ПРЕЗИДЕНТТИН 1 ЖЫЛДЫК ИШИ.КАНДАЙ БАА КОЙСО БОЛОТ?

№526 30-Ноябрь-6-Декабрь, 2012-ж

2011-жылдын 1-декабрь күнү Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка киришкен. Көз ачып жумгуча арадан бир жыл өттү. 6 жылга шайланган мамлекет башчы 12 айда кандай жыйынтык көрсөттү? Жылыш барбы? Авторитардык режимди көздөй артка чегинүү байкалбай элеби?

«БИЗ ЭЧ КАЧАН КУЛ БОЛБОЙБУЗ!»
Адегенде кепти 30-октябрдан баштасак. Президент болом деген талапкерлердин саны куру дымак менен 81 кишиге жетсе, шайлоо күнү добуш берүүчүлөр бюллетенде көрсөтүлгөн 16 адамдын бирин тандашты. Жыйынтыгында шайлоочулардын 63 пайыз добушун алуу менен Алмазбек Атамбаев жеңишке жетишти.
Кыштын биринчи күнү экенине карабастан, күн чайыттай ачылган 01.12.2011. датасында Борбор Азиянын өлкөлөрүнө жат болуп бараткан көрүнүш Кыргызстанда алгачкы ирет орун алды. Бир президент экинчиси менен сахнага ээрчише чыгып, бийликти эч кандай революциясы, кан төгүүсү жок өткөрүп берүү салтанатына дүйнө коомчулугу көз салып турду. Президент Алмазбек Атамбаевдин 10 мүнөткө созулган биринчи кайрылуусунан «биз эч качан кул болбойбуз!»деген сөзү эң бир урунттуу учур катары эсте калды.
Айтмакчы, салтанатка президенттерден Түркия менен Грузиянын башчылары Абдуллах Гүл, Михаил Саакашвили келип, ошондой эле бир катар башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү да катышты.
Президент катары чет өлкөгө болгон алгачкы иш сапарын Алмазбек мырза 19-декабрь күнү Москвадан баштады. Анда президент Евразия Экономикалык Кызматташтыгынын Мамлекеттер аралык кеңешме жана ЖККУ менен КМШнын расмий эмес саммиттерине катышып келди.
Жаңы жылдын алдында мамлекет башчы маалымат жыйынын өткөрүп, 2011-жылдын негизги жыйынтыгы катары элдин биримдигинин сакталып калгандыгын айткан. Ошондой эле УМККнын түзүмүндө Коррупцияга каршы кызмат түзүлгөндүгүн белгилеген.

ТҮРКИЯ КАРЫЗЫН КЕЧТИ
12-январда президент Алмазбек Атамбаевдин Түркияга болгон биринчи расмий сапары башталды. Бул сапардын башкы жыйынтыгы Түркия Кыргызстандын 51 миллион доллар карызын жойгондугу болду.
16-февраль күнү Алмазбек мырза Кыргызстандын ичиндеги алгачкы жумушчу сапарын Ош облусуна жасады.

«КИЧИНЕКЕЙ ӨЛКӨБҮЗ, БИРОК НАМЫСТУУБУЗ»
23-февралда Алмазбек Атамбаевдин Орусияга болгон иш сапары башталып, анын жүрүшүндө Москва шаарында Манастын эстелигинин ачылышы болуп өттү.
Бирок орустардын оозун ачырган күн 25-февраль болду. Анда «Эхо Москвы»радиостанциясы менен "Коммерсантъ" басылмасына Алмазбек Атамбаев маек куруп берген. Урунттуу учурлардан учкул сөзгө айланган интервьюдан үзүндү:
«Мен Путинден эч кандай насыя, грант сураган жокмун. Кыргызстан эми башка өлкө. Ал кимдир бирөөдөн акча сурап, мындан ары тилемчилик кылбайт».
"Ооба, кичинекей өлкөбүз, бирок намыстуубуз. Кыргызстан "камчыдан" коркпойт, "май токочторго" да муктаж эмес. Өзүбүздү бага алабыз. Керек болсо Орусияга да жардам бере турган күн келет”.
29-март күнү Алмазбек мырза Азербайжанга кезектеги расмий сапары менен жөнөп кетти. Анда Азербайжан мамлекеттик компаниясынын катышуусу менен Кыргызстанда нефтини кайра иштетүүчү завод куруу макулдашылды.

ПРЕЗИДЕНТТИН БИРИНЧИ КОНОГУ – МОНГОЛИЯ БАШЧЫСЫ
3-апрелде Монголиянын президенти Цахиагийн Элбегдорж расмий сапары менен Бишкекке келип, анын алгачкы жемиши Улан-Батор–Бишкек аба каттамынын ачылганы болду.
7-апрель күнү 2002-жылы Аксы окуясы жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун «Ала-Тоо»аянтындагы эстелигинин ачылышы президенттин катышуусу менен өттү.

ЧЕК АРА, КҮЙҮҮЧҮ МАЙ БОЮНЧА АБАЛ ЖЕҢИЛДЕДИ
10-майда Алмазбек Атамбаев Казакстанга иш сапары менен барып, анда Кыргызстандын жарандарынын Казакстандын аймагында 90 күнгө чейинки мөөнөттө жүрүү тартиби, Чүй облусундагы «Ак-Тилек»жана Ысык-Көл облусундагы «Каркыра»өткөрүү пункттарын ачуу маселелери каралды.
15-16-май күндөрү президент Алмазбек Атамбаев Москва шаарына барып, өкмөт башчы Дмитрий Медведев менен болгон жолугушууда Кыргызстандын Орусияга болгон карызын жөнгө салуу, күйүүчү май ташып жеткирүү боюнча жеңилдетилген шартта бажы салыктарын карап чыгуу, Жогорку Нарын ГЭСтерин куруу маселелери чечилди.

КЫТАЙ ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫНА ЖАРДАМ БЕРЕТ
4-июнда Алмазбек Атамбаев Кытайга барып, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйынына катышып келди. Ошондой эле Кытай менен Кыргызстандын мамлекет башчылары «Датка-Кемин»электр энергиясын өткөрүүчү линияларын жана «Кемин»подстанциясын куруу долбоору боюнча жеңилдетилген кредиттик макулдашууга кол коюшту.
10-июнь күнү президент 442 кыргызстандыктын өмүрүн алып кеткен каргашалуу Июнь окуясынын 2 жылдыгына карата Ош шаарына сапар тартып, анда «Сулайман тоо» мечити менен Манас атанын эстелигинин ачылышына катышты.
Үстүбүздөгү жылдын 22-августунда Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаев иш сапары менен Бишкекке келди. Казакстандын ажосу Кыргызстанга жардам катары
200 миң тонна эгин, муктаждыкты толуктоого 100 миллион м3 газ, Кыргыз-Казак инвестициялык өнүктүрүү фондуна 100 миллион доллар бөлүнөрүн билдирди.

ОРУСИЯ 489 МИЛЛИОН ДОЛЛАР КАРЫЗЫН КЕЧТИ
1-сентябрда Алмазбек Атамбаев Кытайдын чакыруусу менен Үрүмчү шаарына барып, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу менен Ош–Баткен–Исфана автожолунун курулушун Кытайдын өкмөт башчысы Вэнь Цзябао менен талкуулап кайтты.
19-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкекке келип, буга чейинки айтылып келген макулдашуулардын жүзөгө аша баштаганы, Нарында 8 ГЭС курулары жар салынды. 27-сентябрь күнү Алмазбек Атамбаев экинчи кыска эмгек өргүүсүн алып, Түркияга жөнөп кетти. Анда Түркиянын өкмөт башчысы Али Бабажан менен жолугушуу өтүп, Кыргызстанга 100 миллион доллар жеңилдетилген насыя бөлүп берүү каралды.
27-октябрда Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскады курула турган капсула куюу иш-чарасына катышты.

ПРЕЗИДЕНТТИН ПОЗИЦИЯСЫ БЕКЕМДЕЛҮҮДӨ
2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык, президенттик бийлик кыйла күчүн жоготсо да, Алмазбек Атамбаевдин доорунда бул кызматтын зоболосу күндөн-күнгө артууда. Буга, балким, Жогорку Кеңештеги бүтпөгөн ыйкы-тыйкылар, фракциялар ортосундагы компроматтар согушу, депутаттардын пассивдүүлүгү, атүгүл жыйынга катышкан эл өкүлдөрүнүн катары күндөн-күнгө суюлуп баратканы, башында дүбүртү катуу чыккан бабановдук өкмөттүн куйругуна калбыр илинип, отставкага кетүүгө аргасыз болгону себеп болуп жаткандыр? Парламент менен Министрлер кабинети канааттандырарлык иштебей, урушуп-талаша беришсе, президенттин кадыр-баркы жогорулай берери турган иш.
Ажонун аброюн акырындап арттырып бараткан дагы бир иш – коррупцияга каршы күрөш. Бул тармак боюнча иш алып барган ведомство арак чыгаруучу "Аю" компаниясы, "Альфа Телеком" ЖАКы, депутат Нариман Түлеев жана ал шаар башчы болуп турган кездеги Бишкек мэриясынын айрым кызматкерлери, Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун жардамчысына, ошол мекемедеги Социалдык камсыздандыруу департаментинин мурдагы директору Г.Дербишевага байланыштуу коррупциялык иштерди алып чыгышты.
Ошону менен катар сот реформасы алдыга жыла баштады. Буюрса, Кыргызстанда элдин, коомчулуктун элегинен өткөн адилеттүү соттор иштейт деп коомчулук үмүттөнүүдө.

САЯСИЙ ЭРК
3-октябрдагы окуя өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Учурда "Ата Журттун" депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов Ак үйдү, бийликти басып алууга аракет кылды деп шектелип тергөө изоляторунда. "Уулдарыбызды бошоткула" деп Баатыр энелер ачкачылык жарыялашты, аксакалдар аянтта намаз окушту, митингдер өттү. Мунун баары Кыргызстан митинг-пикет аркылуу мыйзамдуу да, мыйзамсыз да талаптарды коюу деген өнөкөт ооруга белчесинен батканын көрсөтүп турду. Жөн салды көрүштүбү же депутаттардын ишин жаш баланын жоругуна теңегиси келиштиби, айтор, Алмазбек Атамбаевди кечиримдүү болууга чакырышты. Бирок президент өтө кыска жана ачык-айкын түрдө "мыйзам чегинде чечилсин" деп өзүнүн саясий эрктүүлүгүн көрсөттү.
Өткөн жылы Алмазбек Атамбаев Жаңы жылды утурлай: «Келаткан жылдын Балык жылы экендиги символикалуу болуп турат. Мен президенттик кызматта болуп турган учурда Атамбаев ажыдаарга айланбастан, Кыргызстан Сингапур жана Малайзия сыяктуу «Азия ажыдаарына»айлана баштаарына ишенгим келет”,- деген эле.
«Азия ажыдаарына»айлануу азырынча алыс. Ошентсе да жакынкы 5 жылда Алмазбек Атамбаев бери дегенде өлкөдө саясий туруктуулук жана экономикалык секирик жасалышы үчүн пайдубал түптөп кетишин эл күтүп отурат.

Эльвира Караева
Султан Досалиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(43)
03.12.2012. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алты жыл болот экенби а?

Неге алты жыл э?
03.12.2012. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurik102, рахмат! Түзөтүлдү.
05.12.2012. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
info, эчтеке эмес!
03.12.2012. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында эч озгоруу жок го,орустардан жардам сурабайт деп оозу куйуп калган корунот, ГЭС ти окелер мн суйлошуптур го,Карыздарын жон эле кечпегендир, азырынча бизге туман
07.12.2012. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aijana.osh, сага билип турам кандай президент керек экенин.
04.12.2012. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кандай озгоруу жок... Кайра аркасына кетип жатат, сатып эле жатышат сатып эле жатышат....
04.12.2012. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurbekov - 20 күнгө банга!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
05.12.2012. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_AGAT, ал эмне дегениңер 20-күнгө банга?

04.12.2012. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
16 майда карыз жөнгө салуу маселеси каралды беле? Медведьев карызды кайтаруунун жолдорун караштыргыла деп айткан менин эсимде..Ал сентярбда чечилди. Анан ошко барып Манастын эстелигин ачты эмес, жөн эле катышты деп койсоңор болмок. Эстеликти мерия ачты да. Манастын эстелиги былтыр эле бар болчу Ошто.
04.12.2012. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tendik, Президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмү бергени боюнча, материалдан үзүндү: "2012-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Россияга тышкы карыздарын жөнгө салуу, Кыргызстанга ГСМ ташып жеткирүү..."
04.12.2012. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tendik, Ачты эмес, ачылышына катышуу маселеси боюнча, түзөтүлдү. Рахмат!
07.12.2012. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tendik,билебиз бар экенин. Катышты деп эле турат го.
04.12.2012. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urmattuu tuwtuk tuugandar bolunboi bolgonun bolgondoi jassanar bolo!Jogoruda jazylgandar 4yndygynda ele jetiwkendikter jana ozgoruulor! Kalp ele ozgorgon jok dei berbei! Kobun4o Rossiada iwtegender kiret da bul saitka!
04.12.2012. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жаман айтпай жакшы жок демекчи бир гана нерсени айта кетсе болот , Атамбаевдин командасы кадрдык саясатты туура иш жузуно ашыра алган жок, специалистер эмес баягы эле акчалуулар жумуштарды ээлеп алышкан, бюджеттин жетишбестиги 23,6 млрд б.а. 500 млн доллар, жада калса 2013-жылдын бюджетин да дефицит менен кабыл алып жатканы тушунуксуз, бул эмне деген саясат
04.12.2012. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алмазке баштаган саясаттын алдыга жылганын байкабай эле артка жылганын байкадым, бийликтин баарын оной базарга айлантып алышту....
Кыскасы аман эле болсун!
05.12.2012. 04:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nuradyl88, bashkargan kolunan kelbeiby anda anchalyk aytpa I ewe bilbeysinbi jazbay leee koison bolmok...
07.12.2012. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nuradyl88, не сен быйыл жаны койнок сатып албай калсан эле президент кунолубу,жалпы ишмердуулугун караш керек да!
05.12.2012. 04:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bir leee Atambaevdin kolunda emes daaa biylik...
05.12.2012. 07:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men AZATYK + unalgusun Mumkun bolso kundo uguuga arekettenem I bilishimche oshol ele bayaky bayaky koychumandun tayagu bolup jatat karuzga batyy kymbatoo jetishsizdik I albette parahorluk ... Dagun dele oshol jashagan baylar jashap jatat a Kedey kembegaldarga ele kuyun boldu jashoo ... Negizgisi kelechek jokta .
05.12.2012. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийликти 1 партияга берип койдуго СПДКга ушул кемчилиги менин оюмча, анан Отунбаеваны мен президент катары эсептебейм! Мыйзамсыз Президент.
05.12.2012. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Edizar Туштуктуктор болунбойт тескерисинче Аркалыктар болуносунор,П.С. ананда ушундай сен туштук андай мындай деген билдируу жазбасанар сураныч булда болууного жатат
07.12.2012. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Zverchik, мен да кошулам Edizarга бул сайтка кобунчосу орусиядагы Ичкилик туугандар кирет эмеспи. Сен деле таамай болуптурсун го. Анан да президент эле жалгыз башкарбасын эсинерден чыгарбасанар.
05.12.2012. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир мамлекетти башкаруу өтө эле кыйын жумуш тура. Баары президент боло электе антиш керек минтиш керек деп келип эле болгондон кийин оорлугун сезишет окшойт.Эмне кылам деп пландаганын кубангандарынан унутуп калышат же көөп кетишетбейм.
05.12.2012. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Biylik bir laaa Atambaevdin kolunda emes daaa... dayima adilet koz karash mn karaily daaa...kolunan kelgenin kilip jatat.I parlamenttik olko ekenibizdi unutpay prezidentti jakshy synaily tuugandar...
07.12.2012. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kenzhe_007, туура. Оңолуш жалгыз Атамбаевден болбойт, ар адамдын - коомдун ар бир мүчөсүнүн аң сезиминен да болот. Көнгөн адаттарын калтырбай атышса Атамбаев ар бир адамды аңдыйбы эми. Кудайга шүгүр, оңолуу болубатат.
05.12.2012. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акаевдин, Бакиевдин, Отунбаеванын убагында да ушундай жетишкендиктерин айтып ооз коптурчу эле. Бул салтка айланган корунуш. Бир жактуу жазылып калыптыр, аткарылбай калган убадаларын да жазсанар болмок.
05.12.2012. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч кандай алдыга жылыш жок , ошол кыйналган эле кыйналып эле журушот , эч нерсе озгоргон жок, росто ар олкодон карыз суроо боюча рекорд койду десе болот , ал карызга келген акчалар , карыздарын кечип койгон акчалар , чондордон ашпай жатат , Молодцы рекорди генеса китебине кирдинер карыз алуу боюнча
05.12.2012. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жакшы болуп кетээр бир жылда 20жылдык карызды кутулуш оной бекен акырындык менен баары жакшы болот сабыр тубу сары алтын сабырдуу бололу!!!
05.12.2012. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызык?! Эмнеге бир жактуу гана маалымат? КМШнын саммитине кыргызстандын президенти келбей калды, себеби; "беларусия Бакиевди бербей койду деген таарыныч" деп орус корреспанденти сайрап жатат. Ушу кантип болсун замандаштар, кул таарынса куржунуна зыян болуп! Атамбаев 6 жыл президент болсо дагы 12жыл артка кетет окшойбуз! Эх, кайран Б. Осмонов, А. Масалиев И. Раззаков сыяктуу кулундар качан торолот болду экен?! Менимче андай адамдар бийликке келген кезде биздин козубуз отуп кетсе керек!
07.12.2012. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
PROS, ооба силердейлерге тетиги орусияда отуруп алып, паспорттогу суротун коюп коюп президентти сынга алганынарга жол болсун. Билип турам кандай президент-аке керек экен силерге.
05.12.2012. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озгоруу жок.
05.12.2012. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон озгоруу бар деп баса белгилей кетсек да болот экен!
1. Кытайдын берген насыясы: 129.8млн$.
2. Германия берген насыя: 26млн$.
3. Россия берген ири суммадагы курал-жарак.
4. Кырг.дын ички карызы Атамбаев пр. болгондон бери 40%га осту.
5. Отунбаеванын мыйзамсыз президент болушу.
6. Атамбаевдин россияга болгон биринчи иш сапарында, журналисттерге "поверьте мне, поверьте мне" кайра кайра кайталап озун актаганы. Озун актагандан оло кач деген соз бар эмес
07.12.2012. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
RIO сен атамбаевтин тууганы окшойсун э жан тарканына караганда иш теген ишинин дайыны жокко нени кыйратты ы я ?
07.12.2012. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rio Сен коп чурулдабай ... Чындыкка козунду чоооооооон ачып карагын ... MAISI 1919 туура айтыптыр ... Сенда ушундай создорун айтып турат СЕН Ким экендигинди ... Ok билет экенсин элге кандай президент керек экенин кана айтчы кандай?
07.12.2012. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жана кошумчалай турган нерсе RIO угуп ал президент сага окшоп суйлошун да билбейт чурулдап ... Бироо жазып бергенди эптеп окуп кутулатда ... Озунун акылы да жетпейт эмне дешке .
08.12.2012. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыңарга эскертүү!
Жеке маек үчүн купуя бар!
08.12.2012. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
еч нерсени билбей туруп талашканда пайда жок,
08.12.2012. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
елдин пейили кандай болсо ошого жараша президент,хан,падыша болот
09.12.2012. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oiiii bliiin ii emne degen tuurasynar baiagy ele narazychylyk emi emne kylyp iieli? dagy? bashka prezident tandap iielibi? ushintip ele basyp jurosunor kachan bolboso...jany ele prezident boldu go bashka olkolor karyzdan kechip atkanga hotyaby yyraazy bolsonor, jaldyrap jurgon turbaiby debei? kyiyn ekensiner ozunor oshentip jaldyrap korgulochu bashka olkogo baryp Akaev menen Bakievtten kalgan miliondogon karyzdan kechip atkandaryna yraazy bolboi... =(
13.12.2012. 05:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
)эн туура айтасын OMG .Чыныны айтайынбы?Биздеги эн чон плюс биз кыргыздар жакшы критиктербиз да-деп мына мен дагы критикалап койдум)
13.12.2012. 05:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев акылман,азамат чыныгы эр.Чыдаганына мен ыраазымын.Озу КР да президент болгондун эч пайдасы деле жок да,озун каалаган кызматынды отоп буто элегиниде эле оз элин сыны менен эле сегиз метр артка тарта коет.Атамбаевке мурунку кызматындагы айлык акысы жетпей президнттикке келбеди да,анын деле бир элине,Мекенине арнаган кызматы бар да.Болбосо ушунча туйшукту мойнуна алып эмне.Келгиле достор бир гана "АЛГА"деген позитивдуу колдоону уйронолучу жылуу уйдо жатып алып эле кангырана бербей.(пардон)
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо