БАКТИЯР БЫЛКЫЛДАП БИЙЛЕГЕНДЕ...

№525 23-Ноябрь-29-Ноябрь, 2012-ж

Башталышы – 19:33 (33 мүнөт кечикти)
Билет баасы – 250-700 сом
Алпаруучулар – Жамбыл Камчиев, Ильяз Агыбай уулу
Көрүүчүлөр – Спорт Ордосунун 120 пайызы (20-ноябрь күнү)
Эң мыкты номер – «Биз» тобунун «Лейлек» аттуу ыры

Легендарлуу «Биз» тобунун Спорт Ордосунда 20 жылдык юбилейине арналган концерти менин сынымдан да өттү. Спорт Сарайында элдин батпай баратканын баамдап, концертти эки күн өткөрсө болмок деген ой келди. Чынында эл кымгуут болуп, басканга жер калбай калды. Спорт Ордосу толуп, орунга жетпегендер концертти аягына чейин туруп көрүштү. Сахна көшөгөсү туптуура 33 мүнөт кечигип ачылды. Артымда турган бир жаңы кыргыз «оо, аяш авалар яман кечигишти го, аа...» деп сүйлөп жатканын угуп, бырс күлүп алдым. Сахна жасалгасынан өзгөчөлүк байкалбады. «Биз» тобунун жигиттеринин сүрөттөрү түшүрүлгөн чоң баннерден башка эч нерсе жок.
Ошентип, эл толуп-ташкан Спорт Ордосунда «Биз» тобу чыгып, четинен хит ырларын аткара башташты дейсиң. Эл да кол чаап, кыйкырып, ышкырып Бактиярдын үнүн жөн эле басып кетип жатты, чиркин... Бактияр да тердеп-кургап, калтырап-титиреп, бир тыным албай бийледи дейсиң, тобо-о! Бул жакта турган менин да бийлегим келип кетти. Окурман, барбай калсаңыз бармагыңызды тиштей бериңиз, анткени сонун концертти өткөрүп жибердиңиз.
Бир нече жылда бир болгон бул топтун концертинин кемчилиги катары сахнага чыгып куттуктоо айткан Бактиярдын агаларынын көптүгү болду. Айрым агалары көп сүйлөп, элди зериктирип да жиберишти. Ии, баса, Лейлек районунун администрациясы тарабынан Бактияр Токторовго «Лейлек районунун ардактуу атуулу» деген наам ыйгарылды. Биротоло ардактуу бийчиси деген деле наам берип коюшпады дедим ичимден. Бул какшык эмес. Чынында, мындай ой Бахтияр Токторовдун өзүнө гана жарашкан, былкылдап-шылкылдап сонун бийлегенинен улам келди. Аталган топ биз билген «Таң чолпон жылдызым», «Ак көйнөк кийген бийкеч», «Туулган күнүң менен!», «Лейлек» деген хит ырларын ой-да майын чыгара аткарды. Өзгөчө «Лейлек» ырын эл ушундай бир «овациялар» менен кабыл алышты дейсиң...
Алпаруучу Жамбыл Камчиев «жалаң лейлектиктер келген окшойсуңар аа...» деп андан ары улай «лейлектиктер темпераментный келет» деп комплименттерди жаадырып жатты. Ал ортодо Бактиярга гүл берип, бетинен сүйгөн күйөрман кыздарын көрүп, куудул «э, көрүнгөн кызга бетиңди өптүрө бербе эми, жаш эмессиң деги» деп отургандарды жылмайтты. Конок катары чакырылган «Нур», «Максат-Баткен», «Таалай элеси» топтору концерттин жүрүшүнө шаң кошушту. Эл ретро ырларды сагынган экен. «Биз» тобунун жандуу үн менен коштолгон концерти «баракелде» деп айтууга толук татыды.

Толик Сынчы
star@super.kg


"Биздин" концерти Бактияр мырзанын укмуштай бийинин коштоосунда

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(58)
SUPER.KG видео
23.11.2012. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга "Биз" тобу... Азаматсынар!
SUPER.KG видео
25.11.2012. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eeeeeeeeeeeeeee
26.11.2012. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай сонун ырдайт го. Бийлегени тимеле озуно жарашканын айт. Азаматсынар бар болгула!
26.11.2012. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
waahahhaha, Tolik syn4y ubivaet prosto)))) tak prikolno chitat' ego kommenty
26.11.2012. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Молодец Бактияр, чыныгы табигый таланттуу ырчы.
26.11.2012. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кыргызстандын ардактуу атуулу деген наамга деле татыйт, дайыма концерт берсе жандуу ырдайт бийлеп да жиберет башка ырчылар орнок алышсын тимле кыйратышкансыйт мурдун которушуп оозун кыймылдатып коюшуп
26.11.2012. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошко дагы концерт койуп келгилечи.сураныч
27.11.2012. 05:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодцы. Мен окуп алып эле жыргап калдым. Мекепте окуп жургондо аябай атактуу группа эле.
27.11.2012. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жон эле тытат да бийди. Бирок молодец. Концерттен чыккан элда выбрация болдуго дейм. Озу иши кылса дирилдеди. Толик сынчы сиз бийлерин уйрондунузбу?
SUPER.KG видео
27.11.2012. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун
27.11.2012. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыз Бактияр аке.Сиздин талантынызга таазим.Жигиттерден турган коп жашаган топ жалгыз „Биз“тобу.Аты дале очпой келет.Артыныздан шакирт калтырып „Биз“ тобун туболукко жашатыныз.Азыркы кээ бир ырчылар бир «дежурный» ыр ырдап алышып эле оздорунчо „Звезда“ асманда гана калкышат го тим эле.
SUPER.KG видео
27.11.2012. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Бактияр!канцерт отто жогору денгээлде болуптур,мурунку ырчыларды кандай чогулттун?жандуу ун жанга жагат!чыгармачылык ийгиликтер болсун!
27.11.2012. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
koz tiybesin en sonun top
27.11.2012. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биз тобу Лейлектин атын ырдаганда тимле чимириле бийлейбизда. ишиниздерге ийгилик.
28.11.2012. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bahtiyar baykenin tigi surotu prikolno boluptur
28.11.2012. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактияр Токторов - "Биз" тобу өчпөс жылдыз болуп кала беришсин. 20 жылдан бери келаткан атын жоготпой алып жүрүшүнө тилектешмин.
SUPER.KG видео
28.11.2012. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азаматсынар биз игилик калайм укмуш болуптур концертинер
29.11.2012. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
eeee ni4ego sebe tancuet!!! molodec!!!
29.11.2012. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура азыр
29.11.2012. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр каннам стилинде бийлеп озгор деп айтканы туура. жакшы жакшы прям бийлеп жатып движенияларын билбей калып атты го даже
29.11.2012. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыныз Бактыяр байке! Баары суппер болду.
SUPER.KG видео
29.11.2012. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынаны концерт десе болот Азаматсынар Биз тобу
29.11.2012. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бактияр ава талантынызга таазим, ушинтип еле Лейлектин атын чыгарып журо бериниз. Концерт зор болду Жамбылды эсепке албаганда.
30.11.2012. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Братан эзет да
01.12.2012. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Концерт жакшы болду. Залдын 150 пайызы толгон элдин алдында жандуу ун менен ырдоо озу эрдик...
02.12.2012. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таң калычтуу, Толик сынчы демейде концерттерди жиликтейт го. Бул жерде элди кызыткан көбүрөөк эстраданын ритми. Билбейм, жандуу ыр менен ырдаганда башка ырчылардыкы кандай болот, сөз чынынан бузулбайт, Бактиярдын кайрыктары аттын кишинегенине аябай окшоп жатты. Бийлегенде сол колу эмне дейт, аялдарды туурай жаткансыды. Эми жогорудагы күйөрмандары чуру-чуу түшүп эле калат болуш керек ))). Менин оюм ушундай )).
02.12.2012. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактыяр байкеге давно пора Кыргыз Эл Артисти деген наамды Маданият Министирлиги бериши керек. 14 альбом ар бир альбомдо 9-12ден ыр,ар бир ырдын созу обону озуно таандык мунун баары кандай эмгек кандай туйшук. Мунун баарын баалайлы барктайлы.
04.12.2012. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
концерт жогорку денгээлде отту. Мага Кожакмат байке жагат. Редакция сиздерден сураныч номери болсо бериниздерчии
04.12.2012. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kosi, андай маалыматтарды бере албайбыз.
04.12.2012. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_AGAT, 0558048848 ушул номерге жонотуп коюунуздарды суранам
SUPER.KG видео
12.02.2013. 05:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Яшан, яшан! Бахтияр аба. концертти катырыпсыз, сиздин ырларыныз менен мектепте катта богонбуз.
SUPER.KG видео
08.08.2015. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар баракелде негизи таланттуулардын кобу баткенден чыгат.
Баткендин Бужун деген айылында ырчы коп
Кыскасы только в периот
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо