Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«СУПЕР-ИНФО» БАТКЕНДЕ «БИЗ ТАЗА ШААР ҮЧҮН» АТТУУ АКЦИЯ ӨТКӨРДҮ

№525 23-Ноябрь-29-Ноябрь, 2012-ж

15-ноябрь күнү Баткен шаарында «Супер-Инфо» гезитинин Баткен облусу боюнча аймактык бөлүмү «Баткен-Коммунальщик» акционердик коому менен биргеликте «Биз таза шаар үчүн» аттуу акция өткөрдүк.

«БИЗ ЭЧ КАНДАЙ ПАРТИЯДАН ЭМЕСПИЗ...»
Өрүкзарды тазалоодо Баткен шаарындагы «Баткен-Коммунальщик» акционердик коому бизди колдоп, таштанды ташуучу 3 автоунаа жана бул иш-чараны өткөрүүдөгү негизги каражат болгон баштыкчаларды, кол каптарды алып беришти. Шаардык билим берүү башкармалыгы акцияга окуучуларды чыгарууга уруксат берип, шаар мэри да колдоду.
Окутуучулар арасында «кайсы бир партияны жарнама кылып жаткан жоксуңарбы?» деген ишенбестиктер жаралды. Мындай түшүнбөстүктөр болбосун үчүн иш-чараны «Супер-Инфо» гезитинин Баткен облусу боюнча аймактык бөлүмү уюштуруп жаткандыгы тууралуу жергиликтүү «Салам» радиосуна барып элге маалымат бердик.

«УЯТ, АКЕ, УЯТ...»
Ошентип, 15-ноябрь күнү В.Ленин, Ж.Бөкөнбаев, Ч.Айтматов атындагы жана № 3-орто мектептин окуучулары, БатМУнун студенттери акцияга катышууга топтолду. Алар колдоруна баштыкчаларды алып, шаардагы И.Раззаков, Т.Садыков, М.Салихов, М.Нургазиев көчөлөрүн тазалоо үчүн бөлүнүштү. Мугалимдер да кошо келип, окуучулардын иштөөсүн көзөмөлдөп турушту.
Улуу эле кишинин унаасында отуруп алып семичке чагып, жерди булгап койгонун көргөн бир окуучу кыз ага «уят, аке, уят, кантип бул ишти жасап жатасыз?» деп айтканда, ал уялганынан машинасынан түшүп, таштандысын колу менен тазалап жиберди. Бөлүнгөн аймактардын баарын тазалап бүткөн соң акциянын катышуучуларына түрдүү оюндар менен дискотека уюштурулду. Элдин маанайы шат болуп, ар бир оюнга активдүү катышып жатышты. Оюндун жеңүүчүлөрүнө «Супер-Инфо» гезитинин атынан камдап койгон белектерибизди бердик.
ЗЫЛАЛИДИН ОЛЖОЕВ, «Баткен-Коммунальщик» акционердик коомунун директору:
­–«Супер-Инфо» гезитинин жамаатына абдан чоң ыраазычылык билдирем. Мындай демилгени мен Баткенге келип иштегенимден бери эч ким көтөрө элек болчу. Биринчилерден болуп силер «Биз таза шаар үчүн» деген ураан менен чыктыңар. Мен силерди колдоп, колумдан келген бардык жардамымды берүүгө аракет кылдым жана ушундай иш-чараларды уюштуруп, шаарыбыздын тазалыгы үчүн күрөшсө боло тургандыгын түшүндүм. «Супер-Инфонун» мындан кийинки иштерине албан-албан ийгиликтерди каалайм.
АНАРБЕК РЫСКУЛОВ, студент, акциянын катышуучусу:
–Бул аябай жакшы демилге болуп, шаар жаштарынын башын бириктирди. Көчөлөрдүн тазалыгы өз жайына келип калды. Ушундай акциялар тез-тез уюштурулуп турса, биз колдоп чыгат элек.

Биздин бул демилгебизден кийин шаардын тургундары да тазалыкка кайдигер карабай калат деген ойдобуз. Акциянын соңунда катышуучулар жакшы маанайда тарап кетишти.  

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
30.11.2012. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы экен. Ошто качан болот бул акция? Болсо жакшы болот эле...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо