СТУДЕНТТЕРДИН МАЙРАМЫНА ТҮСТҮҮ ФОНТАН!

№525 23-Ноябрь-29-Ноябрь, 2012-ж

17-ноябрдан бери Жалал-Абад облусунун борбордук аянтында эл көп. Анткени студенттердин майрамына карата музыканын коштоосунда бийлөөчү түстүү фонтан ишке кирди.
Эсиңиздерде болсо, шаардын борбордук аянтында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан. Аянттын ачылуу аземи шайлоо иштери аяктагандан кийин салтанаттуу түрдө белгиленерин айткан мэр Бакыт Адыловду кепке тарттык.

– Бакыт мырза, фонтандын эрте ачылышына эмне түрткү болду?
– Фонтандын расмий түрдө ачылышы болбой жатып эле аны ишке киргизүүгө жаштардын суранычы себеп болду. Жалпысынан бюджеттен акча каралгандан берки убакытты эске алганда, фонтандын бүтүшүнө 6-7 ай кетти. Облуста му­зыканын коштоосундагы фонтан биринчи жолу курулуп жатат. "Эркиндик" аянтынын чок ортосундагы фонтандын бийиктиги 20 метрге чейин жетет. Ал эми Барпы Алыкулов атындагы театрды көздөй багытталган тегерек формадагы фонтандын бийиктиги 15 метрге чейин жетет. Борбордук фонтан жана жанындагы коштоочу фонтандар да музыканын коштоосунда түскө боёлуп турат. Жерге гранит жана мрамор таштары тизилген. Ал эми өзгөчөлүгү катары кыргыздын оймо-чиймеси түшүрүлгөндүгүн жана улуттук колоритке басым жасалгандыгын айтар элем.

– Курулуш иштеринин кечең­дөөсү тууралуу чыр да чыккандай болду эле...
– Курулуш иштери деген оңой эмес экен. Аны үй салып жүргөн адамдар жакшы түшүнсө керек. Биздин жалдаган компаниябыз дагы сурак берип жүрүп, убакытты кетирди. Андан тышкары бажы тармагында көп ыңгайсыздыктарга дуушар болдук. Курулуш каражаттарынын чет өлкөдөн ташылып келингени да убакыттын созулушуна түрткү болду. Акча каражаты да кечигүүгө себеп экендиги талашсыз. Канткен күндө да 1 жарым гектар аянтты ээлеген "Эркиндик" аянтын 6 айдын ичинде долбоордо көрсөтүлгөндөй жасаганга аракет кылдык.

– Кээ бир адамдар «ушул фонтанды, аянтты кургандын ордуна башка эле имарат куруп же башка тармакка акча жумшаса болмок» дешүүдө...
– Эл арасында ар түркүн кептер айтылат экен да. Эл оозунда элек жок, эл сынчы. Менимче, бир топтогу адамдардын пикири жалпы элдики болуп саналбайт. Балдар бакчасы курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди. Көк-Арт кичи шаарчасында спорт зал курулду, студенттик бейтапкана ачылды, айтор, айта берсек көп. Бирок «бүткөн ишке сынчы көп» дегендей, ар кандай кептер айтылып жатат. Шаардын коноктору эң алгач эс алуучу жайларга көңүл бурат эмеспи. Андыктан мен элге шарт түзүп берүү максатында аракет кылып келем. Демек, бул фонтандын ачылуусу, аянттын курулуусу шаардын көркү болот деп айта алам.

– Жумуш бүткөрүлөрүнө аз калды дедиңиз эле, бүттүбү?
– Ал нерсе фонтандын иштөө­сүнө кедергисин тийгизбейт. Кашааларын тосуу, кошумча дизайн жасоо иштери гана жүргүзүлүүдө. Азыр фонтан кечки саат 18.00дөн баштап түнкү 22.30га чейин иштеп жатат. Суук түшүп, суу тоңгонго чейин иштей берет. Техникалык колдонуу боюнча эрежеге ылайык 40 мүнөт жандырылып, 15 мүнөт тыныгуу болушу керек. Элдердин талабына карап, азыр 45 мүнөттөн иштеп жатат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
26.11.2012. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Охоо!! Жалал-Адаб убагы келгенде Жаливуд болот окшойтко.Ылайым Ушундай оз мекенине куйгон ,эмгекти суйгон патриот мэр байкелер кобойо берсин..
26.11.2012. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да абдан жакты,буйруса Кыргызстанга барганда атайын коруп келем го.
26.11.2012. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эн сонун кабар!!!жалал абадтагы фонтан оштогу эстеликтер шаардын мээрлеринин мыкты экенин билинип туратго азаматсын!!!
26.11.2012. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалал абатдын мээрине рахмат.
28.11.2012. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо...кандай соонун ушинтип кыргызстаныбыз онуго берсин.Биздин жерибизгеда чет мамлекеттерден ес алууга келсиндер.
29.11.2012. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба мээрибизге терен ыраазычылык билдиребиз аябай сонун корунуп калды!!! Ушундай жаш патриот адамдарыбызга колдоо корсотсок чынында эле Жалал-Абад Жаливуд болотго деген иншеним бар!
30.11.2012. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакыт Адылов "Өнүгүү" партиясында деп айтышты эле имиштеп. Эми кандай болоор экен. Чоң бийликте СДПК, шаарда болсо "Өнүгүү" жеңди... Эми бул мэр ордунан "обдулбайт" бекен...
30.11.2012. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алга Жалал-Абад!!! биз ушинтип онугобуз!!!
02.12.2012. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга КЫРГЫЗСТАН!!! Оркундой бер осо бер!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо