Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АЛТЫН КЕНИНЕ БАЙЛАНЫШТУУ ЧЫР ИЗИЛДЕНЕТ

№527 7-Ноябрь-13-Декабрь, 2012-ж

Эсиңиздерде болсо, Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Катраң айылынын Өзгөрүш тоосундагы алтын кенине байланыштуу чыр-чатак чыккан эле. «Экология олуттуу зыяндарга учурады, майып балдар көбөйүүдө жана агын суулар булганып, жашыл арчалар жабыркаган» сыяктуу талаптар менен аталган айылдын эли нааразычылык акциясы менен чыгышкан. Нааразычылык билдиргендердин негизги талаптарынын бири дал ушул лицензияга байланыштуу. «Лицензияны ким берген, анын артында ким турат? Козу-Баглан дарыясы булганып, элдин ден соолугуна, келечекке олуттуу зыяндарды алып келет» деп митингге чыгышкандар 28-ноябрда Катраң айылында дагы топтолушту. Эл менен жолугушууга КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Атамбек Ботоев, облустук ИИБдин башчысы Анарбай Алимбеков, облус прокурорунун орун басары Авазбек Бакыбеков барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Алтын кенине байланышкан чыр-чатакты токтотуу үчүн эки тараптуу келишимге келишти. Натыйжада бул ишти өкмөттүк деңгээлде комиссия түзүлүп, изилдене турган болду жана майып балдардын эмне себептен көбөйүп жаткандыгын текшерүү үчүн атайын медициналык комиссия түзүлдү.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
10.12.2012. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи алтын кени Козу-Баглан дарыясыга жакны жерден чыгат эгер алтындын калдыктары сууга тушсо Лейлектин эли Озгоруш,Катран,Коргон,Бешкент, Кулунду,Раззаков,Ак-арык жана Таджикстандын Согди областынын коп жерлери жабыр тартат ошондуктан
10.12.2012. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кереги жок алтын казуунун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо