Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АТАСЫ УУЛУН БЫЧАКТАП ӨЛТҮРГӨН

№524 16-Ноябрь-22-Ноябрь, 2012-ж

Үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрь күнү Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында төбө чачты тик тургузган окуя болду. Айылдын тургуну Автандил Раматов мас абалында эки жашар баласын сабап, бычак сайган. Бир нече жеринен жараат алган наристе ооруканада эсине келе албай жатып жан берди.

«КЕЛИНИМ КЕЛСЕ, БОСОГОДО КАНГА БОЁЛГОН НЕБЕРЕМ ЖАТКАН ЭКЕН»
«Эки жарым жаштагы ымыркайды бычактап, мыкаачылык кылган ата эмне себептен мындай жолго барды?..» деген бүдөмүк ойлор менен Барскоон айылына сапар алдык. Каза болгон наристенин энесинин бирөөлөр менен сүйлөшүүгө чамасы жок эле. Андыктан чоң энеси Аяткан Сейдакматова төмөнкүлөрдү билдирди:
– Автандил кез-кезде ичимдик ичип койчу. Бирок үй-бүлөгө камкор ата эле. Тун уулу беш жашта, экинчиси Талант 2 жашта болчу. Келиним кош бойлуу, ай-күнүнө жетип калды. Окуя болгон күнү келиним ооруканага ден соолугун текшертүү үчүн кетип, үйдө эки неберем менен балам калыптыр. Үйгө бирөөлөр келип, Автандил алар менен чогуу ичимдик ичип, анан урушуп кетишиптир. Жинденип турган убакта баласы урушкан кишисине окшоп көрүнгөнбү, айтор, Автандил баласын бычак менен ичине сайып салыптыр. Келиним ооруканадан келсе эле босогодо канга боёлгон неберем жаткан экен. Алдынан улуу баласы чуркап чыгып, «апа, Талант өлүп жатат» деп айтып ыйлаганда, Аида дароо абысынына телефон чалып чакырып, туугандар менен чогуу ооруканага алып барышыптыр. Бул үй-бүлөгө башкалар суктанчу эле, эмне себептен мындай окуя болуп кеткендигине түшүнө албай турам.

«МЫНДАЙ ОКУЯНЫ БИРИНЧИ ЖОЛУ КӨРҮШҮМ»
Жети-Өгүз райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн дарыгери Темирбек Тикибаев буларга токтолду:
– 5-ноябрь күнү кечки саат 17:30да телефон аркылуу «бычак сайылган адам ооруканага бара жатат, даярдык көргүлө» деген маалымат түштү. Дароо эле бейтапка керектелүүчү нерселерди камдоого өттүк. Аңгыча эле ичеги-карыны чубалган наристени көтөрүп келип калышты. Мен ооруканада көп жыл иштесем да, мындай окуя биринчи жолу катталууда. Кичинекей наристе мынчалык кимге зыян келтирди экен деп таң калдым. Бычак баланын ичине сайылып, жүрөгүнө бир аз гана жетпей калган. Медициналык тил менен айтканда, атасы уулун «вскрытие» кылган. Колдорунда да бычактын тактары бар экен. Ошондой эле башына дагы катуу сокку урулуптур. Наристеге операция жасалганы менен, тилекке каршы, бир күндөн соң каза болуп калды. Колубуздан келген аракетти кылдык, бирок баланын өмүрүн сактап кала албадык.

Өз баласын бычактаган Автандил Раматов учурда Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайында. Бул ишти тергеп жаткан Жети-Өгүз РИИБинин ага тергөөчүсү Талантбек Ашымалиев төмөнкүлөрдү билдирди:

– Барскоон айылына караштуу Көк-Ой жаңы конушунун тургуну 1974-жылы туулган Раматов Автандил спирт ичимдигин ичип, мас абалында өз баласы Карыбаев Талантты уруп-сабап, бычак менен сайгандыктан, ал бир күндөн соң каза болгон. Бул кылмыш боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Бул сыяктуу окуяларды мурда кинотасмалардан гана көрүп жүрсөк, бүгүнкү күндө жагымсыз жорук жаныбызда болуп жаткандыгы өкүнүчтүү. Ичимдикти деле адам баласы ойлоп тапкан. Бирок мындай өмүрлөргө залал келтирүү максатында эмес. Ден соолукка пайда келтирүү максатында. Ичимдикти жөн-жайы, чеги менен ичүүнү билбеген адамдар, андан баш тартып эле салгылачы! Көп кырсык, кылмыштардан арылар белек, ушундай кылсак?..

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 
Комментарийлер(77)
20.11.2012. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш бала !!!
20.11.2012. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай адамдар кобойду, аттууга окум чыгарыш керек, баласын олтургонго кантип колу барды...
21.11.2012. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mas adamdan baaryn kutson bolot.Arak jetet go eldin tubuno
21.11.2012. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарас Бульба болгон озунчо эле''я тебя породил,я тебя и убью''деп озунун баласын олтуруп салат го,бирок ал чыгарма,биз талкуулап аткан окуя чындык,тилекке каршы...Баланын калган омурун апасына берсин Кудай...
23.11.2012. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
neo03, Тарас Бульба го чыккынчылык кылган баласын намыстан олтургон, а булчу досторуна кучу жетпей баласына чыгарган го...
21.11.2012. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошондой корунушу мумкун илгери лагерде 3 баласы козуно жылан корунуп олтуруп салган окуя болгон
21.11.2012. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул окуя тобо чачыны тик тургузат экен. Ичкиликтин зыян жагын корсоткон дагы бир сабак болуп калат го дейм
21.11.2012. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мумкун "белая горячка"болгондур...
21.11.2012. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул адам спирт ичимдиги эле эмес,наркоша да принимать эткен болсо керек,кайран наристе,наристелуу болууну канчалаган адам зар какшап,жараткандан жалбарып тилеп журушот,а бул айбан болсо кылганы бул.
21.11.2012. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эгерде соо адамды баланды олтур десен олтурбойт эгерде ошол адамды аябай мас кылып олтур десен олтуро берет арак эмнеге кана алып келбей арак адамдын тубуно жетет арак менен эч убакта оноло албайбыз ачуну ачуу басат деп кайра арак ичишет бул деген туура эмес андан баардык уйдо адамдар намаз окуп алладан кылган куноолору учун дуба кылып олтурса мындай жаман иштер азаймак мисаалы зынаакорчулук бироону олтурмой бироону тономой жана башкалар
22.11.2012. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунун баары атын очкур арактын кесепети экенин ар адам тушунуп, он жыйынтыка келсек жакшы болоор эле.
22.11.2012. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ALLAHYM olumgo alyp baaruuchu ushundai tuishuktordon, chydap bolboi turgan darajada baalaketten ozun saktai kor.ALLAHYM baarybyzga iman bergin Inshallah
22.11.2012. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балада эмне куноо ... адам экен го озун олтуруш
керек.
22.11.2012. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bul okuya albette kan suutarlyk.
Bir gana adam buga kunooluu-bul Avtandildin dosu, sebebi ichip kyzyp alyp albette "Talant menin balam, sen jokto ayalin menen jatyp jurgom degen"-a Avtandil bolso tekeber ozunu syigon adam korunot "senin balan bolso myna saga" dep naristeni oltyryp salgan.Bul uchun bir gana Avtandildi jazalabay anyn dosunu da jazalash kerek
Toobo kylaly ichimdik tubu jakshy jolgo alparbayt, 96% kylmysh arakkechtikitin ayinan bolup jatat,Toktogula tooba keltirgile!!!
22.11.2012. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nishangul (Nichy)Tajikistanda jashagan kyrgyz
22.11.2012. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал адам эмес айбан окшойт мен бул окуяны окуп жатып козумдон жаш агып такыр басылбай жатты акырына чейин аран окуп буттум байкуш наристе.
23.11.2012. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкушум ай,жаны кыйналган тили жок айталган эмес дааа,ушул балада эмне куноо бул кимге жамандык кылдыле бул жашоого келип эмнени корду,бактылуу балалык корбоптур.Эй Аллахым ыйман ынсап бер баарыбызга.
23.11.2012. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арак адамды адам кылбайт а айбан кылат черт возьми, кудай сактасын эми кыргыз элибизди...(((
23.11.2012. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкаачы адамдарды атып жок кылыш керек. Алар жашабаш керек жерде.
23.11.2012. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда аракты жок кылыш керек,коомдук жайларда арак ичкендерге жаза колдонуш керек болбосо канчалаган адамдардын куносуз каны тогулуп жатат.
24.11.2012. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх кудаа эмнелер болуп жатат бул ааламда сактай кор жамандыктан..
24.11.2012. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун!;-(;-(;-(
24.11.2012. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп алып журогум титиреп кетти. Аягына аран чыктым. Айбан десе. Кантип оз баласына озу бычак сайды. Жырткыч алкаш десе. Мусулмандар ойгонгулачы. Аракты ичип эч ким онбогон. Аракты ичип мас болуп оз кызын, карындашын жана келинин зордуктаган кобойду. Аллахым ыйман берсин дуба кылайлы.
24.11.2012. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Астагфир АЛЛАХ тооба кылдым,баланы бейишиндин кушу кыл,эч нерсе ойунда жок ата деп алдына чуркап барса керек.
25.11.2012. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай окуядан аллахым озу сактасын. ичимдикти коп ичкен жакшылыка алып келбейт.
25.11.2012. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аз эмес коп эле иччу апасы аябай актаптыр го акмакты
02.12.2012. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ewek ewek akmaaaaaaaak it akir zaman keldi arakti kim chigarsada owogo naalat
05.12.2012. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкушум десе жаткан жерин жайлуу болсун атадан айланган акмак омур бою турмодон кыйналып ол тозоктун отуна куй эшек лох
08.12.2012. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shekerbek,
Сизге эскертүү!
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
10.12.2012. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э кудай сактасын ушундай окуяларды элге корсотпосун аябай жаман болуптур.Ошондуктан ичимдик ичпеш керек
11.12.2012. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбан да бул ишке барбайт менин колума тушсон колунду мокок бычак менен кесет элем да акмак
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо