Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
СЪЕЗДБЕК КОМЕДИЯЛЫК ТАСМА ТАРТУУДА...
№526 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж

- ГҮЛЖИГИТ КАЛЫКОВ «Элим», «Сен дегенде» деген аталыштагы ырларды жаздырууда.
- Ырчы СЪЕЗДБЕК ИСКЕНАЛИЕВ «Жаштар ыры», «Кетким келбейт», «Тана албайм» деген чыгармаларын жаздырып бүттү. Мындан тышкары комедиялык тасма жаратуу менен алек.
- ДАНИЯР ЭРМАТОВ «Токто, жаным» аттуу ырынын экинчи вариантын жаздырды. Эми ушул жана башка ырларына өзгөчө клип тартып, аны менен катар эс алып келүү максатында январь айында Дубайга аттанганы турат.
- Нукура кыргыз бала ДОБР учурда «Эр жүрөк» деген тасмага саундтрек жазып жатат.
- «Буга чейинки ырларымдын көбүндө кайгылуу кайрыктар орун алган эмеспи. Бул жолу «Жаным» деген шаңдуу ыр жаздырып, анан чыгармачылыгыма көмөктөшө турган менеджер менен иштеше баштадым»,- дейт ырчы АВАЗ АКИМОВ.
- ЗАМИР МЫРЗА Бек Борбиевдин «Арман» деген ырын жаңыча ырдап чыгып, жакында клип тартуу алдында турат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Рейтинг:
0