«ЭҢ ТАТААЛЫ – КҮМҮШТӨН ЧЫНЖЫР ЖАСОО»

№527 7-Ноябрь-13-Декабрь, 2012-ж

Кичинекей кезимде коңшу айылда зергер карыя бар экендигин, ага айыл эли байма-бай каттап турарын билчүмүн. Ал карыя күмүш, алтындан түрдүү зер буюмдарды жасачу, кийин каза болуп калды. Ушул өнөргө кызыгып жүргөндүктөн, зер буюмдарын жасаган Орозолиев Зайырбек аттуу зергерди таап, аны менен баарлаштым.

– Зайырбек, качантан бери бул өнөр менен алек болуп келе жатасыз?
– 12 жылдан бери зергерчилик менен алектенем. Атамдын иниси кыйын уста, зергер эле. Ошол агамдан көп нерсени үйрөндүм. Көбүнчө кардарлар кыргыздын оймо-чиймеси түшүрүлгөн буюмдарды жасап берүүнү суранышат. Мындай буюмдарды жасоо алда канча кыйын. Ал эми калып менен жасалчу буюмдар ага караганда бир аз оңоюраак. Калыпты Кытайдан алдыртабыз. Бизге сунушталчу зер буюмдарды көрсөтүүчү атайын китепче (каталог) бар. Ошонун негизинде бизге түшкөн сунуштарды каалаган формада жасап беребиз.

– Металл эритүүнүн жолу тууралуу айтып берсеңиз?
– Күмүштү алгач эритип алуу керек. Андан соң анын өлчөмүн белгилейбиз. Биринчи салмакты ээлеген бөлүгү жасалып, анан кошумча бөлүктөрү жасала баштайт. Алтынды болсо атайын даярдалган суюктукта күйгүзүп алабыз. Ал суюктук бор кислотасы менен бура порошогунун белгиленген өлчөмү менен аралаштырылып, кошулмасы даярдалат. Анан алтынды «бышыруу» убакыты жүрөт. Ошол суюктукка бир канча жолу алтынды малып алып, көөрүк менен ысытып, күйгүзүп, каалаган формага келтиребиз. Күмүштү болсо бура суюктугуна салууга болбойт.

– Кайсы зер буюмду жасоо татаал?
– Кол кармаган, көп убакытта жасалчу буюм – чынжырча. Аны эритип куюп алган соң майда төрт бурчтук кылып бөлүкчөлөргө бөлүп алынат. Андан соң ал бөлүнгөн бөлүкчөлөрдү жалпайтуу керек болот. Атайын зым тарткыч (филлер) менен тартылып, кесилип, анан токулат. Бири-бирине жармаштырып, кураштырууга көп эмгек сарпталат. Алтынды алтын менен, күмүштү күмүш менен ширеткич зат «трикой» деп аталат. Ошол заттан аз өлчөмдө алып, ал жылуулукка эриген кезде металлдарды жармаштырат. Бир чынжырчаны жасоого 1 күн убакыт кетсе, бир билерикти жасоого эң кеминде 2 саат керектелет.

– Шакектердин көзү болот эмеспи, ошону бекитүү жолун айта кетсеңиз?
– Азыр кытайлар бардык жумушту бир канча жеңилдетип коюшпадыбы. Көзчөлөр атайын клей менен жабыштырылат. Ал эми алтынды көбүнчө өзүнөн жасалган тиштери кармап турат.

– Бриллиант көздүү буюм да жасай бересизиби?
– Албетте! Бирок менде бриллиант жок, эгер кардар алып келип «жасап бер» десе, анда жасап бере алам.

– Баарыбыз билебиз, зер буюмдардын пробасы болот. Ал эмнени түшүндүрөт?
– Мисалы, алтындын 583 деген пробасы бар го, ал анын сапатын белгилөөчү номер. Күмүштүн 875 деген саны зер буюмдун 87,5 пайызы күмүштөн дегенди түшүндүрөт. Ал атайын текшерүүдөн кийин гана басылчу белги. Бардык зер буюмга белги басуу мүмкүн эмес. Аны кардарларга түшүндүрүп айтабыз.

– Зергерлик менен үй-бүлөнү багууга болобу?
– Адамдардын ыраазычылыгы өзү демге-дем, күчкө-күч кошот. Кардардын көңүлүндөгүдөй буюмду жасап берсем, ал кардар ыраазы болуп кетсе болду мен үчүн. Ошого жараша акысы деле жаман эмес.

– Балдарыңыз да сиздей өнөр адамы болсо дейсизби?
– Эгер колунан келсе зергер болсун, каршы эмесмин. Азыр уулум кичине, анан кыздарым бар. Бир туугандарым менден өнөр үйрөнүп, жардам берип жүрүшөт. Зергерчиликте күмүш жасоо оор деп эсептелет. Эгер шакирт болчу адам күмүштөн зер буюмдарды жасап үйрөнө алса, анда ал эмгек жолунда кыйналбайт. Зергерчилик – жөн гана жан багуу эмес, ал өзүнчө бир искусство!


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
10.12.2012. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо Зайырбек менен кантип байланышса болот? Мен дагы кыргыздын чиймелери менен шакек жасатсамбы деген ойум бар эле.
12.12.2012. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
taraza, Luх Зайырбек Жалал-Абад шаарында турат..
11.12.2012. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шакек жасатсамбы деген ойум бар эле,супер инфо Зайырбек менен кантип байланышса болот? .
11.12.2012. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтындын кадырын зергер билет деп ушундай өнөр адамдарынан сүйүнүп калат экен, бар болгула.
12.12.2012. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда кызыккам зергерчиликке, бирок жогорку билимдуу айыл чарба адистигинде окуп, азыр ашпозчулук кылып журом - шугур!
12.12.2012. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
925 деген проба кайсы металдын пробасы болот. айтып койунузчу сураныч.
12.12.2012. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aijash1, 925 деген күмүшкө гана басылчу номер.. Бул пробалар зер буюмдарды сатууга коюуунун алдында атайын комиссиялык текшерүүдөн өткөн соң гана басылат экен. Демек 925 номерлүү зер буюм анын составында 92,5% күмүш бар болсо гана "925" деген проба менен белгиленип сатууга чыгат..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо