КАРА-КУЛЖА РАЙОНУНА 75 ЖЫЛ

№527 7-Ноябрь-13-Декабрь, 2012-ж

Кара-Кулжа району мындан 75 жыл мурун өзүнчө район статусун алган. 1-декабрь күнү аталган райондун мааракесине арналган салтанат Жогорку Кеңештин депутаттары жана мамлекет кызматкерлеринин катышуусунда белгиленди.

КАРА-КУЛЖАДА ГИМН АКИМДИН СӨЗҮНӨН КИЙИН ОЙНОЛОТ
Кыштын алгачкы күнүн Кара-Кулжа району түптөлүшүнүн 75 жылдык мааракеси менен тосуп алды. Салтанаттуу азем 1-декабрь күнү Кара-Кулжа райондук Маданият үйүнүн алдында «Күзгү түшүм» жарманкеси жана асманга 75 шар, көгүчкөн учуруу менен ачылды. Негизги коноктор Кара-Кулжа районунан чыккан ЖКнын депутаттары, сот өкүлдөрү, билим, илим жаатындагы атуулдар жана КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү болду. Сөз башын Кара-Кулжа районунун акими Каныбек Алиясов ачып берди. Кызыгы, акимдин сөзүнөн кийин Кыргыз Республикасынын Гимни ойнотулду.

«АКИМДИН КОЛУНА БЕРБЕ, ЖЕП КОЁТ»
Кара-Кулжа Маданият үйү элге толуп, кечеге туруп да күбө болгон аксакалдарды көрүп таңыркадык. Коноктор тарабынан Кара-Кулжа районунун өнүгүшүнө берилип жаткан акчалай жардамды көргөн карыялардын кээ бири «акимдин колуна бербе, жеп коёт» деген сөзү менен элдин көңүлүн буруп жатты. Аким Каныбек мырза бул сөздөргө: «Мен эч кандай акчаны жеп койбойм, ал райондун фондуна түшөт. Таза сууну чыгаралы деген ниетибиз бар. Ошонун кем-карчына жардам берели»,- деп жооп берди журналисттерге берген маегинде.
Ош облусунун Алай, Чоң Алай райондору татаал тоолуу аймактар болгондуктан, мамлекет жетекчилери менен эл аралык уюмдардын мыкты көзөмөлүндө турат. Ал эми Кара-Кулжа району да көзөмөл, жардам алуу жагынан жогорудагы райондордон артта эмес. Көптөгөн атуулдар жогорку кызматта иштеп, туулган жери үчүн көңүл жылытарлык кызматтарды кылып, быйыл эле төрөт үйү менен мечит жеке ишкерлер тарабынан курулган. Мындай жардамдардын көбүн колунан өткөрүп жүргөн аким «эгер биздин районго көмөк көрсөтөбүз деген адамдар болсо, биз даярбыз» деген сөзүн баса белгилеп өттү.

ЖОЛБОЛДУ АЛЫБАЕВ «ЧОЛПОНУМДУ» СОЗГОНДО…
Сөзгө чыккан коноктордун көп­чүлүгү акчалай сыйлык берип жатса, ичинде канча сом бар экенине кызыкпай койгондор да болгон жок. Райондун туулган күнүнө белек алып келе албагандар убадаларды берип жатышты. Бири 2013-жылга
1 миллион сомдук каражат жумшалган бир ишти бүтүрүп берем десе, экинчиси «таза суу чыгарып беребиз» дейт. «Билимге умтулган, бирок окууга шарты жок беш баланы жогорку окуу жайына бекер окутуп беребиз» деген да атуулдар болду.
Иш-чара «Мекенимди даңктай­мын» аттуу концерттик программа менен уланды. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жолболду Алыбаев «Чолпонумду» созгондо зал жымжырттыкка бөлөнүп, карыялар жаш кезин көз алдыларынан бир ирет эстеп алгандай баштарын ийкеп жатышты.
Райондун борбордук ат майданында 12 айыл өкмөт ортосунда көк бөрү, оодарыш, күрөш сыяктуу улуттук оюндар болду. Андан сырткары райондук спорт мектебинде спорттук мелдештердин финалдык турлары ойнотулду. Көк бөрү боюнча финалда ат салышкан Ылай-Талаа жана Биринчи Май айыл өкмөттөрүнүн командалары биринчиликти бөлүп алышты. Маараке майрамдык фейерверк менен аяктады.
Кара-Кулжа району деңиз дең­гээлинен 1200-5000 метр бийиктикте жайгашып, жалпы аянты 5712 чарчы чакырымга барабар. 12 айыл округ, 49 айылдан туруп, 88,9 миң калк жашайт.

Уулбү Каныбекова
оsh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(18)
10.12.2012. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оооо менин кара кулжам
10.12.2012. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара-Кулжаа менин сыймыгым!
10.12.2012. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин бейишимго Кара Кулжа алгаа мен сени суйом
10.12.2012. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин Жерим Кара Кулжа мен сен менен сыймыктаным оркундой бер суйуктуу Кара Кулжа жерим менин!
10.12.2012. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
КАРАКУЛЖА, кагылайын калкымдан. Сени эстеп, сени энсеймин сагынам. Абасы таза, арча жыты анкыган. Арчалуу АЖИКЕ жайлоосун сагынам. Алыстамын жете албаймын озуно, Кооз жерлерин турат менин козумдо. Кыялымда учуп сага жетемин. Таза абасына мас болуп мен кетемин... Кутту болсун 75 жылдык мааракен. Оркундоп ос дайым болсун берекен. Жаратканым ыйман берсин каарысына жашына. КАРАКУЛЖАМ басып отсун эчен каарыта... БАР БОЛ ТУУЛГАН ЖЕРИМ. МЕН АЛЫСТА БОЛСОМДА ЖУРОГУМ БИР ОЗУНДО... АЛЫСТАН ЫССЫК САЛАМ..
10.12.2012. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
салам кара кулжам менин туулган кунун кут болсун сагындым кара кулжам сени
10.12.2012. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара Кулжам туулган кунун менен.
10.12.2012. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооо менин туулуп оскон КАРА КУЛЖАМ....
11.12.2012. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калкы, наркы башкалардан башкараак Кара-Кулжам ушул жерден башталат!!! Оркундоп-ос,гулдой бер туулган жерим, киндик каным тамган жерим, кичи мекеним! Кара-Кочкор айылымы сагындым.....
12.12.2012. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
umDai, каракочкордон ким дегенсин.
11.12.2012. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Assaloomu aleikum Karakulja. Karakuljamdy sagynganymdy emi sezdim. Kadimkidei kozumo jash tegerenip ketti. Abandy, konur jyttangan topuragyndy, kogultur moltur wyngyr akkan suundu, meimandostugundu degi ele ozundu SAGYNDYM menin KARAKULJAM!
11.12.2012. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каракулжа мекенимди абдан сагындым маарегин кут болсун
11.12.2012. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aliya-leyla - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
12.12.2012. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
киндик каным тамган жерин каракулжа.
12.12.2012. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен каракулжам менен сыймыктанам
12.12.2012. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен туулуп оскон жер.каракулжа бар бол жерим.жериндеги элин аман болсун.
14.12.2012. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туулган кунун менен менин суйуктуу КараКулжам!!!
18.07.2013. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
караанындан кагылайын Кара Кулжам сагындым сени..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо