Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«СҮЙҮКТҮҮМДҮ ЗОРДУКТАШТЫ, БИРОК МАХАБАТЫБЫЗДЫ ӨЛТҮРӨ АЛЫШПАДЫ»

№527 7-Ноябрь-13-Декабрь, 2012-ж

«Окуянын болуп өткөнүнө көп жыл болду. Андан бери жараатыбыз айыкты. Тагдырдын сыноосуна туруштук бердик. Мен бул окуяны жаштарга тарбия болсун деген максатта айтып берип жатам»,- деп сөзүн баштады аймактык кеңсебизге кирген Кеңеш  (аты-жөнү өзгөртүлдү) аттуу адам. Өз кезегинде биз дагы бул баянды жарыялоону чечтик.
– Айылдаш кошунамдын кызы Турсун борбордон жогорку окуу жайды бүтүп келген эле. Убакыт дегениң сааттын жебеси менен кошо айланып, билинбей өтө берет тура. Кечээ эле так секирип ойноп жүргөн кыз бүгүн кер маралдай керилип чыга келди. Ары-бери өткөн сайын анын терезесин карай берчү болдум. Мен канчалык өтүмдүү болоюн десем да, анын сулуу чырайы мени сүрдөтөр эле. Бир орунга тура албай, жүрөгүм элеп-желеп болуп, аны эстегенде машина айдап бара жатканымды унутуп, жолдон чыгып кеткен күндөрүм да болду.
Ата-энем мал багып, айылдан 50-60 чакырым алыс жайлоодо турушчу. Бир күнү аларга учурашып келейин деп жетекчимден эки күнгө уруксат сурап, жайлоону көздөй сапар тарттым. Жете келип эшиктин алдына түшсөм, отунга деп араалап койгон дөңгөчтүн үстүндө отурган ата-энем сүйүнө мени кучактап калышты. Атүгүл өзүм багып чоңойткон кара ала күчүк да шыйпаңдап, бутума ороло эркелейт. Эңкейип башынан сыласам, бетимди жалап-жуктап көпкө кетпей койду. Апам күйпөлөктөп, каткан таттууларын алып чыгып, дасторконун жайнатып кирди. Берерге ашын таппай, сүйүнүп жүргөнүнө ичим жылып, бирок байкамаксан боло, оор басырыктуу көрүнүп, атам менен маек куруп отурдум.
Чай ичилип бүткөндө атам: – Ээ, балам, аскердик милдетти аткарып келдиң. Биз минтип карылыкка моюн сунуп баратабыз. Турмуштун ачуу-таттуусун түшүнүп, өзүң деле үй-бүлө күтүп, очор-бачар болууну көкүрөгүңдө самап жүргөндүрсүң. Элдин балдарын карачы, өзүнчө түтүн булатышып, «баланчанын балдары» дедиртип оокат кылып жатышат. Сенин алардан эмнең кем? Энең экөөбүз сандыкка каткан кийимдерибизди кийип, «уулубуздукуна баратабыз» деп эл көзүнө көрүнүп, компоюп үйүңө барып, келинге чай куйдуруп ичип, сыйын көрсөк кандай сонун болор эле, балам. Биздин деле өсөрүбүз калган жок, ордубузду басчу сенсиң. Небере жетелеп, наристе жытын искеп калбайт белек?..- деди.
Атамдын айткан сөздөрү мени катуу ойлонтту. Жүрөгүм элеп-желеп болуп, Турсунду эстеп, таңдын атмагы азап болду. Акыры таң да атып, Турсунга оюмду айтууну эңсеп жолго чыктым. Келе жатканда кырсыкка кабылып, машинам менен ала салып кетиптирмин. Көзүмдү ачсам ооруканада жатам. Дагы жакшы, башымдан жаракат алып, калган жерлериме залал келбептир.
Ооруканада жатканда оюмдун баары эле Турсун боло берди. Кайсы күн экени эсимде жок, керебеттен турайын деп жатсам Турсундун карааны уруна түштү.
– Сизге эмне болду, агай? Жакшы болуп калдыңызбы? Кудай чоң сактаптыр. Эмне болуп авария болдуңуз?- деди мени күт­түр­гөн мээримдүү үн.
– Сени эстеп келатып рулда экенимди унутуп коюптурмун,- дедим. Чындыгында эле Турсунду ойлоп келе жаткам.
– Тамакка караңыз, агай...- деди ал жылмайып.
Ошол күн менин эң бактылуу күнүм экен. Көпкө сүйлөшүп отурдук. Сезимдерибиз тууралуу сүйлөшүп, үйлөнүү жөнүндө да сөз кылдык. Терезени карасак, күүгүм кирип, көз байланып калган экен. Турсунду бир топ жерге узатып барганымда ал «эми өзүм эле кетем, агай, суукка урунбай кете бериңиз» деди. Анын «келип турам» деген сөзү үмүтүмдү жандандырды.
Бирок, тилекке каршы, анын келишин көпкө күтүп жүрдүм, келген жок. Биздин сөз бекиткенибиз тууралуу мен апамдарга айтып, алар да тойго камдана башташкан эле. Ооруканадан чыгып келе жатсам, Турсундун апасы менен жеңеси алдымдан чыгып калышты.
– Жакшы болуп калдыңбы, айланайын?- деп апасы жер карады да, обочороок басып кетти. Жеңеси менен учурашып, Турсунду сурадым.
– Шаарга кеткен,- деди ал мукактана.
Жеңесине жалдырап, Турсунду кайра-кайра сурап жибердим. Ал мага боор ооруп карап турду да, акырын үн катты.
– Биздин кыз сага барган күнү кечинде аны үйүңө жеткирип коёбуз деп ой-боюна койбой райондун борборунан бир топ бала машинага салып кетишиптир. Бечара Турсунду мазактап, зордуктап, ара жолго таштап кетишиптир. Караңгы болгондуктан, алардын бирин да тааныбайт,- деп ыйлап жиберди.
Башыма бирөө оор нерсе менен уруп жибергендей болуп туруп калдым. Андан аркысы эсимде жок, кыязы, жеңеси менен коштошконго да жарабадым окшойт. Андагы абалымды эч ким сүрөттөп айтып бере албайт эле. Эртеси Турсундун дарегин алып, иштеген жерине бардым. Байкушум мени карай албай, көздөрүн ала качып жатты.
– Мага мындан ары келбеңиз!- деген сөзүн укканда денемди муздак тер басып кетти.
– Турсун, мен баарын уктум, тү­шүнөм, баарына мен күнөө­лүү­мүн!- деп кучактап калдым. Кучагымда дирилдеп турган алсыз денесин өмүр бою коё бергим келбеди. Ал да энтигип ыйлап, токтоно албай жатты. Менин көз жашым да токтобой, экөөбүздүкү биригип кетти.
Эч нерсеге карабай үйлөнмөй болдук. Ошентип, биз күткөн той да келди. «Өткөн ишти эске албайлы, жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын» деп бири-бирибизге ант беришип, баш кошуп, бирге түтүн булатып калдык. Андан бери көп жыл өттү. Эки уул, бир кыздын эне-атасы болуп, эсен-аман турмуш ке­чирүүдөбүз. Мен куру намыс деп бактымдан баш тарткан жокмун.
Жаштар, жүрөгүңөрдү угуп, жан дүйнөңөр каалап турганды туура деп тапсаңар, эч качан андан кайтпагыла. Сүйүүңөрдү сактап калгыла!

Кеңеш
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(38)
10.12.2012. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Окуп алып тан калдым аябай тушунуктуу инсан экенсиз кээ бирлери ошол нерсе деп омур бою бактысын жоготот! Бактылуу жашашынарды каалайм! Уй булонорго тынчтык жана ден соолук каалайм! Башка балдарга сабак болот деп ойлойм!
10.12.2012. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр мындай жигиттер жок ((Кайгылуу....
10.12.2012. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чанда кезикчу адамдык сапаттын бири сизде экен байке. насаатынызга рахмат! уй_булонузго тынчтык бакыт каалайм!
10.12.2012. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Agai azur sizdei jigitter jok.
10.12.2012. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байке.андай жигиттик кылган адамдар азыр,аз деп ойлойм.Суйгондору менен уйлонгонго чейин жашап туруп анан таштап башка кызга уйлонгондор канча.СИЗДИН СУЙУУНУЗГО ТАЗИМ.УЙ-булонуз менен бактылуу болунуздар!!!!
10.12.2012. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынында бактылуу экенсиздер..бактылуу омур сурунуздор..ушул окуяны окугандарга да окубагандарга да жаратканым бактылуулук берсин.!
10.12.2012. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы жигит экенсиз ну азыр андай адамдар кем болсо керек кана сизге окшогон кудайдын пенделери кооп болсо экен!
10.12.2012. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул эмес азыркы жигитер келинге уйлонуп жатат го жок эмес азыр коп мындайлар
10.12.2012. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыркылар мындай болуп келин болбой эле оз каалоосу менен болуп жатат да
10.12.2012. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай таасирлүү окуя экен.Бактыңызга көз тийбесин.Сиздей айкөл адамдар бар болсун Кыргызда!
10.12.2012. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
мындай кылыш кыйынгооо
11.12.2012. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ммм кана мага да ушундай жигит туш келсе
11.12.2012. 04:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз байке. Чечкиндуу адам экенсиз.. Бактыныздарга коз тийбесин.
11.12.2012. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа куру намыс дебей оз бактынызды таапсыз.Суйуунун кучу керемет деген соз сиздерге жарашыптыр,СУЙУУНУЗДОР очпосун!
12.12.2012. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызда эмне айып эле чыныгы жигиттик кылыпсыз
12.12.2012. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кылыпсыз кызга жашоо тартуулапсыз кем болбон. бул башка кыздарды карасан алар жасалма кылып тийип жатпайбы алар ойноп бул башка анда кыз калбай туруп алардын айынана болуп жататко инсп берсин кудайдан ушундай кыздарга.
12.12.2012. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоонуз мындан ары да таттуу болсун,сиздей адамдар жашоодо коп болсо кана.
13.12.2012. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол кыз зордогон шакалдардан бул агабыздын кылганы мин эсе жогору, азаматсыз!
14.12.2012. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз жигиттери ар дайым бар болгула
14.12.2012. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз жигиттери негизинен ошондой элебиз...
14.12.2012. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун!
15.12.2012. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындан ары да бактылуу болунуздар! Байке сизде чыныгы жана чанда кезикчү мыкты сапаттар бар экен, азаматсыз!
15.12.2012. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз! Чыныгы суйуу деп ушуну айтса болот,кыйын кундо жардам берип,тушунуктуу экенсиз! Ылайым Кудайым омур бою бактылуулук берсин!
15.12.2012. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздерге Аллахым эки дуйно бактылуулукту берсин.
16.12.2012. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр кайдан,андай болсо бузулган кызга чыгарып коюшат,
16.12.2012. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы суйууну эч нерсе каралай албайт дегенге дагы бир жолу ишендим. Сиздей татыктуу эркек, куйоо,ата жана жон гана адам болуш Ар кимдин колунан эле келдесе керек. Жубайыныз менен дагы коп жылдар бактылуу омур сурунуз! Дагы куру намысты эмес чындыкты дагы бир жолу тандаганынызга рахмат! Бул маегиниз коптогон жаштарга сабак болот деп ишенем.
17.12.2012. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Marjan.Murok,
Сизге эскертүү!
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек.
17.12.2012. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат агажан бактылуу болунуз.Сизге чексиз мактоолор.Ыйлап жибердим.
25.02.2013. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча жакшы тушунуктуу инсансыз.Бактылуу болунуздар.Чын ниетим менен тилектешмин.
27.08.2013. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат экенсиз!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо