Редакциябызга Алтынай аттуу окурманыбыздан «уулум Азамат 8 жашта. Такыр тил албайт. Айткан нерсеңди сөзсүз тескери жасайт. Кээде тентектигинин айынан атасы экөөбүздөн таяк жейт. Өткөндө ачуум келип үбөлүк менен сабап салыптырмын. Эми уулумдун көк ала денесин көргөн сайын жүрөгүм ооруйт. Сурайын дегеним, баланы уруп тарбиялоо туурабы? Тилазар балага кантип туура тарбия берүү керек?»деген маанидеги кат келген.
Окурманыбыздын суроосуна «ParadiseSun»психологиялык борборунун психологу Гуля Акбутина жооп бермекчи.
БАЛА ЭМНЕГЕ ТИЛАЗАР БОЛОТ?
1. Эгерде балага жетиштүү көңүл бурулбаса, анда ал өзүнүн ыкмасын колдонуп, сөздү укпай, тил албайт.
2. Эскертүүлөр жана кеңештер улам-улам айтылса, буйрук жана сындоо катуу болсо, көп калп айтып алдасаңыз, бала кежирлене баштайт.
3. Көп учурларда балдар ата-энелерине таарынып калышат. Ар кандай себептер менен: катуу эскертип коюу, аткарылбаган убада, адилетсиз жазалоо. Бала өзүнүн ички дүйнөсүндө азап чегип, сыртына нааразычылыгын, тил албастыгын, агрессиясын көрсөтөт. Ушундай жол менен ал өч алат.
4. Бул өзүнүн күчүнө ишенбей калгандыктан болот. Өзүнө ишенбегендиктен эч нерсе жасагысы келбей, «жасасам да менин колуман эч нерсе келбейт» деп калат. Жүрүш-турушу менен бардык нерсеге кош көңүлдүгүн көрсөтүп, жаман болсом боло берем дейт.
УРУП-САБАП ТАРБИЯЛООНУН КЕСЕПЕТТЕРИ
Баланы коркутуп, жүрөгүнүн үшүн алып тарбиялоо эң туура эмес ыкма. Макул, кичинекейинде сабап, урушуп тарбияла, а чоңойгондочу? Ага алыңыз жетпейт. Кийин ал сизге кол көтөрүүдөн да тартпайт. Баланы урбагыла! Катаалдык кайра катаалдыкты жаратарын эске алгыла. Баланы уруп-сабап, коркутуп тарбиялоо зыяндан башка пайда алып келбейт.
-
Уруп-сабап, опузалап тарбиялоо баланын денесинен жаракат алышына, айрым учурларда майыптыкка жеткирет.
-
Балаңызды 1,5-3 жашында урушуп, коркутсаңыз, өзүнөн чоңдордон жалтак болуп өсөт.Башка бала ыйлап жатса, ага кошулуп ыйлоону адат кылат.
-
3-6 жаштагыларды уруп тарбиялоодо баланын уйкусу бузулат. Калп айтканды үйрөнүп, уурулук жасоого чейин барат. Жаныбарларга аёосуз мамиле жасайт.
-
Катаал мамиледе өскөн мектеп жашындагы балдар жараат алганын да айтуудан айбыгып, баарын ичине сактай берет. Мектептен чыккандан кийин үйгө келүүдөн заарканат.
-
Өспүрүм курактагы балдарды уруп-согуп тарбиялоо алардын суицидге барышына, спирт ичимдиктерин, баңгизаттарын колдонууга, окуусун таштоого алып келет.
-
Баланы зекип, коркутпаңыз жана аны корккон, чыңалган абалда көпкө чейин кармабаңыз: «карап тур, кечинде атаң келгенде сага көрсөтөт!» деп баланы атасынын каары менен же доктурдун ийне саюусу, милиция кызматкери менен коркутуунун кереги жок. Бул кызматтагылар балада коркуу жана аларга ишенбөө сезимин жаратат.
-
Кыйкырык, өкүрүк баланын жашоосунун нормалдуу көрүнүшү болуп калбашы үчүн ага сүйлөгөндө үнүңүздү көтөрбөй, бир калыпта, токтоо сүйлөңүз.
-
Ата-эне баласын уруп-согуп жазаласа, ал ишенимин жоготуп, коркок жана чечкинсиз болуп өсүп-чоңоёт.
-
Эгерде баланы көп шылдыңдаса, кемсинтсе, ал тартынчаак болуп калат.

БАЛА ТАРБИЯЛООДОГУ ЭҢ ЖӨНӨКӨЙ ЫКМАЛАР
-
Баланын тентектигине, терс жоруктарына көз жумбаңыз. Ал жөн койгонуңузду көрүп, «мен туура жасап жатам» деп кабыл алат. Бирок тартипке чакырууга өтө аяр мамиле кылуу керек. Жазалоодон улам бала «менин керегим жок» деп ойлоп калбоосу керек.
-
Тентектик кылып жаткан кичинекей баланы кээде алаксытып, көңүлүн башка нерсеге буруу жетиштүү.
-
Бир үй-бүлөдө 10 бала болсо, ар биринин кулк- мүнөзү, кыял-жоругу ар башка. Алардын мүнөзүнө жараша мамиле кылууну, тарбия берүүнү ар бир ата-эне билиши шарт. Мисалы, кээ бир бала тез түшүнөт. Кээ бирлеринин кабыл алуусу жай. Ошону бала түшүнгөнгө чейин күтө албай, биз аны «келесоосуң!» деп урушуп киребиз. Бул нерсе туура эмес!
-
Эгерде бала тынчтык, достук мамиле өкүм сүргөн үйдө жашаса жана өзүн керектүү адам катары сезсе, ал жакшы көрүү, бардык нерсени сүйө билүү сапатына ээ болот.
-
Балдарды канчалык акылдуусуң деп көп мактап, мээрим төгүп тарбия берсек, көңүлү көтөрүлүп, кызыгуусу артып, мээримдүү болуп чоңоёт. Эң жөнөкөй эле нерсени алалы, баланы уктатып жатканда да бетинен өөп, «жакшы уктай гой» дегенди унутпаш керек.
-
Балага мээримдүү болуңуз. Бирок чалчаңдатып эркелетип, баланын ою менен болбоңуз. Кийин ал сизди башкарып алышы мүмкүн.
-
Балага катуураак мамиле кылыңыз. Бирок урушуп, жаман сөз айтып, кемсинтпеңиз. Сиз карыганда дал ошондой мамиле жасашы мүмкүн.
-
Үнүңүздү бийигирээк чыгарып, өктөм сүйлөсөңүз эле жетиштүү. Үй-бүлөдө көп ызы-чуу болуп, көп тил уккан бала сабап жатсаң да, ага баары бир болуп калат. Анткени бала мындай шартка көнүп бүтөт.
-
Баланын ар бир кылган нерсесин баалай билип, ошого көңүл буруп, ыраазычылыгыбызды билдирип, рахмат айтып, бетинен өөп, көп мактайлы.
-
Бала менен туура, калыс мамиледе болсоңуз, ал адилеттүүлүккө үйрөнөт.

Балалык кез бул – эң таттуу жана кызыктуу мезгил. Урматтуу ата-энелер, балдарыбызга көбүрөөк кубаныч тартуулайлы. Ар бир баланын өз ою бар, ошону уга билели. Бала өз оюн айтканга укугу бар. Кээде балдардын пикири туура чыгып калат. Балдарыбыз менен ой бөлүшүп, кеңешип, алар менен тыгыз байланышта бололу.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg
***Баланын чачкан буюмдарын бүт силер жыйнагыла,ошондо ал жоопкерчиликти башкаларга жүктөгөндү үйрөнөт.
***Балага каалаганынча акча бергиле,ошентип ал мээнет менен тапкан акча кандай болорун билбей чоңойот.
***Балага өз алдынча чечим кабыл алышты үйрөтп
**Баланын алдында күнүгө урушкула,ошондо ал бир күнү ажырашып кеткениңерде көп кайгырбайт.
***Баланын люкс жашоосуна керектүү бүт шарттарды камсыздап бергиле,ошондо максаттарына жетүү үчүн аракет кылыш керек экендигин билбей чоңойот.