Куралбек Чокоев:«КҮЙӨРМАН ЭЖЕЛЕРДЕН КУТУЛУШ КЫЙЫН»

№525 23-Ноябрь-29-Ноябрь, 2012-ж

Фонограммасыз ырдоо ар бир эле ырчынын колунан келе бербейт. Бүгүнкү биздин каарманыбыз ырчы Курал Чокоев ырды жандуу ырдап, музыкалык аспаптарда ойной алат.

– Салам, Курал, куш келипсиң! Ырчылар элге таанылып, анан сынактарга аттанчу эле, тескерисинче, сен сынактардан атыңды чыгардың окшойт.
– Салам, ооба, мен ошол сынактардын артынан көпчүлүккө таанылдым, чыгармачылыкта такшалдым, тажрыйба топтодум. Өзүмө болгон ишеним бекемделди дегендей. Башында авторитеттин жоктугунанбы, айтор, көп эле сынактардан "кичинекей баласың" деп көчүккө тээп коюшчу. Бирок мен токтогон жокмун, бир сынакта өтпөй калсам, көк беттенип экинчисине катыша бердим.
Өжөрлүгүмдүн жардамы менен Астанадагы “Шабыт” фестивалында 1-орунду, Кыргызстанда 2010-жылы “Ысык-Көлдө кадыр түн” фестивалында 2-орунду алдым. Ал эми “Жаңы толкун” сынагына бир эмес, эки жолу катышып, жарым финалга өттүм. Учурда клип тарттырып, ыр жаздырып, эски ырларга жаңы өмүр берип кыргыз эстрадасына аз да болсо салымымды кошуп келатам.

– Эл аралык сынактарга көп барган катышуучу катары айтсаң, чет өлкөлүктөр кыргыз музыкасын кандай кабыл алышат?
– Башында көпчүлүгү баалашпайт. Бирок уга келгенде башкача кабыл алышат. Түркияга сынакка барганда азербайжан, түркмөн, өзбектердин музыкаларынын бири-бирине окшоштугунан эч кандай өзгөчөлүк жоктой сезилген. Мен кыргыздын кийими менен калпакты бастыра кийип “Оп майданы” ырдаганымда зал кадимкидей жандана түшкөн. Себеби биздин музыка алардыкынан айырмаланып турат.

– Кепти өткөн мезгилге буралы. Жакында эле студенттердин майрамы болуп өтпөдүбү, сенин студенттик күндөрүң кайда өткөн?
– Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөм, Актёрлук чеберчилик бөлүмүндө окугамын. Беш жыл ошол окуу жайдын жатаканасында жашап, унутулгус студенттик күндөрдү өткөрдүм. Султан Садыралиев, Мирбек Иманбеков, Нурбек Дайырбек уулу сыяктуу ырчы жигиттер менен чогуу окучубуз. Бир ирет биздин окуу жайыбыз менен Кыргыз улуттук консерваториянын студенттери КВН таймашын өткөрүп калдык. Ошондо Мирбек, Султан болуп командадагы жигиттер баарыбыз жоолук салынып, халат кийип, аспаптардын ордуна колубузга чылапчын, керебеттин темирлерин, кашык-вилкаларды алып, ар кандай үндөрдү чыгарып “Маш ботойду” черткен элек. Абдан күлкүлүү болгон. Ал интермедиябыздын артынан жеңүүчү да аталганбыз.

– Жатаканада ач калган күндөр көп болот эмеспи, кыздардын тамагын уурдап жечү белеңер?
– Жок, биз тамак бышырган газ плитанын жанында эле аңдып отурчубуз. Качан гана кыздардын тамагы даяр болуп, бөлмөсүнө алып кирип кеткенде артынан барып, "кел, кир" дебесе деле отуруп, тамагын жеп чыгып кетчүбүз (күлүп).

– Сендей “шустрый” жигит далай кыздарга сүйүү каттарын жазса керек...
– Антип кат жазып сүйүүмдү билдирген жокмун. Жактырсам, түз эле барып бетине айтчумун. Окуучу куракта кыз жагып калса, ага укулап-чукулап тийишип, шылдыңдап, бир нерсесин ала коюп, жула коюп жөн турчу эмесмин.

– Бала кезде аябай эле тентек өскөн окшойсуң...
– 3-класска чейин абдан тентек өстүм. Тракторлордун дөңгөлөктөрүн тешип-жарып, кошуналардын тоокторунун жумурткаларын уурдап, кемпирлер отурса, алдынан чыбык ат менен чаң ызгытып өтүп жүдөтүп жүрчүмүн. Эсимде, өзүмдөн улуу балдар мени таттууларды саткан эженин үйүнөн "конфет уурдап чык" деп уурулукка киргизишкен. Ошондо кармалып калып, ата-энемден токмок жегем. Атамдын тамекисин алып чыгып балдар менен чогуу чегип отурганда, таякем көрүп калып атама айтып, анда да таяк жеп, экинчи чекпес болгом. Ата-энем бизди катуу деле кармаган жок, алардын психологиялык “подходу” башкача болчу. Көбүнчө сөз менен түшүндүргөнгө аракет кылар эле.

Эми күйөрман кыздардын бүйүрүн кызыткан суроо, качан ата-энеңди келиндүү кылайын деп жатасың?
– Ата-энем, дос-туугандардын баары ушул суроону берип жатышат. Буюрса, жакынкы эки жылда. Учурда жүрөгүм бош. Жаштык кылып 16 жашымда үйлөнүп, турмуштун оор сыноосуна кабылгандыктан, үйлөнүүгө анча шашылбайм. Уулум Санжар апасынын колунда тарбияланып жүрөт, кабарлашып турам.

– Балким, сенин келечектеги жубайың биздин окурмандардын арасында жүргөндүр, сага кандай кыздар жагат? Алдын ала билип алсын.
– Сырткы сулуулугу менен ички сулуулугу төп келген, акылман, менин чыгармачылыгымды түшүнгөн, колдогон кыздар жагат. Анан көзүнө чоң маани берем, бекеринен "көз – жан дүйнөнүн күзгүсү" деп айтылбаса керек. Ал эми “беспардонный”, өзүн сулуу сезген, жөнү жок күлө берген кыздардан качам.

– Той-топурда жүргөндө жолуңду тосуп сүйүүсүн билдирген, ашынган күйөрман кыздардан кантип кутуласың?
– Азыр күйөрман кыздардан да күйөрман эжелерден кутулуш кыйын болуп калды (күлүп). Кээде тамаша аралаштырып "биз сени сүйөбүз, чыгармачылыгыңды сыйлайбыз" деп комплимент айтып калышат. Мен деле тамаша айтып кутулуп кетем.

– Кеп нугун чыгармачылыгыңа бурсак, сенин аткарууңдагы "дүрүдүм-дүрүдүм" деген саптарга бай “Билип жүр” аттуу ыр быйыл "Супер-Инфонун" версиясы боюнча “Жылдын супер ремейки” жана “Жылдын супер-клиби” деген эки наамда ат салышып жатат. Бек Борбиевдин бул ырын кантип ырдап калдың?
– Бул ырды тээ кичинемден баштап эле кыңылдап ырдап жүрчүмүн. Жатаканада жашап жүргөндө да досторум кечке “Дүрү-дүмдү” ырдап берчи дей беришчү. Анда мен ыр кимдики экенин билбейт элем. Бек байке экенин билип, кийин өзүнө жолугуп, уруксатын алып, анан ырдап чыктым. Азыр мени баары "дүрү-дүм" деп чакырып калышкан. Аталган клиптин сценарийин өзүм жазгам. Башка ырларыма караганда бул ыр элге жакшы сиңди, суперликти алууга татыктуу деп ойлойм.

– Өзүңдүн актёрлук кесибиң менен иштеп көрдүңбү?
– Ооба, окууну бүткөндө бир жыл Кыргыз драма театрында иштегем. Бирок азырынча ырчылыкты жолго салып, анан актёрлук кесибимди улантайын деген максаттарым бар. Мындан сырткары Ырыс Окенованын “Талаш тагдыр” тасмасында ырчы жигиттин ролун аткаргам. Бирок бул ролума көңүлүм анча толгон эмес.

– Маегиңе чоң рахмат!

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр ырчынын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


Куралбек Чокоев: "Күйөрман эжелерден кутулуш кыйын"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(33)
SUPER.KG видео
25.11.2012. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
waashe jakpait da ushul bala
SUPER.KG видео
25.11.2012. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Talanttu jana jakshynakai bala da maga ayabai jagat yny bir ozgocho chynygy irchi dese jarashat. kozdoru olu kalgankyzdar bar dedi go olturdu da boorumezilip kaldy kulup atip
SUPER.KG видео
25.11.2012. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул жигиттин ырдаган ырлары жагат да бир башкача ырдайт
SUPER.KG видео
25.11.2012. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
AZAMATSYZ Kural bayke sizdin unuz ozgocho chem bashka irchilarga karaganda men sizdi ayaby talantuu irchi dep bilem iygilik KYRGIZ elimdi duyno juzuno tanitkan insandardan boluz!!!
SUPER.KG видео
25.11.2012. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага озу да жагат,ырлары да жагат :-)
26.11.2012. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалайм!
26.11.2012. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул жигит абдан таланттуу!! Мен талантына ото чон баа берем. Уну озунчо эле укмуш.Гитара менен Суперинфодо ырдаган англисче ыры качан интернетке чыгат? я Курал?
26.11.2012. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aaaaaa balasy bar ekenin bilgen emes elem
26.11.2012. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курал, азаматсыз! Иштеринизге ийгилик... талантыныз бар... унунуз укмуш... Талыкпас эмгегиниз сизди бийикке алып чыгат...
26.11.2012. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге акырына чеин коргозбой жатат?
SUPER.KG видео
27.11.2012. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Алдагы шарфыныз менен шляпанызды чечип эле койбоптурсуз да кыйналбай жарашпай да калыптыр
SUPER.KG видео
27.11.2012. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мага "Дүрүдүм" аябай жагат! Клипи дагы мыкты тартылган.
SUPER.KG видео
27.11.2012. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
таланттуу жигит, уну кучтуу, ийгилик демекчимин, бирок- стилинин устундо иштеши керек...
27.11.2012. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курал мага абббббдан жагат,уну да аябай кооз.«Билип журду» Бек Борбиевден да ашыра аткарып койгон.
27.11.2012. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз!!!!!!! Ийгилик!!!


SUPER.KG видео
28.11.2012. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаныдан чыга баштаганда стиль жагынан болобу,суйлоо жагынан болобу,бардык жагынан болот да мучулуштор."Жылдыздыкты" которо албай эле кетпесе,осо турган жигит.Озуно бекем ден соолук,ишине ийгиликтерди ж-а ошону менен бирге эле,турмушта бактылуу болушун каалаймын!
28.11.2012. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatsyz. iigilik sizge!!!
28.11.2012. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдар менен суйлошкондо да абдан сылык экен. Чыгармачылык ийгилик!
29.11.2012. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodec eken, birok men birin4i korushum, taanybait ekenmin. Ka4an 4ykty ele?
29.11.2012. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Курал! Чыныгы ырчы деген ушундай еле болот да.
30.11.2012. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ырчы... Ийгилик каалайм!
01.12.2012. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
курал уну жакшы!дуру дум Бек Борбиемвдин ыры билип жур сен да!
02.12.2012. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм укпаган экем ушул ырчыны
02.12.2012. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жигиттин тартынбай ырдаганы мага аябай жагат.Актерлук жагы да бар окшойт. Сахнада озун эркин сезет. Ушундай болуу керек. Баракелдее...
SUPER.KG видео
07.12.2012. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Курал алдыга жана дагы алдыгаааа!
SUPER.KG видео
09.12.2012. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакпайт да ушул кайдагы оригинал ун
SUPER.KG видео
09.12.2012. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтын ундо акча берип эле чыкса керек андан кучтуу ырчылар турса ушуга берип койюшат
SUPER.KG видео
09.12.2012. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаааакпааайт да вооопще
SUPER.KG видео
12.12.2012. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саячка мага да "Дүрүдүм" аябай жагат! Курал талантын ташкаындай берсин, кээ бир очуп жанган лампочка сыяктуу жылдыздардан эмес, чыныгы ЖЫЛДЫЗдардын бири бол!!! Ийгилик
SUPER.KG видео
25.01.2013. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куралбек Чокоев таланттуу жигит! Азаматсын! Удачи!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо