Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«МЕНИ ЗОРДУКТАГАН ЖИГИТТИ КЕЧ БОЛСО ДА КАМАТА АЛАМБЫ?»

№526 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж

– Бул окуя төмөндөгүчө болгон. Өзүм жогорку окуу жайдын студентимин. 1-курсту аяктагандан кийин жайкы каникулда айылга бардым. Айылга баргандан тарта мектеп кезинде «кыз-жигит болуп алалы» деп сөз айтып жүргөн менден бир жаш улуу айылдаш жигит мени алам деп артымдан чуркай баштады. Ал жигит мага жакпагандыктан, баш тартып, «тийбейм» деген элем.
Ошентип жүрүп июль айынын ортосунда кеч кирип калганда үйгө келиптир. Телефон чалып жалдыраганынан макул деп жолугушуу үчүн сыртка чыктым. Машинасы менен жүргөн экен. Отуруп сөзүн угайын дегиче болбой эле «мага тийбесең, сага бирди көрсөтөм» деп машинаны айдап жөнөдү. Ичимдик ичип алганга кызуу экен. Ээн талаага алып барды да, күч колдонуп зордуктап салды. Олбурлуу немеге каршылык көрсөтө албай, ыйлаган бойдон кала бердим. Кылгылыкты кылган соң «мага тиесиңби эми?» деди. Айла жок «макул» дедим...
Бир жумадан кийин тиги жигит «мени кечир, зордуктаганым үчүн. Сени аялдыкка ала албайм, милицияга айтпа. Канча акча сурасаң берейин. Кыздыкты медициналык жол менен калыбына келтирип аласың да» деп телефон чалды. Мен «макул эмесмин» десем, ал Орусияга кетип калды. Кийин телефонун таап чалсам, «билгениңди кыл, эми эч нерсе кыла албайсың. Зордуктады деп далилдей албайсың, убакыт өтүп кетти» дейт. Учурда мен жөнүндө «бузулган кыз» деген ушактардын айтылып жатканын угуп жатам. Зордуктаган жигит да «элдин баарына жаям» деп коркутуп жатат.
Менин атам жок, апам Орусияда иштеп жүрөт. Айылда таенемдер менен турам. Эми сурайын дегеним, кантип тиги жигитти сотко берип, айыбын тарттыра алам? Кылган күнөөсүн мойну менен тартышын каалайм.

Канышай, 20 жашта, Ош шаары.

– Жигитти кылган иши үчүн жоопко тартып, жазасын тарттырсаңыз болот. Бирок ал үчүн сиз тийиштүү далилдерди чогултушуңуз абзел. Мисалы, «мени кечир, зордуктаганым үчүн. Мен сени аялдыкка ала албайм, милицияга айтпа. Канча акча сурасаң берейин. Кыздыкты медициналык жол менен калыбына келтирип аласың да» деп жигиттин айткан сөздөрүн сизден башка да уккан адамдар (күбөлөр) болсо, көрсөтмөлөрүн чогултуңуз. Телефон аркылуу кабарлашып коркутуп жаткан учурда сөздөрдү диктофонго жаздырып, СМС жазса номерди жана текстти сактап коюңуз. Мунун баары далил катары колдонулат. Андан соң укук коргоо органдарына (милицияга) кайрылып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 128, 129-беренелерине ылайык зордуктоо, уятсыздык менен сиздин ар-намысыңызды жана кадыр-баркыңызды атайылап кемсинткендиги үчүн бул жигитке карата кылмыш ишин козготсоңуз болот.

Суроолорго «Абдрахманов и Ко» юридикалык фирмасынын юристи НАЗИРА АБДЫРАКМАНОВА жооп берди.

Жашоодо ар кандай учурлар болот. Кимдир бирөө кырсыкка кабылып, күнөөкөрдү жазалагысы келет. Айрымдар сүйгөнүнөн айрылып жанын коёрго жер таппай, бирөөнүн кеңешин уккусу келет. Кээ бири «кимди тандайм?» деген диллемага такалып, «эми кимге кайрылуу керек?», «эмне кылам?» деген маселеге кептелет. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин гезитке кайрылыңыз. «Юристтин кеңеши» жана «Психологдун кеңеши» рубрикаларыбыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы.

Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу
берсеңиз болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(55)
05.12.2012. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zorduktagan bala erkektin iwin kilbaptir! kizdin ozundoda kunoo bar eken! Jakpasa chigip aylanasingbi? Ozungdoda chimining bar ekenda! Sozdorum katuu tiygen bolso kechiresing
05.12.2012. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bardyk kyzdardy aitpaim no kopchuluk kyzdar nito kiyimderdi kiyinesinger anday bolso kenowna ..... Ozungor tuwundungorda
05.12.2012. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай башка салбасын! Баары кеч болуп калды окшойт, убагында башка чара корсон болмок! Ошол сага жигит болом деген соройдун да карындаш эжеси бар чыгар, оз баштарына келсин эки буттуу айбандар!
05.12.2012. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу кыз бала деген бир нерсе айтып койсо эле суйунуп ишенип албаш керек кандай акылы жеткен эмес карангыда чакырып жатса не чыгасын, озундо да куноо барда.А балдарга болсо баарибир намысы жок болсо. азыр кобунчо айылдык жоош кыздар алданып калышат кичине озунорду коргогонду билсенер!
05.12.2012. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ubakyt taraza.Menin kurbumdun kurbusunun jigiti boyunda kylyp koup,albay koygon.Al kyz birok abort jasap,Moskvaga ketet.Al jakta ishtep jurup,bir balaga jolugup,Kyrgyzstanga kelip,chon toy m.n tiydi.En kyzygy janagy debil jigit shal bolup kalyptyr.Sebebin birok bilbeim.Myna kuday bar.Ubagynda oshol kyz tiruuloy oluk kylyp yilatkan,emi mintip shal b.p olturat,toba kyldym.En negizgisi al kyzdyn bashynan otkon okuyany bilip turup uylongon kuyoosu.
05.12.2012. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uje 2 balasy bar
05.12.2012. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин кеңешим: Сиз телефон чалыңыз. Экооңөрдүн диалогуңарды диктафонго жаздырып алыңыз. Бир жолу эмес кеминде 3-4 жолу. Ал диолог жөн эле диолог эмес, точный фактты көрсөтө алгыдай болуш кере. Ал сиздин сөздөрүңүздон көз каранды. "Андан соң адвокат таап ага кайрылыңыз. Калган ищти ал өзү билет.
05.12.2012. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ales,
Адвокатда акча берсен иштейт Кыргызстанда ИИМде таза иштеген адамдар жок
05.12.2012. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кеч киргенде эшикке жаман коргон баласы менен эмнеге чыгат.Откон ишти артка кайтара албайбызго дечи бирок каматсан жакшы далилдей албасан кайра озун шерменде болосун ошон учун менин кенешим козун жетсе кайрыл милицияга
05.12.2012. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7909812,
Сизге эскертүү!
Бир бөлүмдө бир нече окшош (жазылышы гана эмес, мааниси да) билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
05.12.2012. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кеч болду сен озун куноолусун
05.12.2012. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ээ мусулман бир туугандар эмне эле болуп баратабыз ойлонсонор болоо
06.12.2012. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирок ушу намыс абийир деп жашырып журуп ушундай иштер ырбады унчукпайт деп оз билгилер кобойду массалык турдо курошпосо болбой калдыго ата бабаларыбыз мындай намыска чыдаган эмес эркекче жазалап коюшкан эркек туугандары каяка карап отурушат озу акыркы кундору кыргыздын мырзалары коргойбуз деп алып кордоп башташты го
06.12.2012. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарынар эмес бирок копчулукту тузуп баратат деген ойдомун себеби бул гезит бетинде эле 1 же 3 окуя жалпы кыргызстанды алгандачы ?
06.12.2012. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка тушконду коз корот,,, сабырдын тубу сары алтын дейт, жашоо алдында
06.12.2012. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канышай мыйзам иенен жазасын бере албасан андан башка толтура жолдор бар. Намыстанып козуно корунуп, окунгудой да кылсан болот ойлонуп корчу жакшылап. Мындай айбандарды Жазалаш керек
06.12.2012. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тата уландын ырын кобуроок угугу жана тушунууго аракетениниз, бул дуйнодо жалган жалаа менен акталса жигитигиз оо дуйнодо кармалат, озунузго бекем болунуз демекчимин!
07.12.2012. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чынында эле кеч болуп калгандай го,анын жазасын Аллахым берет,алдыга карай умтула бер али жашоон алдында.....!
07.12.2012. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канышай сага советим ал балага чалып сотко берем деп коркутпа ал тук теги менен жоголот андан коро телефонуна чал дагы алдап суйлош мейли баарына раазымын качан келесин кутом дегендей соз айттып туруп анын создорун диктафонго жазып ал ошол сага чоон далил болот. Сен жакшы суйлосон ал да акырындап айта баштайт кылганын айтат еч кимге айтпайм сени бузду деп жакшы еле жашайбыз дей бер ошондо баарфы ачылат.
07.12.2012. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kunoonun baary kyzda, mumkun ozun povod bergensin, e4 ubakta bir ele taraptan kata4ylyk ketpeit...
07.12.2012. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бузулуган кыздар каяктан чыгат? Мына ушундай жигиттер суйом олом алам деп алдап кыздык намызын алгандан кийин эмне кылсан ошону кыл деп тыштап кетет. Ошол стрестен айынан кыздар бузулат.
08.12.2012. 04:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен тан каламда неге ошондо машинеси менен баратканда тел. менен жардам сурабадын уйуно чалып же милицияга.Ал машинеге тущкондоле коркута баштаптырго .Сразу чалсан болот эледа.
09.12.2012. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адам деген кечиримдуу болуш керек козунду жумуп кечирип койсонда болот . Анан сенин бактын ачылат
09.12.2012. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Marsel88,
09.12.2012. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жаман болуптур
02.02.2013. 04:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта.аман еле болгула Кыргызымдын жигиттери.бирок баары эмес билем арасында молодецтерда бар.а сиз канышай капа бобонуз Булда болсоАЛЛАХЫМдын сынолору.кеч болуп кетиптир жон еле койунуз.Башка бирону суйгонго аракет кылынызда турмушка чыгып алсаныз баары жайында болот.тигил зоокурду алдап чакыртып олтуртуп салыныз.же озунуз олтурунуз.
15.03.2013. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аллах жазасын берсин .озуно аллах жакшы кундорду тартууласын.бир жамандыктын аркасында мин жакшылык бар экенин унутпаныз.
09.06.2013. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кандай кеч болбойт, колу мн кылдыбы мойну менен тарсын. Эми сен да алдап диктофонго тушур да куноосун мойнуна алдыр, ага окшогон уяты жок акмакты.
10.06.2013. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башка кыздарга бул нерсе сабак болсо керек! себеби азыр коп эле жигиттер алдап суйом-куйом деп кулагына 2порция лагмандан илип анан ошого окшогон арам ой-максатына жетишет!
15.08.2013. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aitowka2013,
Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат!
06.10.2013. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канышай мага номерин бер мен москвада 89654744144
27.06.2014. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темирди ыссыгында бас деп бекеринен айтышкан эмес. Бирок бала да кылган ишине жараша,жоопко тартылышы керек. Бул дүйнөдө болбосо акыретте азабын тартат.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо