Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СТУДЕНТТИН ЧЫГЫМЫ

№524 16-Ноябрь-22-Ноябрь, 2012-ж

Бир окуу жылында же 10 айда студенттин жашоосуна канча каражат сарпталарын орточо баалар менен алып эсептеп көрөлү. Алгач жашоо үчүн эң керектүүлөрүнөн баштасак.

КИЙИМ-КЕЧЕ
Жазгы-күзгү: шым – 800 сом, юбка – 800 сом, колготки – 70 сом, көйнөк – 500 сом (балдар), блузка 1000 сом (кыздар), пиджак – 1500 сом, бут кийим – 1500 сом, ич кийимдер – 200 сом (балдар), 500 сом (кыздар). Ошондо бир жолку кийинүүгө жалпысынан = 4500 сом (балдар), 5370 сом (кыздар).
Эркектер жазында жана күзүндө бир жолудан кийим жаңыртса жалпы = 9000 сом, ал эми кыздар эки жолудан жаңыртууга үлгүрүшөт. Ошондо кыздардын кийими = 21 480 сом.
Кышкы: күрмө – 2500 сом, өтүк – 2500 сом, моюн орогуч – 300 сом, баш кийим – 200 сом (балдар), 300 сом (кыздар), кол кап – 300 сом, свитер – 800 сом. Жалпы = 6600 сом (балдар), 6700 сом (кыздар).
Бир жылдык окууга кеткен кийим-кеченин жалпы суммасы – 15 600 сом (балдар), 28 180 сом (кыздар).

ОКУУ КУРАЛДАРЫ
Дептер, калем сап, калем, өчүргүч жана башка 700 сом. Бир жылга жетет.
Сумка (балдарга жана кыздарга) – 700 сом.

ЖОЛ КИРЕ
Окууга барып келүү үчүн күнүгө автобус менен 16 сом (10 айда = 4800 сом), маршруттук такси – 20 сом (6000 сом), троллейбус – 16 сом (4800 сом). Ал эми окууга чейин түз каттам жок болсо, бул суммалар эки эселенет.

ЖАШАГАН ЖЕР ЖАНА ТАМАК-АШ
Жатакана – Бир жылга орточо 3000 сомду түзөт.
Батир – Бир бөлмөлүү жер тамдар 2500 сом (2 киши жашаса, киши башына 1250 сомдон айланат да, 10 айда = 12 500 сом). Көп кабаттуу үйдө – 7000 сом (3 киши жашаса, киши башына 2333 сомдон айланса, 10 айда = 23 330 сом болот).
Үй – Борбор калаада жашагандарга жана үйү бар тууган-туушкандары болсо, аймактан келген студенттерге жашай турган жер маселе жаратпайт.
Тамак-аш – Батирде жана жатаканада жашаган студенттин бир күндүк тамак-ашына орто эсеп менен 150 сом керектелсе, 10 айда
45 000 сом кетет. Эртең мененки жана кечки тамак-ашты даярдоого 80 сомдун тегерегиндеги азык-түлүк, ал эми түштө курсак тойгузууга ашканада 60 сомдун тегерегинде сарпталат. Ал эми үйдө жашаган студент түшкү тамагына 10 айда 18 000 сом керектейт.

КОШУМЧА ЧЫГЫМДАР
Студенттин кошумча чыгымдарын орто эсеп менен көрсөтүп өтсөк.
Интернет-клуб – Күнүгө болбосо да айына 10 жолу кирип, бир киргенде 1 саат отурса, 300 сомдун тегерегиндеги акча сарптайт.
Телефон – Сүйлөшүүгө орточо бир айда 300 бирдик.
Көңүл ачуу – Студент группалаштары менен чогулуп, бир айда бир жолу кафе, кинотеатр, клубдарга барууга 500дөн 1500 сомго чейин жумшайт. Ал эми капчыгы калыңдар жума сайын 2000-3000 сомдон жогорку сумманы сарпташат.

ЖАЛПЫ ЧЫГЫМ
Эми студенттин кийим-кече, тамаш-аш, окуу куралдарына, маршруттук такси менен жол киресине кетирген чыгымды жашаган жерине карап жалпылап эсептеп көрөлү.
Жатаканада жашаса – 71 000 сом (балдар), 83 580 сом (кыздар) сарптайт.
Батирде жашаса – Бир бөлмөлүү жер тамда 80 500 сом (балдар), 92 800 сом (кыздар). Көп кабаттуу болсо 91 330 сом (балдар), 103 910 сом (кыздар) коротот.
Үйдө жашаса – 41 000 сом (балдар), 53 580 сом (кыздар).

СТУДЕНТКЕ ЫЛАЙЫКТУУ ЖУМУШТАР
Кароол кызматы (кеңсе, мекемелерди түнкүсүн кайтаруу)
Нан бышыруучу цехтер (нан, самса сыяктуу азыктарды жасоо)
Интернет-клуб (түнкү нөөмөттө администратордук кызмат)
Оператор (такси, маалымдама, уюлдук байланыш кызматында)
Официант (кафе, клуб, ресторан)
Жүк ташыгыч (базарда, темир жолдо, түштөн кийин же кечинде 2-3 саатка иштеп келүүгө болот)
Курьер (кат, документ кагаздарын жана майда жүктөрдү жеткирүү)
Котормочу (чет тилдерин билгендер үчүн ыңгайлуу)
Тигүүчү, үтүкчү, бычмачы (тигүү цехтеринде окуудан кийин же түнкү нөөмөттө иштөө)
Жогоруда кызмат орундары көп жумуштар көрсөтүлдү. Ал эми мындан башка айлыгы жакшы, өз кесибине туура келген жумуштарды да тапса болот.

Мына, замандаш, билинбегени менен бир студент бир жылдык окуу убактысында жашоо үчүн негизги керектөөлөрүн орто эсеп менен алганда жогорудагы суммаларды сарптайт. Мындан сырткары окуу үчүн бир жылдык төлөм акысы да бар.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
СТУДЕНТ, СЕНИ КИМ БАГАТ?

Перизат Базаралиева, студент, Талас облусу:
– Учурда Талас шаарына Жон-Арык айылынан келип окуп кетип жаткандыктан, ата-энемдин карамагындамын. Окуума байланыштуу кошумча акча табуу менен алектенбейм.

Эламан Калдарбек уулу, студент, Жалал-Абад облусу:
– Албетте, студенттик доорубузга себепчи – ата-энебиз да. Менин окуумдун каржы маселесин ата-энем көтөрөт. Алардын бергенине карап отурбай, өзүм акча тапканга аракет кылам. Соодагер байкеме жардамдашам.

Асылкүл Усенова, студент, Ысык-Көл облусу:
– 5-курстун студентимин. Турмушка чыккандыгыма байланыштуу жолдошум 3-курстан бери окуумдун акысын төлөп, багып келет. Ата-энем да кем-карчымды толуктап турат. Көпчүлүк студенттерге окшоп ачка калмай менде болгон жок.

Рысбек Өмүрназаров, студент, Чүй облусу:
– Сырттан окуу бөлүмүндө окугандыктан, иштейм. Андыктан ата-энемдин көзүн карабай, тескерисинче, аларга акча салып турам. Тапкан айлыгым батириме, кийимге жана тамак-ашка кенен жетет.

Рангүл Раимбекова, студент, Ош облусу:
– Албетте, ата-энем багат. Эркек бала болсоң, ар жерде иштеп өз жаныңды бакканга аракет кыласың. Кыз балага кырк үйдөн тыюу деп коёт. Анын үстүнө университетти да бүтө элекпиз. Окууну бүтүп, анан өз алдыбызча жан багабыз го...

Өмүрбек Жаанбай уулу, студент, Баткен облусу:
– Мени 3-курска чейин ата-энем бардык жактан камсыз кылчу. Контракт акысын жана батириме да төлөшчү. Учурда окуумдан сырткары иштеп, акча таап калдым. Эми мага кеткен каражаттын 50 пайызын өзүм тапсам, 50 пайызын ата-энем каржылайт.

Нурдамир Алмазбек уулу, студент, Чүй облусу:
– Учурда окуума, кийим-кечеме, баскан-турганыма ата-энем акча берет. Окуудан сырткары кошумча иштегенге мүмкүнчүлүгүм жок. Андыктан сабагымды жакшы окуп, келечекте ата-энемдин мээнетин актайм деген ойдомун.

koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(49)
20.11.2012. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен 2004-жылы тапшырганда арзан кез экен.Лепёшка 5сом,маршрутка 5сом,троллейбус студенческий билет менен 1сом болчу...Бирок ошондо деле кээде акча жок окууга жоо барган кундор болду.Контрактым 8мин болчу.А азыр кыйла кымбат,азыркы студенттерге боорум ооруйт...
21.11.2012. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
neo03, азыр 2 эсе кымбат!!
20.11.2012. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sessiani akchasiz buturso dá bolot
20.11.2012. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
еее достор алдына койгон максатына жетууну кааласан егер ишкеда киресин ишеним кылыш керекта озуноо,
20.11.2012. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Юридикалык, окуу жайда эле алсан. Бир жылда канча адам окууну бутурот. Анан алар кайда иштеп журушот болду экен. Башкасын эми эсептебей эле коеюн.
21.11.2012. 05:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Argymak007, Россияда)))
21.11.2012. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
огооо,мунун баарын соонун эсептептирсизгоо
21.11.2012. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пай Пай Пай асманга учкан акчалар, ушунун баарын көрүп билип туруп сессияда кээ бир мугалимдер кантип деги акча алаар?
21.11.2012. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chynyn aitkanda bul summalar oto ele az berliptir. Misaly 2500 s norm kurtka ala albaisyngo.
21.11.2012. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oto chon summalar bul ak4alardy aktap okup jurgondorda bar , aktabai ak4asyn bukmeker j.b nerselerge tygyp jurgondorda bar.
Jigitter ozdoru ishtep ele ozun ozu baksa bolot., temtendep ko4odo tartyp jurgondon koro.
21.11.2012. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундан сон,озумдун быйылкы эле сатып алган косметикамды санасам,15000(он беш мин)сом кетиптир(((!!!
21.11.2012. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошентсе да эн бай,эн коп акча короткон "калк" СТУДЕНТ!!!
22.11.2012. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
неге студент болуп журосунор билбейм да
23.11.2012. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздардын шампунь,самын,ич кийим деги эле жана башка гигиеналык каражаттары эсептелсе,бир топ каражатты тузот.
24.11.2012. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Myndan da kop ketse kerek,bawkalary da aitylbaptyr
24.11.2012. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Myndan da kop ketse kerek,bawkalary da aitylbaptyr
24.11.2012. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эсептеп чыкканынарга чоон рахмат толук эле эсептелиниптир бирок дискотека, днем рождения,ушулардыда кошсо жакшы эле чыгашаны тузот болчу
25.11.2012. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Myndan dan kop ketet boluw kerek.Menen Kywky kiimim ele 40min somdu tuzdu...
25.11.2012. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maxa90,бул эн жонокой студенттин чыгымы.ал эми сага окшогон бай студенттин чыгымын эсептеш, жонокой журналист учун кыйынга турат.
25.11.2012. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Демек биз капчыгы калын студенттерден турбайбызбы хехе))
27.11.2012. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде студенттин студенттин капчыгына ылайыктуу эн кымбат жана эн арзан деген баалардын орточосу гана алынган.
05.12.2012. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аз олчом менен эсептептир мындан да коп кетсе керек деп ойлойм себеби агай эжекелер да алат да
23.02.2013. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуну ушунча чыгым менен бутурушот экенда буткондо ошого ылайык жумуш барбы? Азыркы заманда чон жумушта чондордун баары отурат а мындай элдерчи эптеп окусун бутуротта дипломду ыргытып чет жактарга сапар алышат азырда закон чыгыптыр россияда жургон балдарды кетиргиле деп кетиргенде жумуш таап бералбайт азыркы учурда менда россиядамын окат окат деп диплом уйдо жонле жатат
25.03.2013. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздар силер деле азыраак иштетсенер
10.05.2013. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен бир жылда 10000ге жетпеген эле акча коротом.
23.06.2013. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эээххх ошол учун мен бир жыл ата энемен акча албай окуп коруп россияга кеттим да заочныйга отуп (((
23.06.2013. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарын ойлоп отуруп азыр ушундай дагы 10 15 жылдан кийин кандай болот коп бала торобош керек деген чечимге келдимдаа
08.12.2013. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстанда корупсия жок е
13.04.2014. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eh ak4anyn baary aiylda owol u4un jakwy okup beker okuganga areket kylgyla dostor...
23.04.2014. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
силер эн негизгисин эсептебей коюпсунар да анткени мугалимге берген акчасы, сессия и срске кеткен акчалары орто эсеп менен (жуз мин) 100000 кетип калат экен да ээ. студенттер бай калк келет экенбиз
05.08.2014. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
контракт кошулбай калыптыргоо
16.09.2014. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ееех несин айтасынар студенттер.10 сомдук ролтонду жеп жаткан кундорум да болдугоо.
16.09.2014. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр Аллахыма шугур.акчам болуп атат долларларды кайрып атамго чиркин о.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо