КАЙТАЛАНГЫС, ЭСТЕН КЕТКИС, ӨЗГӨЧӨ... ЖАКЫНДА ЖЫЛДЫН СУПЕР КОНЦЕРТИ

№524 16-Ноябрь-22-Ноябрь, 2012-ж

«Супер-Инфо» гезитинин супер концерти күн санап жакындап келет. Эң мыкты аталып, «супер» деген наамды багынтууну каалаган талапкерлер, албетте, кызуу даярдык үстүндө жүргөн кези. Ким мыкты, ким супер аталууга татыктуу? Бул суроолордун жообу 7-8-декабрда Спорт Ордосунда билинет. Бир жылда бир келчү эстен кеткис кечеге күбө болуңуз, кадырлуу окурман!

Жыл сайын толкундануу менен бул саамалыкка катышып, жыл ичинде көргөзгөн эмгектеринин акыбетин күткөн маданият, шоу-бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү быйыл да бактылуу мүнөттөргө камынууда. Бири өзү үчүн кабатырланып интернет тармактарында добуш берүүгө чакырыктарды жасап жатса, бири сүйүктүү ырчысы, актёру же жактырган ыры үчүн жан үрөп добуш топтоодо.
Айта кетчү жагдай, учурда жүрүп жаткан www.super.kg сайтындагы добуш берүү «Супер ырчы мырза», «Супер ырчы айым», «Супер тасма», «Супер актёр», «Супер актриса», «Супер ыр», «Супер клип», «Супер ремейк», «Супер топ», «Супер дебют», «Супер күлкү жаратуучу» наамдары боюнча 19-октябрда токтотулуп, алдыңкы үчилтик калыстар тобунун сынына коюлат. Ал эми калган наамдар боюнча алдыӊкы үчилтик аныкталып, добуш берүү жаӊыланып, 8-декабрга чейин улана бермекчи.
Учурда добуш берүүнүн көрсөткүчү боюнча алдыңкы саптарда келаткан талапкерлердин даярдыктарына кызыгып көрдүк.

«МАГА ДОБУШ БЕРГЕНДЕРГЕ ИЧИМ ЖЫЛЫДЫ»
Айнура Салахидинова,«Супер ырчы айым» наамына талапкер:
– Супер концертке катуу даярдык көрүп жатам, жаңы көйнөк тиктирип, бийчилерди камдап дегендей.
Анан да www.super.kg сайтына катталып, күйөрмандарымдан мага добуш берүүсүн сурандым. Жагымдуусу, аларга добуш берип койгула десем, «сиз айтпасаңыз деле сизге добушубузду эчак берип койгонбуз» дегендери болду. Тим эле ичим жылып, кубанып калдым. Өзүмдүн тааныштарыма айтсам, көпчүлүгү интернет менен дос эмес экен. А бирок чыгармачылыгыңды баалап, уккан адам суратпай өзү эле добуш берип коёт тура.

«ЖЕҢБЕЙ КАЛСАМ КИЧИНЕ ЭЛЕ ЫЙЛАП КОЁМ»
Самат Эркинбек уулу («Ак-Өргө City»), «Супер күлкү жаратуучу» наамына талапкер:
Мен, чынында, былтыр катышып, утпай калганымдан быйыл наамга көрсөтүлбөйм го деп ойлогом. Орусияда гастролдо жүрсөм, тааныштар сүйүнчүлөп калышты. Силердин сайтыңарга кирип карасам, 5-орунда экенмин. «Менде «шанс» жок турбайбы» деп койгом. Мына 2-3 күн мурун карасам, биринчиликке чыгып кетиптирмин. Өзүм интернетке анча жакын болбогондуктан, сырттан эле көзөмөлдөп жатам. Эгер жеңсем кубанычым менен бөлүшөм, жеңбей калсам кичине эле ыйлап коём.

«НААМГА КӨРСӨТҮЛГӨНҮМДҮ РЕЖИССЁР АЙТТЫ»
Марал Койчукараева («Ээнсиреген үй» тасмасында Аселдин ролунда), «Супер актриса» наамына талапкер:
– Эң биринчи бул наамга көрсөтүлүп жатканымды мага Нурбек байке (тасманын режиссёру Нурбек Эген) айткан. Ал «www.super.kg сайтында сени «Супер актриса» наамына көрсөтүптүр, добуш берүү жүрүп жатат» деди. Андан сырткары тааныштарым да айтып калышты. Атаандаштарымдан Кымбат Асизова актрисалыкка окугандыгына байланыштуу ошол утуп кетсе керек деп жатам. Кантсе да актрисалык жаатта билими бар эмеспи. Өзүм экзамендерим менен алаксып, көп кирише албасам да күйөрман болуп, мага добуш бергендерге рахмат айтам.

«КАТЫШУУЧУЛАРГА ИЙГИЛИК, ӨЗҮМӨ ЖЕҢИШ КААЛАЙМ»
Гүлжигит Калыков,«Супер ырчы мырза» наамына талапкер:
– Бул деген элдин тандоосу, андыктан «Жылдын супери» наамына көрсөтүлгөнүм мен үчүн жагымдуу. Былтыр «Евразия жылдызы» аталышым да чоң себеп болду окшойт. Эл бааласа, бизге чоң стимул болот. Эгер Кудай буюруп жеңип калсам, концертте да күйөрмандардын ишеничин актап, өзүмдү жакшы көрсөткөнгө аракеттенем. Сынакка кимдер катышып жатса, анын баары татыктуу, баары мага атаандаш. Андыктан бардык катышуучуларга ийгилик, өзүмө болсо жеңиш каалайм!


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(17)
19.11.2012. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айнура Салахидинова конечно на Первом месте!
19.11.2012. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айнуранын салахидинованын ырларын ото суйуп угам
19.11.2012. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айнура эже сиздин ырларыныз аябай жагат,ийгилик сизге!!!
20.11.2012. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салахидинова абдан таланттуу ырчы. Ырлары да маани-мазмундуу. Женишинизге тилектешмин! Ал эми Гулжигитке соз жок! Евразиянын жылдызы, Кыргызымдын сыймыгы. Бирок сонку учурда анын чыгармачылыкта аракеттери байкалбай калды негедир.
20.11.2012. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7-8-декабрда 2 кун эки башкача концерт болобу же бир эле концерт кайталанабы!Билеттер сатылып баштадыбы же жокпу Администрация жооп берип койсонуздар сураныч!
20.11.2012. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sambo, албетте, эки күн башкача болот. Биринчи күндүн өзгөчөлүгү, "Сулуулар сынагы" менен коштолуп, бактылуу бийкеч чет өлкөгө жолдомо утуп алса, экинчи күнү шоу-маданияттын мыктылары тандалмакчы. Андыктан эки күн тең концертке келген да арманда, келбеген да арманда!!!)))
20.11.2012. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sambo, эки башка концерттик программа болот. Билеттер сатылууда.
20.11.2012. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 2011-жылы барып озумдун присутствием менен(залда)Супер-Инфону жана коруучулорду абдан кубанткам!Быйыл андай удачадан кур жалак калат окшойсунар!
21.11.2012. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men Ainura Salahidinovany koldoim,super yrchy ayimyna tatyktuu
22.11.2012. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат Модераторлор!Иншааллах Суйуктуу гезитибиздин Супер концертине Буйруса барабыз!
22.11.2012. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ainyranin kaisil yryn aityp jatasinar,bir dagy yry Hit emes,anchalik bolso emnege konkyrstarga chakirilbait,zarybejge chakirilbait,eto prosto Baloks,prosto ne ponimau
22.11.2012. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кулжигит алга,сага коп деген ийгиликтерди каалайм.
24.11.2012. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aynura Salahidinova,alga!iygilik sizge jeneshka!
25.11.2012. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айнура Салахидинова простая и добрая! вам желаем удачи!супер инфо вы тоже не че! удачи!оссобенно Шаиста эже сексуалная!
01.12.2012. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kone4no kanykei super
03.12.2012. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super aktrisaga Gulnu Asanovany korup jatam. Sebebi kichinesinen beri atkaryp kelet. Jakshy atkarat. yilagandy katyratm. jakwy da yrdait.
03.12.2012. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men dagy Gulnurdu aitat elem. Jakshy aktrisa. Jonokoi kyz. Kyrgyzdyn namysyn korgop chet jerge da baryp jurot. Komuz menen yrdasa ergip kalasyn. Guljigitti S-myrza bolso deim.Gulnur, Guljigit alga!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо