Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ФУТБОЛДУК КЛУБДАРДЫ ТЕГЕРЕКТЕГЕН МИЛЛИОНЕРЛЕР

№526 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж

Бүгүнкү күндө менчик спорттук клубга ээ болуу престиждүү. Футбол спорт оюндарынын арасында эң популярдуусу болгондуктан, футболдук клубдарды сатып алуу байлар арасында модада. Миллиардерлер аны сатып алууга акчасын аяшпайт. Бүгүн футболдук клубу бар байлар жөнүндө сөз кылмакчыбыз.

Эң бай клубдар болуп «Реал Мадрид» жана «Барселона» эсептелинет. Бул эки клуб дайыма мүчөлүк акы төлөп жана Директорлор кеңешин президенти менен кошо ар 4 жылда шайлап туруучу клубдун мүчөлөрүнүн менчиги болуп саналат.


«Манчестер Юнайтед» – Англиядагы эң бай жана чемпиондук наамдардын саны жагынан эң ийгиликтүүсү. 2005-жылы америкалык ишкер Малкольм Глейзер «Манчестер Юнайтедди» 790 миллион фунтка (болжол менен 1 миллиард 260 миллион доллар) сатып алган. Кийинчерээк анын бул бизнеси Авраам жана Жоэл аттуу уулдарынын колуна өткөн. Глейзерлердин үй-бүлөсү «Юнайтедден» сырткары Улуттук Футболдук Лигада ойногон «Тампа Бей Букканерс» командасынын да ээси.

Чемпиондор Лигасынын үстүбүздөгү жылдын жеңүүчүсү болгон англиялык «Челси» клубу орус миллиардери Роман Абрамовичке таандык. Ал 2003-жылы бул клубду 230 миллион долларга сатып алып, мындан сырткары бардык карызын төлөп берген. Анын клуб үчүн ушул убакка чейин 1 миллиарддан ашуун фунт стерлинг (1 миллиард 600 миллион доллардын тегереги) сарптаганы айтылып келет. 8 жыл бою Абрамовичке чыгаша гана алып келген клуб өткөн жылы гана 1,4 миллион доллар пайда алып келген.


«Юнайтеддин» түбөлүк атаандашы болгон «Манчестер Сити» клубун 2008-жылы Араб Эмираттарынын шейхи Мансур ибн Заед аль-Нахаян сатып алган. Маалыматтарга караганда, шейх клуб үчүн 250 миллион евро төлөгөн.


Лондондук «Арсенал» клубу «Arsenal Holdings» холдингинин менчиги болуп саналат. Клубдун ири акционери – америкалык спорттук магнат Стэн Кронке, ал 67 пайызына ээлик кылат. Орусиядагы эң бай адамдардын тизмесин баштаган улуту өзбек Алишер Усманов «Арсенал» клубунун 29,63 пайыз акциясын болжол менен 212 миллион долларга сатып алган. Усманов менен Стэн Кронкенин ортосунда клубда өз үлүшүн көбөйтүү үчүн атаандаштык жүрүп келет.

Жаш чагында ырчы, кийин бир нече жолу Италиянын премьер-министри болгон медиамагнат Сильвио Берлускони «Милан» клубуна ээлик кылат.


Рейтинг боюнча, 37,5 миллиард доллары бар дүйнөнүн 5-байы Амансио Ортега да Испаниянын «Депортиво» клубунун ээси. Эгер сиз кээде «Zara», «Massimo Dutti» же «Pull & Bear» фирмасынан кийинсеңиз, анда сиздин акчаңыздын бир бөлүгү «Депортивого» жумшалат. Себеби Ортега бул фирмалардын ээси болуп саналат.


31 миллиард доллары менен Индиядагы эң бай, дүйнөдөгү байлардын алдыңкы тизмесинде турган индиялык ишкер Лакшми Миттал футболду анчалык сүйбөсө да, «Куинз Парк Рейнжерс» клубунун ээси. Аны футбол сүйүүчүсү болгон күйөө баласы Амит Бхатия клуб сатып алууга көндүргөн деп айтып келишет.

1997-жылы лондондук «Фулхэм» клубун египеттик миллиардер Мохаммедь аль-Файед 30 миллион фунтка (болжол менен 47 миллион 800 миң доллар) сатып алган. Ага чейин кыбырап жүргөн «Фулхэм» Премьер Лигага чыгып, Европа Лигасында финалга чейин жеткен. Маалыматтарга караганда, Мохаммедь 2010-жылга чейин клубга 200 миллион фунт (болжол менен 318 миллион 600 миң доллар) короткон.

Дагестандык миллиардер Сулейман Керимов «Анжи» клубунун ээси болуп эсептелет. Ал сатып алгандан кийин махачкалалык клуб дүйнөлүк мыкты делинген футболчуларды өзүнө тартып келет. Ал гана эмес, Сыйкырчы атка конгон машыктыруучу Гус Хиддинк да «Анжини» машыктырат.

Ал эми Украинанын эң бай адамы деп эсептелген ишкер Ринат Ахметов – «Шахтёр» клубунун ээси. Миллиардерлер арасында футболго чындап кызыкканы боюнча биринчи турган Ахметов 15 жыл ичинде «Шахтёрго» 1,5 миллиард доллардан ашуун акча короткон. Киевдик «Динамодон» түбөлүк жеңилип келген донецкиликтер акыркы жылдары Украинанын №1-клубу наамын эч кимге бербей келет.

«Forbes» журналынын маалыматы боюнча, дүйнөдөгү эң бай адам саналган мексикалык бизнесмен Карлос Слим да көптөн бери футболдук клуб сатып алам деп жүрүп, акыры үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында «Овьедо» клубун сатып алыптыр. Испаниянын бул клубу мурун каржы жагынан көйгөйгө тушуккандыктан, жардамга муктаж экендиктерин айтып келишкен. Дүйнөнүн эң бай адамынын 69 миллиард долларлык байлыгы бар.

ДАГЫ ДА...
Орусиялык миллиардер Дмитрий Рыболовлев – «Монако» клубунун ээси.
Америкалык миллиардер Филипп Аншутц – «Лос-Анжелес Гэлакси» жана «Хьюстон Дайнамо» клубдарынын ээси.
Орусиялык миллиардер Леонид Федун «Спартак» клубуна ээлик кылат.
Англиялык миллиардер Жо Льюиске «Тоттенхэм» клубу таандык.
Кайрымдуулук иштери жана Англиянын банкын талкалаганы менен таанымал америкалык ишкер Жорж Сорос да үстүбүздөгү жылдын август айында «Манчестер Юнайтед» клубунун көп эмес (1,9%) акциясын сатып алган.

АТА МЕКЕНДИК ФУТБОЛДО...
«Дордой» клубу ишкер Аскар Салымбековго тиешелүү. Өлкөбүздө №1-клубдун кожоюну башкы максат чемпион болуу эмес, кыргыз футболунда атаандаштыкты өрчүтүп, футболдун деңгээлин көтөрүү экенин айтып келет.

Андан сырткары өлкөбүздөгү «Абдыш-Ата» футболдук клубу ишкер Советбек Сакебаевге тиешелүү болсо, «Алга» клубу Бишкек шаардык мэриясы тарабынан каржыланат.

Нурбек Абдыкадыров
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(15)
03.12.2012. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде да футболго кайдыгер карабаган адамдар кобойо берсин.!
03.12.2012. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх качан бизде футбол онугот экен.
03.12.2012. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Talant86, Сен чонойгондо.
03.12.2012. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
футболигарх Романга жетери жок, Челсиге жыргал!
04.12.2012. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карлос Слим Испаниянын Хетафе клубун сатып алат деген кептер тараган эле башка клубту алыптырда
04.12.2012. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рединг калып кетиптир.
17.12.2012. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
CH.B, ПСЖ,Малага,Рединг
05.12.2012. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реалга еч кимиси жетпейт.
05.12.2012. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде футбол онукбойт футболистерибиз жакшы эмес ичип чегип журушсо керек.
09.12.2012. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичпей чекмей журсо эле онугот беле. Кызыккан адамдар коп колдоо жок
09.12.2012. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизге бир футболду колдогон миллиардер керек
09.12.2012. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз эки экиден чабышып бийлик талашып отурсак кайака өнүгөбүз фифанын рейтингинде 198чи орунга жылып калдык дагы бир эки жылда акыркынын биринчиси болобуз рахмат айтышыбыз керек биздин чиновниктерге.
17.12.2012. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jugorsk, Азыр КР 200до
12.12.2012. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
«Юнайтеддин» түбөлүк атаандашы болгон «Манчестер Сити» клубу...... Urmattu Nurbek bul aitkanyn voobwe tuura emes, emi myndai jazba
11.01.2013. 06:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МЮга МанСити туболук атаандаш? хыыы... шейх сатып алгыча МанСити премьер-лига эмне экенин да билбесе керек...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо