Нурзат Токтосунова:«ЭКИ АЙДА БИР ЖИГИТКЕ АРБАЛЫП КАЛДЫМ»

№526 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж

Маңдайы жарык, шоу чөйрөдө өзүнчө сый, абройго ээ алпаруучу Нурзат Токтосунованын жан дүйнөсүнө терең сүңгүп киргенге аракет кылдык. Маек учурунда алпаруучу артта калган күндөрүн эстеп бир кайгырса, учурдагы бактылуу күндөрүн баяндады.

«ҮЙДӨ КӨРБӨГӨН МЭЭРИМДИ БАШКАЛАРДАН КӨРДҮМ»
Кичинекей кезди ойлосом, жайлоо, боз үй, суу, ышкын, койлор көз алдыма тартылат. Баладай болуп кыз-балдар менен чогуу ойногон деле жокмун. Мен 8 бир туугандын кичүүсү болгондуктан, бир туугандарым окууга кетип, түйшүк үстүндө чоңойдум. Апам болсо өмүр бою үй жыйнап, балдарды багып, үй тиричилиги менен алек болду. Апамдын эл катары айылчылаганын деле көргөн жокмун. Эң бактылуу күндөрдөн 5 жашымда болсо керек, лагерге барганым көз алдыма сүрөттөй тартылып калган. Мени Нарынбек байке менен Клара эже деген "вожатыйларыбыз" карап, ата-энемдей мамиле жасашкан эле. Экөөнүн коюнунда уктап, үйдө көрбөгөн оюнчукту ошолор сатып беришкен. Мага деп таттууларды катып, өз кызындай карашкан. Лагерден кетерде шолоктоп ыйлашканы дагы деле көз алдымда. Азыркыга чейин аларды көргүм келип, элден сураштырып издей берем. Ошол 10 күндүк бактылуу көз ирмемдердин өткөнүнө 20 жылдан ашты, бирок өмүр бою алардын жакшылыктары көөдөнүмдө сакталып калды. Балким, үйдөн көрбөгөн мээримди алардан көргөндүгүм үчүн унутпасам керек.

«АПАМА ЖАКШЫ КИЙИМДЕРДИ АЛЫП БЕРГИМ КЕЛЧҮ»
Мектепте алдыңкы окуучулардан болдум. 6-классымда түрк лицейине окусам деген каалоом күч эле. Ал кезде айылда «баланчанын баласы лицейге өтүптүр» деп укмуш суктануу менен кеп кылышчу. Бирок апам «жоголуп кетсең, сени кайдан табам?» деп мени окутпай койгон. Бала кезимден эле «ата-энем мени менен сыймыктанса экен» деп тилечүмүн. Анткени апам менен биргеликте болгон түйшүктү мен да жон терим менен тартып чоңойгом. Апамдын ыйлаганын көрүп алып, апам күлүп жүрсө экен деп, жакшы кийимдерди алып бергим келчү. Үйдөн көргөн бекем тарбия мени азыркыдай жоопкерчиликтүү, оор басырыктуу кылып өстүрдү. Апам менин жетишкен ийгиликтериме бир да маңдайы жарыла кубанган эмес. Жөн гана бетимден өөп, «жакшы болуптур» деп койчу. Кийин чоңойгондо «силер мен үчүн кубанбайсыңар. Башка бирөө болсо, элге той бермек» десем, "мен мактабайм, эл айтсын" деп койгон. Көрсө, бул деген абдан таамай айтылган улуу сөз экен.

«МЕНИН БИЛИМИМДИ ТИЛЕП, БАКЫТ ТИЛЕШПЕГЕН ЭКЕН...»
Окуучу кезде укмуш чак­чаңдаган кыз элем, балдар да жаныма жакын жолой албай, жадакалса байкелеримден коркуп көчөдөн алыс айланып өтүшчү. Үйдөгүлөр да «кызыбыз кыйын болот, азырынча күйөөгө тийбеши керек» деп балдарды жолотушчу эмес. Кийин турмуштан жолум болбой калганда мектептин директору, мени окуткан эжейим чалып, «мен Кудайдан сага билим, атакты сурап, бактыңды сураган эмес экем» деп өзүн күнөөлүү сезип ыйлап калды. Турмушта сен каалаган-каалабаган да нерселер көп болот тура. Чынында, дагы деле «сени сүйөт элем» дегендер бар. Бир жолу жумушка келсем, мурун мага кат жазып жүргөн байке турат. «Сени бир көрүп алайын деп күндө келем» дейт. Көрсө, жумуштун алдына келип күтүп жүргөнүнө көп болуптур. Былтыр дагы бир айылдашым «сени өмүр бою сүйдүм» деп оозумду ачырбадыбы. "Жетпей калган сүйүү таттуу болот" дешет, аларга ошондой болуп жатса керек...

«ҮЙДҮ МАГА БИРӨӨ САТЫП БЕРДИ ДЕШТИ»
Шоу чөйрөдө көп адамдар менен сый мамиледемин, жаман-жакшы айтышкым келбейт. «Нурзат көрө албайт, бут тосот» деп артымдан ушактагандар болду. Андайдын мага эмне кереги бар? Мамлекеттик концерттерден мени чийип салышат, ага кайгырбайм деле. Негизгиси, Кудайдын берери түз болсун. Кыргыз-казактардын концертин алып барып калганда да «Нурзат кыргыздан да, казактан да акчаны ала берет» деп чыгышты. Түркияга барып келсем, "силер мени менен гана иштешкиле" деп башкалардын тамагын талашты" деп айтышты. Жакында үй сатып алсам, «бирөө сатып берди» деген кептерди таратышты. Бирок, билсеңер, Кудай баарын таразалайт. Үйдү болсо кадимки элдей эле 6 жылга насыяга алдым, ишенбесе документтерди карап кетишсин. Азыр ушундай ушак кеп-сөздөргө жаңы иммунитет иштеп чыктым. Баарына күлүп гана, көңүлүмө албай кутулам. 2011-жыл мен үчүн аябай кыйын болсо, быйыл аябай ийгиликтүү болду.

«АНЫН ЖАНЫНДА ӨЗҮМДҮ БАКТЫЛУУ СЕЗЕМ»
Мурун бир баланы көпкө сүйүп жүргөм. Азыр ойлонуп көрсөм, эмнесине арбалдым экен деп күлүп калам. Демек, ал сүйүү эмес, жөн гана кызыгуу болуптур. Азыр болсо бир адамды сүйөм. Ал экөөбүз былтыр таанышып калганбыз. «Сенин чыгармачылыгыңды сыйлайм, жардам керек болсо айт» дегенинен, асманда учуп жүргөн кезим эле, "бул жигиттен жардам сурамак белем?" деп күлүп койгом. Бирок ооруп калганымда ал жигит жанымда болуп, кыйын абалдан мени сууруп кетти. Ошол кезде «мен жаныңда болоюн» дегенинен «жок, мен азыр эч кимди көргүм келбей жатат» десем, «мага беш ай берчи, андан көп сурабайм» деген. Көрсө, ал билиптир да, мен андан эки айдан кийин кете албай калышымды.
Экөөбүз эң бактылуу күндөрдү өткөрүүдөбүз. Каалаган учурда каалаган жакка кетип калабыз. Бирок жазда болгон окуя мени бир аз ойго салды. Экөөбүз көлдөн келатып, жээкке токтоп калдык. Ошондо өмүрүмдө биринчи жолу ак кууну жанынан көрдүм. Өкүнүчтүүсү, ал жалгыз экен. Ак кууну жалгыз көргөнүм жаман болду, демек, ырым боюнча чогуу боло албайт экенбиз да деп ичим сыйрылды. Ушул убакка чейин туюу сезимдерим алдаган эмес. Бирок ал киши мен үчүн баарын кылат. Анын жанында өзүмдү чыныгы аял сезем, бактылуумун. Көрсө, мен башкалардын көзүн карап жүрө берсем, менин көзүмө караган адамдар да бар экен. Бул менин азыркы жан дүйнөмдүн абалы. Көпчүлүк жүрөгүмдө анын бар экенин билишпейт. Экөөбүз турмуш тууралуу көп кеп козгойбуз. Бирок азыр айранды үйлөп ичүү тургай, курут кылып да жебей калгам. Адамды катуу сүйүп, идеал түзүп албаш керек экен, көрсө. Мен азыр жөн гана учур менен жашап жатам. Телефон чалуулар, СМС жазышуу, жолугушуулар, жылуулук, ошол мага күч, дем берип келет...

Гүлжамал Бөрүкулова
Азат Султанов
(Айрым сүрөттөр Нурзат Токтосунованын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


Нурзат Токтосунова: "Үйдөн көрбөгөн мээримди башкалардан көрдүм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(94)
04.12.2012. 06:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх туугандар ушул жерде да бирибизди,бирибиз жамандап туугандар биримдуктуу бололуу бироо жамандасада бир аз сабыр кылалы
04.12.2012. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абайла дагы алданып калба.
04.12.2012. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурзат ТОктосунованы адам катары сыйлайм. Чынында адамгерчиликтүү айым. Ырымдарга ишенбей, азыркы сизди жандап жүргөн жигит сизди түбөлүк бактылуу кылса экен деп тилейм. Былтыр кайгыдан көз жаш кылсаңыз, эми жалаң кубаныч, бакыттан көз жаш кылып жүрүңүз!!!Сиз чынында күчтүү адам экенсиз, башыңызга түшкөн түйшүктүн баары артта калган болсун!
04.12.2012. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кыз ишенчээктигинен эле жеке жашоосунан адашып жургондой.Бир аз катуурак болуш керек.
04.12.2012. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы, Нурзат айым ким менен суйлошсо эле жар салып бактылумун дейт, анан кайра эле бир куну арманын айтып ыйлап калат. Учунчу жолу кудайым бак берсе экен! Кошогосу когоруп , кыргыз элин суйундуруп журо берсин!!!
04.12.2012. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Нурзат ойлонбой суйлоптур, Ата-энесине кантип нааразы болсун, ошол ата-энеси болбосо Нурзат кайдан пайда болот эле чонойгондон кийин эле турмушу онолсо эле артын карабай койуптур озу чонойгонсуп. Ата-эненди бир туугандарынды нааразы кылыпсын эми сенин бактылуу болушун кыйын. менин кааларым бактылуу бол.
04.12.2012. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Болбогон кичине игрушкаларга алданабы, ата–эне мин урушуп каттуу кармаганда деле алтынга алмашкын келбейт ко
04.12.2012. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурзат эже,азаматсыз! Мен сизди абдан сыйлайм. Ден -соолугунуз бекем болсун! Чыгармачылыгынызга албан-албан ийгилик! Алдыга койгон максаттарынызга жетиниз! Коро албагандарга жакшы иммунитет иштеп чыгыптырсыз:). Мен да ошого кошулам)). Келечекте бактылуу жубайдын катарын толуктаарынызга ишенем! Урматым менен Каным!
SUPER.KG видео
04.12.2012. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз тилинде суйлоо менен гана чектелбестен, кыргыз тилин жайылтуу, жарнамалоо керек учурларда талап кылгандыгыныз учун сизди ото сыйлайм. Аялдык бакыт жана чын ден соолук каалап кетким келет! Чон ийгиликтериниз дагы алдыда деп ишенем.
04.12.2012. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
men da koldukmun,bul adam jonundo jaman aitkym kelbeit,birok ata-enesi,bir tuugandary jonundo katuu suilop salgan go?Men da 8bir tuugandyn kichuusumun,oshonduktan tushunom Nurzatty,birok kop bir tuugan bolgon bakyt da.Apasy menin apamdai baatyr ene eken da demek,apasyna taazim kylam!
04.12.2012. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аты Темирлан болуш керек фамилиясын эстей албай жатам
04.12.2012. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нурзат эже баактылуу болунуз сизген чындилден бакыт тилейм !
05.12.2012. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жагат Нурзат. Кыйын тын кыз... молодец. Кудаыйм берип турмуш жолунда-келечекте ар дайым 2 аккуу журсун. Желаю чисто женского счастья. Думаю остальное все есть у тебя. Береги себя
SUPER.KG видео
05.12.2012. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сиз менен баарлашууну каалайм эгер мумкунчулугунуз болсо 0771818687 номерине маяк берип коюунузду отуном
05.12.2012. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол!
05.12.2012. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ачылып алыптыр ...
05.12.2012. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Nakinai, Achylbaganda senden surash kerekpi? oozuna karasan makulbu...
05.12.2012. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурзатты мен да башкалардай эле сыйлайм,бирок ата-энесине бир туугандарына катуу тийип койгон. Туугандары окуса капа болушат да айрыкча энеси.
05.12.2012. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы экен оор турмушту женип чыгып шоу бизнеске жетиптир
06.12.2012. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурзат, бактылуу эмесмин деп эч убакта конул чогорбо. Кудай таалам эч кимибизди унутпастыр. Ар кандай кептерге конул бурбай туура кыласын, кербен журо берет ит уро берет.
06.12.2012. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Guljamal,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Түбөлүк сайттан четтетилдиңиз!
06.12.2012. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тагдыр башка салса адам баласы баардык нерсени которот, а кээ бир учурда ошол сыноону которо албаган чабалдар да бар. а Нурзат айым жонундогу бут макалаларды калтырбай окууга аракеттенем, канчалаган тагдырдын тамаша, мушкулдоруно моюбай, кайра ошол Иронияларга кашкая кулуп гана женип келет, азаматсыз Нурзат айым, сиз мыктысыз. Алаахым сизге бакыт тартууласын.
06.12.2012. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Нурзат молодец! Ийгиликке озу жеткен кыздардан!Нурзат азыртадан эле колокого карап тон бычып, жалгыз болот окшойм деп кейибе!Сен бактуулуусун, сенин каранына зар болгондор канча!Толке в перед!
06.12.2012. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бактылуу болунуз!
07.12.2012. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суроттогу мышык экоо бири-бирине окшошуп кетишет экен.Айрыкча коз карашы.
SUPER.KG видео
09.12.2012. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бироосу жакшы деп эле мактап койсо боллду,баарысы ошонун маанисин кпия кылып коментарии жазышт экен.
SUPER.KG видео
09.12.2012. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakshi mayek boluptur ,azamatsin ayabay tirishkan kizdardansin, sendey bolo albay jurgondor artindan soz suyloy beret aga karaba ech kachan .Giyimderimdi chacha berem degenin jakbay kaldi ,koy antbe tikaan taza kizdardan bol ,ozun aytkanday chın ele en jaman sapattardin biri .
SUPER.KG видео
10.12.2012. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жакты мага суйлогон создору ыймандуу кыз экен
SUPER.KG видео
10.12.2012. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишинизге ийгилик.суйгонунузго жолугаско деп ишенем
31.05.2013. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага дагы жакпайт! КАЛП ЭЛЕ ЖАЛЖАЙП КУЛО БЕРЕТ! Мышык экоо аябай окшош экен! ким болсо да мышык окшоштуруп издеп суротко тарткан кыйын адам экен!
SUPER.KG видео
22.11.2013. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
турмуш жолун дангыр болсун,эмнени тилеп кааласан кудайым ошол тилегинди кабыл кылсын!!!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо