Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Асел Турдалиева, КРнын Эмгек сиңирген артисти:«ҮЙ-БҮЛӨНҮ ТАНДАСАМ,БҮГҮНКҮ БАКЫТКА ЖЕТМЕК ЭМЕСМИН»

№527 7-Ноябрь-13-Декабрь, 2012-ж

«Аялзатынын биринчи карьерасы – үй-бүлө» деп айтып калышат. Ким бул өңүттө жакшы карьера жасайт, ал тагдырдан болсо керек. Каарманым «эгерде үй-бүлөнү тандасам, мынча бийиктиктерге жетпейт белем, ким билсин» деди. Биз баарыбыз билген ырчы, актриса Асел Турдалиева өткөнүнө, келечегине көз жүгүртүп, кызыктуу маек куруп берди.

«АЛТЫ АЙЫМДА ЧОҢ ЭНЕМ БАГЫП АЛГАН»
– Балалыгым Нарын шаарында өттү. 6 айга толгондо чоң энемдин колуна келип, ошол киши мени чоңойтуп, тарбия берген. Чоң энемдин аты – Мунара. Мени көкүрөк күчүгүм деп абдан эле эрке өстүрдү. Каалаганымды алып берип, бир сөзүмдү эки кылчу эмес. Кайсы жерге барбасын, дайыма жанында жүрөр элем. Мени таштап конокко кетип калса, кадимкидей чыр чыгарып ыйлачумун. Албетте, эркелетип, ошону менен катар талапты да катуу коё билчү. Өзүнүн турмуштук сырларынан бөлүшүп, кыз кишиге тиешелүү болгон бардык акыл-насаатын айтып, жол көрсөттү.
Ал кезде индия кинолору популярдуу эмес беле. Сабира деген курбум экөөбүз жоолуктарды сари кылып жамынып, чекебизди кызарта боёп алып ойноп жүрчү элек. Анан да оюнчук калай тарелкалар ошол кезде мода болчу, аларды барабан, шыпыргыны гитара кылып чертип, отургучтарды тизип сахна кылып койчубуз. Ошол жерге чыгып алып «сахнада Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева» деп кыйкырып, өзүмдү-өзүм жарыя кылып койчумун. Артыма кылчайып, кээде эч түйшүгү жок ошол балалык баёо кезге кайткым келип кетет...

«ЭЖЕМ МЕНИ КУУРЧАК КЫЛЫП ОЙНОЧУ»
– 7 бир туугандын ортончусу болом. Менден улуу үчөө, менден кичүү үчөө бар. Орустар айтмакчы, «золотая серединамын». Андыктан улуу болуп тың чыгып, кичүү болуп эркелеп отуруп да алчу эмесмин. Бирок ага-эжелериме арманы жок эркеледим го.
Боюм кичине, кара, тоголок кыз болчумун. Ал кезде дискотека деген жок, «танцы» деп койчубуз, эжелерим «Асел, жүрү, «танцыга» барып келебиз» деп мени ээрчитип кетишчү. Ал жактан эч тартынуу деген жок, ортого түшүп алып эки колумду жайып бийлеп кирер элем.
Мен эжелериме тирүү куурчактын ролунда болгондуктан, «куурчак сатып бер» деп ата-энемди кыйнашпаса керек, чынында. Алар мени шпагатка отургузуп, сальто жасатып, ырдатып, чачымды түрдүүчө жасалгалап, айтор, мени куурчак кылып ойношчу. Учурда бир туугандарымдын баары үйлөнүп-жайланып, турмуштан өз ордун тапкан инсандар.

«ТЕНТЕКТИГИМ СТУДЕНТ КЕЗДЕ ДЕЛЕ КАЛБАДЫ»
– Чоң энемдин колунда жүргөндө «мен ырчы болом» десем эле ал чалкасынан кетчү, «кыз киши артист болбойт, мугалим же врач болосуң» деп. Ошондо мага «ата-энемдикине качып кетсем, менден чоң артист чыгат» деген ой келип, 7-классты бүткөндө өзүмдүн үйүмө кетип калдым. Ал жактан 8-классты аяктаарым менен 1984-жылы Фрунзедеги (азыркы Бишкек) М.Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеге тапшырып, өтүп кеттим.
Ошентип, студенттик күндөр башталды. Тентектигим анда деле калбады. Рита деген курбум экөөбүз отуруштан калчу эмеспиз. Агамдын үйүндө жашачумун. Ал болсо ар бир күнгө расписание түзүп койчу, «бүгүн мынчада, эртең баланчада келесиң» деп. Эгер ал айткан убакта үйдүн босогосун аттабасам, кадимкидей жазалап, катуу урушчу. Анан байкем командировкага кеткенде үйдө өзүнчө эле майрам. Студент экенимди унутуп, жеңемди кошо ээрчитип алып дискотекалап кеткен күндөр болгон.
Менде чоң сахнаны багынтуу деген максат тээ бала кезден эле түптөлгөнүнө байланыштуу «эгер мен ойлогон оюмду ишке ашыра турган болсом, музыка жаатында мыкты билимим, тажрыйбам болуш керек» деген ой жашачу. Муну эске алып, сабакты калтырган жокмун. Алдыңкы студенттердин катарын толуктачумун. Активист болгондуктан, 4 жыл окугандан кийин мени Ташкенттеги театралдык училищеге окууга жиберишти. Ал жакта дагы 4 жыл билим алдым. Азыр өзүмдү ырсыз элестете албайм. Сахнада билинбей эле 20 жыл өмүр сүрүп коюптурмун. Жакында ушул мааракеге арналган концертимди берейин деп турам.

«СҮЙҮКТҮҮ МЫРЗАМ БАР»
– Өзүмдү дүйнөдөгү эң бактылуу айымдардын катарына кошом. Кичине кезимден бери кыялданган, эңсеген нерселеримдин баары четинен орундалып келе жатат. Кудайга шүгүр, максат кылган кесибимдин ээси, турмуштан өз ордун тапкан айым болдум.
Жашоо баарын эле «ме» деп берип койбойт экен. Ар бир аялзатындай эле турмушка чыгып, кыздуу болдум. Жолдошум Сабыр менен 5 жыл гана жашадым. Экөөбүзгө турмуш жолубузду бирге улоо өтө кыйын болуп калды. Ал дагы чыгармачыл адам болгондуктан, «эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт» демекчи, ыр-чыр көбөйдү. Сахнанын ысык-суугуна күйгөн адам түшүнөт го дегем, бирок «сен үй-бүлөнү же болбосо чыгармачылыкты танда» деген талабы менен бир күнү мени аябай таң калтырды. «Эки килейген окуу жайда окуп, эки дипломдун ээси болуп, сахнага Асел Турдалиева деген атым чыккандан кийин мен кайра артка кайтышым керекпи?» деп сахнаны тандап алдым.
Эгерде үй-бүлөнү тандасам, азыркыдай чыныгы бакыттын даамын татпай калат белем, ким билет... Кудайга шүгүр, ал дагы азыр өз бактысын тапкан, кызы менен байланышып турат. Учурда көп жылдан бери мени аялзаты катары да, чыгармачыл инсан катары да колдоп, кеп-кеңешин айткан сүйүктүү мырзам бар.

«ТҮШҮНБӨСТҮК КИЙИМ ТАНДООДОН КЕЛИП ЧЫГАТ»
– Кызым Бегайым 14 жашта. Айтып коюшат го, «өткөөл курак, балага катуу айтпаш керек, чыр чыгып кетет» деп. Кызым экөөбүздүн ортобузда, Кудай сактасын, өтө чоң жаңжал боло элек. Түшүнбөстүк көбүнчө кийим тандоодон келип чыгат. Кызымдын табити меникине такыр туура келбейт. Менин стилимди ал жактырбай урушса, мен анын кийимдерин көп сынга алам. Бирок экөөбүз сүйлөшүп алганбыз, «мындан кийин бири-бирибизге чек койбойбуз. Каалаганыбызды алабыз, бирок кайым айтышпайбыз» деп. Ошондон бери кулак-мээ тынч жыргап эле калдык.
Атасын тартып токтоо болгондуктан, мен урушуп калган убакта акырын башка бөлмөгө кетип калат. Мен болсо сүйлөп-сүйлөп алып жаным тынып отуруп калам. Негизи, чоң энем мени кандай тарбияласа, азыр кызыма ошонун баарын үйрөткөнгө аракет кылып келем.

Асел Асанова
star@super.kg


Асель Турдалиева:"Сүйүктүү мырзам бар"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(33)
10.12.2012. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
апеей чын эле кызы кантет 14 жашта экен, тошун корсотуп.
10.12.2012. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар дайым оптимист болуп журо бериниз Асел эже. Сизге чыгармачылык ийгилик!
10.12.2012. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асель эже, кыйын ырчы, кыйын актриса... Кызына татыктуу тарбия берээрине шек жок (суроттогу Бегайым абдан татынакай, заманбап кыздардын бири болуп турат, кийиминин стили дагы азыркы замандын талабына туура келген). Асель эжеке сизге ден-соолук, ишинизге ийгилик каалайбыз! Бактылуу болунуз. Ушундай СУЛУУ,ЖАП-ЖАШ болуп журо бериниз!
11.12.2012. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nuska587,
Асель эженин ТАЛАНТЫНА, кызына берген тарбиясына соз жок,
Эми кызы кандай кийинээри оз иши дечи, 14 жашта эххх..
жакшы кыз болуп чоноё берсин.
10.12.2012. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызы эрте эле шашылып тошун ачып алыптыр го, кийин деле жетишет эле го,
26.12.2012. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bekos2012, айтып атпайбы кийим тандоодо келише албайбыз деп. Укпай атса керек да
10.12.2012. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oi tobaaa)
10.12.2012. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызы чонойуп калганго сулуу кыз болуптур
10.12.2012. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызы жакты:) беребикен а?:-D
11.12.2012. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ilyamyrza, энесин коруп кызын ал.артистерден жакшы катын чыгышы ото сейрек кездешет.
10.12.2012. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман болунуз!!! Дайым жаркылдап журо берин!!! Кыстарма) кызыныз азма аз тошун жаап алса болмок 14 жаштагы кыз учун бул корунуш мен учун оон. спасибо за понимание.
10.12.2012. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kizinin kiyingeni kantet toshun achip jaljayat go
kichine jabik kiyim kiyip tushso bolok......
10.12.2012. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асел эже чыгармачылык ийгилик сизге!Кызыңыз менен кийим тандоодо келишпегениңиз туура экен.
SUPER.KG видео
11.12.2012. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
azamatsyz ASEL eje!!!maeginiz abdan jakshy chyn jurokton boluptur, iigilik sizge!!!
SUPER.KG видео
11.12.2012. 05:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
erkek da menin dekanym
11.12.2012. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 tyzotyy, al ubakta Kyrgyz Respublikasy emes ele, Kyrgyzstan SSSRdin bolugu bolchy, Asel ejenin bala chagunda. Redakciadan dele ondotyy tyzotyy bolup, kichine konul burulsa!
SUPER.KG видео
11.12.2012. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Асель эже молодец... Все зависит от самого человека,она хорошая,всегда позитивная...

SUPER.KG видео
11.12.2012. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эл карыса да Асель эже карыбады.Дайыма жаш,позитивная б.п журо бериниз
SUPER.KG видео
11.12.2012. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ejeee kee azamatsiz. kuday sizge kuch kubat bersin.
SUPER.KG видео
11.12.2012. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз Асель эже!Ийгилик сизге.
SUPER.KG видео
11.12.2012. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланын ойношунан, казандын кайнашынан дейт эмеспи, бала кезинде эле ыр музыкага шыктуу экен эле.
11.12.2012. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Talantunuz orkundoy bersin ... Chugarmachuluk iygilik kaalaym ...
SUPER.KG видео
12.12.2012. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз асел эже талантынызга таазим.ырчылык эле эмес актирисалык да онорунузду баалайм.
SUPER.KG видео
12.12.2012. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асель эже ишинизге ийгилик кызыныздын бактысына бар болунуз.
SUPER.KG видео
13.12.2012. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн жакшы маек
15.12.2012. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушунча болуп асель эженин ачык тошун коргон эмесмин.ал эми 14 жаштагы кызы кантет
16.12.2012. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асел эженин кызы Бегайым! албетте заманга жараша кийинген жакшы, бирок сиз биринчи кезекте КЫРГЫЗДЫН КЫЗЫСЫЗ!
16.12.2012. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asel ejenin talantina soz jok biroooook kyzy tatynakay eken noooooooooooooo kiyimi kantet ya 14 jashda bolso yooooooooooooooooo mayoooooooooooooo!
SUPER.KG видео
22.12.2013. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Созунон кобуроок жанылыптыр бирок кантсе да аман болунуз эжеке
SUPER.KG видео
10.01.2014. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар Асель,силерди сыйлап келгем жана сыйлай бермекчимин.Бар блгула.АЛЛАХЫМ ар дайым колдоп журсун!!!!!!!!!!!
SUPER.KG видео
12.01.2014. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KYZYNYZ JAKDY ASEL EJE TAMASHA SYZGE 4YGARMA4YLYK IYGYLYK KAALAYM KYTAIGA KA4AN KONSERT BERGENY KELESYZ
SUPER.KG видео
13.01.2014. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jigit85 - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
01.06.2014. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кокурогун жарымы ачыкко я
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо