Асан Бердибаев, модель:«КЫРГЫЗСТАНДА АЛГАЧКЫ АНДРОГИН МОДЕЛЬ МЕНМИН»

№526 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж

Заман өзгөргөн сайын адам баласынын модага болгон талаптары өзгөрүп келет. Акыркы жылдары андрогин моделдердин күнү тууп жаткан мезгил. Алгач андрогин модель деген ким ошону айталы. Ал деген кыздын да, эркектин да кийимдерин подиумга кийип чыккан модель мырзалар. Бизде да мындай модель бар экен. Ал – Асан Бердибаев.

– Салам, Асан, куш келипсиң редакциябызга. Айтсаң, моделдик карьераңды канча жашыңдан баштагансың?
– Жакшы, рахмат. Моделдик карьерамды 13 жашымда Кытай жергесинде баштагам. Учурда 19 жаштамын. 6 жылдык моделдик карьерамда Кытайдын Гуанчжоу, Пекин, Кореянын Сеул, Чонжу, Казакстандын Алматы, Астана шаарларында модель болуп иштеп жүрдүм. Жалпысынан айтканда, бүт Азиянын подиумдары менин бут алдымда калды.

– Чет өлкөлүк моделдик агенттиктер менен биздин моделдик агенттиктердин айырмасы чоң болсо керек?
– Албетте, чоң. Мен чет өлкөдөгү подиумдарды басып келген адам катары айтсам, кыргызстандык дизайнерлер, моделдик агенттиктер жумушуна олуттуу карашпайт. Кээ бирлери акча табыш үчүн иштешсе, айрымдарына атак керек. Кыргызстанда мода менен алектенген адамдарга кайрылат элем, моделдерге ыңгайлуу подиум коюп бергилечи?! Чет өлкөдө подиум атайын ламинаттан коюлат, ал эми бизде андай койгонго шарт жок. Дагы бир чоң айырмачылыгы – бизде моделдердин гонорары да аз. Чынын айтсам, Кыргызстанда мода дүйнөсү өнүгө элек. Бирок өнүктүрсөк эмнеге болбосун, башкалардан эмнебиз кем? Мисалы, биздикиндей кооз жерди эч бир жерден таппайсың, эли карапайым, меймандос, сый-урмат эмне экенин билишет. Ал эми чет өлкөдө кичине аты таанылып калса эле дос-тууганын чанып кетишет, жылдыз оорусу күч.

– Өзүң Кыргызстанда чоңоюп-өскөнсүңбү?
– Кыргызстанда төрөлгөнмүн. Бирок ата-энемдин жумушуна байланыштуу чет өлкөдө көп жыл жашап калдык. Апамдын улуту – кыргыз. Кесиби дизайнер болгондуктан, менин модель болушума себепкер. Атамдын кесиби – архитектор, апасы – орус, атасы – корей. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз. Улуу агам жана эжем чет өлкөдө жашашат. Түгөйүм Үсөн – дизайнер. Мен подиумга Үсөндүн коллекцияларын кийип чыгам. 3 жыл Ошто, 3 жыл Бишкекте жашагам. Ошондуктан Кыргызстанды Ошко, Чүйгө, Нарынга бөлгүм келбейт. Бардык жер мен үчүн мекен, ыйык жер.

– Сен андрогин модель экенсиң, биздин окурмандарга бул түшүнүктү кененирээк айта кетсең...
– Мунун эч кандай коркунучтуу жери жок. Андрогин деп подиумга кыздын кийимин да, эркектин кийимин да бирдей кийип чыккан моделдерди айтышат. Андрогин өзгөчө акыркы эки жылда Азияда модага айланды. Эң башкысы, трансвеститтер менен андрогиндерди алмаштырбаш керек. Бул менин жөн гана подиумдагы образым, күнүмдүк жашоодо чачымды байлап алып кадимки эркектей эле жүрөм, мындайча айтканда, «натуралмын». Сүйлөшкөн кызым да бар. Мектеп курагымда үч жыл бир кыздын артынан чуркап жүргөм. Кореяда иштеп жүргөндө параметрим андрогин моделдердикине туура келерин угуп өзүм таң калгам. Учурда параметрим – 88-58-88, андрогин модель болуп иштегениме 1 жыл 4 ай болду . Бүгүнкү күндө дүйнөлүк андрогин моделдердин арасында мен 58-орунда турам. Кыргызстанда алгачкы жана №1-андрогин модель менмин.

– Жөнөкөй моделдерге караганда андрогин моделдер көп акча алат болуш керек?
– Кореядан келгенден кийин репутациям көтөрүлдүбү, айтор, азыр моделдердин эң жогорку А+ категориясына кирем. Кыргызстанда кадимки модель болуп подиумга чыкканыма 1000 сомдон өйдө, ал эми андрогин болуп чыксам 2500 сомдон алам. Түштүк Кореяда болсо кадимки модель болуп чыкканыма 250 доллардан жогору, андрогин болуп чыксам 650 доллардан алчумун. Декабрда кайра Кореяга кетип жатам. Анткени 5 жылдык келишимим бар. Бирок түгөйүм Үсөн, актриса Айжан Акылбекова үчөөбүз уюштурган мусулман кийимдеринин көргөзмөсүн жаз айында элге көрсөтүү үчүн сөзсүз келип кетем.

– Көчөдө басып жүргөндө сөөмөй кезеп көрсөткөндөр болдубу? Дегеним, чач өстүрүп, өң-келбетке кам көрүү бизде мырзалар үчүн жат көрүнүш эмеспи.
– Көчөдө кээ бирлер таң калып, кызбы же эркекпи деп эки саат карагыча мен машинага отуруп кетип калам. Терс кабыл алгандарды деле байкабадым, көпчүлүгү түшүнбөгөн бойдон эле калышат. Ал эми айрымдар атайын келип сүрөткө түшүп кетишет. Маршруттук таксиде орун бошотуп бергендер да болгон. Жакында өмүрүмдө биринчи жолу кыргыздардын тоюна барбадымбы, ал жакта сүйлөшкөн кызым менен отурсам, «кыздар, алгыла» деп экөөбүзгө салат салып берип жатпайбы. Бирок сүйүктүүм баарын түшүнүү менен кабыл алат.

– Өзүңө эркектин образы жакынбы же кыздынбы?
– Албетте, эркектики. Кореяда жүргөндө «кашыңды тер» дешкенде «жок» деп болбой койгом. Анткени табигый сулуулуктун жактоочусумун. Мисалы, кыргыз кыздары мага нукура сулуулугу менен жагат, Кореяда кыздардын 70 пайызы пластикалык операция жасатышат. Мен подиумда жана камеранын алдында гана андрогин моделмин. Менин дарегиме Замира Молдошева «трансвестит» деген сыяктуу терс пикирлерин айтканын бирөөлөрдөн угуп калдым. Ал айымды мен дизайнер да, стилист да деп эсептебейм. Анткени анын дизайнер эмес экенин баары билишет. Андыктан анын коллекция чыгарганга укугу жок. Мейли, мени кемсинтеби, эмне кылат, мен анын сөздөрүн этибарга деле албайм.

ДҮЙНӨДӨГҮ АТАКТУУ АНДРОГИН МОДЕЛДЕР
Дүйнөдө эң атактуу андрогин моделдердин сап башында австралиялык Андрей Пежич турат. Мода индустриясында фурор жараткан андрогин модель Андрей Пежичтин популярдуулугун ушундан билиңиз, аны Англия ханышасы Елизавета II чайлашууга чакырган. Мындан сырткары «FHM» журналынын версиясы боюнча «Планетанын эң сексуалдуу айымдары» деген тизменин ичине кирген. Бирок аталган журнал кийинчерээк моделдин эркек экенин эске алып, тизмеден алып, Андрейден кечирим сурашкан.

Уникалдуу андрогин модель Леа Ти жынысын алмаштырганга чейин аты Леандро Церезо болчу. Бразилияда чоңойгон Леа моделдик бизнесте алгачкы жынысын алмаштырган транссексуал. 2010-жылы аны дизайнер Рикордо Тиши байкап калып, андрогин модель катары кабыл алган. Леандрого кыздын образы жагып калганбы, айтор, ал биротоло кыз болууну чечип, моделдик бизнеске баш-оту менен кирип кетет.

Дагы бир атактуу дүйнөлүк андрогин модель – италиялык Роджер Гарт. Бул мырза андрогин моделдердин баштоочусу катары белгилүү. Роджер Италиянын фэшн-индустриясынын тарыхында эң көп акы төлөнгөн топ-модель. Ал «Кельвин Кляйн», «Прада», «Версаче», «Кристиан Диор», «Масатомо» сыяктуу бренддер менен иштешкен. Учурда кинолорго тартылып, актёрлук карьера жасоо менен алек.

Лунара Бекиева
star@super.kg


Кыргызстандын алгачкы андрогин модели - Асан Бердибаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(62)
04.12.2012. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундайлардан кудай сактасын кантип журду экен девушкасы?..
04.12.2012. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
killerka8905, девушкасы бар деп ойлойсунбу? мен ишенбейм
04.12.2012. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бироонун иши менен бироонун иши канча. Ар ким озун билсе. Асан сен ачык суйлогон адам экенсин. Эркек. Канча алганынан бери жашырбай айтыптыр. Кыскасы сага ийгилик! Алга!
04.12.2012. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
amalia - сизге эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
SUPER.KG видео
04.12.2012. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маданиятуу адам экен.Подиумда басуу дагы озунчо эрежени талап кылса керек(оной эмес).Аялдардын шым кийип.оор жукторду которуп,сыртта жургонуно конгондой эле,бул ишке деле конуп кетебиз.Жаныдан чыгып жаткандыгы учун "уркуп"жатышат.Асан-озуно ден соолук,ишине ийгилик каалаймын!
04.12.2012. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эн негизгиси натурал болсо болду да.Ийгилик.
04.12.2012. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
парень выбрал свою дорогу в жизни, и добивается чего-то, удачи!!!!!!!!!!!
04.12.2012. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Molodets!!! iygilik!!! a zamira dizayner stilistmin dep kyrgyzdardy uyat kilvay ele, [adm] juro bersin...
05.12.2012. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Naziwka, эскертүү! Адамдын намысына шек келтирчү сөздөрдү жазууга тыюу салынат!!!
04.12.2012. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zamira dalwe svoego nosa ni4ego ne vidit!!!
04.12.2012. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркек эркектей болуп кыйраган жумушу жок, уй-булосун бага албай, же эл-жерине кызмат кылбагандан кийин- бул жигитти сындаган болбойт го мырзалар!!! чет жерлерге Кыргызстандын атын чыгарып, жаман жолго баспай эле мода чойросундо оз ордун таап алганы кубандырат. Ийгилик!!!!
04.12.2012. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
edizar - сизге эскертүү!
Биринчиден, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
04.12.2012. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экинчиден, кимдир бирөөнү кемсинткен, мазактаган, жамандаган, анын абийирине, кадыр- баркына терс таасирин тийгизген (шек келтирген) билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
Дагы кайталана турган болсо сайттан четтетилесиз.
04.12.2012. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kyrgyz4a suiloi alganyn syilaim,uwun4a jyl 4et olkolordo jurso da.Sebebi KGda torolup,4ongoip,kyrgyz4a suiloi albagan,oz tilin bilbegen kyrgyzdar bar.
SUPER.KG видео
04.12.2012. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ислам динибизде аялзатын туураган мырза динден чыгып калат!Андыктан, бул нерседен алыс болгонунуз талапка ылайык!
04.12.2012. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
kyskasy fuck you
05.12.2012. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
молодец пускай суйлогондору кызга окшош экен зато поступкалары эркектей. атасы кореец экен кыргызчаны менден жакшы суйлойт экен. молодей!!! эркек кеветеси менен катындардай сулоп ушактаган же зордуктаган эркектерге караганда ушундай воспитанный человек болгон лучше. браво. порви всех Асан!!!
05.12.2012. 04:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец баарын ачык суйлоптур.Кээ бир оюн айта албаган,аялын иштетип озу уйдо отурган жалкоо эркектерибизге караганда Асан алда канча бийигирээк.Уйдо эркек жумушта кыз болуп иштегенге неге болбосун?
05.12.2012. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу колдонуучулар, жеке жактырбаган сезимдериңер болсо, бул жактан чечпегиле!!!
05.12.2012. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи атын, фамилиясын окуп анан суротту карап ойлондум, эмне учун кыздын суротторун чыгарып койгон деп? Корсо....
05.12.2012. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок, Азаматсын! Эч нерседен коркпой ушул кадамга барганын жана оз жолунду тааптырсын!
05.12.2012. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Замира Молдошеваны сындаптыр, бирок ошонун көйнөгүн кийип турат, ойлонуп көрсө болмок экен.
05.12.2012. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эркек болгондон киин эркекче эле журбойбу, уялбайбы, жок дегенде балдардын подиумуна да чыкса мейли эле
05.12.2012. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалайм!Кыргызга жээн болсо да кыргызча так сүйлөйт экен.
06.12.2012. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асан, удачи Вам во всех ваших начинаниях! Посоветуйте пжл. хорошего стилиста и визажиста, или хороший салон. Заранее благодарю.
SUPER.KG видео
06.12.2012. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул озу айткандай эркек эле болуп турбайбы туура кабыл алыш керек .Кочодугу бекерпоз бироонукун уурдап ,тоноп,алда
п жургон шылуундарга караганда ак эмгеги менен иштеп таап жашап жатат.
06.12.2012. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хе-хе эркек деген эркектей эле болсочу,кайдагыны баштавай
07.12.2012. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МЕН тушунгон жокмун! Атасынын улуту КОРЕЙ болсо кайдан журуп ал Бердибаев болуп журот? ПАК, ЛИ десе тушунот элем. Жооп берип койгулачы.
SUPER.KG видео
08.12.2012. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat, iwine iygilik!!!
08.12.2012. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздын номер биринчи кызга окшош баласы
09.12.2012. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат,19 жашында ушундай ийгиликтерди жаратса,Кыргызстанда алгачкы жана №1-андрогин модель экен,"алгачкы","№1"деген канча турат...анан да 16 см кийгени тангалдырды,мен 8 см ди жерге суруп,аран кием)))
10.12.2012. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
da Kyrgyzstanda da bar bele oho sebe ya udivlena
SUPER.KG видео
16.12.2012. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
strangergirl, эн туура айтасыз, Ислам дининде аялзатын туураган мырза динден чыгып калат, ошондуктан эркек эркектей эле болуш керек!!!!!!!!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо