Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«МЕН ДА СЕНИ СҮЙӨМ»

№526 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж

АЛГАЧКЫ ТААНЫШУУ
Агентте отургам. «Салам. Биз таанышпызбы?»Асел аттуу кыз жазган бул катка назарым түштү. Сүрөтүн ачып көрүүнү чечип, анын интернет желесиндеги дүйнөсүн чукуладым да, жүзүмдө жылмаюу пайда болду. Маңдайымда көп жылдардан бери кыялымдын ханышасы болуп келген сулуу кыз күлүмсүрөп турган эле. «Жок. Бирок таанышууга али кеч эмес»деп жооп жаздым. Ошол замат кайра эле «сүрөттөгү өзүңбү?»дедим. «Ооба”. Так ушул мүнөттөн тарта менин жашоомдо өзгөрүү пайда болду. Мурункудай ар кайсы кыз менен убакыт өткөрүп жүргөнүмдү, досторум менен шаардын көчөлөрүн таптаганымды таштадым. Бир билгеним – агент. Бошой калсам эле агентке кирем да, Асел менен кат жазыша баштайм. Ал кирбей калган учурда көңүлүм чөгөт. Асел экөөбүз интернеттен 6 ай сүйлөшүп, бири-бирибиздин мүнөзүбүздү жакшы түшүнүп калдык. Түн ортосуна чейин уктабай кат жазышкан күндөрдүн көптүгүчү... 
Бир күнү Асел мага өзүнүн башынан өткөн окуяны айтып берди. Көрсө, ал Кыргызстанда окуп жүргөндө жигити ала качып кеткен экен. Башынан ала качууну жактырбаган Асел отурбай баса бериптир. Ошол окуядан кийин жигитинен көңүлү калганын жашырган жок. Ал эми тигиниси дале артынан калбай чуркап жүргөнүн айтты. Анын бул сөзүн укканда эмнегедир кызгануу сезими пайда болду. Сүйүү болгон жерде кызгануу сөзсүз болот эмеспи. Бирок, албетте, кызганганымды ага билгизбедим. Бара-бара мага Аселсиз жашоо кызыксыздай туюлчу болду.
Досторум, кесиптештерим мени «өзгөрүп кеттиң»дешет. Аны өзүм деле билем. Кызык. Бул сүйүүбү же өзүмдү алдап жатамбы? Ушул суроого жооп табуу мен үчүн кыйынга турду. Балким, бул убактылуу гана жактыруудур... А балким, Асел мен ойлогондой кыз эмес чыгар... Эмнеси болсо да мен биздин мамилебиздин мындай улана беришин каалаган жокмун. Жүрөгүм жактырган сулуума азыр эле жетип барып кучагыма кыскым келет, бирок ортобузду миңдеген чакырым бөлүп турат. Ал дүйнөнүн тиги бурчунда, мен бул бурчунда дегендей. Асел Кыргызстанга 3 жылдан кийин кайтып келет. Ага чейин ким бар, ким жок?.. Балким, экөөбүздүн бул мамилебиз бир гана агент менен башталып, агент менен аяктайт чыгар...

КҮТҮЛБӨГӨН ОКУЯ
Башым айланып, эмне кыларымды билбей жүргөн чакта бир окуя жүз берди.
Жумушта отургам. Агентке кирсем, Асел жок. Шаабайым сууп, анын сүрөттөрүн бир сыйра суктана көрүп чыктым. Аңгыча бир ой кылт этти. Ал кимдер менен байланышат болду экен деп досторун карадым. Кызыгы, арасында Алмаз деген менин кошунам да жүрөт. Өзүмчө жылмайып койдум. Алмаз экөөбүз укмуш жакын дос болбосок да кээде жолугуп сүйлөшүп калчубуз. Ошол күнү үйгө баратсам, алдыман Алмаз чыгып калбаспы.
– Кандай, Элдияр? Жумуштан келе жатасыңбы?
– Ооба. Өзүңчү?
– Жүрөм, жакшы эле... Интернет клубга бараткам.
«Интернет»деген сөздү угуп эстеп:
– Ии, баса, Алмаз, сенден бир нерсе сурайын дедим эле. Стамбулда сенин Асел деген тааныш кызың барбы?
– Ооба. Кайдан тааныйсың аны?
Алмаз мени таң калуу менен тиктеди. Мен болгонун төкпөй-чачпай айтып бердим. Сөзүмдү уккан соң эмнегедир анын өңү бузула түштү. Анан кабагын чытып:
– Аны эмне кыласың? Ал бүтүп калган кыз. Стамбулда жыргап жүрөт дейсиңби? Сага айтар кеңешим, мамилеңди үзүп сал!- деп басып кетти. Бирөө мени союл менен башка чапкансып, эмне кыларымды билбей, турган ордумда каттым да, калдым. Болгон үмүтүм менен арзуумду, жакшы маанайымды шамал сапырып кеткенсиди. Эмнегедир ааламдагы бардык кызыктуу нерселер так ушул эки ооз сөз менен кошо жоголуп кеткендей туюлду. Көзү көрбөйт деп эле алдай берсе болобу?..

СҮЙҮҮ ЧАКЫРЫМДАРЫ
Ошол маанайым менен кечинде агенттен Асел менен урушуп кеттим. Ал эмнеге минтип жатканымды түшүнбөй да калды. Убакыт өтө берди. Алгач Асел «сага эмне болду? Мага таарындыңбы? Бир нерсе дечи...»деген сыяктуу СМСтерди жазып жүрдү. Жооп бербей койдум. Мени канча убакыттан бери алдап жүргөнүнө ачуум келди. Акыры түңүлдү окшойт, жазганын токтотту. Күндөрдүн биринде аны досторумдун катарынан өчүрүп салдым. Ошентип, аны унутайын деп чечтим. Ага жүрөгүмдүн эшигин жаап коймок болдум. Бирок колумдан келген жок. Арадан баягы эле окшош күндөр өтө берди. Эмнегедир акыркы күндөрү бассам-турсам көз алдыма Аселдин күлмүңдөгөн элеси тартылат. Түшүмө да көп кирчү болду. Алгач анча деле маани бербегеним менен акыры мен аны сүйөрүмдү түшүндүм. Бирок жигиттик намысым аны менен кайра байланышууга жол бербейт эле...
Күз. Мен үчүн жашоомдогу эң оор күндөрдү кучагына алган октябрь айы болчу. Таза абадан жутуп, бир аз да болсо айланага суктанып, өзүмдү алаксытуу үчүн сыртка чыккам. Эшиктин алдында отурсам, Алмаз кызуу болуп көчөдөн өтүп баратыптыр, мени көрө салып токтой калды. Анан сыра алып берүүмдү өтүндү. Мен анын өтүнүчүн аткардым. Сыра  ичип, жанымда ар кайсыны сүйлөп отурган Алмаз жибип кеттиби, айтор, мага чындыктын бетин ачты. Көрсө, ал Аселдин мурунку жигити экен. 
– Аны ала качып барсам отурбай койгон. Бирок ага болгон сүйүүм өчкөн жок. Аселди азыр да жакшы көрөм. Азыр да ага агенттен арзуу каттарын жазам, бирок жооп бербейт...
Алмаз башын шылкыйтты да, андан соң тамеки түтөттү. Ошол замат ал өткөндө мага жалган айтканын түшүндүм. Эмнегедир жүрөгүм элеп-желеп боло түштү. Аселдин телефон номерин блокнотко жазып койгон элем. Ордумдан ыргып туруп, Алмаз менен коштошуп, үйгө шашыла жөнөдүм. Анан колдорум калчылдай анын номерин терип жаттым...
– Алло!
Аселдин тааныш үнү кулагыма ушунчалык жагымдуу угулду.
– Алло, Асел, мени кечирип койчу, мен сени сүйөт экем... Бир аздан соң трубканын ары жагынан
– Мен дагы...- деген таарынычтуу үн чыкты. Дал ушул сөз көөдөнүмдү көккө серпиди...
– Асел, мени кечиресиңби?..
– Кечирем. Сени чалат деп күтүп жүргөн болчумун.
Анын назик, уялыңкы чыккан добушу кулакка ушунчалык сонун угулду. Азыр эле анын жанына эки аттап чуркап жетип баргым келди.
– Мен сага жакында барам!
– Ишенбейм...
Ошондон аз өтпөй эле досторумдан, тааныштарымдан эптеп жол киреге акча чогултуп, Стамбулду көздөй жөнөдүм. Ата-энем менен жумуштагыларга айткан жокмун. Ашыгым үчүн баарына кол шилтеп жөнөп кеттим. Учакта баратып улам-улам саат жебесин карайм. Сүйүүмө жолукчу мүнөт жакындагандан жакындап, экөөбүздү бөлүп турган миңдеген чакырымдар кыскарып бара жатты. Алдыда жаркын келечек күтүп жаткандай туюлду. Ооба, мени сүйгөнүм күтүп жатат. Ушуну ойлогон сайын жүрөгүм бирде кубанса, бирде  түйшөлөт. Эгер Асел мен ойлогондой кыз эмес болсочу?.. Мен ага жагамбы? Так ушул суроолор санаамды санга бөлдү.
Көрсө, бекер эле кабатырланыпмын. Мени Асел тосуп алды. Сүрөттөгүдөн да сулуу экен. Экөөбүз мурдатан эле кыз-жигит болгонсуп, аэропортто көпкө чейин бири-бирибизди сыга кучактап турдук. Анын кундуздай чачын сыладым.
– Билесиңби? Элдияр, сенин келериңе ишенген эмесмин...
– Неге?
– Билбейм, көрбөгөн кыз үчүн бардыгын таштап, миңдеген чакырым алыстыктагы башка өлкөгө ар бир жигит эле келе бербесе керек... Романтик экениңе эми гана ишендим. Мындайды кинодо эле болот деп ойлогом.
– Кино деген жашоодон алынат да.
Экөөбүз бири-бирибизди суктана тиктедик. Анын сулуу, кумарлуу көздөрүнөн бакыттын учкундарын байкадым.
– Мен сенин кинодогу, кыялыңдагы гана баатырың эмес, чыныгы жашооңдо да ар дайым өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп жаныңда жүргөн ханзаадаң боло алам!- дедим толкундана.
Ушул тапта Аселдин көзүнө жаш тегеренип кетти. Анан мага билгизбейин деп көздөрүн ката, башын көкүрөгүмө жөлөдү да:
– Мен бактылуумун...- деп акырын шыбырады.
– Мен дагы!
Так ушул мүнөт мен үчүн өмүр бою эсте калмакчы... Ооба, мен дүйнөдөгү эң бактылуу адаммын!

Элдияр

Асхат Субанбеков


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  21 
Комментарийлер(73)
06.12.2012. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
соонунго хепи енди жакты
06.12.2012. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suiuunun ku4u keremet
07.12.2012. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а эгер агенттен алдаган болсочу мен коп эле кубо болуп журом,башка кыздардын суротун коюп алып,жигиттердин жаралагандарды,агентке коп ишенбегиле
07.12.2012. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо керемет
07.12.2012. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да Асель деген кыз менен агенттен таанышып кыз-жигит болгонбуз. Бирок мамилебиз копко узабады... Мен азыр Аселядан 1000деген чакырым алыстамын, бирок дагы деле Суйуп келем!
07.12.2012. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daaa super .baktyluu bolgula
07.12.2012. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык экен:)болушу мумкун...
08.12.2012. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун экен,ар дайым бактылуу болгула!!!
08.12.2012. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
романтикалуу жолугушуу. Соонун жолугушуу бактылуу болгула
08.12.2012. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуу - емне?
Суттой таза колукту!
Ушул ыр саптарга жеткиле!
09.12.2012. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Агент агент..... Бактылуу болгула
09.12.2012. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйуунун козу кор болот
09.12.2012. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu bolgula...
09.12.2012. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
moi mir, agent, odnaklassnikti, kim oilop tapsa da Azzamatt eken. Yraazymyn mende da ushundai okuya bolgon azyr dele biri biribizdi syilap jurobuz =)
10.12.2012. 07:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kalpychy.... aldap jazyptyr go, tureskiy serial kylyp
12.12.2012. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйууго айла жок.мага ото жакты.мен ишенем чыныгы турмуш экенин.
17.12.2012. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
магада жакты. Бактылуу болгула
17.12.2012. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишенбейм кино бул
22.12.2012. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а дегенде 6 ай,анан да АЛЫСТЫК,жанды жеген сагыныч ....ошончо нерсени женип оттубу демек алар башкасын да басып оушот.Азаматсынар.Бири-биринерге ишенгиле.
03.01.2013. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
охоо де сонун окуя экен бактылуу болушсун!
05.01.2013. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жигит чечкиндуулук кылган
19.01.2013. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Molodcy ai kantse dagy
19.02.2013. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула кай жерде болбосонорда менда суйумду агентен таптым
13.03.2013. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kandai sonun men da agentten syiyymy tapsam ehhh
17.04.2013. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала кызга келип,кыз тосуп алып,бул болушу мумкун,бирок биринчи жолугушууда эле бири бирин тиктеп,анан кучакташып туруп калганы кичине окшошпой калыптыр. Мейли агентте суйлошуп журуптур,бирок бир коруп эле барып кучактап албаса керек,анан сразу эле кокурогуно башын коюп суйуусун айтып бере албаса керек бир коргон адамга
06.09.2013. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдияр чынынгы мырза экенсиз!
03.10.2013. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соз жок, все щикарно экен
05.01.2017. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен агенттен далайын алдагам. Страшно...
23.04.2018. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун
24.04.2018. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эхх керемет суйуу,
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо