Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДҮЙНӨЛҮК ЖАШТАР АССАМБЛЕЯСЫ КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯCЫН ӨТКӨРДҮ

№525 23-Ноябрь-29-Ноябрь, 2012-ж

Нарын шаары боюнча каттоодо турган жетим балдарды өз кучагына алып, жардам берип келген Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы быйыл да өзүнүн көмөгүн көрсөттү. Ассамблеянын Нарын облусу боюнча өкүлү Заирбек Аширбаев буларды айтып берди:
– Бул жолу каттоодо турган 121 балага 2000 сомдон акчалай жардам жана кышкы жылуу күрмөлөр берилди. Ал эми күрмөлөрдүн ар бири 800 сомдон турат. Биздин ассамблея 121 баланы толугу менен өз камкордугуна алган. Аларды ар бир 4 мезгил сайын кийим-кечек, окуу куралдары, мектеп формалары менен камсыз кылып турат. Баланстагы окуучулардын арасынан жакшы окуп, мектепте тартиптүү жүргөн балдарга кошумча кызыктыруучу белектерди же жыл сайын Ысык-Көлгө жолдомо берип, эс алдырып келебиз. 18 жашка чейинки балдарды өз камкордугубузга алабыз.  Мындай акциялар бүткүл Кыргызстанда өткөрүлүп келет. Өткөн жумада ушундай эле иш-чара Ош шаарында болгон, эми келерки жумада Ысык-Көл облусунда өткөрүлгөнү турат.
Эскерте кетчү нерсе, Дүйнөлүк жаштар ассамблеясы 2006-жылдан тартып Нарын облусунда иш­мердүүлүгүн улантып келет. Ал эми каржы каражаты менен араб мусулмандарынын колунда бар өкүлдөрү каржылашат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо