ЭНЕРГИЯ ТАРТУУЛООЧУ AЗЫКТАР

№527 7-13-Декабрь, 2012-ж

Айрым тамак-аштар маанайды көтөрөт же түшүрөт, уйкусуратат же сергитет. Кээде энергия тартуулайт. Төмөндө күнүмдүк энергия тартуулоочу азыктардын алдыңкы тизмесиндегилер берилди. Күнүнө булардын жок дегенде бирин жеп, өзүңүзгө энергия топтоңуз.

АЛМА
Эл арасында «күнүнө бирден алма жеген адамга дарыгердин кереги жок» деген кеп айтылып келет. Чындыгында, алманын курамында бир топ витаминдер, микроэлементтер жана каротин бар. Алмадагы пектин заты организмден холестеринди жана катуу металлдардын тузун чыгарууга көмөк көрсөтөт. Андыктан күнүгө эртең менен алма жегенди унутпаңыз.

БАНАН
Банан аритмия, атеросклероз жана жүрөк-кан тамыр ооруларында жардам берет. Андан сырткары ал организмде эндорфин гормондорун иштеп чыгууга түрткү болот. Ал эми бул гормондор медицинада «бактылуулуктун гормону» деп аталат. Күнүнө 1-2 даана банан жеп алсаңыз, энергияңызга энергия кошкон болосуз.

АНАНАС
Ананастын курамындагы пектин заты ичегилердин жакшы иштешине түрткү болсо, бромелайн заты тамакты сиңирүүгө, канды тазалоого жана иммунитетти чыңдоого жардам берет. Курамындагы калий тузунун жогорку кошундусу энергия тартуулоодон сырткары организмди ашыкча салмактан жана суюктуктан арылтат.
Эскертүү! Ананасты ач карын жегенге болбойт.

КЫЗЫЛ БОЛГАР КАЛЕМПИРИ
Кызыл болгар калемпири организмди А жана С витамини менен байытат. Адистердин айтуусунда, жогоруда аталган витаминдердин жетишсиздигинен артрит оорусунун пайда болуу мүмкүнчүлүгү жогору экен. Мындан сырткары бул жашылчадагы ликопин заты рак оорусунун алдын алат. Адистер күнүнө 3 даана кызыл болгар калемпирин жеп турууну сунушташат. Аны бадыраң, сыр жана буурчак менен аралаштырып жеңил салат кылса, жегиликтүү болот.

КАРА ШОКОЛАД
Кара шоколад – күнүмдүк энергияңызга энергия кошуучу азыктардын бири. Шоколаддын курамында какаонун өлчөмү жогору болгондуктан, маанайды көтөрүүчү көптөгөн микроэлементтердин эң жакшы булагы болуп саналат. Бирок көп колдонуу маанайды көтөрүү менен бирге салмак кошууга да таасир берет. Андыктан күнүнө 57 граммдан ашык колдонбоңуз.
Мындан сырткары шоколад тери үчүн эң пайдалуу. Шоколад теринин №1-душманы болгон күндүн ультракызгылт нурларынан сактайт. Бирок шоколаддын ак эмес, кара түрү гана мындай касиетке ээ.

ДАРБЫЗ
Дарбыз өзгөчө жайкысын шам-шум эткенге пайдалуу. Ал шишик, цистит, жүрөк-кан тамыр ооруларына, унутчаактыкка дары. Анын курамындагы фолий кислотасы зат алмашууну жөнгө салат. Анын ширеси теринин өңүн жакшыртып, бырыштарды жазат.

АШКАБАК ДАНЕГИ
Бул азык магний, темир жана кальцийге бай. Адистер маанайын көтөргүсү келген адамдарга ашкабактын данегин чагууну сунушташат. Анткени мында организмде серотониндин иштелип чыгышын шарттаган микроэлементтер камтылган. Дагы бир жакшы жагы, башка жаңгактарга караганда жеңил. Андыктан түшкү тамактан кийин 20 грамм ашкабак данегин жеп алсаңыз болот.

САБИЗ
Сабиздеги бета-каротин ракты пайда кылуучу эркин радикалдарды жөнгө салат. Ошондой эле теринин жана көрүүнүн абалына оң таасирин тийгизет. Бирок бета-каротин организмге май менен кошулганда жакшы сиңерин унутпашыбыз керек. Андыктан сабизден жасалган салатка өсүмдүк майын же каймак кошуп коюу туура болот.

ЛИМОН КОШУЛГАН СУУ
Бул нерсе абдан жөнөкөй көрүнүшү мүмкүн. Бирок лимон кошулган муздак же ысык сууну ичүү аркылуу организмди энергия менен камсыз кыласыз. Мындан сырткары организмди витаминдер менен камсыздайт. Ошондуктан күнүңүздөрдү бир чыны лимон суусун ичүүдөн баштаңыз.

СУЛУ БОТКОСУ
Сулу организмдеги холестеринди эритип чыгаруучу жөндөмгө ээ. Башкача айтканда, күнүнө эртең менен сулу акшагынан жасалган ботко жесеңиз, энергия бергенден сырткары жүрөк ооруларынын алдын алат.

КУЛПУНАЙ
Кулпунай – биздин организмибизге зарыл болгон минералдардын негизги булагы болуп эсептелет. Анын курамында көп өлчөмдөгү витаминдерден тышкары темир, магний, калий, кальций, цинк, фосфор жана башка минералдык заттар бар.
Орточо чоңдуктагы бир лимондо канча С витамини бар болсо, кулпунайдын беш даана мөмөсүндө дал ошончо С витамини бар. Бул витаминге каныккандыгы жагынан кулпунай жемиштердин арасынан кара карагаттан кийинки экинчи орунда турат.
Ал эми курамындагы фолий кислотасы боюнча жүзүм менен малинанын алдында. Андыктан күнүнө 400 грамм кулпунай жеп, иммундук системиңизди, жүрөк булчуңдарыңызды бекемдеп алсаңыз болот.
Булардан сырткары күч-кубат берүүчү азыктардын катарына бадыраң, мөмө-жемиштердин кактары, ачытылып, туздалган капуста, сельдерей жана башка азыктар да кирет.

Билип ал
СУУСУНДУКТАРДЫ ИЧҮҮНҮН ТАРТИБИ
Адистердин айтымында, суусунду туш келди, ашыкча иче берүү тамак-аш сиңирүүнү начарлатат, жүрөк-кан тамыр системи менен бөйрөккө күч келтирет. Бөйрөк жана тери бездери аркылуу организмге керектүү баалуу заттардын көп бөлүнүп чыгып кетүүсүнө алып келет.
Суусундуктун күнүмдүк өлчөмү кишинин жашына, эмгекке жарамдуулугуна, климаттык шартына жана тамактануу рационуна жараша болот. Мисалы, жаш балдарга күнүнө 80-160 милилитр, кара жумушта иштегендерге 2,5 литр, ал эми бала эмизген айымдарга 1 литрге жакын суусундук ичүү сунушталат. Адистер суусундуктарды тамактанууга жарым саат калганда, ал эми тамактануудан кийин тамактын түрүнө карата төмөнкү эрежени сунушташат. Мисалы, мөмө-жемиштерден кийин 20 мүнөттөн, көмүртеги көп азыктардан (нан, ботко, күрүч, макарон) кийин 2 сааттан, эт азыктарынан кийин 5 сааттан кийин гана ичүү туура.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


Энергия тартуулоочу азыктар жөнүндө билип алыңыз

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(18)
10.12.2012. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздерге чоон рахмат . Супер маалымат бергениниздерге.
10.12.2012. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чоон рахмат
10.12.2012. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allah ozu baardyk nerselerdi oz pendeleri u4un jaratkan go deim. Jaratkanga wugur!
10.12.2012. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат мен бугун пайдалуу маалымат алдым
10.12.2012. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон рахмат кенири маалымат бергениниздер учун.
11.12.2012. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бала эмизгендерге 1литр аз го
11.12.2012. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы. сиздерге рахмат
11.12.2012. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай суюкткутар чай суу баары биргеби
11.12.2012. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Керектуу маалымат экен. супер инфого чон рахмат пайдалуу кенештерден кобуроок жуктоп турунуздар.
12.12.2012. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4oon rahmat,en kerektuu, paydaluu.Super info siler 4yndygynda supersiner.Dagy koptogon paydaluu kenewterdi jazgyla....
13.12.2012. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чон рахмат супер инфо
13.12.2012. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан жакшы экен эн эле пайдалуу рахмат силерге СУПЕР!
14.12.2012. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
беш бармактан жеп алып, 5 саат суу ичпей кантип журот? (
14.12.2012. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат Супер Инфо
16.12.2012. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrg, бешбармактан алдынан, анан артынан шорпо ичилет. Мисалы, алдынан нак шорпо, артынан аксерке. Баарынан аксерке жагат
25.12.2012. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
буду знать спосибо
SUPER.KG видео
16.01.2013. 04:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жазгульду расса суйомда эн жогорку денгеелдеги журналист мага аябай жагат жаш болсода тырышчаак москвага келсен 89688539572 озум сени конок кылам
SUPER.KG видео
16.01.2013. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чоон рахмат Жазгул,бир аз болсо да дагы бир жанылыктарды билип алдык.супер инфо азаматсынар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо