№526 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж

Ош облусунун Алай районунда Ош–Сары-Таш–Эркеч-Там унаа жолунун ачылыш аземи өткөрүлдү.255 чакырым келген аталган унаа жолун оңдоо иштери 2008-жылы башталып, быйыл узундугу 136 чакырым болгон Сары-Таш–Карамык жолдорунун бүткөрүлүшү менен аяктады. Акыркы иштер ушул жылы аяктап, 22-ноябрь күнү КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жана өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбековдун каты-шуусунда салтанаттуу азем менен ачылышы болду.
Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов: «Бул автожол мыкты деңгээлде курулду. Жолго төшөлгөн асфальттын калыңдыгы – 12 сантиметр. Жолдун туурасы 7 метрди түзөт»,- деп маалымдады.
Чоң Алай районунун эли бул жол салынганга чейин Ош облусунун борборуна барып келүүгө 4-5 күн убактыларын сарпташчу. Кар көп жааган мезгилде бир жумада араң жетишчү. Азыр жаңы салынган жол менен 4-5 саатта барып кайтабыз деп кубанычтары чексиз.
Уулбү Каныбекова
оsh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |