ОШтун ЭЛИ АВТОТЫГЫНДАН КАЧАН КУТУЛАТ?

№524 16-Ноябрь-22-Ноябрь, 2012-ж

Эки айдан бери Ош шаарынын борбордук базарындагы Навои көчөсү автотыгындан арылбай келет. Базарды шаардын чекесине жылдыруу үчүн контейнерлер жабылган болчу. Бирок ага көнбөгөн сатуучулар жол боюнда соода кылып, тыгындын пайда болушуна өбөлгө болушууда. Узундугу 1 чакырымга жетпеген көчөнүн бир башынан экинчи башына эл ташуучу кичиавтобустар 45-50 мүнөттө араң чыгат. Бул көрүнүштөн жадаган эл «эл да, унаа да көп жүргөн ушул көчөнү оңдой албай калыштыбы?»деп шаар жетекчилигине нааразычылыгын айтышууда.

Гүлсана Абдраева, Ош шаарынын тургуну:
– Маршрутка менен үйдөн жакшы эле келесиң да, ушул көчөгө келгенде токтоп калабыз. Отура берейин десең, убактың кетет. Бул жерден жөө чыгабыз да, кайра башка маршруткага отуруп жолубузду улайбыз. Бир жолу экинчи маршруткага отурууга акчам жоктугунан тыгындан чыкканча маршруткадан түшпөй отура бердим. 50 метрдей жерден 30 мүнөттө араң чыктык. Муну кандай түшүнсө болот? Бул көйгөйдү чечүү кимге жүктөлгөн болсо да, эртерээк аракет кылса болмок.
Тыгын учурунда унаасын токтотуп коюп уйкуга кеткен айдоочуларды кезиктирдик. Бул көрүнүш жакканбы же шаар бийлигинен корктубу, айтор, айдоочулар «эмнеси болсо болсун, шаар бийлигинин ишине каршы пикир айта албайбыз» дегенден башка кеп айтышпады.

Бул кептерден улам Ош шаардык жол башкармалыгынын жетекчиси Сатыбалды Абдылдакуновго кайрылып, маселенин жообун сурадык:
– Бул биздин башкы пландарыбыздын бири. Маршруттук каттамдар көп өтүүчү, ошол эле автотыгын болуп жаткан Навои көчөсүндөгү борбордук көпүрө кыйроо абалында турат. Базардагы контейнерлерди көчүрүп, жолго шагыл төгүү иштерин ушул жылга пландаганбыз. Биз бул иштерди бүтүрүп алсак, 2013-жылга көпүрөнү жаңылоо менен Навои көчөсүн асфальттоо иштерин баштамакпыз. Бирок соодагерлер биздин планыбызды бузуп, контейнерлерди жылдырып, шагыл төгүү иштерибизге тоскоол болуп жатышат. 1-2 жуманын ичинде шагыл төгүү иштерин баштайбыз. Маршруттук каттамдар башка көчөлөр менен жүрүүгө туура келет. Биз да тезинен бул тыгындын алдын алуу максатында иштеп жатабыз.
Жумушка тоскоол болгон соодагерлер эмне үчүн бул жерден кетпей, ишке тоскоол болуп жаткандарына айрымдары «өткөндө кеткиле деп кууп жатышты эле, азыр куубай калышты, ошого иштеп алалы деп жатабыз»дешсе, айрымдары «ушул жерге көнүп алганбыз, алуучулар да ушул жерге келип соода кылышат. Шаар четинен базар ачабыз дешти эле, чет жакка ким барып соода кылмак эле?..»деген жоопторун узатышты. Адамдар автотыгынга да, башкасына да көнүп кетиши мүмкүн. Бирок шаар маданияты деген бар, шаардын ортосу таштанды менен автоунаалардын тыгынына толуп турса, кимдин жини келбесин...

Уулбү Каныбекова
оsh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(10)
19.11.2012. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кытайдын базарына окшошуп калыптырго Оштун базары.
19.11.2012. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rostov-on-Don, азыр курулуш иштери жургонуно байланыштуу бардак болуп кетиптир,мурда мындай эмес болчу.
25.11.2012. 07:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Rostov-on-Don, Жол казылып турат,пробка тууралуу кеп журуп жатат,а кытайдын базарына окшоп кетти деп жазган жок.сага окшогон адамдар иштесе керек Жол башкармалыгында!!
25.11.2012. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zoro21, Мынча катуу кеттин барып туз жалап алчы!
19.11.2012. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да сабака аран жетем ошол пробканын айынан!
19.11.2012. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жолдун баарын базар кылып салган ошону азайтса болот эле
21.11.2012. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз кырыгзбыз кыш келгенде кыймсылдайбыз да
25.11.2012. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мырзакмактов акебиз озу ошо базар жакка барбайт окшойт чамасы((барып текшерип,ондойт деген умуттобуз!!Кытайдын базарына караганда Оштун базары таза,тыкан,бирок жолу тууралуу кеп журуп жатат.Rostov-on-Don абайла!
25.11.2012. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Joldu ondogon4o atyn da ondop koiso jakwy bolot ele
11.12.2012. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7_sky92, аты озуно жарашып эле турат! биз озубузду ондойлу андан коро...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо