ТОЙ ЖӨНҮНДӨ ОЙ

№526 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж

Кыргыздар тойду өтө жакшы көрөбүз. Кээде ашыкча эле. Баткен облусунун социалдык-эко­номикалык абалын эске алганда, бүгүнкү тойлор элдин абалын ого бетер оорлоштурууда. Буга төмөнкү иликтөөбүз далил.

Куда түшүү 20-40 миң сомго чейин;
Калың берүү 60-150 миң сомго чейин;
Кыздын себи 150 миң сомдон ашык;
Үлпөт той өткөрүүгө 60-100 миңден сомдон ашуун акча сарпталат.

Кыргыз «той да болот, тойдун эртеси да болот» дейт эмеспи. Ушунча акча кетирген жаштар батирден батирге көчүп жашабай, тойго кетчү акчаны керегине жаратып алса болбойбу? Заманбап үйлө­нүү той биздин кыргыздын салтына да кирбейт. Мисалы,
ЗАГСка автоунаалардын кортеджи менен баруу салтпы? Же ак көйнөк кийүү кыргыздын салтыбы? Кимден, кайдан келген бул адаттар? Алардын жаштар үчүн кандай тарбиялык таасири бар?
Биздин пикирибизде, ушул күндөгү тойлор той берген адамга да, ал тойго барган адамга да бир топ маселе жаратып жатат. Бул нерсени айтып жатканыбыз, той өткөргөндөрдөн сурамжылоо жүргүзсөк, алардын көпчүлүгү «эл алдында уят болбойлу» деген ойдон улам гана той өткөрүшөрүн айтышты. Той бүткөндөн кийин карыз болуп, анын артынан ыры-чыры чыккан үй-бүлөлөр кездешет. Балким, бул биздин экономикалык абалыбыз оор кезде болуп жаткан көрүнүштүр. Канткенде да олутсуз салтты эмес, тойдун, баш кошуунун тарбиялык таасирин күчтөнтө турган мезгил келди.
Дагы бир кошумчалап кетүү­чү жагдай бар. Ал – тойду өткө­рүү­дөгү тартиптин өзгө­чөлүгү. Той дегенде жалпы эле Баткен районунда жана шаарында той болуп жаткан үйдө кечинде, эртеси, бир жумага чейин конок үзүлбөйт. Коноктун келгени жакшы, бирок кайра-кайра келе берген коноктордон той ээси канчалык чыгашага учурап жатканы баарына белгилүү. Мындай жагдай белгилүү болуп жатса да, эки күндөн кийин бара беребиз. Бул деген той ээси чакырган убакта барбай, кийин барып, үй ээлерине маселе жаратып, чыгашасын көбөйтүп жатканыбыз. Болбосо чакырган саатта барып, кетип калсак, үй ээлерин түйшүктөн куткармакпыз.
Бизге коңшулаш тажик туугандарда (Исфара районунда) тойго баруунун тартиби темирдей катуу экен. Чакырылган коноктор белгиленген убакта келип сый көрүп, конок болуп кетишет. Эгерде конок эрте келип калса, белгиленген убакытка чейин күтүп отурат. Ал эми белгиленген убактан кеч келген­дерге сый көрсөтмөк тургай, эшиктерин жаап коюшат.
Биз тойлорго каршы эмеспиз, ошол тойлордогу аша чапкан көрүнүштөр азайса дейбиз.

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(14)
03.12.2012. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Oa!4yndap bugunku kundo toilorgo ketken awyk4a 4ygymdardy korup jurobuz.Buiursa toiumda atamdyn kuioo balasynyn kap4ygyn kyinabaim go dep kaldym)
03.12.2012. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
туура ойлошуптур азыркы жаштардын максаты уйлонуп бала чакалуу болуп бактылуу болоюн дегенден кобуроок той дунгуроп кошо кошо машина ,эн кымбат ак койнок , авторитет ресторан, тумонот эл душман куйугуп элдин оозун ачсак экен деген ойлор басымдуулук кылгансыйт мунун артында ата эне карызга белинен эмес чачынын учуна чейин карыз болот
03.12.2012. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акчасы болсо откоро берсин. жоктор откорбой коюшсун. акчага жараша болот да баары. карыз болуп не кереги бар?
03.12.2012. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
tahmin, тупа тура айтас .бирок акчасы жок адамда тойго барата анан ал тойду коруп менда ушундай кылам дейтта
03.12.2012. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткен койгойу,казга тенелем деп карганын буту сыныптыр болуп калып жаткандар окундурот!Бул буткул кыргызстанда болуп жаткан орчундуу маселе,бул нерсени чечуу учун (чиновники) мыйзам кабыл алуусу керек го,бирок той кылбайын десе,досунан же курбусунан намыстанышат.айла жок бирок айловю болуп жатат окшойт.бирок эл деген эл бир тыянак чыгарса болот.Ук кемпирим ук кемпирим салима,уул туубай убал болду чалына,эмдигиси эркек болот деп журсом,кыйраткансып кыз торойсун дайыма деп жургон Аталарга данк!
05.12.2012. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйлонуу
1. Ысырапкорчулук,
2. Жол эрежесинин бузулушу,
3.Корунуу, Текеберчилик,
4. Нааразычылык,
5. Батышка (Европа) тиешелуу жоруктарды тууроо ж.б. толгон токой туура эмес корунуштор менен коштолууда! Жат корунуштар жакшылык алып келбейт Кыргызга! Ак менен караны ажырталы замандаштар!
05.12.2012. 07:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ar Kim ozuno jarasha toy kulatda ata eneler dele jindi emesko karuzga batup ele toy kulgan ....
05.12.2012. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тоюнар тойго улансын, той берген адам кубансын! Той берген, тойго барган кандай сонун! Мейли карыздансан да. Чыгаша чыкмайынча, киреше кирбейт. Жакшылык эле болуп турсунчу.
05.12.2012. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул койгой бир эле Баткен жергесинде эмес баары облустарда бар,эмне Баткендиктер жаман жашап же карызга батып жатат бекен ? Кудайга шугур каада салтты бузбаган жакшы жонокой эле адамдары.Силер коруп билип тургандай жазыпсынарда карызга батканын,азыр ар бир уйбулодо бирден машинасы 10 дон ашуу малы бар !Антип болбогуло Баткендиктер деп!Озум Оштук болсом да Баткен элин сыйлайм))
07.12.2012. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар кимдин озуно жараша ою, тилеги бар ошону кылат!
07.12.2012. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул кеткен каражатка уй -жай мал алып алса кана бирок башынан отмойунчо нааразы да боло бересин да тоюм отподу ак койнок кийбедим деп
09.12.2012. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирок азыр кыздар да ото эле кыбаттап кеттида ))
22.05.2015. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колунда барлар эле той откорушот, колунда жоктор откорбой эле уйундо чакан той откоруп нике кыйып регистрация кылып коюшат. Бирок шартына жараша кылыш керек да. Менин курбу кызымды калын да бербей, куда тушу да кылбай жон гана алып кетип бир кун кошогого отургузуп шаарга алып кетип калган, нике кыйышкан, бирок шаарга келгенден кийин ЗАГска турбай, курбу кызым менен эч жака барбай иштебей сыртка чыкпай, курбу кызымды ата энеси достору эки жака чакырса жолдошу озун эле бар мен барбайм деп жургон,
22.05.2015. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
корсо уй-булосу эки баласы бар. анан убактылуу рушууп кетип уй-булосу менен анан сожительница кылып алыптыр. Акыркы кундору аябай сабап боюнда бар болгонуна карабай, мага бала кереги жок деп ыйлатат. Подружкам озу иштеп баскан турганына акча табат. Бирок кете албайт анткени ата-энемди уят кылбайын кечээ озу суйуп тийип алган корсо 2-чи катын сожительницасы экен дебешсин деп журот. Анан кантип ишенесин эркектерге
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо