ӨГӨЙ АТАСЫ 9 ЖЫЛДАН БЕРИ ЗОРДУКТАП ЖҮРГӨН

№526 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж

Мурда педофил деген түшүнүк жок болсо, учурда бул кадимки эле күнүмдүк жашоодо колдонулуучу сөзгө айлангандай. Анткени акыркы мезгилдерде жаш өспүрүмдөрдү зордуктаган фактылар көп катталууда.

ӨСПҮРҮМДҮН ЖАШООСУН ТОЗОККО АЙЛАНТКАН ӨГӨЙ АТА
Жакында Бишкек шаарында 9 жыл бою өгөй кызын зордуктап жүргөн адам кармалды. ИИМдин маалыматына караганда, 19 жаштагы кызга зомбулук көрсөтүп жүргөн 38 жаштагы өгөй атасына карата милицияга арыз түшкөн. Белгилүү болгондой, аялы жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн жоктугунан пайдаланып, ал 9 жыл бою аялынын кызын зордуктап келген. Өгөй ата алгачкы жолу зордуктаган маалда кыз 10 жашта гана болгон. «Эгер кимдир бирөөгө айта турган болсоң, өлтүрүп коём» деп коркутуп жүргөн. Бул адам аялын сабап эле тим болбостон, өгөй кызын да сексуалдык аракеттерге баруусуна мажбурлап сабап келгендигин мойнуна алган. Бул факт боюнча ага Кылмыш жана жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча кылмыш иши козголгон. Керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

ПЕДОФИЛДЕР КӨБӨЙҮҮДӨ!
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2010-жылы жашы жете электерге карата 75, 2011-жылы 80 зордуктоо фактысы катталган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 9 айында Кыргызстанда 116 жашы жете электер зордукталган. Анын 67си 10 жашка толо элек наристелер. Булар билингени гана. Тилекке каршы, зордукчу жазасын алышы үчүн кээ бири окуяны милицияга билдирсе, кээси окуя элге билинип калышынан коркуп, жашырып койгон учурлар кездешет. Мисалы, 2011-жылдын май айында Каракол шаарында 12 жаштагы өгөй кызын зордуктап жүргөн 44 жаштагы эркек кармалган. Анын секелек кызды 1 жылдан ашуун убакыттан бери зордуктап жүргөндүгү билинген. Чындык кыздын боюндагы түйүлдүк 24 жумалык болуп калган кезинде гана билинип, ага чейин өзү бирөөгө айтыштан коркуп жүрө берген.

БАШКА ӨЛКӨЛӨРДӨ ПЕДОФИЛДЕР МЕНЕН КАНТИП КҮРӨШҮШӨТ?
Австралияда «педофилия менен күрөшүү – жалпы коомчулук жапырт катышканда майнап чыгат» деген бүтүмгө келишкен. Бул өлкөдө педофилдер туурасындагы маалыматтар сүрөттөрү менен интернетке жарыяланат. АКШда бардык жарандар мындай кылмышкерлер үйүнүн же жумушунун жанында жашайбы же жокпу, биле алышат. Штаттардын атайын сайттарында мурун соттолгон педофилдердин аты-жөнү, сүрөттөрү жана даректери чагылдырылган. Мындан сырткары сексуалдык мүнөздөгү кылмышка баргандар жаза мөөнөтүн кыскартуу үчүн химиялык жол менен бычылууга макул боло алышат. Мындай кылмыштардын алдын алуу максатында кээ бир өлкөлөрдө зордукчуларды химиялык жол менен бычып салышат. Мисалы, Чехияда педофил жаза мөөнөтүн аяктагандан кийин аны психиатриялык ооруканага жаткырышат. Эгер ал бычтырууга макул болсо гана аны бошотушат.
Мындан сырткары Англия, Швеция, Норвегия, Дания, Германия, Израиль, Молдавия жана Канадада кылмышкерлер өз каалоосу менен өздөрүн бычтырып коё алышат. Орусияда болсо педофил-рецидивисттер өмүр бою эркинен ажыратылып, химиялык жол менен бычылат. Мындан сырткары алардын шарттуу түрдө кесилишине жана жаза мөөнөтүн кыскартууга тыюу салынган.
Ал эми биздин өлкөдө бул боюнча парламентте мыйзамга өзгөртүү киргизүү каралууда. Депутаттар Турсунбай Бакир уулу, Ширин Айтматова жана Дастан Бекешев көтөрүп чыккан мыйзам 2-окуудан жактырылган, 3-окуудан өтүп калса, педофилдер 20 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Мындан сырткары алар шарттуу түрдө кесилбейт жана мөөнөтүнөн мурун бошотулбайт. Дагы бир биздеги каралып жаткан мыйзам боюнча, педофилдер химиялык жол менен бычылышы да мүмкүн.

САКТАНГАНДЫ КУДАЙ САКТАЙТ!
АЛМАЗ КУДАЙБЕРДИЕВ аттуу Бишкек шаарынын тургуну төмөнкүлөрдү билдирди:
– 7-кабаттагы үйүмө кирейин деп лифтке чыгып калдым. 8-9 жаштардагы окуучу кыз чуркаган бойдон мен турган лифттин кабинасына кирип келди. Ал лифтте чоочун киши бар экенин көрүп турса да корккон жок. Ошондон улам анын ата-энеси коопсуздук чараларын үйрөтпөйбү деп ойлонуп калдым. Менин ордумда оор кылмыштарга барып жүргөн кылмышкер болуп калышы мүмкүн. Билбеген наристелер кылмышкерлерге оңой олжо болуп калышы толук ыктымал. Ошондуктан ата-энелер жөнөкөй коопсуздук чараларын балдарына үйрөтө жүрсө.

АТА-ЭНЕЛЕРГЕ КЕҢЕШ:

  • Балдарга көчөдөгү бейтааныш адамдар менен таанышпоосун эскертиңиз.
  • Бейтааныш адамдарга үй дарегин жана телефон номерин бербешин айтыңыз.
  • Балдарга эл аз жүргөн, курулуш болуп жаткан жерлерде ойноого жана кечкисин көчөгө чыгуусуна тыюу салыңыз.
  • Балаңыздын кайсы жерде жана кимдер менен ойноорун дайыма көзөмөлдөп туруңуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(67)
05.12.2012. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атуу керек андайларды!
05.12.2012. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адай адамдарды да ошентип зордуктатыш керек, жана бул жашоого укугу жок андайлардын жашынан жаш кыздын тагдырына балта чапкан айбан, эшек алар. Соолуп эле тушуп калса экен мучосу иштебей илайым эле.
05.12.2012. 05:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы акыр заман келди окшой.Тообо.....
05.12.2012. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атык олум кабыл алыш керекда мындайларды атып салыш керек, аларды камап бекер эле бага бербей!
05.12.2012. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Заманыбыз эмне болуп баратат. Ушуга окшогон адам кейпин кийген айбандарга сабак болот элдин алдында кыйнап атып олтуруш керек.
05.12.2012. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошондой эркектер жаш кыздарды бузуп , зордуктап туштон кийин кыздарды бузулду деп ушакташат, оздорунун башындагы тоону кобой кыздардын башындагы чопту коруп
05.12.2012. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да, бычыш керек.
05.12.2012. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
барып бычып салгыла,уруксат бердим.
06.12.2012. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
камап алып кайра багалыбы андан олум жазасын киргизшсин мындайларга олум аны бычып ким убара тартсын электр стулунда кыйналып олсун ушундайлардын артынан жап жаш кыздардын намысы тебеленип келечегине психологиясына доо кетуудо
06.12.2012. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар ким озу кылган куноосуно жараша жазага тартылат, андыктан экинчи дуйно бар экенин унутпайлы достор!
06.12.2012. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бычып эле койуш керек, Турмого барса деле ал жакта бекер тамак жеп конуп алып кайра ошол ишке барат анданда жаман иш кылышы мумкун,
07.12.2012. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тубунон кесип туруп кочого жыланач бастырыш керек бир кун,андан ары жашай берсин бети чыдаса!
07.12.2012. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо Кудай озун сакта ыйман бер!
07.12.2012. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
не дештида билбейсин кудай озу жазаласын этияттыка чакырам.
07.12.2012. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай жазаласын я их ненавижу. Пусть здохнут твари, нелюди.
08.12.2012. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
нысап берсинда
08.12.2012. 06:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай озу сактасын кантип эле бешиктен бели чыга элек, оозунан эне суту кете элек жаш балага ошончо мукаачылык жазашат. Андай айбандарды моюнуна жип байлап туруп асфальтка суйротуш керек, Кудай бардыр...
08.12.2012. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бет деген болгон эмес ошондойлорго убакыткоротуп сурак жургузуп отурбай атып салыш керек ушундан кантип жооп берет
09.12.2012. 04:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
naristelerde emne kynoo? Barduk adamzatu,ar bir kuz baktuluu jawasa eken...juroktordo uiman jawasun!
09.12.2012. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
точнасын билир анан жазалаш керек Анткени аял кишиге ишениш жок
09.12.2012. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
точнасын билип анан жазалаш керек Анткени аял кишиге ишенич кыйын
09.12.2012. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайдагы точность ал акмак зордуктаганда ал кыз 10 жашта наристе экен тошок эмне экенин билбейт ошол кыздан куулук-шумдукту издеген озун шумдук окшойсун....
09.12.2012. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта кыргыз эли эмне болуп баратат.
09.12.2012. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ужас кудай сактасын.. элдер карышкырдан да жаман болуп баратышат
10.12.2012. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын
14.12.2012. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не нам их судить! Аллах гана жазасын берсин.
14.12.2012. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бычып деген эмне.окуп тушунбой койдум
25.12.2012. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э аялдар гозунорго эркектер алтын горунсо да тийип албагылачы,педофил деген оору жок,каждый мужик ишеничсиз,алданбагыла,эрсиз жашаганга эмне жетсин,адам баласы ойлогон максатына жетиш учун гозуно алтынболо галат
29.12.2012. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Намаз окуу - жаман нерселерден сактайт!
02.02.2013. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз элим ушуларга ыйман берсин,ынсап берсин деп биз деле намаз окуп.тиленеличи алар окубашса.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо