КҮЙӨӨСҮН АЛДАГАН АЯЛ ЭНЕЛИК УКУКТАН АЖЫРАЙБЫ?

№524 16-Ноябрь-22-Ноябрь, 2012-ж

Бул окуяны угуп, таң калбай да, жаза албай да коё албадык. Баласыз бир тууганына эне өз баласын берип салганы боорукерликпи же өз баласын атасынан ажыраткан мерездикпи?

БАЛАНЫ БЕЛЕК КЫЛУУГА БОЛОБУ?
Бул окуя редакциябыздын Нарын шаарындагы аймактык бөлүмүнө келген жабырлануучу Бактыяр Баатыровдун (каармандардын аты-жөнү белгилүү себептерден улам өзгөртүлдү) жактоочусу Орозбек Мадиновдун баяндоосу менен жазылды.
Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун тургуну Бактыярдын келинчеги Фатима 2011-жылдын 19-май күнү Балыкчы шаарындагы төрөт үйүндө үчүнчү баласын төрөйт. Алардын дагы уулу жана кызы болгон. Үчүнчү баласын төрөгөн күнү аялы «баланын абалы начар болуп жатат. Мени ооруканадан кеч чыгарышат экен. Сен келбей эле кой, баланы барганда эле көрөсүң» деп күйөөсү Бактыярды Балыкчыга келтирбей токтотуп коёт. Эртеси атасы жаңы туулган баласы чарчап калганын угат.
Чындыгында, Фатима ымыркайды өзүнүн бала көрбөй жүргөн бир тууган эжеси Надирага берип койгон болот. Күйөөсүн ишендирген соң Фатима эжеси Надира менен тиешелүү документтерди жасатып, баланы биротоло Надиранын наамына жаздыруунун аракетин көрө башташат. Балыкчы шаардык аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн дарыгерлери Ч.М. жана Ш.Бнын жардамы менен Надиранын наамына «2011-жылдын 19-май күнү төрөт бөлүмүндө төрөгөн» деген медициналык аныктама жасатышат. Андан соң ымыркайга Чынтемир деп ысым ыйгарып, Надира жалгыз бой эне катары Балыкчы шаардык жарандык абалдын актыларын каттоо (ЖААК) бөлүмүнөн 2011-жылы 20-майда Чынтемирдин наамына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышат.

«БАЛАДАН БАШ ТАРТАМ» ДЕП ТИЛ КАТ ЖАЗДЫРЫШКАН
Бактыяр өз айылында жубайы Фатиманы күтүп, келет деп жүргөндө бейтааныш эле адамдан «сенин аялың төрөп, баласын эжесине берип, эжеси төрөдү деп каттатып алган» деп угуп, Балыкчыга барат. Кайын журту «балаңды кайын эжең Надира багып алды, талашпа, эгерде талашсаң Фатима менен ажыраштырып, эки балаңды да алып коёбуз» деген талап коюп, колунан «баланы биротоло багууга бердим» деген тил кат жаздырып алышат.
Ошентип, жолдошу Фатиманы эки баласы менен үйүнө алып келип жашап калат. Баланын чыры үй-бүлөгө тынчтык бербей, бир күнү үйдүн кожоюну жок кезде Фатима эки баласын алып, үйдөгү оокаттарын жүктөп, Балыкчы шаарына кетип калат. Артынан бир нече жолу барган Бактыярга жубайы «үйүңдү, малыңды сатып Балыкчыга келсең жашайм, болбосо жашабайм» деп баш тартат. Кайын журтунун жана жубайынын мындай мамилесинен улам Бактыяр тиешелүү органдарга арыз менен кайрылган. Натыйжада бир нече мыйзамсыз документтер жасалганы билинди.

Бактыярдын жактоочусу ОРОЗБЕК МАДИНОВ төмөндөгүлөргө токтолду:
– Жогорудагы жагдайлар аныкталгандан кийин Башкы прокуратурага бир тууган эже-сиңдилер Ф.Ж. менен Н.Жга жана Балыкчы шаардык аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн дарыгерлери Ч.М., Ш.Бга кылмыш ишин козгоо жөнүндө арыз берилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Андан сырткары биздин доо арызыбыздын негизинде Балыкчы шаардык сотунун 2012-жылдын 20-июлундагы чечими менен жасалма документтердин баары жокко чыгарылган.
20-ноябрда Балыкчы шаардык сотунда Фатиманы энелик укуктан ажыратуу, балдарды атасына алып берүү жана төрөлгөн балага аталыкты аныктоо жөнүндө жарандык иш каралат.

Бул кылмыш ишине иликтөө жүргүзүп жаткан Балыкчы ШИИБинин тергөөчүсү ШАПАТБЕК УУЛУ АВТАНДИЛ:
– Аталган арыз боюнча, Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 350-беренеси (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, мөөрлөрдү, бланктарды мыйзамсыз жасоо, даярдоо, сатып өткөрүү же пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, Балыкчы ШИИБине өткөрүлүп берилген. Тергөөнүн жүрүшүндө Ф.Ж. күйөөсүн алдоо жолу менен баласын жалгыз бой эжеси Н.Жга берип койгондугу далилденди. Ф.Жнын үч кичинекей баласы бар экендигин, анын кылган аракети анча оор эмес кылмыштын курамына киргендигин эске алып, бул козголгон кылмыш ишин жеңилдеттик.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(47)
19.11.2012. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Корупсия гулдой бер,балдар жоголо бер.Кыргызстанда жашаш опасный болуп баратат.
Койунундагы катынын биринчи душаманын десе ишенчу емесмин.Хайыл е кыргыздарга.Ошто мындай жок!
19.11.2012. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
kurguz..., мен да Оштон болом,бирок мындай окуялар жер тандабайт го,тушунсонуз?Ар бир жерде жакшы да,жаман да адам бар.Сиздин созунуздун айынан экиге болунуп уруш чыгат.
20.11.2012. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kurguz..., кечиресиз, бирок бул болунгондугун эмеспи? кургуз деген жаны улут пайда болдубу? муну кандай тушунсо болот?
21.11.2012. 05:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kurguz..., Эй бузуку франк ойноп суйлосон да ойлоп суйло!Сага окшогондор баштайт озу болуп жарганды!
21.11.2012. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kurguz..., эй молокосос оозуна карап суйлобойсунбу! Же эмне сендей сарттарды киши олтургуч деп аташ керекпи?
08.06.2013. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kurguz..., бул жерде ош нарын эмес,бул жерде кыргыз жонундо соз болуп атат,даже ушу сайтта деле улутчул болуп болуно бербе мейлиби........
19.11.2012. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окуя боюнча айтсам,эркек болсо да боорукер киши экен.Канындан жаралган баланы кимге эле бергин келсин жок дегенде куйоосу менен кенешпейби?? Акылы тайкы аял экен го?Баласы чарчап калганын укканда Куйоосу кандай акыбалда калды экен эле деп боорум ооруп кетти.Оз баласын олду деп кантип айтты дейм да аялы,тообо? Кудай сактасын мындайдан.
19.11.2012. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эжеси бала багып алам десе ата-энеси таштап кеткен балдардан багып албайбы,сооп да болмок.
20.11.2012. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jamalym, osjonu aitsangys. Soop bolmok!
19.11.2012. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылмышын жеңилдетмек турсун кайра үстүнө кошуш керек болчу.Бул эмне деген катын өз жатынынан чыккан баласын күйөөсүн алдап кармата берген.Тобо кылдым,байкуштун башына чыгып алган да каалагандай аңкылдап өз билгенин кылып.Болбосо күйөөсү эмдеп-домдоп турса мындайга барууга батынмак эмес.Токмогу күчтүү болсо кийиз казык жерге кирет,катынды башынан,баланы жашынан деген эмеспи ата-бабаларыбыз.
20.11.2012. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aridan777, туура айтасыз...
менимче Бактыяр байкебиз абдан жоош, момун, чымын жанын кордобогон жан окшойт да... Аялы армансыз эле тобосуно чыгыптыр...
19.11.2012. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyzyk... uwun4a jyl 4oguu jawagan joldowun aldoogo kantip diti bardy??
23.11.2012. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baby93, аны просто койнунда жаткан кобра деп коет, башынан кармап уусун алып коюш керек болчу, эми анын уусу клеткада чыгат!
19.11.2012. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташталган балдардын энелери да кандайдыр себептер менен куноолу деп айтсам болчудай.Демек,аял заты баласын белек кылып жатса,бул кандай деген аял?! Куйоосу да ичип жургон бир немедирда,кантип мажбур болсун бергени? Эжеси башка бала толтура эмеспи багып алмак да! Тергоо иштери журуп жатат деп эле жок болуп кетишет биздин тергоочулор,ишти жон коюуга болбойт
20.11.2012. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nazik_, кечиресиз, бирок тигил жакта "коррупция" турганда, бул жакта отурган биздин колдон не келет?
19.11.2012. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол аялдан да сурап бул жерге жазып койбоптур,эмнеден улам баланыз белек катары берилген деп.Атасы бар баланы ажыратып,акмактык экенин билет да энеси.Куйоосу да куноолуу болушу керек,уул баласын кантип берсин.Торот уйунон баласын корбой,ооруп атат десе барбай койгон ,айылдашынан укканда гана козголгон атасын кандай ойлосо болот???
19.11.2012. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куйоосу жоош болсо беш болбосо онбеш дегендерден окшойт болгон окуянын баарын угуп билип болгондон кийин дагы жашайм дегенине караганда. куйоосунун характерин билип анан бул ишти жасаганда болбосо куйосун алдоо деген ото оор го деп ойлойм жон гана магазинден кечигип калып шылтоо айтуу эмес да. демек уйдо хозяин эмес хозяйка.
20.11.2012. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Keneship ele berbetir balani emi ani tushundum balaga zar ayal eken, kee nor adamdar baldar uyun on algandan korkot.
20.11.2012. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоосу кайын журтунан эмнеге коркот кандай укугу бар дагы тиги экоосун да эгер баш которсон алып алабыз деген жоош кишиго аялын кайын журтун кошуп кагып салса болмок аккуратно!
20.11.2012. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Беш кол тен эмес достор, ар ким ар кандай да. Берип койгону эч нерсе эмес олду дегени менин чачымды тииип тике тургузду. Жаш кезинде баары жакшы жаман катын кайдан чыгат? Деген ушул да
20.11.2012. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балким,башка эле бала багып алганга,эжесинин каражаты аздыр(бекер нерсе кайда бар?).Балким,жолдошу-уй-булону жакшы карабайттыр....Бирок,кандай болгон кундо дагы,ымыркайдын ээси-атасы менен кенешиш керек болчу.Бул жерде,торогон аялдын арканды узун таштабагандыгы(кыска ойлуулугу,сабатсыздыгы)корунуп калды.Мындай окуялар болуп келген,боло берет,жер шаары боюнча,Ошту-тошту ылгабай эле.
20.11.2012. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күйөөсү менен кеңешип эле берсе болмок.Атасы болгондон кийин уруш-жанжал болот да.Кайындары да акмак экен.Кызына бактыргысы келсе детдомдон эле алып берип койбойбу?Кызынын бактысына балта чаппай.
20.11.2012. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу бошурак келсен эле, аялын устомдук кылгысы келет.
20.11.2012. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бир тууганына куйгон аял экен.мындай бир тууганым деп куйгондор да азыр азайып кеткен.куйоосундо да бир иш бар да,болбосо неге Балыкчыга барып торойт?куйосунун жеринде торобой.
21.11.2012. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу бала торолгондо роддомго барып, специально телофонду очуруп, аялын сыртан эле унунун жетишинче чаааакырып ..КОРСОТЧУ КИМГЕ ОКШОШ..дегенге не жетсин ахххх
21.11.2012. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фатимадай энеден кудай озу сактасын. Куйоосу туура жол тандаган. Эгер,уйун,мал-мулкун сатып Фатимага бара турган болсо, эн чон ката кылат эле,себеби уй-жайы жок,куч куйоо аталып кочодо калмак
22.11.2012. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оой дени карды соо местирда?адам эмес айбанда баласн бэрбэсе керек бирого?
21.11.2012. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунчалык эжесине куйсо куйоосу менен кенешип ыраазы болсо берсе боло бермек да бирдемеси бар окшойт да куйоосу экоонун ортосунда болбосо мындай кылмак эмесда аллбетте аялдын акылы болсо.
21.11.2012. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунчалык эжесине куйсо куйоосу менен кенешип ыраазы болсо берсе боло бермек да бирдемеси бар окшойт да куйоосу экоонун ортосунда болбосо мындай кылмак эмесда аллбетте аялдын акылы болсо.
23.11.2012. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кийин ал бала да чоноюп ызы чуусу коп болмок.чынында еле бала багып алса болмок. кандай эне баласын олду деген. ертенки кунун ойлосо болмок. акылы жок.
23.11.2012. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ТФУ ТФУ ТФУ, кудай сактасын мындай аялдан, даже магазинге айтпай кетип калса, келгенде "БОЙ" кылмакмын!!!
23.11.2012. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми мумкун оз эжекеси эне болгусу келгендир, бул бергени ката деле эиес, туугандарына берип жакшы эле жашап жатышпайбы, бул жерде бир гана катачылык куйоосуно жакшы тушундуруп чогуу эле чечишип беришсе баары жакшы болмок.
23.11.2012. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yoma сеники вообщее туура эмес, андай кылсан коп жашабайсын билдинби.
23.11.2012. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
spinkub, nazarova_89.28, yoma.kg - силерге эскертүү!
Сайтыбызда "сарт" сыяктуу сөздөрдү, кимдир бирөөнү кемсинткен, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
24.11.2012. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kachantan beri eerinin oorduna ayaly chechip kalgan? BYt jagynan tuura emes iw jasagan go bul ayal. Erkek kiwi bow bolso ayaly uwundai bolot da..
24.11.2012. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялы начар адам экен, сабаш керек болчу
25.11.2012. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх пенделер бири бирибизди алдап кана кун откозот экенбизда.
25.11.2012. 08:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш жолдошу кой оозунан чөп албаган кишиго я,андай өзүмчүл келиндерди камчы эле татыктуу.
25.11.2012. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
охооо-соз жок го
26.11.2012. 05:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоосун алдаган аялды жазалоо керек
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо