Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДЕПУТАТ ОБДУНОВГО ИШ КОЗГОЛДУ

№525 23-Ноябрь-29-Ноябрь, 2012-ж

«Республикачы» депутат Элмурат Обдунов ОшМУда иштеп турганда окуудан чыгарылган 421 студенттин 2,5 миллион сомго чукул келишимдик акысын кайтарып бербей, кымырып койгон деп шектелүүдө. Негизи, бул боюнча кылмыш иши 2012-жылдын июль айында эле козголгон экен. Бирок ал кезде кылмышка шектүү катары ОшМУнун ошол кездеги
проректору Ашыралы Борбоевдин гана ысымы аталган.
Элмурат Обдуновго учурунда кылмыш иши козголбогонун талдоочулар тергөө иштерине бийликтин түздөн-түз таасири менен байланыштырышат. Анткени июль айында «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов өкмөт башчысы болчу. Андыктан тергөө ал кезде «республикачы» депутатка кылмыш ишин козгоого дааган эмес деп божомолдошот.
Элмурат Обдунов өзүнө карата козголгон кылмыш иштери боюнча күнөөсү жок экенин, бул дыкат иликтөөгө алына турган маселе экенин билдирди. Ошол эле учурда Башкы прокуратуранын аракетинде саясий куугунтук жок деп эсептейт.
22-ноябрда ЖКда депутаттын кол тийбестигин алуу боюнча Башкы прокуратуранын сунуштамасы каралып, маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Жумушчу топ бул маселе боюнча бир айдын ичинде жыйынтык чыгарышы керек.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо