кылар экен деп текшерип айтпай деле кетип көрдүм, "кайдасың, качан келесиң?" деп чалган жок. Балким, чын эле ишеничке кирип калгандырмын. Бирок анча-мынча кызганыч сезимдери кала элек.

– Сенчи, келинчекти катуу кармаган эркектерге киресиңби же өз эркине коёсуңбу?
– Ар бир адамда кызганыч болуш керек, түбөлүк жары болгондон кийин. Антпесең Кудайга да жакпайт болуш керек бул нерсе. Өтө катуу кармап, "аны кылба, муну кийбе" деп ашыкча чек коё бербейм. Жаңы турмуш курганыбызда классташ, группалаштары менен туулган күндөргө өзүм алып барып, бүткөндө алып келип жүрдүм. Азыр кимдир бирөө чалса «ал ким?»деп такалабайм, көңүл деле бурбайм. Бирок, албетте, алыска жалгыз жөнөтпөйм.

– Сүйүктүү жубайың кандай келин? Кайненеси менен кер-мур айтышкандардын катарында эмеспи?
– Аны апамдан сурабасаңыздар, мен билбейм. Бирок апамдын Мединаны жамандаганын уга элекмин. Келинчегим 1-2 күнгө туугандарыныкына кетсе, апам «Медина качан келет экен?»деп менден сурап баштайт.

– Мурунку продюсериң Баяке Чааров мезгилсиз дүйнөдөн өттү. Кандай адам катары эсиңде калды?
– Баяке менен байланышпаганыма 1 жылдай болуп калган. Угушумча, ал Нарындан тойдон келатып кырсыкка кабылып, көз жумуптур. Ар бир адамдын башында өлүм бар эмеспи. Жакшы киши болчу, биздин байкебиз болуп кала берет. Жаткан жери жайлуу болсун. Жаназасына барып топурак салып келдим.

– Маегиңе рахмат!

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Ильяз Абдыразаков: "Балам ыйласа, чыдабай апасына таштап кетип калам"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(60)
19.11.2012. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурлуу,ыймандуу бала болуп чонойсун!
19.11.2012. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылыгына ийгилик. Уй булон м.н бактылуу бол!
19.11.2012. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
москвадан жакында азап киносун берди кордум абдан жакшы болуптур!ильяз сага уй булолук бакыт,тунук таза очпоз суйуу каалайм,баландын убайын кор!медина! экоонордун кармашкан колунар узулбосун
19.11.2012. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобоо Медина торобой эле Ильяз торогон го,куюп койгондой окшош.
19.11.2012. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ilyaaaaz,balanyz ayabai shirin eken,kudaiym kelechegin ken kylsyn,uiunordo kichinekei tapochkalar koboyo bersin.Ilyaaaz, sizdi ayabai syilaim, yrlarynyzdy ushunchalyk jakshy korom, airykcha mekenimdi,uiumdu sagynganda yrlarynyz ushunchalyk dem beret...Medina ekoonor soonun parasynar,koz tiybesin, ech kachan urushpagyla, silerden akyrky janylyktardy chydamsyzdyk mn kutup jatyp okuim.
19.11.2012. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баландын омуру узун болсун!Медина экооно бакыт каалаймын!!!
SUPER.KG видео
19.11.2012. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иним бактылуу бол иштерине ийгилик!!!
19.11.2012. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Татыктуу ырчыга татыктуу келинчек,баланыздар омурлуу,ыймандуу,акылдуу болсун! Келинчегин менен бактылуу омурду бирге сургуло,кармашкан колунар эки дуйно узулбосу!
19.11.2012. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
главное коз тийбесин.
SUPER.KG видео
19.11.2012. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
iliyazdin ozu eken
SUPER.KG видео
19.11.2012. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат!!!Мен башында керсейген бала деп ойлочумун......Корсо жакшы мырза экен........Бактылуу болушсун!!!
19.11.2012. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз байке балаңыз сизге куюп койгондой окшош экен,дагы көп балалуу болуңуз.Ұй бұлөңұз жана чыгармачылыгыңыз өркұндөй берсин.
19.11.2012. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иляз брат сенин талантыны баалайм, жана жонокойлук сапатынды... Азаматсын!
20.11.2012. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул мырза гезиттерге укмуш эле иньтервю берет. Ал эми радио, телевидениялрга келгенде оозуна талкан салып алабы эмне? Бирок талантуу, жонокой сыйлайм! Баланарга коз тийбесин, татынакай ширин экен.
20.11.2012. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз,Медина бактылуу болгула!!!Розан силерге куйумдуу,акылдуу болсун!Сенин талантыны терен урматтап баалайбыз.Байлыкка,бийликке,акчага эмес ыйманга бай болгула!!!
20.11.2012. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматтар,коз тийбесин силерге. Бактылуу болгула!!!
20.11.2012. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматтар,коз тийбесин силерге. Бактылуу болгула!!!
20.11.2012. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула кармашкан колунар еч качан узулбосун...Розан ыймандуу акылдуу бала болсун.
SUPER.KG видео
20.11.2012. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
baktyluu uy bula suktansa arzyit baktyluu bolgula
21.11.2012. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
розан деген каяктан алынган ат жакшы эле ат койсо болмок экен Аллахым омур берсин!!!!
21.11.2012. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай ий эмне ырчы мырзалардын балдарынын баары эле оздоруно копия го!!!Ильяз,абдан жонокой таланттуу жигит!!!Бактылуу болгула,Розан Ильязовичтин омурун берсин.
22.11.2012. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балаңдын Өмүрү узун болсун Аллахка жакын кулу болсун.
22.11.2012. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула, Баланардын омуру узун, ыймандуу, акылдуу, кыргыз элинин керегине жараган мыкты жигиттерден болсун!
22.11.2012. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ынтымагынар бекемделе берсин. Ильяз сенден жаны ыр кутобуз!
22.11.2012. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз уй булоолук бакыт сага!
"Азап" тасмасындагы ляптарды айпасак туура эмес го. Ильяздын чачтары кадрларда ар кандай, бирде аябай осуп кеткен, ресторандан чыккан жеринде, уже подстриженный!!!
23.11.2012. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alys Tajikistanda jashagandyktan kyrgyzcha tasmalardan,yrlardan alys kayp jatabyz,mumkun bolso superinfo saitina juktop koysonuzdar jakshy bolmok. Biz Tajikistanda Ilyazdyn "Azap", "Taptym seni"degen yrlaryn kop ugabyz
23.11.2012. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ииий иляз эмне сурдойсунбу камерадан же мнеге мынчалык назданасын кыздардай тирик болсон укам бактылуу бол баландын омуру узун болсун сенден даагы деле жаны шок ырларды кутобуз
24.11.2012. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
вааааааааааааав чындында баласы озунун эле копиясы экен!
25.11.2012. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иляз баланыз айабай ширин экен, келинчегиниз да татынакай экен . Бактылуу болунуз!
12.12.2012. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emnege kameradan ka4yp bawyn yldyi salyp suilogonu emnesi???...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо