Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Гүлмира Рысбаева:«САХНАДАН КЕТ, БОШОТ» ДЕП КОРКУТКАНДАР БОЛГОН»

№527 7-Ноябрь-13-Декабрь, 2012-ж

«Колдорубуз көк боёк, тергенибиз бүлдүркөн» деп ырдап, биздин эсибизде «кичинекей Гүлмира» бойдон калган ырчы Гүлмира Рысбаева көп жылдан бери көрүнбөй кеткен эле. Кезинде кош жылдыз болгон Абдумалик Шерматов менен Динара Акулованын колунда чоңоюп, алардын тарбиясын алган. Биз билген кичинекей  Гүлмира кайра сахнага кайтып келмекчи.

– Салам, Гүлмира, акыркы жылдары көрүнбөй, күйөрмандарыңа таптырбай кеттиң...
– Ооба, ошондой болду. Динара эжеден кеткенден кийин чыгармачылыгымда 4-5 жыл тыныгуу жасадым. Кичинеңде ата-эне, бир тууган эмне экенин билбей жүрө берет экенсиң. Чоңойгондо ата-энемди сагынып, бир туугандарымдын кантип өсүп жатканын көргүм келди. Бала кезде гастролдордон бошобой, аларды эстегенге чамам келбей, сахна болсо, гүл берсе, элдер кол чаап койсо ошого бактылуу болуп жүрө бериптирмин. Чынын айтсам, ошол кезде жакындарымды сагынууну деле билчү эмесмин. Кээде гана гастролдоп Тогуз-Торого барганда ата-энемдин үйүндө түнөп калчумун. Анан чоң концерттерде ата-энем Нарындан келип, менин ырдаганымды көрүшүп, гүл берип, бетимден өөп кетишчү. «Кетем» деп аларды ээрчиген деле эмесмин.

– Ошол балалыгың туурасында кеп уласак. Ырчылыкка да бала кезиңден кадам таштап калдың...
– Мен 1985-жылы Нарында төрөлгөм, бирок Тогуз-Торо районунун Казарман айылында жашадык. Бала бакчага барып жүргөн кезимден эле ыр-бийге шыктуу, тың кыз болчумун. 1993-жылы Абдумалик Шерматов менен Динара Акулова Казарманга концерт коюп келип калышыптыр. Алардын ырдаганын аябай сүйүп укчумун. Ошол күнү апам менен концертке баргам. Концерт учурунда кичинекей балдарды «чыгып бийлегиле» дешсе уялып эч ким чыкпай, мен эч тартынбастан сахнада бийледим. Жаныш Момунов фортепианодо ойноп, мен «Ак куу белең, айперим?» деген ырды ырдагам. Ошондо эл аябай кол чаап «алып кет, алып кет» деп калышты. Абдумалик Шерматов менден «биз менен кетесиңби?» деди эле, мен да шыр эле «кетем» дедим. "Ким менен келдиң?" деп сураштырып, эртеси апамдын уруксаты менен мени алып кетишкен. Апам анда аэропортто иштечү, мени алгач 10 эле күнгө жиберген. Бишкекке келгенден кийин «Телефон», «Бүлдүркөн» деген ырларды жаздырып, Ошко гастролго кеттик.

– Аймактарга көп чыкчубуз деп калбадыңбы, гастроль учурундагы эсте калган окуялардан айтып берерсиң, балким?
– Кичинемде аябай уйкучу болчумун. Гастролдордо да шылкылдап уктай берер элем. Сахнага чыкчу кийимдеримди кийгизип коюшса ошол бойдон уктап, менин кезегим келгенде көзүмдү ушалаган бойдон сахнага чыгып, кайра келип уктачумун.

– Жаштайыңдан ата-энеңден алыска кетип, ырчылар Абдумалик Шерматов жана Динара Акулованын колунда тарбияланбадыңбы, алардан кандай сабак алдың?
– Ооба, бул адамдарды мен «ата, апа» деп чоңойдум. Алар мага жашоодо күчтүү болгонго, өзүңдүн ичип жаткан тамагыңды эч кимге бербегенге үйрөтүштү. Кичинекей кезимден акча таап, өзүмдү-өзүм бакканга көндүм. Азыр деле эч кимдин жардамына муктаж эмесмин. Сахнадагы адам канчалаган оор түйшүк менен салмактуу жүк көтөрсө, ошончолук бышат. Кээде ач, кээде ток болосуң, чыгармачылыктын ысыгына күйүп, суугуна тоңосуң. Кыскасы, ал адамдар мени жашоого бышырышты.

– Кепти эми Динара эже экөөңөрдүн мамилеңерге бурсак. Сенин андан кеткениңе эмне себеп болду?
– Динара апам менен Абдумалик атам ажырашып кетишкенде мен апамдын колунда калдым. Чогуу ырдап жүрдүк. Кийин мектепти бүткөндөн 2 жылдан кийин андан кеттим. Ортобузда талаш-тартыш, кайым айтышуу деле болгон жок. Өзүмчө аракет кылып көрөйүн, өзүмчө кадам таштайын, акча таап, өз арабамды өзүм тартайын деген максат менен эле кеткем. Ата-энем келип, Динара эженин колунан алып кетишкен.

– Гезит беттерине берген маектериңде Динара эже сага болгон бир топ нааразычылыгын айтканын окуп калган элем...
– Динара эжеден кеткенден кийин кабарлашпаганым чын. Тойлордо, концерттерде көрүшүп калсак, саламдашпай өтүп кетпейм, сөзсүз учурашам. Малика менен деле ошондой мамиле. Анан мага болгон нааразычылыгын билбейм, түшүнбөйм дагы. Жеке менин таарынычым жок. Мен кеткенден кийин деле канча сөздөр айтылды «мындай эле, тигиндей эле» деп. Эл окуганына ишенет да. Мен бул жерде актангым келбейт, Кудай алдында, ата-энемдин алдында мен акмын, анткени мен өзүмдү жакшы билем.

– Учурда кайра чыгармачылыкка киришипсиң...
– Бир нече жылдык тыныгуудан кийин кайра сахнага кайтып келдим. Сахнанын ушундай сыйкыры бар экен, келгенден кийин аны биротоло таштап кетиш кыйын. Акыркы 7-8 айдан бери ыр жаздырып, кийим тиктирүү менен алекмин. Учурда тойлорго, майрамдык кечелерге барып, эл арасында эле жүрөм. Анан да чыгармачылыктагы сиңдим Бегимай Бекбоева менен дуэт ырдап, киного тартылалы деп жатабыз.

– Өз алдыңча кеткенден кийин сени «сахнаны бошот» деп коркуткан адамдар болду деп угуп калган элек...
– Өз алдымча иштеп жүргөндө телефонума бейтааныш эркектер чалып, «сахнадан кет, бошот» деп коркуткандар болгон. Сахнадан кеткенимдин себептеринин бири да ушул десем болот.

– Бир кездерде ачык кийинип, дарегиңе бир топ сындар айтылып жүрдү эле...
– Динара эжеден кеткенден кийин чачымды кырктырып, сарыга боёп үйгө барсам, апам үйгө киргизбей койгон. Чачым өскүчө Нарында жүрбөдүмбү. 

– Жеке жашооңдо кандай өзгөрүүлөр бар?
– Мен 3-4 жыл көрүнбөй калганда «турмушка чыгыптыр» деген имиштер тарап кеткен. Чынында, турмушка чыга элекмин. Буюрса, Жаңы жылга чейин турмушка чыкканы турам. Болочоктогу жолдошумдун аты – Камил, көлдүк жигит.

– Маегиңе рахмат, турмуш жолуң байсалдуу болсун.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(45)
10.12.2012. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul ejenin bir ele yryn ukkan ekem,akyrky ubakta korunboi kaldy go. iygilik sizge!
10.12.2012. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да бантиктерине аябай кызыкчулем фарфыраган...
10.12.2012. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу бол
10.12.2012. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооо Гулмира эженин аткаруусундагы ырларды, далай ырдап калдык го, мектептеги концерттерде)))Аябай жакчу)))
10.12.2012. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элдин эсинде кичинекей кыз калды да. Эми кайсы ырларды ырдайт болду экен!
10.12.2012. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичинекей Гүлмира суйкайган сулуу кыз болгон тура.Чыгармачылык ийгилик.Ар ким өз жашоосун өзү чечет.
10.12.2012. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мага аябай кызык эле Гулмиранын Динарадан кеткенден кийинки жашоосу корсо суйкайган сулуу кыз болуптур бактылуу бол ийгилик!
10.12.2012. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин кичекей кезимдеги суйуктуу ырчымго, кайда журот болду экен деп олоп койчу элем. Эми андан жаны ыр кутомун зарыгып ырларын учурда калтырбай угуп, жазып, жатка алып, ырдайт элем. Чыгармачылыгынызга ийгилик эл арасында аман болуп, гулдой жайнап ачылып журо бериниз Гулмира эже. Талатынызга таазим!
11.12.2012. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец кыз эле и ырлары да сонун болчу. Бактылуу бол :)))
11.12.2012. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кичине кезимде оло жакшы коруп укчумун жана туурачымын бирок азыр коргонумдо такыр озгорбоптур!!! бактылуу болунуз!!!
11.12.2012. 07:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын сахнада чыгармачылыгындын 2чи омурун улап, дагы да элдин алкышына арзышына толук ишенебиз. Ийгилик каалайм. И баса Камил м.н бактылуу омур сур.
11.12.2012. 07:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktuluu bolunuz!!! Uy-buloluk bakut kaalaym....I iygilik...
11.12.2012. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой-бай жогоруда бироо не деп кеткен, Динара эженин эмгегин баалабай, Анжеликадай бп журо бербей деп)))эмне анжелика Эжесин угуп журот бекен дагы эле)))Ичим оооой. Анан жанагы озун-озу мактаган маселеге келсек, азыр ким эле б.со озун мактап, бышык элем, тын элем, чыйрактын-чыйрагы мен болчумун энем ырчы, атам чоорчу эле деп кокурок мушташат, болбой калганда озунду-озун мактабасан сен эч ким мактабайт дешет экен, тообо. Илгери кыкендер айтышчу эле озун-озу мактаган олумго тете деп.Но, сага ийгилик
14.12.2012. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирого жамандык тилесен озуно кайтат
15.12.2012. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
best-life, Динара эженин эмгегин баалабай, Анжеликадай бп журо бербей деп-Cен муну кайдан окудун статьяда жокле туратго минтип айтканы, эми ырдачумун, бийлечумун деген мактангадыкместа!....
11.12.2012. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен аябай жактырып укчумун ырларын.Сизге ицгилик онорунуз оркундой берсин
11.12.2012. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба, кичине кезибизде, кичинекей татынакай ырчылардан Анжелика жана Гулмираны эле таанучубуз. Арноо концертти болсо ушул кыздарды коруш учун эле короор элем.Кичинекейинен эл алдында оскон жана таланттуу кыздар. Ийгилик
11.12.2012. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик
11.12.2012. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ало-ало телепоон ким бураса дайыма уйубуздо шынгырайт нокиа деген телепон...
11.12.2012. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiabai koltoiuptur ee
11.12.2012. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат,ошол ошол эле бойдон калыптыр Гулмира.ийгилик сага!бактылуу бол!эч кимди укпай,конул болбой чыгармаларынды элге тартуулап журо бер.
11.12.2012. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика эмнени кыйратты Гулмирага караганда Анжелика Айчурокту жаман кидайтетти го...
11.12.2012. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз!!! Мындан арткы жашоонуз жакшылыгы менен коштоло берсин! Сыймыгыбыз болоор элениз,келип калыпсыз биз сиз менен Гулмира эже,кимдир бироо чоочутса бизге билдириниз.Куйормандарыныз колдойбуз.
11.12.2012. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун ырдаган кичинекей кыз болчу)))Ийгилик жана бакыт каалаймын!
12.12.2012. 07:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала кезибиздеги Гулмира ошол бойдон коз ирмемде калды.
Бизда Гулмираны туурап чоон бантикти тагынып алып, жаны салынып жаткан уйлордо канча концерт коюп калдык. Эх ошол балалык кез...
Уй-Булоолук бакыт, ден соолук каалайм!!!
жаны ырларынды чыдамсыздык м.н кутобуз..
12.12.2012. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cахнадан кет деп коркуткандай кичинекей кызда кимдин очу бар эле дейм да...?!Ушу ырчылардын интервьюларын барган сайын окугум келбей калды!Баары эле окшош созду айтышат.Кичинемде эрке чонойдум,палан болдум,тукун болдум деп...!
15.12.2012. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Asiyo, ну соперники естественно ей угрожали, тогда она была успешной маленькой певицей... завистники и соперники, что ты удивляешься как будто у нас такого не было и не бывает!...
13.12.2012. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да абдан жагат бул кыз.Концерттерге Гулмираны коруш учун барат элек."Кичинекей кутучанын ичинде,бар эле бар эле бар эле"деген созу бар ыры бар эле.Сулуу,созулган ыймандуу кыз болупсун.Мындан ары ишине ийгилик!Бактылуу бол!
13.12.2012. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булардан кетип калып туура кылгансын Гульмира. Мен бул экоону жакшы билем. Абдымалик профессионал, анысын сыйлайм,бирок .... деген жери абдан коп, адамдык жагынан.
14.12.2012. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулмира эже сизге чыгармачылык ийгилик каалайм,кичинекейимде сиздин балалык деген ырынызды айабай жакшы коруп укчу элек.
15.12.2012. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tura kylgancyn Dinaradan ketip jogorudagylar culoi beret.Birinchiden cendei bolup alyshcyn.Caga iigilik chygarmachylygyna
16.12.2012. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичинекей кезибизде чогуу ойноп да калчу элек.Мен да коргонумо кубанычтамын!Устатын чыгарган атынды очурбой ,алып кетсен,устатын ыраазы болуп сени менен сыймыктанат деп ишенем!Мен бир гана жомоктун аягындай баардыгыбыз бактылуу болобуз деп ниеттенем.
16.12.2012. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журогунду жагымсыз ой ээлесе,кулку менен унутуп кой,женилбе.Жамандык да отот, кетет ал сыноо,Сактап калба,Сен конулго.......Менин жаны ырымдын саптарынан.....сиздерге-урматтуу окурман!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо