№525 23-Ноябрь-29-Ноябрь, 2012-ж
Биз менен байланышкан Миргүл Жумадылова аттуу айым Каракол шаардык ооруканасынын дарыгерине нааразычылыгын билдирип, ичине толгон арманын бөлүшкүсү келгенин жашырган жок.
«КАНДЫ ТОКТОТОБУЗ ДЕП БАЛАМДЫ АЛЫП САЛЫШТЫ»
– Жолдошум экөөбүздүн бир кызыбыз бар. Андан кийин 8 жыл өтсө да, төрөй албай жүрдүм. Наристелүү болууну каалап, көрүнбөгөн дарыгерибиз, барбаган жерибиз калган жок. Ошентип жүрүп былтыр, 2011-жылы боюма бүттү. Арадан 7 жума өттү. Катуу талгак болуп, оор көтөрдүм. Бирок ар дайым врачтын көзөмөлүндө болдум. Анализдеримдин жыйынтыгы да жакшы чыккан. Бир күнү бир чака суу көтөрө койсом ичим ооруп, дароо «Тез жардам» чакырттык. Текшерүү учурунда «баары жакшы, балаңар аман-эсен экен» деген дарыгердин сөзүн угуп деле санаам тынбай, боюмдан түшүп калбасын үчүн ооруканага жатып, дарыланайын деп чечтим.
Ооруканага 16-июлда кечинде барып жайгаштым. Эртең менен дарыгер келип, «кан кетип жатыптыр, УЗИден өтүңүз» дегенинен текшерүүдөн өттүм. УЗИден «медицинада эки бөлүктүү жатын (двурогая матка) деген нерсе бар. Сеники ушундай экен. Анын бирөөндө бала, бирөөндө кан бар» деп жаткырып коюшкан. Көрсө, менде бир эле жатын экен. Ушуну билбегенден кийин эмнеси врач?! Эки күн өткөн соң врач көрүп, «бул бала болбойт» деп дароо эле тазалап баштады. Чыдамым кетип сурамжыласам, «быжылдабай жөн жатчы» деп кагып койду. Көпчүлүк жардам сурап кайрылган өмүр сакчыларынын ушундай кайдигер мамилесине ичиң муздайт экен. Кыскасы, 1,5 саат тазалады, абдан кыйналдым. Ошентип, баламды жоготуп алдым...
Көп кан жоготконум үчүнбү, айтор, бүгүнкү күндө унаага түшкөн сайын башым айланат. Мага окшоп бала жытына зар болгон ата-энелер дарыгердин шалаакылыгынан баласын жоготуп албаса, ар бир кош бойлуу аялзатына туура мамиле жасалса деген тилек менен гезит бетине чыгарууну туура көрдүм.
Ар ким өз пикирин туура дейт эмеспи. Бул айымдын сөзүн угуп, экинчи тарапка кайрылдык. Врач ВЕНЕРА КЫЛЧЫКБАЕВА төмөндөгүдөй жооп узатты:
«ӨЗҮМДҮ КҮНӨӨЛҮҮ ДЕП ЭСЕПТЕБЕЙМ»
– Менин ооруканада иштегениме он жылдан ашты. Буга чейин мага мындай нааразычылык бир да жолу болгон эмес. Окуя болгон күнү адаттагыдай жумушта элем. Кош бойлуу бейтаптан кан кетип жатыптыр. Ал оор нерсе көтөргөндүктөн ушундай болуп жатканын айтты. Дарыгерлик милдетимди аткарып, агып жаткан канды токтотууга аракет кылдым. Ал үчүн жатынды түйүлдүктөн тазалоого туура келди. Эгерде кош бойлуу адам көп кан жоготкон болсо, кан басымы түшүп, эс-учун жоготмок. Негизи, ден соолугу чың энеден эч качан кан кетпеши керек. Ал айым өзү дарыгер болбогондон кийин жакшы түшүнө албай жатат. Балким, ортодон бирөөлөр туура эмес түшүнүк берип койгон чыгар. Эмне себептен мага күнөө коюп жатканын алигиче түшүнбөйм. Өзүмдү күнөөлүү деп эсептебейм.
Мага болгон нааразычылыгын угуп, болгон ишти туура түшүндүрөйүн деп үйүнө барсам, кошуналары «алар бул жерде жашабайт, айылга кетишкен» дегенинен мен да издебей калгам. Мындан ары ден соолугуна кам көрүп, дарыланса, балалуу болушу толук ыктымал.
Эки айымдын талаш-тартышынан соң маселени карап жаткан КРнын Акыйкатчысынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн башкы адиси БОЛОТ АБДИЕВдин да пикирин угууну туура көрдүм.
– Жумадылова Миргүлдүн арызы колума келип түштү. Материалда баары көрсөтүлүп тургандай, бул боюнча дарыгерден күнөө кетип жатат деп айта алам. Себеби алар өз кесибин мыкты алып баруусу зарыл. Жумадылова Миргүл бүгүнкү күндө моралдык жана материалдык чыгымдарды төлөп берсин деген талап коюп жатат. Маселе аягына чейин чечиле элек.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Бизге Караколго мындай врачтардын кереги жок.Врачтык билимине текеберденип,маданияттуу жооп бербесе,эл м/н чын конулд/п иштебе
Сизге эскертүү!
Сайтта адепсиз,бирөөнүн дарегине айтылган негизсиз күнөөлөөлөргө тыюу салынат!