Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДЕПУТАТТЫН УУЛУ ДА АРМИЯГА БАРАТ

№525 23-Ноябрь-29-Ноябрь, 2012-ж

«Кумтөр»маселесин көтөрүп чыгып камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаровдун тун уулу аскердик кызмат өтөп жатыптыр деген кеп уккан элек. Чын-бышыгын билүү максатында ал кызмат өтөп жаткан Улуттук гвардиянын курамындагы аскердик бөлүгүнө барып, Садыр уулу Дастан менен баарлаштык. Ал баарлашуубузду окурманга сунуштоону эп көрдүк.

– Дастан, айтсаң, аскерге эмне үчүн келдиң? Азыр депутаттын эмес, колунда бар адамдын балдары да аскерге келбейт го?
Университетти бүткөндөн кийин атуулдук парзымды өтөп, армияга келейин деп ниет кылып жүргөм. Атам менен кеңешсем, «кийин кеч болуп калат. Азыр эле барганың оң»деди. Ойлонуп көрүп, атамдын айтканына макул болдум. Себеби жаш балдардан «старик»деген шылдың сөз уккум келген жок. Ленин райондук аскер комиссариатына барсам, ал жерден мени каттабай коюшуптур. Аскердик кызмат өтөйм деп каттоого туруп, кызмат өтөөгө келип калдым. Кудай буюрса,
Ата Журт алдындагы атуулдук милдетимди аткарып, мекенимди коргоп жатам.

– Аскердик кызмат өтөгөн кандай экен? Жоокерлер үйүн сагынып, куса болуп, көзүнө жаш алган күндөрү болот. Сенде андай сезимдер болгон жокпу?
Пекинде окуп жүргөндө үйдү сагынып, Кыргызстан көз алдыма тартылчу. Азыр Кыргызстанда эле болгондуктанбы, андай кыйналуу, сагынуу деле боло элек. Анын үстүнө «увольнениеге»чыкканда үйгө барып турам.

– Кайсы окуу жайда окуйсуң?
Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетинде 2-курста окуйм.

– Анан кандайча Пекинде окугансың?
Пекиндин университетинен 2 жарым жыл тил курсунда окуп келгем.

– Анда кытай тилин жакшы билет турбайсыңбы?
Ооба, жакшы билем. Бул жакта беш жыл кытай тилин окуганга караганда Пекинде окуган артык деп ошол жактан окудум. Анткени кытай тили дүйнөлүк тилге айланып бара жатат.

– Мектепти Бишкектен бүткөнсүңбү?
Ооба, англис тилин да жакшы өздөштүргөм. Азыр англис, кытай, орус тилин кошкондо үч тилде эркин сүйлөйм.

– Үйдө кайсы тилде сүйлөшөсүңөр? Биз билгенден чоңдордун балдары кыргыз тилинде жакшы сүйлөй алышпайт. А сен кыргыз тилинде жакшы сүйлөйт экенсиң...
Ар бир жаран өз эне тилинде сүйлөшү керек. Үйдө кыргыз тилинде сүйлөшөбүз. Кээде ата-энем билбесе экен деген «секреттер»болгондо бир туугандарым менен англис тилинде сүйлөшө калабыз.

– Канча бир туугансың?
4 бир тууганмын. 2 иним, карындашым бар.

– Эки иниң да сага окшоп аскердик кызмат өтөйбү же аскерге баргандан кооптонушабы?
Сөзсүз армияга барышат. Анткени атам «эркек болгондон кийин баарыңар армияга барышыңар керек»деген катуу талап койгон. Биздин үй-бүлө армияга баргандан арданбайт, кооптонбойт дагы. Тескерисинче, аскерде кызмат өтөгөндөргө урмат-сый менен мамиле кылышат. Кыскасы, аскердик кызмат өтөөнү атуулдук парзыбыз деп билебиз. Ошондуктан биздин үй-бүлөдөгү эркектердин баары армияга барышы керек деген принципти туу тутабыз. Атамдын Эркинбек аттуу каза болуп калган инисинин улуу баласы Ринат биздин колубузда. Менден кийинки иним экөө бир куракта. Атам «жашыңар жеткенде баарыңарды армияга жөнөтөм»деп жүрөт. Бизди атам мекенди сүйүүгө үйрөтүп тарбиялайт.

– «Аскерге келип бекер бир жыл убактымды короттум. Андан көрө университеттин дагы бир курсун бүтүрүп алсам болмок»деп өкүнгөн жоксуңбу?
Аскердик кызмат өтөөгө кеткен бир жылдык убактыма өкүнбөйм. Тескерисинче, армияга келгениме сыймыктанам. Кудай буюрса, окуумду жазында барып улантам. 23 жашымда эле окууну бүтүп, дипломго ээ болом деп кыялданып жатам.

– Азыр армияга келгенден көптөр кооптонот. «Дедовщина»күч дешет. Таяк жеген күндөрүң болдубу? Ачыгын айтчы?
Бул жактан мен «дедовщинаны»көрө алган жокмун. Баары мыйзам чегинде. Баарыбыз уставдын негизинде, темирдей катуу тартипте жашайбыз.

– Аскерге чиновниктердин балдары барбайт. Сенин аскердик кызмат өтөп жатканыңа офицерлер же досторуң «башына эмне күч келип бул жакка келди?»деп көзүнүн кыйыгы менен карашкан жокпу?
Баары жакшы эле көз карашта. Тескерисинче, баарыбыз бири-бирибизге сый мамиледебиз. Башында депутаттын баласы да армияга келиптир дегенсип мени таңыркап карашчу. Азыр баарыбыз бир туугандай эле болуп калдык. Кээ бир досторум «мен сенин ордуңда болсом, армияга келбейт элем»деп күлүп калышат.
Бир досум окууну бүткөндөн кийин апасы «эми үйлөн, баланчанын кызын ал»десе, үйлөнгөндөн качып армияга келгенин айтып күлдүрөт. Кыскасы, армияга кызмат өтөгөнү ак жүрөк досторумдун саны көбөйдү. Кудай ошол досторумду кут кылсын деп кубанып отурам.

– Сенин кызмат өтөөң Улуттук гвардиянын 20 жылдыгына туш болду. Бул күн эмнеси менен эсиңде калды?
Мен тарыхый даталуу учурда Улуттук гвардияда кызмат өтөп жатканыма сыймыктандым. Мына ошол майрамдын урматына атам жоокерлердин береткасына демөөрчү болуп берди. Кышкы кийимдерин да алып берем деп ниет кылып жаткан...

– Дастан, эгер ыңгайсыз болсо алдын ала кечирим сурайм. Атаңдын камалып калганын кандай кабылдадың?
Атамды «Кумтөр»боюнча эле камап коюшту. Ал колунан келишинче «Кумтөрдөгү»канча жылдан бери өкүм сүрүп келе жаткан мафиянын бетин ачты. Жакында эле «увольнениеге»чыкканда УМККнын СИЗОсунан атама жолугуп келдим. Ал мага «менден кабатыр болбо. Андан көрө аскердик кызматыңды жакшы өтө. Күзөттө турганда уктап калба, сак жүр»деди. «Чындык мен тарапта. Азыр ийилгеним менен, акыры чындык жеңет. Кудайдын маңдайга жазганын көрөбүз»деп отурат. Атам руханий жактан күчтүү, анча-мынчага чүнчүп кетпеген киши. Мен анын жеңерине, баштаган иши аягына чыгарына ишенем. «Ак ийилет, бирок сынбайт»дейт эмеспи кыргызда.

– Дастан, аскердик кызматыңды ийгиликтүү өтөй беришиңе тилектешпиз.

Аида Сариева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  19 
Комментарийлер(50)
26.11.2012. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп алып ото кубандым азаматсынар мени бир ой мазалап келет коптпон бери мага ото табышмак башка мамлекетин президентери жолугушканда уяатынан бети кызарат болду бекен биздин президентин баш которуп оюн да айта албаса керек деп ойлоймун себеби айтса озундун жерини неге ошондой кылып башкарбайсын дешсе керек деп .сый урмат деген да башкача болсо керек биздин депутаттарга президентке башка улуттун окулдоруно караганда.
27.08.2019. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен тушунбой калдым. Ошондо Садыр Жапаров 2012 жылы эле турмодо отурганбы.
26.11.2012. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындык козго саяат болуп чындыка чычалаба дегендей чындыкты чукуп чыкса алы жеткени камака ала баштайт бул эмне деген корунуш.биргеликте кыргызстанды колдоп которуу учун ,канчалаган кырныздар россияда баш калкалап оз жеринде кайкалап журсо жакшы белем.
27.11.2012. 04:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуттук гвардияда аскердик милдетти отоо кандай гана абройлуу болчу.Азамат аскердик жашоону коруп жатыптыр.Дегинкиси башка жоокерлер коргонду кошо коруп жатса ал башка кеп,чиновниктин балдары кызматты башкача отойт дегеним,себеби андай балдар штабтан чыкпайт,писарь-деп коёт,жылуу жумшак,компьютердин жанында,наряд,строевой плац дегенден алыс,нач.штаба колунда,увольнение ар жума сайын, айтоор коп привилегиялары болот.Аскердик тарбия коруш командирине байланыштуу болот.Болду болбоду штабной писарь!
27.11.2012. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Senmen сенин оюна кошулам,азыркы кундо анча мынча депутаттардын балдары армияга барбайт,Дастан Азаматсын сен башка депутаттардын балдарына улгу болот болушун керек.
27.11.2012. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик!!!
27.11.2012. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мекен астында баарыбыз бирдейбиз! Аны коргоо жана сактоо ар бири биздин ыйык милдетибиз! Азыркы Эгемен Кыргызстандын жаны тарыхында Мекенди коргоодо дегенкиси жашоодо болунуп калдык. Бу жигитин келечеги алдын ала даяр болсо да башка жоокерлерге салыштырмалуу! Жогорку окуу жайда чет олкодо журуп Кыргызстандын аскердик жогорку наамдарын алган ак кол чондордун балдарына караганда чон иш жасаптыр жана улгу болуптур ысык жана жылуу жумшак жеринде кызмат кылса да!!! Азамат Кыргыздын уулу!!
27.11.2012. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окуп алып ичим жылып калды, сени атанды да сыйлап калдым. Азаматсын. Мыкты тарбия коргонундун негизи.
27.11.2012. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
не чондун баласы еркекмес бекен барбагыдай мыйзам баарына тен болуусу абзелда мен уккан биринчи чиновниктин баласы армияда екен
27.11.2012. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чиновниктерибиздин баласы барганы дале жакшы корунуш.Жакында эле иним армияга кетти.Апамдар узатып барып,ошончо баланын ичинде бир озбек,же турк дейт.Эмне алардын жаны артыкпы...
27.11.2012. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы,
28.11.2012. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ооой кандай айырмасы баркен,депутат болсоле укмуш болуп кетет бекен,же баласы айдан тушуптурбуу....
28.11.2012. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aika777 мен сага кошулам кудай алдында бары бир тен бирок, ДЕПУТТАТАРДЫН ж/а ЧИНОВНИКТЕРДИН арасында жадгыз С.ЖАПАРОВТУН баласын угуп тан бердим!!!
29.11.2012. 05:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
патриотко малацы.
29.11.2012. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Красавчик экен атасы дагы баласы дагы, атасы озу баласын армияга жоноткондор аябай аз (тем более депутат!)Атасын тилин алган баласы-красавчик!
29.11.2012. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да биринчи жолу угуп жатам депутаттын баласы армияда экенин азаматсын Дастан.Атана аябай боорум ооруп турат.Менин деле тайкем депутат 2 баласы бар алар барышкан жок универде окушат.
30.11.2012. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын! Кыргызстандын ар бир атуулу барууга милдеттуу. Бардык кыргызстандык жигиттер ушундай болсо, армияга барбоонун амалын издешет азыр баары эле.
30.11.2012. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушунуда жанылык деп ойлосунарбы,Алланын алдында баары бирдей,андан башка жанылык жокбу.
30.11.2012. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат!!!! Биздин коррупцияга баткан олкодо депутаттын уулу жараандык милдеттин аткарып армияга барганы сенсация эле. Сын дай корунуш КР тарыхында биринчи жолуболуш керек. Башка депутаттарга жана чиновниктерге улгу болсун. Баланы ушинтип атуул кылып тарбиялаган ата- энесине Данк!!!!!!
30.11.2012. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атуул атанын баласы да атуул болот тура. Армияга депутаттын балансы бараны анын атуулдук сезими кучтуу экенин коргозуп турат. Уйдо жылуу жумшак отургандын ордуна милдеттин аткарганы кубантат. Мындай корунуш бардык кыргыз жигиттерине мисал болсо экен.
30.11.2012. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ой калп эле ПИАР кылып эмне кыласынар. Барса озу учун барып атат да. Же Садыр Жапаровду АКТАЙЛЫ деген .....
30.11.2012. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын ДАСТАН!!!Азыркы мезгилде анча-мынча байлардын жана чиновниктердин балдары барышпайт,дегеле армиядан качкан жигиттер коп.Мекен алдында милдетинди аткарып атасын.Ата-энеси берген талим тарбиясы
корунуп турат.Патриот болуп, киндик кан тамган жеринди, козундун карегиндей сактап Кыргыз эли сени менен сыймыктана турган жигиттерден бол!
01.12.2012. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мунун эмнеси жанылык кыргызстанды колунда жоктор эле емес жогоруда иштегендердин баласы да коргосун тоногонду эле билбей.
02.12.2012. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балким бул макаланы окуп башка депутаттарда жонотор балдарын. Эмнени айтып мактансам дегендерге повод болмок
02.12.2012. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барса эмне экен, ал жерде бул депутатын балдарына устав колдонулбайт каалаган убагында кетет, каалаган убагында келет. Армиясы огороддун аягында болсо. Оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун дегендей депутатын уулуна дедушкасы эмес полковниги эч нерсе дей албайт.
18.12.2012. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dani.1983, Армия КР алсыз мурда башкача болчу, ошоентсе да чечкиндуу барганы бул эрдик. Ата-энесин чуркатып деле жатышпайбы уйундо. Акты ак караны кара деш керек. Жана Дастандын куноосу жок атасы депутат болуп калганга- алар эн жакшы уй було
02.12.2012. 04:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын Дастан,аскер кызматын ийгиликтуу аяктасын,сага бир эле соз жарашат „красавчик"!!!!!!
07.12.2012. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын Дастан сендей жана сенин атандай адамдар коп болсо мамлекетибиз эбак алдынкылардан болмок.Службанды ийгиликтуу аяктап ойлогон ой максатына жет!
18.12.2012. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Армиядабы же башка жердеби мамиле тынч болсун учун ушундай депуттаардын ж.б. чиновниктердин балдар кыздары, озулору кара мерстерден тушуп элге аралашса, чогуу болсо эч жерде - тартип да мыйзам бузулбайт. Аткени мыйзамды озгортуп сунуш пикир киргизген ошолор болсо алар жургон жер тынч болот да
18.12.2012. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
НЕгизи бул уй-було эн жакшы, Атасы кандай болсо баласы да ошондой. Садыр Жапаров акталат кудай бар, "Алтынга" тойе электердин коптугунун коркконунан кылган иштери деп тушунсо болот. Кудайым сактасын ден соолук берип аман эсен чыксын- эли кутот. Атасы да баатыр- качып кетпей- элинин алдында жооп берип отурат. Элдин балдарын тируулой жегендер, элдин нанын тынчтыгын сатып,катып, карызга малып бугунку кунго чейин ЖООП бербей еще пенсия сурап уялбай ачка калгансып аман калганынан суйунбой качп жур-т!
18.12.2012. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтынды, инвестиц-ды, гум. жардамдарды жана саясий оюндарга жаштарды аралаштырып олумго чуруатып, бири кетсе биринин уйун бири орттогон чиновниктердин кимиси элдин алдында жооп берди. Экс Президеннтин балдары жонокой элдердин балдарынан эмнеси менен артык- аларга мамлекеттин да алы жетпей жатат. Закон ченеминде болбосо анда жон гана аларды сурабай атып салыш керек - куноосун эл билет. 2 соз ашык суйлогондор же китайский ботас уурдагандар ошол замат торго тушот - Закон качан баарына бирдей болсо
18.12.2012. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо мамлекет кучтуу болот. Башка эл да биздин мамлекетти сыйлайт. А бизде жок дегенде огороддош чиновнигин болсо каалаганынды кыла бер ал чечип коет - "крыша" - ТАЛАП, катуу болуш керек, каткан акчаларды иштетиш керек эл учун анан чогуу жыргайсын -байлыетарды катып алып же элге бербей ары качып бери качып же адам емес, же ит эмес же карышкыр емес ОБОРОТНИЛЕР КОП бизде
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо